Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтому менен бекитилди) |
Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу
программаларын аккредитациялоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Окуу программаларын аккредитациялоого уруксат берүү
3-глава. Аккредитациялоо документтери
4-глава. Окуу программаларын аккредитациялоо
5-глава. Аудитордун КК программасы боюнча жана Аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча окуу программаларына жана окуу материалдарына талаптар
6-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендик тапшырмаларга жана билим алуучулардын жетишүүсүн баалоого карата талаптар
7-глава. Аудитордун КК программасы жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча окутуучуларга коюлуучу талаптар
8-глава. Билим алуучулар менен кайтарым байланыштын болушуна карата талаптар
9-глава. Маалыматтарды башкарууга жана аларды коомчулукка жеткирүүгө карата талаптар
10-глава. Аккредитациялык комиссия
11-глава. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк
12-глава. Талаптарга шайкештикти кийинки контролдоо
1-тиркеме
2-тиркеме
3-тиркеме
4-тиркеме
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Аккредитациялоо тартиби Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкеш келген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы (мындан ары – Аудитордун КК программасы) жана Аудиторлорго кесиптик билимди үзгүлтүксүз берүү программасы (мындан ары – Аудиторлорго КБҮБ программасы) боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин (мындан ары – КАБ) окуу программаларын аккредитациялоону уюштуруу тартибин регламенттейт.
2. Аудитордун КК программасы аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бекитилет жана кошумча кесиптик билим берүү программасы болуп саналат.
3. Аудитордун кесиптик квалификациясынын үч: базалык (биринчи), орто (экинчи) жана тереңдетилген (үчүнчү) деңгээли бар.
4. Ушул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жаатында мыйзамдарында белгиленген мааниде түшүнүлөт жана колдонулат.
2-глава. Окуу программаларын аккредитациялоого
уруксат берүү
5. КАБга базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдеги окуу программаларын аккредитациялоого уруксат берилет.
6. КАБ ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө арыз менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат жана арызга төмөнкү документтерди тиркейт:
1) өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчетту;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген окуу программасына ылайык сабактардын окуу программаларын;
3) сабактар боюнча сынамык экзамендик иштерди (Аудитордун КК программасы боюнча);
4) КАБдын атынан иш жүргүзгөн ыйгарым укуктуу адамды ырастаган ишеним катты же башка документти;
5) берилген документтердин тизмесин.
7. Ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган арыз жана документтер КАБдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу адамы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жана (же) электрондук форматта берилет.
8. Аккредитациялануучу КАБдын жетекчиси берилген документтердин аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
9. Окуу программаларын аккредитациялоодон өткөрүүгө арыз окуу программаларынын акыркы аккредитациясынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 айдан кем эмес убакта берилет.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз катталган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде арызга тиркелген документтердин толуктугун жана аларды тариздөөнүн тууралыгын карайт.
11. КАБ документтерди толук эмес көлөмдө же туура эмес таризделген жана (же) толтурулган арызды жана документтерди берген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КАБга жетишпеген документтердин тизмеги жана (же) документтерди тариздөө жана (же) толтуруу ушул Тартипте белгиленген талаптарга шайкеш келбегендиги жөнүндө кабарлама жиберет.
12. Эгерде КАБ ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган кабарламаны алган күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде жетишпеген документтерди, оңдолгон арыздарды жана (же) документтерди бербеген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КАБдын арызын кароодон баш тартат.
13. Эгерде КАБ берген документтер ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 (беш) жумуш күндүн ичинде аккредитациялануучу КАБдын окуу программаларын баалоо жөнүндө чечимди кабыл алат.
3-глава. Аккредитациялоо документтери
14. Өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчет төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) титулдук барак;
2) киришүү;
3) аккредитациялык талаптардын аткарылышын талдоонун натыйжалары жана алардын далилдери;
4) корутунду;
5) тиркемелер.
15. Титулдук баракта төмөнкү маалымат көрсөтүлөт:
1) аккредитациялануучу КАБдын толук аталышы;
2) эксперттик комиссиянын ар бир мүчөсүнүн фамилиясынын тушуна коюлган колу менен өзүн-өзү баалоо боюнча эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (мындан ары – аты-жөнү).
16. Өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчеттун экинчи бетинде барактарын көрсөтүү менен өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчеттун мазмуну жайгаштырылат.
17. Өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчеттун үчүнчү бетинде кыскартуулардын тизмеси жайгаштырылат.
18. Өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчеттун киришүүсүндө төмөнкү маалымат көрсөтүлөт:
1) аккредитациялануучу КАБдын почта дареги, телефондору, электрондук почтасы, веб-сайты, ИСН;
2) аккредитациялануучу КАБдын жетекчисинин жана аккредитация үчүн жооптуу адамдын аты-жөнү жана байланыш маалыматтары (телефондору, электрондук почтасы).
