Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык
пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү
эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү тартибиy белгилейт, ал аларды сатууну, сактоону, эсепке алууну, пайдаланууну, ташууну, жок кылууну, ташып келүүнү жана ташып чыгууну карайт.
2. Бул Эрежелер өнөр жайлык пиротехникалык буюмдарга жайылтылбайт.
2-глава. Пиротехникалык буюмдарды классификациялоо
3. Жарандык пиротехникалык буюмдарга жылуулук, жарык, от, үн, түтүн, газ же алардын комбинациялары түрүндөгү эффекттерди техникалык же тиричиликтик максаттарда өндүрүүгө арналган пиротехникалык аралашмалар, алардын негизинде жасалган буюмдар кирет.
4. Пиротехникалык буюмдар колдонуудагы потенциалдуу кооптуулук даражасы боюнча беш класска бөлүнөт:
I класс – кооптуу факторлордун катарында сокку толкундары жана жарылууда учуп кетүүчү сыныктары жок, кыймылдын кинетикалык энергиясы 0,5 Дж ашпаган, буюмдан 0,25 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 125 дБ ашпаган, ал эми калган факторлор боюнча кооптуу зонанын радиусу 0,5 м ашпаган пиротехникалык буюмдар (бенгал шамдары, тарсылдактар, стол фонтандары, айлангычтар, көпөлөктөр);
II класс – кыймылдын кинетикалык энергиясынын мааниси 5 Дж ашпаган, сокку толкуну жана кооптуу зонанын чегинен тышкары учуп кетүүчү сыныктары жок, пиротехникалык буюмдардан 2,5 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 140 дБ ашпаган жана калган факторлор боюнча кооптуу зонанын радиусу 5 м ашпаган пиротехникалык буюмдар;
III класс – багытталган кыймылда кинетикалык энергиясынын мааниси 5 Дж ашкан, багытталбаган кыймылда – 20 Дж ашпаган, сокку толкуну жана кооптуу аймактын зонасынан тышкары учуп кетүүчү сыныктары жок, пиротехникалык буюмдардан 5 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 140 дБ ашпаган, ал эми калган факторлор боюнча кооптуу зонанын радиусу III класс үчүн 30 м ашпаган жана IIIа чакан классы үчүн 20 м ашпаган пиротехникалык буюмдар;
IV класс – сокку толкуну жок, ал эми калган факторлордун жок дегенде бири боюнча кооптуу зонанын радиусу 30 м ашкан пиротехникалык буюмдар (жарандык кесиптик пиротехникалык буюмдар);
V класс I–IV класстардагы буюмдардын аныктамаларына кирбеген, кооптуу факторлор жана кооптуу зоналар пиротехникалык буюмдарга атайын техникалык шарттар менен аныкталган башка пиротехникалык буюмдар.
Мындай пиротехникалык буюмдарды колдонуу катуу контролдонуучу шарттарда жүзөгө ашырылат. Кооптуу зонанын радиусу техникалык шарттарга жана тышкы чөйрөнүн параметрлерине жараша аныкталат. Кооптуулуктун эң жогорку классындагы пиротехникалык буюмдар майрамдык фейерверктер, мамлекеттик майрамдар жана атайын окуялар сыяктуу жогорку деңгээлдеги улуттук иш-чараларды өткөрүүдө колдонулат.
5. Пиротехникалык буюмдар багыты жана колдонуу шарттары боюнча эки топко бөлүнөт:
1) тиричилик багытындагы пиротехникалык буюмдар (I–III кооптуулук класстары) – калкка эркин сатылуучу буюмдар, аларды жүгүртүү атайын билимдерди жана көндүмдөрдү талап кылбайт;
2) техникалык жана атайын багыттагы пиротехникалык буюмдар (IV жана V кооптуулук класстары) – жүгүртүү аткаруучулардын (колдонуучулардын) атайын билимдерин жана көндүмдөрүн жана (же) техникалык жабдуунун белгилүү шарттарды камсыз кылууну талап кылган буюмдар.
3-глава. Жарандык пиротехникалык буюмдарга талаптар
6. Жарандык пиротехникалык буюмдар Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ББ ТР 006/2011) талаптарына шайкеш келүүгө тийиш жана сертификациялоо формасында шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш.
7. Пиротехникалык буюмдарды, керектөө таңгагын жана транспорттук тараны маркалоосу буюмдарды идентификациялоону камсыз кылууга тийиш.
Пиротехникалык буюмдарда милдеттүү түрдө өндүрүүчүнүн аталышы жана жайгашкан жери, өндүрүлгөн датасы жана партиянын номери көрсөтүлөт.
Продукцияны маркалоо Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин рыногунда продукцияны жүгүртүүнүн бирдиктүү белгисин камтууга тийиш. Маркалоо «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерде түшүрүлөт.
8. Тиричилик багытындагы жарандык пиротехникалык буюмдар III класстан жогорку кооптуулук классына ээ болбоого тийиш. Ар бир пиротехникалык буюмга милдеттүү түрдө пиротехникалык буюмдардын кооптуулугу жана аларды колдонуу боюнча чектөөлөр жөнүндө бөлүп көрсөтүлгөн шрифт менен текстти камтыган аны колдонуу боюнча чектөөлөр тиркелет.
9. Рынокто жүгүртүлүүчү жарандык пиротехникалык буюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өрт жана техникалык коопсуздук талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине (ББ ТР 006/2011) ылайык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү деп аларды бажы аймагына ташып келүү, бажы аймагынан ташып чыгуу, сактоо, ташуу, сатуу жана эксплуатациялоо түшүнүлөт.
