ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2021-жылдын 28-майындагы № 2/6
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана ата-энелер жыйынынын атайын эсеп счетунун киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2022-2023-2024-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндө карап чыгып, талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 2- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү, жалпысынан 14563,4 миң сом, теңдөөчү грант 10173,7 миң сом жана өздүк киреше 4389,7 миң сомго анын ичинен атайын каражат 291.0 миң сомго болжолдуу бекитилсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 18021,6 миң сомго, теңдөөчү грант 13516,9 миң сом, өздүк 4504,7 миң сомго жана 2024-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү жалпысы 17762,2 миң сом, теңдөөчү грант 13257,5 миң сом, өздүк киреше 4504,7 миң сомго анын ичинен атайын каражаттар эсебинен 291,0 миң сомго болжолдуу бекитилсин.
3. Ушул токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу жагы Айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Акматовго милдеттендирилсин.
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Асантай уулу |