19. Талаптардын аткарылышын талдоонун натыйжалары жана алардын документтик далилдери ушул Тартиптин 43–56-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын ар бири боюнча ырааттуу түрдө берилет.
20. Талаптардын аткарылышын талдоонун натыйжаларынын негизинде өзүн-өзү баалоо боюнча эксперттик комиссия талаптарга шайкеш келбеген көрсөткүчтөрдү (болсо) аныктайт.
21. Өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчеттун корутундусунда критерийлердин ар бири боюнча аткарылгандыгы, сын пикирлер менен аткарылгандыгы же аткарылбагандыгы жөнүндө тыянак көрсөтүлөт.
22. Өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчетту жазууга негиз болгон алгачкы маалыматтар талаптардын аткарылгандыгынын документтик далили болуп саналат.
23. Ар бир тиркеме жаңы барактан башталат, аталышы жана номери болот.
24. Окуу программаларына аккредитация алган КАБ арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардагы бардык өзгөрүүлөр (аталышындагы, жетектөөчү курамдагы, почта дарегиндеги, телефондордогу, электрондук почтадагы, веб-сайттагы жана билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия жөнүндө маалыматтарда) жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
25. Кабарлама өзгөрүүлөр келип чыккандан кийин 20 (жыйырма) жумуш күндөн кечиктирбестен көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен бирге (салыштыруу үчүн түп нускаларды берүү менен) жазуу жүзүндө берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабарлама келип түшкөн датадан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде аккредитацияланган КАБдын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
4-глава. Окуу программаларын аккредитациялоо
26. Окуу программаларын аккредитациялоо төмөнкү этаптардан турат:
1) Аудитордун КК программасы жана Аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча аккредитациялануучу КАБдын өзүнүн окуу программаларына өзүн-өзү баалоо жүргүзүүсү;
2) Аудитордун КК программасы жана Аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча аккредитациялануучу КАБдын окуу программаларына аккредитациялык комиссиянын баалоо жүргүзүүсү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө же аларды аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуусу.
27. КАБ Аудитордун КК программасы жана Аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча өзүнүн окуу программаларынын ушул Тартипте белгиленген талаптарга, ошондой Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкештигине баалоо жүргүзөт.
28. Аккредитацияны алууга талапкер КАБдын жетекчиси түзгөн эксперттик комиссия тарабынан өзүн-өзү баалоо жүргүзүлөт. КАБ өзүн-өзү баалоонун материалдарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчет түрүндө берет.
29. Аккредитациялануучу КАБдын баалоосуна төмөнкүлөр кирет:
1) Ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык өзүн-өзү баалоо отчетун изилдөө жана талдоо;
2) Ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык ушул Тартиптин 43–56-пункттарында каралган талаптарга шайкештикке окуу программаларын, экзамендик тапшырмаларды, материалдарды жана зарыл болгон документтерди баалоо жана талдоо;
3) КАБдын окуу программаларын баалоонун натыйжалары боюнча аккредитациялык комиссиянын сунуштамалары менен корутундуну даярдоо.
30. Ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган документтерден тышкары аккредитациялык комиссия КАБдын расмий сайтка жайгаштырган документтерин жана материалдарын пайдаланууга укуктуу.
31. Өзүн-өзү баалоо боюнча отчетто берилген маалыматты ырастоо үчүн аккредитациялык комиссия өзүн-өзү баалоо боюнча отчеттун документтик маалыматтарын текшерүү үчүн материалдарды аккредитациялануучу КАБдан суроого укуктуу.
32. Окуу программаларын баалоонун узактыгы окуу программаларын баалоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
33. КАБдын окуу программаларын баалоо аккредитациялык комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө арыз менен анын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
34. Жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыктары боюнча аккредитациялык комиссия 10 (он) жумуш күндүн ичинде КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө сунуштамалар менен корутундуну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
35. Аккредитациялык комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) КАБдын окуу программалары ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген учурда окуу программаларын 5 (беш) жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө чечимди кабыл алат;
2) КАБдын окуу программаларынын, материалдарынын жана документтеринин ушул Тартиптин талаптарына шайкешсиздигинин 2ден (экиден) ашык эмес фактысы болгон учурда белгиленген убакыттын ичинде табылган шайкешсиздиктерди жоюу жөнүндө сын пикирлер жана талаптар менен КАБдын окуу программаларын 1 (бир) жылдык мөөнөткө шарттуу аккредитациялоо жөнүндө чечимди кабыл алат;
3) КАБдын окуу программаларынын, материалдарынын жана документтеринин ушул Тартиптин талаптарына шайкешсиздигинин 2ден (экиден) ашык фактысы болгон учурда КАБдын окуу программаларын аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
36. Ушул Тартиптин 35-пунктунун 2-пунктчасында каралган КАБды аккредитациялоо мөөнөтү, белгиленген убакыттын ичинде шайкешсиздик фактылары жоюлса 5 (беш) жылга узартылышы мүмкүн.
