Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2024-жылдын 25-январы №01-5/192
«Кочкор-Ата шаардык мэриянын 2024-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриянын 2024-жылга түзүлгөн аткарылуучу иштердин иш-планын шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык мэриянын 2024-жылга түзүлгөн аткаруу иштеринин иш-планы тиркемеге ылайык алымча кошумчасы менен бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.А.Абдуразаков |