Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-майы № 374
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн айрым маселелери жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 101-беренесинин 2-бөлүгүнө, 103-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-1. Ушул Жобо төмөнкү жер участокторун ижарага берүү маселелерин жөнгө салбайт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык мамлекеттик менчикте турган, өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын атайын каражаттарынын эсебинен алынган.
Аталган жогорку окуу жайлары мындай жер участокторун ижарага берүү тартибин жана шарттарын көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу аркылуу өз алдынча аныктайт;
2) суу жана ирригациялык фонддордун.
Суу жана ирригациялык фонддордун жерлерин берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
- 55-10-пункттун 1-пунктчасында:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик жерди пайдалануучулар - соода рыногунун (соода ишканасынын) дирекциясы тарабынан, соода ишин, ошондой эле базардын ишине байланыштуу унаа токтотуучу орундарды жана коомдук тамактануучу объекттерди уюштуруу үчүн;";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды орнотууга;";
- 55-12-пункттагы "бир айдан кечиктирбестен" деген сөздөр "эки айдан эрте эмес убакытта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 55-15-пунктун биринчи абзацы "пайдалануучу" деген сөздөн кийин "же ээси" деген сөздөр менен толукталсын;
- 83-пункттагы "бир айдан кечиктирбей" деген сөздөр "эки айдан эрте эмес убакытта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 85-1-пункт менен толукталсын:
"85-1. Тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишими ал түзүлгөн күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин ижарачынын демилгеси боюнча бузулган учурда, ижарачы биринчи алты айлык мезгил үчүн ижара акысын толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.";
- 94-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94. Ижарачы ижара акысын ай сайын ижарага берүүчүнүн атайын алыш-бериш эсебине же жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан аныкталган эсепке толук көлөмдө төлөйт. Ижара акысы эксплуатациялык чыгымдарды жана Кыргыз Республикасынын салык жана башка мыйзамдарында каралган башка төлөмдөрдү камтыбайт.";
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишими ал түзүлгөн күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин ижарачынын демилгеси боюнча бузулган учурда ижарачы биринчи алты айлык мезгил үчүн ижара акысын толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна таандык мүлктү.";
- 11-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Ижара акысын эсептөө ижара келишиминде көрсөтүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт.";
- 14-пунктта:
биринчи абзацтагы "жылына бир жолудан ашык эмес" деген сөздөрдөн кийин "жылына бир жолудан ашык эмес же келишимде каралган мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 16-пунктта:
12-пункттагы "макулдашуусу же чечими боюнча" деген сөздөр "жазуу жүзүндөгү макулдашуусу же чечими боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын:
"13) ушул Жобонун 2-1-главасына ылайык ижарага берүү технопарктардын резиденттеринин бирдиктүү реестрине киргизилген технопарктардын резиденттерине жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-глава менен толукталсын:
"2-1-глава. Технопарктарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн алкагында мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби
18-1. Ушул главага ылайык технопарктардын ишин мамлекеттик колдоонун алкагында мамлекеттик мүлктү технопарктардын резиденттерине ижарага берүүнүн өзгөчөлүктөрү белгиленет.
18-2. Мамлекеттик мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, алар технопарктардын резиденттеринин бирдиктүү реестрине расмий киргизилген шартта технопарктардын резиденттерине ижарага берилет, алар Кыргыз Республикасынын технопарктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлк технопарктардын резиденттерине түз метод менен ижарага берилет.
Ижара акысынын өлчөмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик курулмаларды, имараттарды, анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускамада каралган тартипте аныкталат.
18-3. Технопарктардын базалык уюмдары технопарктын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында өзүнүн карамагында турган мамлекеттик мүлктү технопарктардын резиденттеринин бирдиктүү реестрине белгиленген тартипте киргизилген технопарктардын резиденттерине ижарага берүүгө укуктуу.
Технопарктардын базалык уюмдары менен технопарктардын резиденттеринин ортосунда түзүлүүчү ижара келишимдери, эгерде мындай шарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе жана мамлекеттин мүлк ээси катары абалын начарлатпаса, технопарктын резидентинин ишинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу шарттар менен толукталышы мүмкүн.