37. Ушул Тартиптин 35-пунктунун 2-пунктчасында каралган КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө чечим катары менен эки жолудан ашык кабыл алынышы мүмкүн эмес.
38. Окуу программалары аккредитациялануучу КАБ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим кабыл алганга чейин аны жүргүзүүнүн каалаган этабында аккредитациядан өткөрүү жөнүндө арызды чакыртып алууга укуктуу.
39. Аккредитациялоо жөнүндө чечим КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү берүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен кабыл алынат.
40. КАБдын окуу программаларын аккредитациялоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жарыяланат.
41. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими же болбосо ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан шартта КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү бербестен, мурдагы аккредитацияны колдонуу мөөнөтүн шарттуу түрдө бир жылга узартууга уруксат берилет.
42. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КАБдын арызынын негизинде мурдагы аккредитацияны колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
5-глава. Аудитордун КК программасы боюнча жана
Аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча окуу
программаларына жана окуу материалдарына талаптар
43. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын аккредитациялануучу окуу программасынын ар бир курсу үчүн төмөнкү маалыматты камтыган тиешелүү окуу программасы иштелип чыгууга тийиш:
1) курстун аталышын жана кесиптик квалификациянын деңгээлин;
2) курстун максатын;
3) курстун толук мазмунун жана окутуунун тиешелүү натыйжаларын;
4) курсту үйрөнүү үчүн өбөлгөлөрдү (пререквизиттерди);
5) окутуу тилин;
6) экзамендин форматын;
7) окуу материалдарына жана башка ресурстарга шилтемени.
44. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программаларына төмөнкүдөй милдеттүү талаптар белгиленет:
1) окуу программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн бекитилген жол-жобонун болушу;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген окуу программасында каралган темалардын 80 % кем эмесин КАБ иштеп чыккан окуу программалары менен камсыз кылуу;
3) билим алуучуларга окуу программасы, практикалык тапшырмалар, сынамык экзамендер жана тесттер боюнча колдонмолорду берүү;
4) билим алуучуларга окуу материалдарын берүү;
5) практикалык элементтерди жана программа боюнча окутуунун натыйжаларына жетүүнү камсыз кылууну кошкондо, окуу материалдарынын тиешелүү тармактагы заманбап жана актуалдуу талаптарга шайкештиги;
6) Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына жана ушул Тартиптин талаптарына шайкештик предметине окуу программаларына мониторинг жүргүзүү жана мезгилдүү (жылына бир жолу) баалоо;
7) мониторинг жүргүзүүнү жана мезгилдүү баалоо үчүн жооптуу адамдарды (кызматты) аныктоо;
8) билим берүү процессин уюштурууну жакшыртуу үчүн мониторинг жүргүзүүнүн жана мезгилдүү баалоонун натыйжаларын талдоо, талкуулоо жана пайдалануу.
45. КАБ аудиторлорунун аккредитациялануучу КБҮБ программасынын ар бир курсу үчүн төмөнкү маалыматты камтыган тиешелүү окуу программасы иштелип чыгышы керек:
1) курстун аталышы;
2) курстун максаты;
3) курстун негизги темалары жана окутуунун тиешелүү натыйжалары;
4) сааттардын саны жана бөлүштүрүлүшү;
5) окутуунун тили;
6) курсту окутуунун методдору;
7) пландалган окуу материалдары (слайддар ж.б.) жана башка ресурстар.
46. КАБ аудиторлорунун КБҮБ окуу программаларына карата төмөнкүдөй милдеттүү талаптар белгиленет:
1) окуу программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн бекитилген жол-жоболордун болушу;
2) окуу программасынын мазмунунда теориялык жана практикалык бөлүктөрдүн болушу;
– теориялык бөлүк – билим алуучулардын билимдерди эң жакшы түшүнүүсүнө жана өздөштүрүүсүнө жетүү үчүн кеңири түшүндүрүүнү, иллюстрациялоону, демонстрациялоону талап кылган теориялык материалдардын олуттуу бөлүгүн баяндаган окутуу ишин уюштуруу формасы;
– практикалык бөлүк – өздөштүрүлгөн билимдердин негизинде көндүмдөргө ээ болууга багытталган окутуу ишин уюштуруу формасы;
3) билим алуучуларга окуу программасы жана практикалык тапшырмалар боюнча колдонмону берүү;
4) билим алуучуларга окуу материалдарын берүү;
5) практикалык элементтерди жана окутуунун натыйжаларына жетүүнү камсыз кылууну кошо алганда, окуу материалдарынын тиешелүү тармактардагы заманбап жана актуалдуу талаптарга шайкештиги;
6) окуу программаларынын Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына жана ушул Тартиптин талаптарына шайкештигин аныктоо максатында аларга мониторинг жүргүзүүнү жана мезгил-мезгили менен (жылына бир жолу) баалоону жүзөгө ашыруу;
7) мониторинг жүргүзүү жана мезгил-мезгили менен баалоо үчүн процесстерди жана жооптуу адамдарды (кызматтарды) аныктоо;
8) билим берүү процессин уюштурууну жакшыртуу үчүн мониторинг жүргүзүүнүн жана мезгил-мезгили менен баалоонун натыйжаларын талдоо, талкуулоо жана пайдалануу.
