Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтому менен бекитилди) |
Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук
бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү
жана берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
3-глава. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындуулугу жөнүндө отчет
4-глава. Кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет
1-тиркеме
2-тиркеме
3-тиркеме
1-глава. Жалпы жоболор
1. Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартиби (мындан ары – Тартип) аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн аудитинин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчетторду, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындуулугу жөнүндө отчетторду (мындан ары – отчеттор) түзүүгө жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө карата талаптарды белгилейт.
2. Отчеттор календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки отчеттук мезгил үчүн түзүлөт жана отчеттук мезгил аяктагандан кийин 30-июндан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Биринчи жолу түзүлгөн аудитордук уюм, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюм жана кесиптик аудитордук бирикме үчүн отчеттук мезгил болуп Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган күндөн тартып 31-декабрга чейинки мезгил эсептелет.
4. Отчеттогу акчалай көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында – сом менен көрсөтүлөт.
5. Отчеттор кагаз жана (же) санариптик форматтарда, анын ичинде «Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу берилет.
6. Тартиптин 1-тиркемесинде каралган отчеттун бланкынын 2 жана 4-таблицаларында саптар жетишсиз болгон учурда маалыматтарды киргизүү үчүн зарыл сандагы саптарды өз алдынча кошууга жол берилет.
7. Бул же тигил уячада көрсөтүү үчүн маалымат жок болгон учурда милдеттүү түрдө сызыкча коюлат.
8. Отчеттун ар бир барагынын жогорку бөлүгүндө аудитордук уюмдун, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин аталышы көрсөтүлөт, ал эми төмөнкү бөлүгүндө аудитордук уюмдун, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жетекчисинин өзүнүн кол тамгасы коюлат жана отчет толтурулган дата көрсөтүлөт. Отчетту электрондук форматта берүүдө электрондук кол тамга колдонулат.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген отчеттордо камтылган жана ачык жана жалпыга жеткиликтүү маалыматка киргизилген маалыматты «Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ачыкка чыгарууга укуктуу.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудитордук уюмдан, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдан, кесиптик аудитордук бирикмеден Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарына ылайык кошумча маалыматтарды жана отчетторду түшүндүрүү же тактоо үчүн зарыл болгон документтерди суроого укуктуу.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери отчеттордо камтылган купуя маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө, жеке мүнөздөгү маалымат, коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
12. Отчеттордо берилген анык эмес маалымат жана ушул Тартипти аткарбагандыгы үчүн аудитордук уюм, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2-глава. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
13. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган аудитордук уюмдар жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык отчеттук мезгил үчүн аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчетту берет.
3-глава. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири
ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген
аудитордук уюмдун ачык-айкындуулугу жөнүндө
отчет
14. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар иш жөнүндө отчет менен бирге ушул Тартиптин 2-тиркемесинде берилген отчеттун сунушталган форматына ылайык отчеттук мезгил үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчетту берет. Ачык-айкындуулук жөнүндө отчет 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бардык негизги талаптарды камтууга тийиш.
15. Ачык-айкындуулук жөнүндө отчеттун форматы жана түзүмү эркин тартипте берилиши жана аудитордук уюмдун этиканы, купуялуулукту жана көз карандысыздыкты сактоого карата ички талаптарга ылайык зарыл маалымат менен толукталышы мүмкүн.
4-глава. Кесиптик аудитордук бирикменин иши
жөнүндө отчет
16. Кесиптик аудитордук бирикмелер ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык отчеттук мезгил үчүн иши жөнүндө отчетту, анын ичинде Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген өзүнүн мүчөлөрүнүн аудитинин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчет берет.
17. Кесиптик аудитордук бирикме Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген анын мүчөлөрү тарабынан аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчетко кол коюлгандан кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчеттун көчүрмөсүн берүү аркылуу аныкталган бузуулар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
18. Ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык жарыяланууга тийиш болгон кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет 3.1ден тартып 3.10го чейинки таблицаларды милдеттүү түрдө камтууга тийиш.
19. Кесиптик аудитордук бирикме өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетту өзүнүн веб-сайтына жарыялайт.
| Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 1-тиркеме |
20__-жылдын ______________ тартып ______________ чейинки отчеттук мезгил үчүн аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
Каттоо маалыматтары: ЖКН___________________________________ Каттоо датасы: ______________________________________________ Уюштуруучулук-укуктук формасы: _____________________________ Аудитордук уюмдун толук аталышы: ___________________________ ___________________________________________________________ Жетекчинин аты жөнү: _______________________________________ Аудитор-жетекчинин сертификаты жөнүндө маалыматтар (номери жана датасы): ________________________________________________ ____________________________________________________________ Юридикалык дареги: _________________________________________ Филиалдардын юридикалык дареги (эгерде болсо): ____________________________________________________________ Телефон: ____________________ Факс: __________________________ Е-mail: ________________Веб-сайттын дареги: ____________________