Ижара келишиминде милдеттүү түрдө төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- резиденттин мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча милдети;
- мүлктүн жоголушу, бузулушу же абалынын начарлашы үчүн резиденттин жоопкерчилиги;
- мүлктү максаттуу пайдалануу шарттары;
- технопарктардын базалык уюмдары тарабынан контроль жүргүзүү тартиби;
- келишимди бузуу негиздери жана тартиби, анын ичинде мүлктү пайдалануу шарттары бузулган учурлар.
18-4. Технопарктын базалык уюму менен технопарктардын резиденттеринин ортосунда түзүлгөн ижара келишимдеринде ижара акысынын өлчөмүн аныктоодо коммерциялык түзүлүштөрдү кошпостон жеңилдетилген ижара акысын белгилөөгө, төмөнкү критерийлер бир убакта сакталган учурда жол берилет:
- резидент технопарктын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык иш жүргүзөт;
- резиденттин долбоору инновациялык, илимий-техникалык же социалдык-экономикалык натыйжага ээ;
- резидент технопарктардын резиденттеринин бирдиктүү реестрине киргизилген жана салык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карызы жок;
- резидент жумуш орундарын түзүү жана (же) технопарктын инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестиция салуу боюнча милдеттенмелерди алат;
- резидент берилген мүлктү максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу талаптарын сактайт.
Аталган учурларда ижара акысынын өлчөмү мүлктү күтүүгө кеткен чыгымдарды, анын ичинде мүлк жана жер салыктарын, коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды жабуу деңгээлинде белгилениши мүмкүн.";
- 29-пункттун бешинчи абзацындагы "үч айдын" деген сөздөр "бир айдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 556-статьясынын 1-пунктуна ылайык, ушул Жобонун 29-пунктунда каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн мүлктү мурда ижарага алып жүргөн жактар менен түзүлгөн ижара келишимдери боюнча ижара акысы ижарачы менен мурунку менчик ээсинин ортосунда түзүлгөн ижара келишимине ылайык өлчөмдө белгиленет, бирок ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик курулмаларды жана имараттарды, анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускамага ылайык аныкталган өлчөмдөн төмөн болбоого тийиш.";
- 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Талапкерден түшкөн кепилдик төгүмү өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө кабарлоо келип түшкөн күндөн тартып баланс кармоочу тарабынан он банктык күндүн ичинде кайтарып берилүүгө тийиш.";
- 41-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул пунктка ылайык тоорук өткөрүү жокко чыгарылган учурда талапкерлер төккөн кепилдик төгүмдөрү тооруктун катышуучуларына тоорукту жокко чыгаруу жөнүндө кабарланган датадан тартып баланс кармоочу тарабынан он банктык күндүн ичинде кайтарып берилүүгө тийиш.";
- 49-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде 2 саат өткөндөн кийин жеңүүчү аныкталбаса, электрондук аукциондун бардык катышуучуларына ижара акынын акыркы өлчөмүн берүү үчүн 10 мүнөт берилет, ал аукциондун акыркы сунушталган суммасынан төмөн болбошу керек, ошону менен бирге аукциондун кадамынан айырмаланышы мүмкүн. Эгерде катышуучулардын акыркы сунуштары дал келсе, анда тиешелүү сунушту убактысы боюнча эрте берген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 61-1-пункт менен толукталсын:
"61-1. Платформа аркылуу ижара келишимдеринин реестрине жеңүүчү менен түзүлгөн жана ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган ижара келишими киргизилгенден кийин жеңүүчүнүн кепилдик төгүмү ижарага берүүчү тарабынан ижара акынын эсебине чегерилет.
Мында утулуп калган катышуучулардын кепилдик төгүмдөрү кайтаруу жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып он банктык күндүн ичинде баланс ижарага берүүчү кайтарылып берилүүгө тийиш.";
- 62-пунктун үчүнчү абзацындагы "жана ал республикалык бюджетке жөнөтүлөт" деген сөздөр алып салынсын;
- 64-пункттагы "бир айдан кечиктирбестен" деген сөздөр "эки айдан эрте эмес убакытта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 67, 68-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"67. Ижара мөөнөтүн узартууда ижара акынын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимине кошумча макулдашууларда ижара акысы мурдагы ижара келишиминде белгиленген ижара акынын өлчөмүнөн 30 пайызга көбөйтүлөт;
2) түздөн-түз ижарага берүү жолу менен түзүлгөн соода борборлорундагы жайларды ижарага берүү келишимдерине кошумча макулдашууларда ижара акысы мурдагы ижара келишиминде белгиленген ижара акынын өлчөмүнөн 50 пайызга көбөйтүлөт;
3) тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишимдерине, ошондой эле кыймылдуу ижара объекттерине карата кошумча макулдашууларда ижара акысы мурдагы ижара келишиминдегидей эле өлчөмдө белгиленет.