6-глава. Аудитордун КК программасы боюнча
экзамендик тапшырмаларга жана билим
алуучулардын жетишүүсүн баалоого карата талаптар
47. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын аккредитациялануучу окуу программаларынын экзамендик тапшырмаларына карата төмөнкүдөй милдеттүү талаптар белгиленет:
1) Аудитордун КК программасы боюнча экзамендер китептерди жабуу (окуу китебин же дептерлерди пайдаланбастан экзаменди жазуу) менен жазуу жүзүндө же компьютердик ыкма менен билимдерди текшерүүнү карайт;
2) экзамендик тапшырмалар окутуу менен окутуунун жетишилген натыйжаларынын ортосундагы так байланышты чагылдырат (натыйжаларды өлчөөгө негизделген мамиле);
3) экзамендик тапшырмалардын суроолору экзамен тапшырылып жаткан курстун бардык негизги темаларын камтууга тийиш;
4) экзамендик тапшырмаларды түзүүдө буга чейин квалификациялык экзамендерде, окуу материалдарында же башка булактарда колдонулган суроолорду пайдаланууга жол берилбейт;
5) экзамендик тапшырмалар уникалдуу болуп, плагиатка жол бербөөгө тийиш.
48. Аудитордун КК программасы боюнча базалык (биринчи) деңгээлдеги экзамендер окуу программалары «Бизнести башкаруу жана технологиялар», «Финансылык эсеп», «Башкаруу эсеби», «Укук» сабактары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланган КАБда тапшырылат.
49. Аудитордун КК программасы боюнча орто (экинчи) деңгээлдеги экзамендер окуу программалары «Финансылык отчеттуулук», «Ишкананын ишинин натыйжалуулугун башкаруу», «Финансылык менеджмент», «Салык салуу», «Аудит практикасы жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу» сабактары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аккредитацияланган КАБда тапшырылат.
50. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программасынын экзамендерине карата төмөнкүдөй милдеттүү талаптар белгиленет:
1) базалык (биринчи) деңгээлдеги ар бир сабактын экзамендери сценарийлерден жана тесттик суроолордон турат жана 3 бөлүмдү камтыйт:
– биринчи бөлүмдө – 1 баллдан 10 суроо (туура/туура эмес);
– экинчи бөлүмдө – жооптордун бир нече варианттары менен 2 баллдан 30 суроо;
– үчүнчү бөлүмдө – 2 (эки) сценарий (15 баллдан), алардын ар бири көптөгөн жоопторду тандоо менен 5 суроодон турат;
2) орто (экинчи) деңгээлдеги ар бир сабактын экзамендери сценарийлерден жана суроолордон турат жана 3 бөлүмдү камтыйт:
– биринчи бөлүмдө – көптөгөн жоопторду тандоо менен 2 баллдан 15 суроо;
– экинчи бөлүмдө – 3 (үч) сценарий (10 баллдан), алардын ар бири көптөгөн жоопторду тандоо менен 5 суроону камтыйт;
– үчүнчү бөлүмдө – ар бири 20 баллдан толук жоопту талап кылган 2 (эки) ачык суроо.
51. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын аккредитациялануучу окуу программаларынын билим алуучуларын баалоо системасына төмөнкү милдеттүү талаптар белгиленет:
1) баалоочу адамдардын (экзаменаторлордун) билим алуучулардын билимин текшерүү методдорун билүүсү жана бул чөйрөдө квалификациясын туруктуу жогорулатып туруусу;
2) жеңилдетүүчү жагдайларды камтыган жана баалоонун натыйжаларына апелляция берүүнүн расмий жол-жоболорун караган баалоо жүргүзүү жол-жоболорунун объективдүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
3) билим алуучуларга аларды баалоодо пайдаланылуучу жол-жоболор тууралуу, билим алуучуларга коюлуучу талаптар тууралуу, алардын билимдерин баалоодо колдонулуучу критерийлер жөнүндө толук көлөмдө маалымдоо.