1-таблица |
Юридикалык жакты (анын ичинде ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалыматтар | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) | ||||
Ким тарабынан катталган | Каттоо номери | Каттоо датасы | ИУЖК коддору | Катар номери | Берилген датасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи:__________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: ________________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөрүүлөр болгон учурда мамлекеттик жана башка каттоону ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө керек. 20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
1-бөлүм. Персонал
1.1. Аудитордук уюмдун персоналы жөнүндө маалыматтар
2-таблица |
№ | Аты-жөнү | Кызмат орду | Аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана берүү датасы | Иштеген мезгили | Уставдык капиталдагы үлүштүн % | Жарандык | Аткаруу органынын мүчөсү болуп саналабы | Иш стажы | |
аудитте | анын ичинде ФОЭС- ке ылайык ФУ аудити | ||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1 | Жетекчилик | ||||||||
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 | Эмгек келишими боюнча иштеген аудиторлор (штаттык кызматкерлер) | ||||||||
2.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 | Жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча тартылган аудиторлор | ||||||||
3.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 | Калган кызматкерлер (штаттык) | ||||||||
4.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: ____________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: __________________ Учурдагы отчеттук жылда кадрдык курамда өзгөрүүлөр болгон учурда аудитордун ишинин эмгек стажын ырастаган, жумуш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө керек. 20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
1.2. Кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүк жөнүндө маалыматтар 3-таблица |
№ | Кыргыз Республикасындагы кесиптик аудитордук бирикменин аталышы | Кирген жылы | Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Фирмалар форумунун (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын) мүчөлөрү болуп саналган аудитордук бирикмелердин аталышы | Кирген жылы |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: __________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөрүүлөр болгон учурда ата мекендик жана (же) чет өлкөлүк кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүктү ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет. 20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
2-бөлүм. Аудитордук уюмдун экономикалык ишинин көрсөткүчтөрү
2.1. Экономикалык иштин түрлөрү боюнча уюмдарга көрсөтүлгөн аудитордук кызматтар жөнүндө маалыматтар
4-таблица |
№ | Кызматтар көрсөтүлгөн уюмдардын экономикалык ишинин түрү | Уюмдардын саны | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү | Отчеттук мезгилде түзүлгөн келишимдердин саны | Уюмдарга кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше (миң сом) | |
Кыргыз Республикасынын аймагында (резиденттер) | Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары (резидент эместер) | |||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1 | Мисалы: «Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоо» |
| Финансылык отчет-туулуктун аудити |
|
|
|
| Коштогон кызмат көрсөтүүлөр |
| ||||
| Финансылык отчеттуулуктун сереби |
|
|
| ||
| Макулдашыл-ган жол-жоболор боюнча милдеттенме-лерди аткаруу |
|
|
| ||
| Финансылык маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу |
|
|
| ||
| Башка кызмат көрсөтүүлөр |
| ||||
| Бухгалтердик эсепти жүргүзүү |
|
|
| ||
| Бухгалтердик эсепти калыбы-на келтирүү |
|
|
| ||
| Бухгалтердик эсепти жүргүзүү |
|
|
| ||
| Бухгалтердик отчеттуулукту түзүү |
|
|
| ||
| Финансы-чарбалык ишти талдоо |
|
|
| ||
| Экономикалык, финансылык, салыктык, башкаруу маселелери боюнча консультация берүү |
|
|
| ||
| Маалыматтык технологиялар жаатында жана бухгалтердик эсепти жана аудитти автоматташты-руу маселелери боюнча консультация берүү |
|
|
| ||
| Ички аудит |
|
|
| ||
| Маалыматтык системалардын аудити |
|
|
| ||
| Баалоо иши |
|
|
| ||
| Илимий-изилдөө жана эксперимент-тик иштерди жүргүзүү |
|
|
| ||
| Бухгалтердик эсеп, экономи-ка, финансы, аудит, салык салуу, укук, автоматташты-рылган бухгал-тердик жана аудитордук системалар боюнча окутуу, бухгалтердик, экономикалык жана аудитор-дук иштерде компьютердик программалар-ды пайдалануу жана башка |
|
|
| ||
|
|
| Жалпы: |
|
|
|
2 | Мисалы: «Банк иши» |
| Финансылык отчеттуулуктун аудити |
|
|
|
|
|
| Коштогон кызмат көрсө-түүлөр |
|
|
|
|
|
| Финансылык отчетуулуктун сереби |
|
|
|
|
|
| Макулдашыл-ган жол-жоболор боюнча милдеттенме-лерди аткаруу |
|
|
|
|
|
| Финансылык маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу |
|
|
|
|
|
| Башка кызмат көрсөтүүлөр |
|
|
|
|
|
| Бухгалтердик эсепти жолго коюу |
|
|
|
|
|
| Бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү |
|
|
|
|
|
| Бухгалтердик эсепти жүргүзүү |
|
|
|
|
|
| Бухгалтердик отчеттуулукту түзүү |
|
|
|
|
|
| Финансы-чарбалык ишти талдоо |
|
|
|
|
|
| Экономика-лык, финансылык, салык, башкаруу маселелери боюнча консультация берүү |
|
|
|
|
|
| Маалыматтык технологиялар жаатында жана бухгалтердик эсепти жана аудитти автоматташтыруу маселелери боюнча консультация берүү |
|
|
|
|
|
| Ички аудит |
|
|
|
|
|
| Маалыматтык системалар-дын аудити |
|
|
|
|
|
| Баалоо иши |
|
|
|
|
|
| Илимий- изилдөө жана эксперимент-тик иштерди жүргүзүү |
|
|
|
|
|
| Бухгалтердик эсеп, экономика, финансы, аудит, салык салуу, укук, автоматташтырылган бухгалтердик жана аудитордук системалар боюнча окутуу, бухгалтердик, экономикалык жана аудитордук иштерде жана башкаларда компьютердик программаларды пайдалануу |
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы: |
|
|
|
3 | ж.б. |
| ж.б. |
|
|
|
| *** |
|
|
|
|
|
| Бардыгы: |
| Бардыгы: |
|
|
|