68. Тооруктун жыйынтыгы боюнча ижара келишимине карата кошумча макулдашуу бир жолудан ашык түзүлүшү мүмкүн эмес.
Тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн жана кошумча макулдашуу менен узартылган келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин ижара объекти тоорукка коюлууга тийиш.";
- 72-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишими ал түзүлгөн күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин ижарачынын демилгеси боюнча бузулган учурда ижарачы биринчи алты айлык мезгил үчүн ижара акысын толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.";
- 81-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81. Ижарачы ижара акысын ай сайын ижарага берүүчүнүн атайын алыш-бериш эсебине толук көлөмдө төлөйт.
Ижара акысына коммуналдык төлөмдөр, эксплуатациялык чыгымдар жана салык жана башка мыйзамдарда каралган башка төлөмдөр кирбейт.";
- 85-пункттагы "бир ай өткөндөн кийин" деген сөздөр "бир айдын ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-глава төмөнкүдөй мазмундагы 95-1-пункт менен толукталсын:
"95-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага алынган мүлктү камсыздандыруу милдеттүү болуп саналган же келишимдин тараптары тарабынан зарыл деп таанылган учурларда камсыздандыруу келишимин түзүү жана камсыздандыруу сый акысын төлөө милдети ижарачыга жүктөлөт.
Ижарачы ижара мөөнөтүнүн ичинде колдонуудагы камсыздандыруу полисинин болушун камсыз кылууга жана ижарага берүүчүнүн талабы боюнча ырастоочу документтерди берүүгө милдеттүү.";
- жогоруда аталган Жобонун 4-тиркемесинде:
3-пункттагы "бир айдан кечиктирбестен" деген сөздөр "эки айдан эрте эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5, 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ижара мөөнөтүн узартууда ижара акынын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимине кошумча макулдашууларда ижара акысы мурдагы ижара келишиминде белгиленген ижара акынын өлчөмүнөн 30 пайызга көбөйтүлөт;
2) түздөн-түз ижарага берүү жолу менен түзүлгөн соода борборлорундагы жайларды ижарага берүү келишимдерине кошумча макулдашууларда ижара акысы мурдагы ижара келишиминде белгиленген ижара акынын өлчөмүнөн 50 пайызга көбөйтүлөт;
3) тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишимдерине, ошондой эле кыймылдуу ижара объекттерине карата кошумча макулдашууларда ижара акысы мурдагы ижара келишиминдегидей эле өлчөмдө белгиленет.
6. Тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишимине кошумча макулдашуу бир жолудан ашык түзүлүшү мүмкүн эмес.
Тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн жана кошумча макулдашуу менен узартылган келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин ижара объекти тоорукка коюлууга тийиш.";
- 11-пункттун 6-пунктчасындагы "жылына бир жолудан көп эмес" деген сөздөр "жылына бир жолудан көп эмес же келишимде каралган мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Ижара акысын эсептөө ижара келишиминде көрсөтүлгөн датадан тартып жүргүзүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын:
"25-1. Тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишими ижарачынын демилгеси менен ал түзүлгөн күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин бузулган учурда ижарачы биринчи алты айлык мезгил үчүн ижара акысын толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүү.";
- жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемесинде:
3-пункттагы "бир айдан кечиктирбестен" деген сөздөр "эки айдан эрте эмес убакытта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5, 6, 7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
11-пункттун 6-пунктчасындагы "жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр "жылына бир жолудан көп эмес же келишимде каралган мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Ижара акысын эсептөө ижара келишиминде көрсөтүлгөн датадан тартып жүргүзүлөт.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |