Редакцияот 09.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2021-жылдын 9-июнундагы № 3-2

 

“Ак Шумкар Ноокат” ЖУКнун жетекчиси Т. Ажикулов арызын кароо

Ноокат-Шаңкол каттамы боюнча каттап жаткан автовустардын жүргүнчүлөрдөн алган жол каттам акысын күйүүчү майдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу, 20 сомдон 25 сомго көтөрүп берүү тууралуу суранган “Ак Шумкар Ноокат” ЖУКнун жетекчиси Т.Ажикуловдун арызын элге салып, элдин пикирин эске алуу менен КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат-Шаңкол каттамы боюнча каттап жаткан автовустардын жүргүнчүлөрдөн жол каттам акысын күйүүчү майдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу, 20 сомдон 25 сомго көтөрүп берүү тууралуу суранган арызы боюнча элдин пикири эске алынсын.

 

2. Шаңкол айылынан Дары-Булак айылына чейинки аралыкта каттаган автобустардын жүргүнчүлөрдөн алган жол каттам акысы 25 сом деп бекитилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык кеңешинин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка милдеттендирилсин.

 

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.