*** Уюмдардын экономикалык ишинин түрлөрү боюнча маалыматтарды чагылдыруу үчүн көрсөтүлгөн таблицада саптар жетишсиз болгон учурда керектүү сандагы саптарды өз алдынча кошууга жол берилет. Жетекчи: _____________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: ____________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөрүүлөр болгон учурда ата мекендик жана (же) чет өлкөлүк кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүктү ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө керек. 20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
3-бөлүм. Аудитордук корутундулар жана аудиттин колдонулуучу стандарттары
3.1. Отчеттук мезгилде берилген аудитордук корутундулар жөнүндө маалыматтар (бирдиктер менен)
5-таблица |
Көрсөткүчтүн аталышы | Берилген аудитордук корутундулар | ||||
бардык корутундулар | кынтыксыз оң пикирди билдирүү менен | шарт коюлган пикирди билдирүү менен | терс пикирди билдирүү менен, анын ичинде бул пикирди билдирүү-нүн себебин көрсөтүү менен, аудит жүргүзүлгөн субъекттин аталышы менен | пикир билдирүүдөн баш тартуу менен, анын ичинде баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, аудит жүргүзүлгөн субъекттин аталышы менен | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Милдеттүү аудит | |||||
Берилген аудитордук корутундулардын саны |
|
|
|
|
|
Анын ичинде коомдук кызыкчылык субъекттерине |
|
|
|
|
|
Анын ичинде: банктарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензия бере турган башка уюмдарга |
|
|
|
|
|
Камсыздан-дыруу уюмдарына |
|
|
|
|
|
Баалуу кагаздарды ачык сунуштаган коомдук компанияларга |
|
|
|
|
|
Инвестиция-лык фонддорго |
|
|
|
|
|
Топтолмо пенсиялык фонддорго |
|
|
|
|
|
Баалуу кагаздардын эмитенттерине, алар ачык (коомдук) эмиссиялаган учурда |
|
|
|
|
|
Анын ичинде чакан жана орто ишкердик субъекттерине |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда башка жактарга |
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
Демилгелүү аудит | |||||
Берилген аудитордук корутундулардын саны |
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
Отчеттук мезгилде «Финансылык отчеттуулуктун аудити жүргүзүлгөн учурда ак ниетсиз аракеттерге карата аудитордун милдеттери» эл аралык аудиттин 240-стандартын колдонуу учурлары болгонбу. Жок _______ Ооба ________ Учурлардын саны ________ Жетекчи: ____________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: ____________________ 20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
3.2. Аудиттин сапатына жүргүзүлгөн тышкы контроль жөнүндө маалыматтар 6-таблица |
Сапатка тышкы контролду жүзөгө ашырган органдын (органдардын) толук аталышы | Дареги, байланыш маалыматтары (телефон жана башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтанын дареги, веб- сайттын маалыматтары) | Текшерүү мезгили | Текшерүү жүргүзүү датасы, текшерүүчү адамдардын аты-жөнү | Корутундулардын кыскача мазмуну | Жазма буйруктун кыскача мазмуну жана жазма буйрукту аткаруу мөөнөттөрү | Таасир этүү чараларын колдонуу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Отчеттук мезгилдин ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сертификатталган аудиторлор жоопкерчиликке тартылганбы. Жок ________ Ооба _________ Эгерде тартылган болсо, толук маалыматтарды (аудитордун аты- жөнү, жоопкерчиликке тарткан органдын аталышы, иш козгоо жана жаза (эгерде берилсе) боюнча маалыматтарды) берүү керек. __________________________________________________________ __________________________________________________________
3.3. Аудиттин сапатын контролдоо жол-жоболорунун сакталышы жөнүндө маалыматтар Сапатты контролдоо саясатын жана жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө ички ченемдик документтин аталышы ____________________________________________________________, __________________________________________________бекитилген Аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын ички контролдоо үчүн жооптуу адистин аты-жөнү ___________________________________________________________ 7-таблица |
Сапатты ички контролдоо саясатынын максаттары | Сапатты ички контролдоонун жол-жоболору | Ички документтин аталышы, контролдоо ыкмалары |
1 | 2 | 3 |
1. Көз карандысыздык, чынчылдык, объетивдүүлүк жана купуялуулук принциптерин сактоо | Кыскача маалымат берүү: а) кадрларды дайындоо процесси кандай уюштурулган (кызматтык нускамалар, буйруктар); б) чечимдерди документ менен тариздөө, консультациялар, кызматкерлерге маалымдоо жана үзгүлтүксүз окутууну камсыз кылуу кандай жүргүзүлөт; в) жылдык жазуу жүзүндөгү арыздарды берүү кандай жүргүзүлөт, аларды талдоо жана иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик кимге жүктөлгөн |
|
2. Квалификациялуу кызматкерлерди тартуу | Кыскача маалымат берүү: а) персоналга болгон муктаждык кантип аныкталат б) кызматкерлерди жалдоо программасы иштелип чыкканбы в) кадр маселелери боюнча чечимдер кандай кабыл алынат жана натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлөбү |
|
3. Квалификациялык талаптарды белгилөө жана персоналды баалоо | Кыскача маалымат берүү: а) жоопкерчиликтин ар бир деңгээлинин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар кандай аныкталат; б) кызматкерлерди жалдоо боюнча методикалык сунуштамалар иштелип чыкканбы; в) биографиялык маалыматтарды чогултуу кандай жүргүзүлөт; г) кабыл алынган кызматкерлер үчүн тааныштыруу иш-чаралары кандай жүргүзүлөт |
|
4. Үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү менен камсыз кылуу | Кыскача маалымат берүү: а) ыйгарым укуктар кимге жүктөлгөн; б) квалификациялуу адистер окуу программаларын кандай текшеришет; в) үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү боюнча (мыйзамдардын талаптары, эл аралык стандарттар жана аларды өзгөртүүлөр), атайын билимдер боюнча талаптар кандай аныкталат |
|
5. Кызматкерлердин ишин баалоо | Кыскача маалымат берүү: а) баалоону жүргүзүү үчүн жооптуулар кандай аныкталат; б) кызматкерлердин ишин баалоо милдеттери, стандартташтырылган баалоо барактарын иштеп чыгуу жөнүндө кызматкерлерге маалымат кандай берилет, баалар кандай талкууланат (иштин жыйынтыктары, келечектеги максаттар, өсүштүн мүмкүнчүлүктөрү боюнча); в) кызматкерлердин жекече иши, абалы бирдей болгондорду баалоо кандай жүргүзүлөт, өз убагында баалоо, кызмат боюнча көтөрүлүү үчүн талаптар, таануу кандай камсыз кылынат |
|