7-глава. Аудитордун КК программасы жана
аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча
окутуучуларга коюлуучу талаптар
52. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программаларын ишке ашырып жаткан окутуучуларга төмөнкүдөй милдеттүү талаптар белгиленет:
1) окутуучулар окутуп жаткан предмет боюнча толук билимдерге жана түшүнүүгө, окуу процессинин алкагында билимдерди натыйжалуу берүү үчүн, ошондой эле аларды окутуунун сапаты боюнча кайтарым байланышты уюштуруу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө жана 3 жылдан кем эмес тажрыйбага ээ;
2) окутуучулар окуу жана маалымдама материалдарына, болуп өткөн экзамендик тапшырмаларга жана башка материалдарга жеткиликтүү;
3) экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгуучу билим берүүчү адамдар жана (же) эксперттер көз карандысыздыкты жана купуялуулукту, ошондой эле потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө маалымдуулукту дайыма сактоого жана көрсөтүүгө милдеттүү.
53. Аудиторлордун КБҮБ программасын ишке ашырып жаткан билим берүүчү адамдарга төмөнкү милдеттүү талаптар белгиленет:
1) укук жана салык салуу боюнча сабак өткөн окутуучуларды кошпогондо, билим берүүчү адамдар бухгалтердик эсеп жана (же) аудит чөйрөсүндөгү адистик боюнча 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбага ээ;
2) билим берүүчү адамдар окуу, маалымдама материалдарына жана башка материалдарга жеткиликтүү.
8-глава. Билим алуучулар менен кайтарым
байланыштын болушуна карата талаптар
54. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча КАБдын окуу программалары боюнча билим алуучулар менен кайтарым байланыштын болушуна төмөнкү милдеттүү талаптар белгиленет:
1) билим алуучуларды КАБдын иши жөнүндө анкеталык сурамжылоо ар бир окуу курсунан жана (же) ар бир экзамендик сессиядан кийин жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы курстарга сереп салуу боюнча жыйындарда каралат, андан кийин курстун түзүмүнө жана аларды окутууга түзөтүү киргизилет;
2) билим алуучулар менен кайтарым байланыш үчүн анкеталар курстардын мазмуну, окутуучулардын иши жана курстарды башкаруу жөнүндө суроолорду камтыйт.
9-глава. Маалыматтарды башкарууга жана
аларды коомчулукка жеткирүүгө карата
талаптар
55. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программалары боюнча маалыматтарды башкарууга жана аларды коомчулукка жеткирүүгө карата төмөнкүдөй милдеттүү талаптар белгиленет:
1) ишке ашырылып жаткан окуу программасы боюнча өз убагында, калыс жана объективдүү, сандык жана сапаттык маалыматтарды үзгүлтүксүз жарыялоо;
2) коомчулукка ишке ашырылып жаткан программа, окутуу жол-жоболору, баалар жана билим алуучулар үчүн окуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоо.
56. Аудиторлордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программаларынын маалыматтарын башкарууга жана аларды коомчулукка жеткирүүгө карата төмөнкү милдеттүү талаптар белгиленет:
1) аудиторлордун кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуунун жана колдоонун алар үчүн жеткиликтүү болгон мүмкүнчүлүктөрдүн ар түрдүүлүгү жөнүндө аудиторлорго үзгүлтүксүз маалымдап туруу;
2) аудит чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн аудиторлордун кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуунун жана аны колдоонун маанилүүлүгү жөнүндө коомчулукка үзгүлтүксүз маалымдап туруу.
10-глава. Аккредитациялык комиссия
57. Аудитордун КК программасы боюнча жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча КАБдын окуу программаларына жана берилген документтерге баалоо жүргүзүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аккредитациялык комиссия түзүлөт жана 1 (бир) жылдык мөөнөткө анын жеке курамы бекитилет. Аккредитациялык комиссия жана учурдагы жылга анын курамы учурдагы жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
58. Аккредитациялык комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын арасынан дайындалуучу аккредитациялык комиссиянын төрагасынан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин арасынан дайындалуучу аккредитациялык комиссиянын катчысынан жана аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрүнөн турат.
59. Аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөр болууга тийиш:
1) эл аралык аудитордук уюмдарда жана (же) аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын өкүлчүлүктөрүндө иш тажрыйбасы бар аудитордук кесиптин 1 (бир) өкүлү (аудитор);
2) КАБдын 2ден (экиден) кем эмес өкүлү, ошол эле учурда ар бир КАБдан 1ден (бирден) ашык эмес өкүл.
Аккредитациялык комиссия өзүнүн ишинин мезгилинде аудитордун КК программасынын багыттары (сабактары) боюнча эксперттерди тартууга укуктуу.
60. Аудитордук кесиптин жана КАБдын өкүлдөрүнөн аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча дайындалат.
61. Аккредитациялык комиссиянын жыйналыштары жана анда кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет, ага төрага, катышкан мүчөлөр жана жооптуу катчы кол коёт. Аккредитациялык комиссиянын жыйналыштарында талкууланган маселелерди жазуу үчүн аудио- жана видео жазуунун техникалык каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.
62. КАБдын окуу программаларын баалоонун жыйынтыктары боюнча аккредитациялык комиссиянын протоколдору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда 3 (үч) жылдан кем эмес сакталат, бул мөөнөт өткөндөн кийин алар акт менен жок кылынат.
