КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2024-жылдын 25-январы №01-5/195
«Шаардык Кеңештин иш-мерчемин бекитүү жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү боюнча шаардык Кеңештин аппаратынын түзгөн иш-планын угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана шаардык Кеңештин Регламентин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2024-жылга иш-мерчеми 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-жылдын иш-мерчеминде туруктуу комиссияларга тапшырылган жумуштар жана иш-мерчемде аткарууга жооптуу жетекчилер менен кызматкерлер иш-мерчемде көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмаларды өз убагында аткарууга алышсын.
3. Шаардык Кеңештин 2023-жылдын 10-февралындагы «Кочкор-Ата шаардык Кеңештин иш-мерчемин бекитүү жөнүндө» № 01-5/118-токтому көзөмөлдөн алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.А.Абдуразаков |