6. Аудитордук ишти пландоо | Кыскача маалымат берүү: а) аудитордук уюмдун көз карандысыздыгына таасир этүүчү факторлорду талдоо кандай жүргүзүлөт; б) төмөнкүлөрдү эске алуу менен кадрларга муктаждык кандай аныкталат: – аудиттин көлөмүн жана татаалдык даражасы; – кызматкерлердин бар болушу; – атайын билимдерге зарылчылык; – пландалган иштин убактылуу чектери; – иште жолун жолдоочулук жана кадрларды мезгил-мезгили менен ротациялоо; – кызматкерлерди иш ордунда окутуу мүмкүндүгү; в) аудиттен өтүүчү субъект жөнүндө маалымдама маалыматын пландоо, даярдоо, аудиттин жалпы планында жана программаларында чагылдыруу зарыл болгон маселелерди аныктоо үчүн жооптуулар кандай дайындалат; г) текшерүүнүн айрым багыттары боюнча иштин болжолдонгон программалары кандай түзүлөт; д) аудитти жүргүзүү үчүн зарыл болгон мөөнөт алдын ала кандай аныкталат |
|
7. Аудитордук ишти аткаруу | Кыскача маалымат берүү: а) кызматкерлердин даярдыгын, жөндөмүн жана тажрыйбасын көңүлгө алып, бардык административдик деңгээлдерге жетиштүү контролдоо кандай камсыз кылынат; б) иш документтеринин, контролдук тизмектердин жана суроолордун формасына жана мазмунуна карата методикалык көрсөтмөлөр кандай түзүлөт; в) аудитти жүргүзүүгө тартылган кызматкерлердин кесиптик ой жүгүртүүлөрүндөгү айырмачылыктарга байланыштуу маселелерди чечүүнүн методдору кандай иштелип чыгат; г) ар бир кызматкерди кесиптик даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналган жумуш ордунда окутууга өзгөчө маани берилеби |
|
8. Консультация берүү | Кыскача маалымат берүү: а) консультацияларды жүргүзүүнү талап кылган аудиттин тармактары жана өзгөчө учурлар кандай аныкталат; б) жаңы ченемдик укуктук актыларды колдонуу, аудитти жүргүзүү практикасы жаатындагы көйгөйлөр сыяктуу учурларда консультацияларды жүргүзүүнүн жол-жоболору кызматкерлерге кандай маалымдалат; в) консультация үчүн жооптуу адамдар (брошюралар, нускамалар же оозеки нускоо, консультация берүү жөнүндө жобо, кызматтык нускамалар, буйруктар, таанышкандыгы жөнүндө кол тамгалар, Кесиптик аудитордук бирикмелерге кайрылуулар) кандай дайындалат |
|
9. Сапатты ички контролдоонун жол-жоболорун байкоо | Кыскача маалымат берүү: а) максаттар кандай аныкталат, текшерүүнүн нускамалары жана программалары кандай берилет, иштин көлөмүнө жана серептик текшерилүүгө жаткан аудитордук тапшырмаларды тандоо критерийлерине карата методикалык көрсөтмөлөр кандай даярдалат, байкоону жүргүзүүнүн жүрүшүндө иш-чаралардын мезгилдүүлүгү жана аларды өткөрүү мөөнөттөрү, текшерүүнү жүргүзүү үчүн жооптуу адамдардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон пикир келишпестиктерди чечүү методдорун белгилөө кандай аныкталат; б) байкоо жүргүзүүгө катыша турган кызматкерлердин компетенттүүлүк деңгээли кандай белгиленет; в) байкоо (принциптерди жана жол-жоболорду сактоону текшерүү, стандарттарга жана ички ченемдик документтерге же мониторинг боюнча башка жумуштук документтерге шайкештигине аудитордук тапшырмаларды тандап текшерүү, текшерүү программасы) кандай жүргүзүлөт |
|
10. Байкоолордун натыйжалары боюнча маалымдоо | Кыскача маалымат берүү: а) текшерүү үчүн тандалган аудитордук тапшырмалардын натыйжалары боюнча жасалган тыянактар жетектөөчү кызматкерлер жана тиешелүү кызматкерлер менен кандай талкууланат (талкуулардын протоколдору); б) жетекчиликке сунуштамалары бар маалымат (мониторингдин натыйжалары жөнүндө жетекчиликке отчет) кандай даярдалат; в) иш-чаралардын планы кандай аткарылат (жол-жоболорду аткарууну контролдоо жөнүндө кол тамга); г) байкоонун натыйжаларынын жана башка маанилүү факторлордун негизинде сапатты ички контролдоого карата максаттарды жана жол-жоболорду өзгөртүүлөр жана (же) тактоолор зарылчылыгы (мониторингдин натыйжалары жөнүндө жетекчиликке отчет) кандай аныкталат | Талкуулардын протоколдору |
Бардык пункттар милдеттүү толтурулууга тийиш. Сапатты тышкы контролдоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген контролдоо саясатынын жана жол- жоболорунун натыйжалуулугун баалоо (эгерде ал отчеттук жылда жүргүзүлгөн болсо) _________________________________________________________ _________________________________________________________ Сапатты тышкы контролдоонун натыйжалары боюнча кесиптик аудитордук бирикме берген контролдоо саясатынын жана жол- жоболорунун натыйжалуулугун баалоо (эгерде ал отчеттук жылда жүргүзүлгөн болсо) __________________________________________________________ __________________________________________________________ Аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуунун төмөнкүдөй жазма буйруктары жана сунуштамалары алынды (саналат) (эгерде сапатты тышкы контролдоо отчеттук жылда жүргүзүлгөн болсо) ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ Сунуштамаларды жана жазма буйруктарды аткаруу боюнча аракеттердин планы бекитилген ___________________________________________________________ ___________________________________________________________ (мурдагы мезгил үчүн аракеттердин планы жана аракеттердин учурдагы планы берилет)
Жетекчи:_________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: ___________________
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда уюмда аудиттин сапатын контролдоо системасынын болушун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү жана сунуштамалар менен жазма буйруктарды аткаруу аракеттеринин планы тиркелет. 20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
3.4. Аудитордук уюмдардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө маалыматтар
8-таблица |
Камсыздандыруу уюмунун аталышы | Ырастоочу документ (реквизиттер) | Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү |
1 | 2 | 3 |
|
|
|
Жетекчи:___________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: __________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда жарандык- укуктук жоопкерчиликти камсыздандырууну ырастоочу документтин көчүрмөсү тиркелет. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет. |
| Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 2-тиркеме |
20___-жылдын _____________ тартып ______________ чейинки мезгилге коомдук кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине уруксат берилген аудитордук уюмдун ачык- айкындуулук жөнүндө отчету (сунушталган формат)
1. Ачык-айкындуулук жөнүндө отчетко карата мыйзамдуу талаптар
Ачык-айкындуулук жөнүндө отчет «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын __________________ № _____Мыйзамынын 6-беренесинин талаптарына ылайык берилет.
2. Жалпы маалыматтар
1) коомдук кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине уруксат берилген аудитордук уюм качан жана ким тарабынан негизделген; 2) аудитордук уюмдардын тармагы жөнүндө маалыматтар (эгерде аудитордук уюм аудитордук уюмдардын тармагынын, анын ичинде эл аралык тармактын курамына кирсе): штаб-квартиранын аталышы, жайгашкан жери, Интернет тармагындагы расмий сайтынын дареги; 3) кандай жетишкендиктер бар экендигин баяндоо (баяндоо формасында: сый акылар, сыйлыктар, жана башкалар); 4) каттоо маалыматтары (аудитордук уюмдардын иши жөнүндө отчеттон алынат). 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
3. Корпоративдик башкаруу түзүмү
Жогорку орган _________________________________________________________ _________________________________________________________ «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык аудитордук уюмдун уставдык капиталынын кеминде 51 пайызы аудиторлорго жана (же) аудитордук уюмдарга таандык болууга тийиш. Коомдук кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине уруксат берилген аудитордук уюмдун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат: 1. Аты-жөнү. Сертификацияланган аудитор (сертификаттын номери жана датасы), уставдык капиталдагы үлүшү _________________________________________________________ ________________________________________%ды түзөт; 2. Аты-жөнү. Сертификацияланган аудитор (сертификаттын номери жана датасы), уставдык капиталдагы үлүшү _________________________________________________________ ______________________________________%ды түзөт; 3. Аты-жөнү. Серт фикацияланган аудитор (сертификаттын номери жана датасы), уставдык капиталдагы үлүшү _________________________________________________________ ______________________________________%ды түзөт; Аткаруу органы ____________________________________________________________ Учурдагы ишке жетекчилик кылуучу башкы директор болуп ____________________________________________________эсептелет. (Аты-жөнү, кызмат орду, сертификаттын номери жана датасы) Күн сайын жетекчилик кылуучу аткаруучу директор болуп _________________________________________________эсептелет. (Аты-жөнү, кызмат орду) Операциялык ишке контролду жүргүзүүчү башчы болуп ______________________________________________ эсептелет. (Аты-жөнү, кызмат орду) Корпоративдик башкаруу үчүн жооптуу адамдар жөнүндө толук маалымат, анын ичинде жарандыгы, кызмат ордунда болуу мөөнөтү жана башка маалыматтар 1-тиркемеде берилген. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түзүмү
Негизги кызмат көрсөтүүлөр 4-таблицада берилген маалыматтарды баяндоо түрүндө ачып берүү. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчеттун 2-бөлүмүнүн экономикалык иштин түрлөрү боюнча уюмдарга көрсөтүлгөн аудитордук кызматтар жөнүндө маалыматтар (Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 1-тиркемени караңыз).
Түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалымат
1.1-таблица |
№ | Кардардын аталышы | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү | Эскертүү (коомдук кызыкчылык субъекти, ири ишкердик субъекти же башка субъект болуп саналарын көрсөтүү керек) |
| 1 | 2 | 3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
5. Камсыздандыруу
Аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилиги ____________________ сом суммасына __________________________ камсыз кылынган. Камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү тиркелет. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
6. Финансылык маалыматтар 2.1-таблица Түшкөн пайда |
Кызмат көрсөтүүлөр | 20__-ж. (миң сом) | 20__-ж. (миң сом) | 20__-ж. (миң сом) |
Финансылык отчеттуулуктун аудити, анын ичинде: |
|
|
|
коомдук кызыкчылык субъекттеринин |
|
|
|
ири ишкердик субъекттеринин |
|
|
|
башка субъекттердин |
|
|
|
Коштоочу кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде: |
|
|
|
коомдук кызыкчылык субъекттеринин |
|
|
|
ири ишкердик субъекттеринин |
|
|
|
башка субъекттердин |
|
|
|
20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет. 5-таблицаны которуу. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчеттун 3-бөлүмүнөн отчеттук мезгил ичинде берилген аудитордук корутундулар жөнүндө маалыматтар (бирдик менен) (Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 1-тиркемени караңыз).