63. Аккредитациялык комиссиянын чечими аккредитациялык комиссиянын жыйналышына катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда аккредитациялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
64. Эгерде аккредитациялык комиссияга аккредитациялык комиссиянын төрагасын эске алуу менен аккредитациялык комиссиянын 4 (төрттөн) кем эмес мүчөсү катышса, аккредитациялык комиссия окуу программаларын баалоого укуктуу болуп саналат.
65. Аккредитациялык комиссияга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул Тартиптин 57-пунктунда белгиленген ыйгарым укуктардын мөөнөтү бүтсө;
2) аккредитациялык комиссиянын мүчөсү аудитордук уюмдагы же КАБдагы ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу арыз берсе;
3) аккредитациялык комиссиянын мүчөсүнүн мүчөлүгүн ыктыярдуу чакыртып алуу жөнүндө жеке арызы боюнча (бул тууралуу аккредитациялоо жүргүзүлгөнгө чейин 30 (отуз) жумуш күн мурун жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу эскертүү менен);
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катышпаган мүчөдөн жүйөлүү себептер (эмгекке жарамсыздыгы, ооругандыгы, жакын туугандарынын ооругандыгы жана (же) каза болгондугу, баланы же үй-бүлөнүн аракетке жөндөмсүз мүчөсүн багуусу, өргүүдө болуусу, иш сапарда жүрүүсү, шаардын же өлкөнүн чегинен тышкары жүрүүсү жана күтүлбөгөн форс-мажордук жагдайлар) боюнча катыша албай тургандыгы жөнүндө тиешелүү жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган учурларды кошпогондо, аккредитациялык комиссиянын окуу программаларын баалоого 2ден (экиден) ашык жолу катышпаса;
5) аккредитациялык комиссиянын мүчөсү каза болсо;
6) аккредитациялык комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;
7) мүчөнүн ишкердик (кесиптик) бедели кынтыксыз эмес болушу мүмкүн экендигинин фактысы болсо;
8) өзү тууралуу анык эмес маалыматтарды берсе;
9) отчеттуулук документтерин жоготсо;
10) ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса.
66. Аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) мамлекеттик жана (же) расмий тилдерди билүүсү;
2) программасы аккредитациялануучу предметтерге жараша финансы, бухгалтердик эсеп, экономика, менеджмент, укук чөйрөсүндөгү жогорку билими;
3) окуу материалдарын иштеп чыгуудагы жана өркүндөтүүдөгү, кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу маселелери боюнча консультацияларды берүүдөгү тажрыйба артыкчылыктуу болуп саналат;
4) бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит жаатында эл аралык таанылган сертификаттарынын болушу артыкчылыктуу болуп саналат;
5) корпоративдик финансылык отчеттуулукту жүргүзүү жана (же) аудит жүргүзүү жаатында 7 (жети) жылдан кем эмес иш стажы;
6) Эл аралык билим берүү стандарттарын, Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарын, Эл аралык аудит стандарттарын жана (же) аудитордун КК программасы жабуучу башка жааттарды, ошондой эле бухгалтердик эсеп, аудит, укук, салык салуу, технологиялар, менеджмент жаатындагы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды жана аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди өткөрүүдө аларды колдонуунун өзгөчөлүктөрүн билүү;
7) жеке маалыматтар жана колдонулушу (жеткиликтүүлүгү) чектелген маалыматтар менен иштөө тажрыйбасы;
8) кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин – Бухгалтерлер үчүн эл аралык этикалык стандарттар боюнча кеңеш тарабынан белгиленген кесипкөй бухгалтерлерге коюлуучу этика талаптарын сактоо.
67. Аккредитациялык комиссиянын мүчөсү жана тартылган эксперттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Тартиптин 14–23-пункттарына ылайык даярдалган өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту изилдөөгө жана ушул Тартиптин 43–56-пункттарында аныкталган талаптарга шайкештикти тактоого тийиш болгон маселелерди даярдоого;
2) аккредитациялануучу КАБдын окуу программаларын баалоону жүргүзүүгө жана сунуштамалар менен корутунду берүүгө;
3) кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин сактоого;
4) окуу программаларынын, материалдардын жана маалыматтардын купуялуулугун сактоого;
5) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык маалыматтардын купуялуулугун ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга;
6) ишке катышууга тоскоолдук кылган жагдайлар болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого;
7) ал эмгектик, келишимдик же башка мамилелерде турган же кабыл алынуучу чечимдердин объективдүүлүгүнө жана бейтараптуулугуна таасир эте ала турган жеке кызыкчылыгы бар уюмга карата экспертиза жүргүзүүгө жана чечимдерди кабыл алууга катышууга укугу жок.
