Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-майындагы № 374 токтомуна) |
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү ТАРТИБИ
1. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, ошондой эле мамлекеттик жерди пайдалануучулардын пайдалануусундагы мамлекеттик жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүүнүн бирдиктүү эрежелерин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу ижарадан түшкөн төмөнкү кирешелерди бөлүштүрүүгө жайылтылбайт:
1) токой фондунан жана жер казынасын пайдаланууга берилген жер участокторунан;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан мамлекеттик мүлктөн;
3) мамлекеттик турак жай фондунун объекттеринен жана мамлекеттик уюмдардын жатаканаларындагы орундардан;
4) эркин экономикалык зоналардын аймактарында жайгашкан мамлекеттик мүлктөн;
5) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участокторунан жана жайыттардан;
6) суу фондунун жерлеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу ирригациялык фонддун жерлеринен жана башка объекттеринен;
7) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол жээгиндеги тилкелеринде жайгашкан жер участокторунан;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана анын ведомстволук уюмдарынын карамагындагы жер участогунан тышкары мүлктөн;
9) мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жана бюджеттик кредит берүү жаатындагы операцияларды жүргүзүүгө байланышкан мамилелердин алкагында ижарага берилүүчү объекттерден;
10) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларына ыкчам башкаруу укугунда атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган жана бекитилген мамлекеттик менчикте турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөн, жер участокторунан;
11) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна таандык мүлктөн.
3. Мамлекеттик кыймылсыз (имараттар, курулмалар, турак эмес жайлар) жана кыймылдуу мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешенин 100 пайызы ижарага берүүчүнүн балансында турган мүлктү күтүүгө жана оңдоого, ошондой эле ижарага берүүчүнүн ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоого жумшалат.
Мында ижарага берүүчүнүн балансында турган мамлекеттик кыймылсыз (имараттар, курулмалар, турак эмес жайлар), кыймылдуу мүлктү жана жабдууларды күтүүгө жана оңдоого жумшалган каражаттардын суммасы ижарадан түшкөн кирешенин жалпы көлөмүнүн 70 пайызынан кем эмес болууга тийиш.
4. Мамлекеттик менчикте турган жана мамлекеттик жерди пайдалануучуларга бекитилип берилген мамлекеттик жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн кирешенин 100 пайызы ижарага берүүчүнүн ишин камсыздоого жана өнүктүрүүгө, анын ичинде санариптештирүү, эсепке алуу жана аймакты көрктөндүрүү боюнча иш-чараларга жумшалат.
5. Ижарага берүүчүлөр квартал сайын, мыйзамдарда белгиленген тартипте бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар жана аларды пайдалануу жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.