Редакцияот 10.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 10-августу № 534

 

Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерин

бекитүү жөнүндө

 

Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 16-августундагы № 770 «Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентин кабыл алуу тууралуу» чечимине, «Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) пиротехникалык буюмдарды сатуу адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана жүргүзүлөт;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын штаттык санынын жана тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат;

3) иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашырууга жол берилбейт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 «Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев