ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2021-жылдын 28-майындагы № 2/3
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексине ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын”Бузуулар жөнүндө” Кодексине ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын түзүү максатында Үч-Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүндө “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жобого ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча сандык курамы 9 адамдан турган комиссия төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн (тиркеме №1).
2. Жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүдө” Кодексинин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алып иш жүргүзүшсүн. Ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес, өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап, жергиликтүү кеңешке киргизсин.
4. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Асантай уулу |