7. Көз карандысыздыкты камсыздоо эрежелери жана жол-жоболору
Бул бөлүмдө көз карандысыздыкты камсыз кылуу боюнча аудитордук уюмдун ички эрежелери жана жол-жоболору эмнеге негизделгендигин баяндоо зарыл. Өзүнүн көз карандысыздыгын ырастоо жөнүндө катты кызматкерлерге тааныштыруу жана ага кол коюу процессин, ошондой эле аудит боюнча негизги өнөктөштөрдү жана персоналды ротациялоонун кабыл алынган эрежелерин баяндоо. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
8. Аудиторлорго сый акы төлөө
Бул бөлүмдө аудиторлордун сый акысын аныктоонун жол-жобосун баяндоо зарыл (аудиторлордун гонорары кандайча аныкталат, аудитордук уюмдун кызматтары үчүн сый акынын өлчөмү ким тарабынан жана кандай, кайсы ички ченемдик документтердин негизинде аныкталат). 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9. Сапатты ички контролдоо системасы
Бул бөлүмдө аудитордук уюмда белгиленген сапатты контролдоо саясаты жана жол-жоболорун баяндоо зарыл. Сапатты контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун корпоративдик стандарттары колдонулуп жаткан сапатты контролдоо стандарттарына ылайык иштелип чыккан, бул ар бир аудитордук фирманы Аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык бардык аудитордук текшерүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылган сапатты контролдоо саясатын жана жол-жоболорун киргизүүгө милдеттендирет. Аудитордук уюмда колдонулган сапатты контролдоо системасын баяндоо, анда төмөнкүдөй негизги элементтер камтылат: – сапат үчүн жетекчиликтин жоопкерчилиги; – этиканын жогорку стандарттары; – персоналды натыйжалуу башкаруу; – заказчылар менен кызматташууну баштоо жана улантуу жөнүндө, ошондой эле тапшырманы аткаруу боюнча чечим кабыл алуунун так жол-жоболору; – долбоорду (милдетти) натыйжалуу аткарууну камсыз кылуучу процесстер; – иштин мониторинги. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9.1. Сапат үчүн жетекчиликтин жоопкерчилиги
Сапатты контролдоо системасын уюштуруу, ишке киргизүү жана өркүндөтүү үчүн акыркы жоопкерчиликти ким тартат, функционалдык бөлүмдөрдүн жетекчилери эмнеге жооп берет, тобокелдиктерди башкаруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн ким жоопкерчилик тартат деген сыяктуу сапатты контролдоо системасынын саясатынын жана жол-жоболорунун талаптарын кыскача баяндоо. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9.2. Этиканын кесиптик стандарттары
Аудитордук уюмда кабыл алынган этика жана көз карандысыздык жаатындагы мыйзамдык, этикалык жана кесиптик талаптарды кыскача баяндоо. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9.3. Персоналды башкаруу
Персоналды башкаруу системасын баяндоо, ал төмөнкүдөй негизги багыттарды камтыйт: – персоналды тандоо жана кабыл алуу; – персоналды өнүктүрүү жана окутуу; – персоналды жана анын компетенттүүлүгүн баалоо; – кызматкерлерди кызмат ордунан жогорулатуу. Аудитордук уюмда төмөнкүлөр кандай аныкталгандыгын баяндоо: – жумушка кабыл алуу этабында персоналды тандоо критерийлери жана кызматкерлерге карата зарыл болгон талаптар (аларды кыскача баяндоо); – компаниянын бардык адистерин туруктуу негизде окутууга жана квалификациясын жогорулатууга карата талаптар (аларды кыскача баяндоо); – адистерди аттестациялоого жана алардын кесиптик билимдерин баалоого карата талаптар (аларды кыскача баяндоо). Колдонулуп жаткан кесиптик маалыматтык камсыздоону (эгерде бар болсо) жана аудитордук уюмдун кайсы функциялары автоматташтырылганын баяндоо керек. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9.4. Тапшырманы кабыл алуу жол-жоболору
Заказчы менен кызматташууну баштоо жана анын улантуу жөнүндө чечим кабыл алуу саясатын баяндоо. (Мисалы, заказчы менен интервьюну, анкетаны толтурууну, тобокелдиктердин түзүмүн аныктоону, заказчынын компаниядагы корпоративдик башкаруунун ички процесстеринин адекваттуулугуна тесттерди, анын финансылык системасынын жана ички контролдоо системасынын ишенимдүүлүгүн, төлөө жөндөмдүүлүгүн, үчүнчү жактар менен чыр-чатактын болушун камтыган потенциалдуу кардардын ишин баалоо процесси, аброй жана рыноктогу аброй ж.б. эске алынат). Аудитордук уюм заказды кабыл алуудан баш тарткан учурларды баяндоо. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9.5. Заказдарды жалпы пландоо
Иштин графиктерин түзүү баяндалат, пландоодо болгон кесиптик тажрыйба жана адам ресурстарынын жетиштүүлүгү эске алынат. 20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.6. Тапшырманы аткаруу
Тапшырманы (долбоорду) аткаруу процессинин бардык стадияларына катышкандардын ички ченемдик документтеринде, сапатты контролдоо саясаттарында жана жол-жоболорунда аныкталган сапатты контролдоонун бардык чараларын колдонууга аудитордук уюмда кандайча көңүл бурулгандыгы баяндалат. Мындай чараларга: адистердин тобу аткара турган иштердин шайкештигин камсыз кылууга жардам берүүчү саясат жана эрежелер; ченемдик укуктук талаптарды колдонуу; сапаттын кесиптик стандарттар жана ички стандарттары кирет. Тапшырманы (долбоорду) аткаруунун сапаты үчүн акыркы жоопкерчиликти ким тартат, аудиттин эл аралык стандарттарын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын эске алуу менен аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн методологиясы иштелип чыкканбы жана кайсы документтерде (ички ченемдик документтерде, сапатты контролдоо саясатында жана жол-жоболорунда, ошондой эле аудит боюнча электрондук файл түрүндөгү иш формаларында) иштин төмөнкүдөй негизги багыттарын камтыган кайсы документтерде баяндалган: – пландоо жана тобокелдиктерди баалоо; – тестирлөө; – аналитикалык жол-жоболор; – аудитти аяктоо. Аудитти жүргүзүү процессин кыскача баяндоо, мисалы, кесиптик скептицизм кандай колдонулат, бардык стадияларда контролдоо кандайча жана ким тарабынан жүргүзүлөт – аудитордук тапшырманы талаптагыдай пландоо, олуттуу тобокелдиктерди аныктоо жана аудитордук тыянактарды түзүү. Аудитордук уюмда талаш маселелер кандай түрдө чечиле тургандыгын баяндоо. Ички консультацияларды берүү үчүн жооптуу адам кандай дайындалат. Ага кандай милдеттер жүктөлөрүн баяндоо. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9.7. Мониторинг
Сапатты контролдоо системасына байланыштуу анын саясаты жана жол-жоболору натыйжалуу, адекваттуу жана иш жүзүндө аткарылып жаткандыгына негиздүү ишеним алуу максатында, аудитордук уюмда сапатты контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун (мониторингдин) шайкештигине мониторинг кандайча жүргүзүлөрүн баяндоо. Мониторинг аудитордук уюмдун сапатын контролдоо системасын туруктуу кароону жана баалоону, ошондой эле мониторинг чөйрөсүндө сапатты контролдоонун колдонулуучу стандарттарына ылайык бүткөрүлгөн айрым тапшырмаларды мезгил-мезгили менен текшерүүнү камтууга тийиш. Мониторингди жүргүзүү үчүн жооптуу кандай дайындалат, эксперттик баалоо (peerre view) принциби боюнча көз карандысыз экспертти тартуу аркылуу мониторинг кандай жүргүзүлөт, мониторингдин объекти эмне болуп саналат (мисалы, сапатты контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун белгиленген талаптарга шайкештиги жана аудитордук уюмдун сапатты контролдоо системасынын ишинин натыйжалуулугу). Мониторингдин аспекттери болуп төмөнкүлөр саналат: – сапатты контролдоо системасын талдоо; – сапатты контролдоо системасына киргизүү зарыл болгон түзөтүүчү аракеттерди жана өркүндөтүүлөрдү аныктоо; – системада аныкталган кемчиликтер жөнүндө аудитордук уюмдун тиешелүү персоналына маалымдоо; – аудитордук уюмдун тиешелүү персоналынын сапатты контролдоо саясатына жана жол-жоболоруна зарыл өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүү боюнча чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгү. Мониторинг жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн, мониторингдин натыйжалары кандай таризделет жана сапатты контролдоо системасын жакшыртуу боюнча сунуштамалар кандай киргизиле тургандыгын баяндоо. Анын алкагында кардарларга аудитордук уюм көрсөткөн кызматтардын сапаты боюнча өз пикирлерин айтууну сунуштаган расмий программа барбы? Иштин сапатына байланыштуу кардарлардын даттанууларын кароо регламенти жана жол-жоболору белгиленгенби. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9.8. Кесиптик аудитордук бирикмеге мүчөлүк
Аудитордук уюм кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат. Аудитордук уюмдун кесиптик аудитордук бирикме менен кызматташуусунун негизги багыттарын баяндоо. 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9.9. Сапатты тышкы контролдоо
Аудитордук уюм ________ жылы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана _________ кесиптик аудитордук бирикмеси тарабынан сапатты контролдоонун тышкы текшерүүсүнөн ийгиликтүү өттү. Негизги жазма буйруктар жана сунуштамалар төмөнкүдөй болду (санап көрсөтүү). Сунуштамаларды жана жазма буйруктарды аткаруу боюнча иш-аракеттер планы макулдашылды (иш-аракеттер планы берилет). 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
9.10. Корпоративдик социалдык жоопкерчилик
Корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин негизги багыттарын баяндоо (мисалы уюштуруучулук башкаруу, адам укуктары, эмгек практикасы, айлана-чөйрө, ак ниет иштиктүү практикалар, коомдун турмушуна жана аны өнүктүрүүгө катышуу). 20___-жыл үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчет.
Тиркемелер: 1. Корпоративдик башкаруу үчүн жооптуу адамдар. 2. Кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу полиси.
1-тиркеме. Корпоративдик башкаруу үчүн жооптуу адамдар
Аты-жөнү – кызмат орду, сертификацияланган аудитор, салык консультанты: ___________________________________________________________ E-mail: ____________________________________________________________ Адистешүү: ___________________________________________________________ (мисалы, милдеттүү аудит, макулдашылган аудитордук жол-жоболор, салык консалтинги, талаптагыдай этияттыгын текшерүү)
Билими: ____________________________________________________________ (жогорку окуу жайы, илимий даражалары) Кыргыз Республикасынын аудиторунун сертификаты: ____________________________________________________________ номери жана датасы Башка сертификаттары: ____________________________________________________________ Коомдук иштери: ____________________________________________________________ Мурда ээлеген башка кызмат орду: ____________________________________________________________ Билген тилдери: ____________________________________________________________ |
| Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 3-тиркеме |
20___-жылдын ___________ тартып ___________ чейинки мезгил үчүн кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет
Жеке каттоо номери: __________________________________________________________ Каттоо датасы: __________________________________________________________ Кесиптик аудитордук бирикменин (мындан ары – КАБ) толук аталышы: __________________________________________________________ КАБдын кыскача аталышы (эгерде бар болсо): __________________________________________________________ Юридикалык дареги: __________________________________________________________ Филиалдардын юридикалык дареги (эгерде бар болсо): __________________________________________________________ Телефону: ___________________ Факсы: ______________________ e-mail: ________________________________ Веб-сайты: ________________________________________________ Эл аралык бухгалтерлер федерациясынын (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын) фирмалар форумунун мүчөсү болуп саналабы: __________________________________________________________ Эгерде мүчөсү болсо, кирген жылы: __________________________________________________________
3.1-таблица |
Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) маалыматтары | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) | ||||
Ким тарабынан катталган | Каттоо номери | Каттоо датасы | ИУЖК коддору | Катар номери | Берилген датасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: ________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: _________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда мамлекеттик каттоону ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1-бөлүм. Уюштуруучулар, мүчөлөр, башкаруу органдары жана персонал
1.1. КАБдын уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар
3.2-таблица |
№ | Уюштуруучунун аты-жөнү же аталышы | Уюштуруучунун, анын ичинде филиалдардын (өкүлчүлүктүн) юридикалык дареги, телефон номерлери жана башка байланыш каражаттары, электрондук почта дареги, веб-сайттын маалыматтары | Уюштуруучунун уюштуруу- укуктук формасы же кызмат орду | ЖКН | Аудитордун квалификациялык сертификаты-нын номери жана берилген датасы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: ________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда уюштуруучулардын легитимдүүлүгүн ырастоочу документтерди тиркөө зарыл. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.2. КАБдын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар
3.3-таблица |
№ | Мүчөнүн аты-жөнү же аталышы | Мүчөнүн, анын ичинде филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) юридикалык дареги, телефон номерлери жана башка байланыш каражаттары, электрондук почта дареги, веб-сайттын маалыматтары | Мүчөнүн уюштуруу- укуктук формасы же кызмат орду | ЖКН | Аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана берилген датасы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: __________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда КАБга мүчөлүгүнүн легитимдүүлүгүн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.3. КАБдын аудиторлор кеңеши (аткаруу органы) жөнүндө маалыматтар
3.4-таблица |
№ | Аудиторлор кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү | Байланыш маалыматтары (телефон номерлери жана башка байланыш каражаттары, электрондук почта дареги, веб-сайттын маалыматтары) | Аудиторлор кеңешиндеги ээлеген кызмат орду | ЖКН | Аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана берилген датасы | Аудитордук уюмдагы иш стажы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: ________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда КАБдын аудиторлор кеңешиндеги мүчөлүгүнүн легитимдүүлүгүн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.4. КАБдын комитеттери (аткаруу органы) жөнүндө маалыматтар
3.5-таблица |
№ | КАБдын комитетинин мүчөсүнүн аты-жөнү | Байланыш маалыматтары (телефон номерлери жана башка байланыш каражаттары, электрондук почта дареги, веб-сайттын маалыматтары) | КАБдын комитетинде ээлеген кызмат орду | ЖКН | Аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана берилген датасы | Аудитордук уюмдагы иш стажы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Администрациялоо жана мүчөлүк боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Аудиторлорду окутуу, сертификациялоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Аудиттин сапатын камсыз кылуу боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Тергөө боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Тартип чараларын колдонуу боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Аудит боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Башка комитеттер | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: ________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: _________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда КАБдын аудиторлор кеңешине мүчөлүктүн легитимдүүлүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.5. КАБдын персоналы жөнүндө маалыматтар 3.6-таблица |
№ | Аты-жөнү | Кызмат орду | Жарандыгы | Иштеген мезгили |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
| Жетекчилик | |||
1 |
|
|
|
|
1.2 |
|
|
|
|
2 | Эмгек келишими боюнча иштеген кызматкерлер (штаттагы кызматкерлер) | |||
2.1 |
|
|
|
|
2.2 |
|
|
|
|
3 | Жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча ишке тартылган кызматкерлер | |||
3.1 |
|
|
|
|
3.2 |
|
|
|
|
4 | Калган кызматкерлер | |||
4.1 |
|
|
|
|
4.2 |
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: __________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда КАБдын персоналын дайындоону ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.6. КАБдын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана эл аралык квалификациялык сертификаттардын болушу жөнүндө маалыматтар
3.7-таблица |
№ | Мүчөнүн аты- жөнү | Окутууну жана квалификацияны жогорулатууну уюштуруу (отчеттук мезгилдин ичинде) | Эл аралык квалификациялык сертификаттардын аталышы | ||||||
Семинардын/ курстун/ тренингдин аталышы | Квалификацияны жогорулатуу боюнча семинардын/ курстун/ тренингдин өтүү мезгили | АССА (Asso-ciation of Char-tered Certified Accountant) | CPA (Certified Public Acco- untant) | DipIFR (Diploma In International Financial Repor-ting) | CIPA (Certified International Professio-nal Accountant) | CFA (Char-tered Financial Analys) | Башкалар | ||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: ____________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: ____________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда окутууну өткөрүү жана квалификацияны жогорулатуу жөнүндө буйруктардын жана мүчөлөрдүн эл аралык квалификациялык сертификаттарынын көчүрмөлөрү тиркелет. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
2-бөлүм. КАБдын сапатын контролдоону сактоо
2.1. КАБдын сапатына тышкы контролдоону жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматтар 3.8-таблица |
КАБдын сапатына тышкы контролдоону жүзөгө ашырган органдын (органдардын) толук аталышы | Дареги, байланыш маалыматтары (телефондорунун жана башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтанын дареги, веб- сайттын маалыматтары) | Текшерүү мезгили | Текшерүү жүргүзүлгөн дата, текшерүүчү адамдардын аты-жөнү | Тыянактардын кыскача мазмуну | Жазма буйруктун кыскача мазмуну жана жазма буйрукту аткаруу мөөнөттөрү | Таасир этүү чараларын колдонуу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жазма бйруктардын жана КАБга карата таасир этүү чараларын колдонууну күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү тиркелет. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
3-бөлүм. КАБдын мүчөлөрүнүн сапатты контролдоо натыйжалары
3.1. КАБдын мүчөлөрүнүн сапатты контролдоо жол- жоболорун сактоо жөнүндө маалыматтар
КАБдын мүчөлөрү тарабынан сапатты контролдоону сактоого мониторинг жүргүзүү жөнүндө ички ченемдик документтин аталышы: _______________________________________________________
Бекитилген: ________________________________________ Колдонулуучу методологиянын негизги принциптери: ___________________________________________________________ Сапатты контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн мүчөлөрдү тандоодо колдонулуучу тобокелдик критерийлери жана мезгилдүүлүк: ____________________________________________________________ КАБдын мүчөлөрүнө аудит жүргүзүүнүн сапатын контролдоо боюнча адистерди тандоо үчүн критерийлер: ____________________________________________________________ Отчеттук мезгил ичинде сапатты контролдоону сактоого карата мониторинг жүргүзүлгөн КАБдын мүчөлөрүнүн тизмеси:
3.9-таблица |
№ | КАБдын мүчөсүнүн аталышы | Коомдук кызыкчылык субъекти | Ири ишкердик субъекти | Башка субъект |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
Отчеттук мезгилде сапатты контролдоону сактоого жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжаларынын сереби
Өзүнүн мүчөлөрүндө сапатты контролдоонун жыйынтыгында келип чыккан натыйжалар жана ар кандай олуттуу тенденциялар же маселелер: ________________________________________________________ ________________________________________________________ КАБдын мүчөлөрүнүн сапатты контролдоо текшерүүлөрүнүн натыйжаларын өткөн жылдын жыйынтыгы менен салыштыруу баяндоо формасында берилсин: _________________________________________________________ _________________________________________________________ Сапатты контролдоонун натыйжалары боюнча мүчөлөргө аудиттин сапатын жакшыртуу үчүн сунушталган тармактар: __________________________________________________________ __________________________________________________________ Сапатты контролдоонун натыйжалары боюнча КАБдын мүчөлөрүнө карата административдик чаралар жана санкциялар: ____________________________________________________________ ____________________________________________________________
3.10-таблица |
Коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдарга карата чаралар жана санкциялар | Башка аудитордук уюмдарга карата чаралар жана санкциялар |
|
|
|
|
Жетекчи: _______________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Колу: ___________________ Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда мүчөлөргө аудит жүргүзүүнүн сапатын контролдоо системасынын болушун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл. 20___-жылдагы иши жөнүндө отчет. |