68. Аккредитациялык комиссия аудитордун КК программасынын мазмунун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
69. Аккредитациялык комиссиянын жыйындарында аккредитациялык комиссиянын мүчөсүнө жана окуу программаларын баалоону жүзөгө ашырууга тартылган экспертке келип түшкөн бардык маалыматтар жана документтер купуялуу болуп саналат жана окуу программаларын аккредитациялоонун алкагында гана пайдаланылат. Купуялуу маалыматтар үчүнчү жакка берилиши мүмкүн эмес жана ачыкка чыгарылбоого тийиш. Окуу программаларынын иш документтери ички иш документтери болуп саналат жана жайылтылбоого тийиш.
70. Купуялуулук жана маалыматтык коопсуздук талаптарын бузган, ошондой эле белгиленген ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган учурларда аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрү жана тартылган эксперттер ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
11-глава. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк
71. Окуу программалары 5 (беш) жылдык мөөнөт менен аккредитациядан өткөн, анын ичинде 1 (бир) жылдык мөөнөт менен шарттуу аккредитациядан өткөн КАБга колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими чыккандан кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде берилет.
72. КАБ кайра катталган учурда күбөлүктүн күчү сакталат.
73. Шарттуу аккредитациялоонун мөөнөтүн кошпогондо, КАБды аккредитациялоо мөөнөтү аяктаган учурда аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
74. КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн бланктарынын формалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
75. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк жоголгон же бузулган учурда КАБдын арызы боюнча аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн дубликаты берилет. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү тууралуу чечим арыз катталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат. КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн дубликаты бир нускада «дубликат» деген белги менен таризделет.
76. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитацияланган КАБдардын реестрин жүргүзөт жана аны сайтка жайгаштырат.
77. Реестрде төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү алган уюмдун толук аталышы, жайгашкан жери;
2) билим берүү ишине берилген лицензиянын реквизиттери;
3) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган дата;
4) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери;
5) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушу аяктаган мөөнөт;
6) аккредитацияланган программанын аталышы;
7) аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөөнүн негизи жана датасы;
8) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтотуунун негизи жана датасы.
78. Реестрге маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тескөөчү документи саналат.
79. Аккредитацияланган КАБдардын реестри жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштеринде 5 (беш) жыл сакталат жана андан кийин Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте архивге өткөрүп берилет.
80. КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) берилген мөөнөтү бүткөндө;
2) КАБ жоюлганда;
3) КАБ күбөлүк берилген тиешелүү окуу программаларды ишке ашырууну токтоткондо;
4) ушул Тартиптин 81–97-пункттарына ылайык кийинки контролдоонун жыйынтыктары боюнча талаптарга шайкеш келбесе жана (же) аныкталган бузуулар четтетилбесе.
12-глава. Талаптарга шайкештикти кийинки
контролдоо
81. Талаптарга шайкештикти кийинки контролдоо КАБдын аккредитацияланган окуу программалары аккредитациялоо колдонулган мөөнөт ичинде аккредитациялык талаптарга шайкеш келгендигин белгилөө максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн текшерүү болуп саналат.
82. Кийинки контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, анын ичинде көз карандысыз эксперттерди тартуу менен уюштурулат жана жүргүзүлөт, аларды тартуунун мөөнөттөрү жана шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү чечими менен белгиленет.
83. Кийинки контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен текшерүү графигине жана программасына ылайык жүргүзүлөт.
84. Кийинки контролдоонун программасы анын темасын, кийинки контролдоо камтууга тийиш болгон мезгилди, контролдонууга тийиш болгон негизги объекттердин жана маселелердин тизмегин камтыйт.
85. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 86-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, аккредитацияланган КАБдын окуу программаларын бир календардык жылдын ичинде бирден ашык кийинки контролдоону жүргүзүүгө укуксуз.
86. Кошумча кийинки контролдоону жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланган КАБдын бузуулары жөнүндө маалыматтарды алуу;
2) окуп жаткандардын, КАБдын мүчөлөрүнүн, укук коргоо жана башка органдардын ушул Тартипти, аудитордук иш, бухгалтердик жана аудитордук кесиптик билим берүү чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жол берилген бузуулар боюнча кайрылуулары жана даттануулары.
87. Аккредитацияланган программаларга кийинки контролдоону жүргүзүүдө КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кийинки контролдоону өз убагында жана толук жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө жана көмөк көрсөтүүгө;
2) ушул Тартиптин 43–56-пункттарында белгиленген талаптардын алкагында бардык суралган маалыматтарды, зарыл болгон оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
3) ушул Тартиптин 43–56-пункттарында белгиленген талаптардын алкагында маалыматтарды алууга жана жумушчу документтердин серебине жеткиликтүүлүк берүүгө көмөк көрсөтүүгө.
88. Текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү, текшерүүчүлөр же текшерүүчүлөр тобунун курамы жана анын жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат. Кийинки контролдоону жүргүзүүнүн мөөнөтү 3 (үч) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
89. Кийинки контролдоонун баштапкы белгиленген мөөнөтүн узартуу текшерүүчүнүн же кийинки контролдоо тобунун жетекчисинин жүйөлүү сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
90. Кийинки контролдоонун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте отчет түзүлөт. Отчет 2 (эки) нускада түзүлөт, анын бири текшерилген КАБга берилет.
91. Кийинки контролдоонун материалдары кийинки контролдоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттон жана ага карата таризделген, отчетто шилтемелер берилген (документтер, документтердин көчүрмөлөрү, жыйынды маалымкаттар, кызматтык жана материалдык жооптуу адамдардын түшүндүрмөлөрү ж.у.с.) тиркемелерден турат.
92. Кийинки контролдоонун материалдары кийинки контролдоону жүргүзүүнү дайындаган ыйгарым укуктуу кызмат адамына отчетко кол коюлгандан кийин 3 (үч) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө берилет.
93. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетко кол коюлган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кийинки контролдоонун берилген материалдары боюнча КАБдын окуу программаларынын аккредитациясын узартуу же узартпоо жөнүндө чечим кабыл алат.
94. Ушул Тартиптин 43–56-пункттарында белгиленген талаптарды бузуулар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кийинки контролдоо аяктаган күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө аныкталган бузууларды жана аларды четтетүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен КАБга жазма буйрук жөнөтөт.
95. Аудиторлордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо боюнча белгиленген бузууларды четтетүүнүн мөөнөтү 6 (алты) айдан ашпайт.
96. Аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо боюнча белгиленген бузууларды четтетүүнүн мөөнөтү 1 (бир) айдан ашпайт.
97. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйругунда көрсөтүлгөн бузуулар мөөнөтүндө четтетилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КАБдын окуу программаларынын аккредитациясын чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алат.
98. КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктөн ажыратуу (чакыртып алуу) төмөнкү негиздемелер болгондо жүзөгө ашырылат:
1) окуу программаларын аккредитациялоого киргизүү үчүн зарыл болгон жалган документтерди пайдалануу менен окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү алуу фактысы аныкталганда;
2) ушул Тартиптин 95, 96-пункттарында каралган мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйругу аткарылбаганда жана (же) кийинки контролдоону жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган бузуулар четтетилбегенде;
3) ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келбөө.
| Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибине 1-тиркеме |
| ________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, жетекчинин аты-жөнү)
_____________________ (аты-жөнү) |
Арыз Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы/Аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуу программаларын аккредитациялоону жүргүзүүнү суранабыз ________________________________________________ (КАБдын толук аталышы) | |
20___-жылдын «___»___ | _____________________ (арыз ээсинин колу) |
| Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибине 2-тиркеме |
Купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенме
Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы жана Аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу максатында мен төмөнкү ырастоолор менен макулмун жана төмөнкүлөргө милдеттенем: 1) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоого байланышкан бардык материалдардын купуялуулугун сактоого; 2) өз милдеттеримдин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган коопсуздук жана купуялуулук талаптарын сактоого; 3) мага белгилүү болгон кандай болбосун бузуулар же коопсуздук чараларын сактабоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө; 4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдын ала макул болгон учурларды кошпогондо, кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусунан алыс болууга. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертилди __________________________________________________ (катышуучунун аты-жөнү жана колу)
Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирем:
1. Аты-жөнүм: __________________________________________ 2. Кызмат ордум: ________________________________________ 3. Инсандыгымды ырастоочу документ: ____________________ сериясы ________номери ________ берилген датасы __________ ____________________ тарабынан берилген. 4. Кошумча маалымат (байланыш телефону, электрондук почта дареги): _____________________________________________________
| |
20___-жылдын «___» | _____________________ (катышуучунун колу) |
| Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибине 3-тиркеме |
Кесиптик аудитордук бирикменин өзүн-өзү баалоо отчетун
изилдөө жана талдоо
№ | Тартиптин пунктунун номери | Тартиптин пункттары боюнча талаптардын мазмуну | Натыйжа, бар болуу | Далил (документке жана тиешелүү пунктка шилтеме ж.б.) |
| 14–22 |
|
|
|
| Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибине 4-тиркеме |
Окуу программаларын, экзамендик тапшырмаларды,
материалдарды жана зарыл документтерди баалоо жана талдоо
№ | Тартиптин пунктунун номери | Тартиптин пункттары боюнча талаптардын мазмуну | Натыйжа, бар болуу | Далил | ФОЭС, ЭАС, Эл аралык билим берүү стандарттарынын жана тиешелүү колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын талап-тарына шайкештик (зарыл болгон пункттар боюнча) |
| Аудиторлорго ҮКБ программасы | ||||
| 45–46; 53 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Аудитордун КК программасы | ||||
| 43–44 |
|
|
|
|
| 47; 50–52 |
|
|
|
|