10. Жарандык пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдө аларга тиркелүүчү колдонуу боюнча нускама жана продукциянын Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ТР ТС 006/2011) талаптарына шейкештигин ырастоочу документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт.
4-глава. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу
11. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына ылайык ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат.
12. I–III кооптуулук класстарындагы (тиричилик багытындагы) жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу продукциянын сакталышын камсыз кылуучу, ага түз күндүн нурунун жана атмосфералык жаан-чачындардын тийүүсүн болтурбоочу, ошондой эле пиротехникалык буюмдарды сактоо жайын эксплуатациялоого кабыл алуу актысын белгиленген тартипте алган адистештирилген дүкөндөр, дүкөндөрдүн бөлүмдөрү (секциялары), павильондор жана күркөлөр аркылуу жүзөгө ашырылат.
13. I–III кооптуулук класстарындагы жарандык пиротехникалык буюмдарды 18 жашка толгон адамдарга сатууга уруксат берилет.
IV–V кооптуулук класстарындагы (техникалык жана атайын багыттагы) жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактарга гана жүзөгө ашырылат.
Соода жайларын пиротехникалык буюмдар менен толтуруу ченемдери ар бир 25 м² соода аянтына 1200 кг (брутто массасы боюнча) ашпаган эсебинде белгиленет. Аянты 25 м²ден кичине соода жайларында 333 кг (брутто салмагы боюнча) ашпаган тиричилик багытындагы пиротехникалык буюмдарды бир убакта сактоого жана сатууга жол берилет.
Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык көп батирлүү турак үйлөрдүн турак эмес жайларында пиротехникалык буюмдарды чекене сатуу объекттерин жайгаштырууга жол берилбейт.
Тиричилик багытындагы пиротехникалык буюмдарды сатуу жүзөгө ашырылып жаткан жайлардын жайгашуусу штаттан тышкаркы кырдаалдарда адамдарды эвакуациялоого тоскоолдук жаратпоого тийиш. Тиричилик багытындагы пиротехникалык буюмдарды сатуу үчүн соода жайлары Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ЕАЭБ актыларына ылайык өрт коопсуздугунун каражаттары менен жабдылууга тийиш.
Соода залдарында тиричилик багытындагы пиротехникалык буюмдардын үлгүлөрү менен витриналар сатып алуучуга пиротехникалык буюмдардагы жазуулар менен таанышуу мүмкүндүгүн камсыз кылууга жана аларга визуалдык кароодон тышкары кандай болбосун жетүүнү толугу менен жокко чыгарууга тийиш.
Тиричилик багытындагы пиротехникалык буюмдар жылытуу системаларынын жылытуучу приборлорунан 0,5 м жакын эмес аралыкта жайгаштырылат. Пиротехникалык буюмдар бар жайларда механикалык жана (же) жылуулук таасирлери менен коштолгон иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.
Өзүн-өзү тейлөөчү дүкөндөрдө тиричилик багытындагы пиротехникалык буюмдарды сатуу консультант-сатуучулар аркылуу адистештирилген секцияларда гана жүзөгө ашырылат. Мындай секцияларда сатып алуучулардын пиротехникалык буюмдарга түздөн-түз (түз) жетүүсүнө жол берилбейт.
5-глава. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоонун жана эсепке алуунун шарттары жана тартиби
14. Соода уюмдарында калкка эркин сатылуучу I–III кооптуулук класстарындагы тиричилик багытындагы жарандык пиротехникалык буюмдар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш болгон атайын жабдылган сактоочу жайларда сакталат:
– башка көмөкчү кызматтык жайлардан обочо болууга, калыңдыгы 250 мм кем эмес күчөтүлгөн кыш коюлган дубалдарга, бекем шып жабууларына жана полго ээ болууга. Ички дубалдары (тосмолор) бекемдиги боюнча вертикалдуу металл кошуулар менен күчөтүлгөн, калыңдыгы 250 мм болгон кыш дубалга эквиваленттүү болууга, ошондой эле отко чыдамдуу жана өрткө туруктуу материалдар менен жасалгаланууга;
– мөөр басуу же пломба коюу мүмкүндүгү бар, эки ички кулпу менен бекитилүүчү металл эшиги болууга;
– терезенин оюгунда жайдын ич жагынан же рамалардын ортосунда болот торлор болууга, ичке темирлеринин учтары дубалга 80 мм кем эмес тереңдикке киргизилиши жана бетон куюлууга;
– эшик жана терезе оюктарына орнотулуучу, ошондой эле дубалдарды (тосмолорду) бекемдөө үчүн колдонулуучу диаметри 15 мм кем эмеc болгон болоттон жасалууга тийиш болгон торлору болууга. Ичке темирлердин ар бир кесилишинде 150x150 мм чоң эмес уячаларды пайда кылуу менен ширетилет;
– желдетүүчү терезелер жана люктар болгон учурда бул системалар аркылуу кирүү мүмкүндүгүн болтурбоочу, 100 × 100 мм ашпаган уячалар бар темир торлор менен жабдылууга тийиш. Инженердик тармактардын өтүүсү үчүн дубалдардагы көзөнөктөрдүн диаметри 200 ммден ашпоого;
– өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары жана өрт автоматикасынын системалары менен жабдылууга;
– жайдын эки комплект ачкычын сактоону камсыз кылууга, бир комплект буюмдардын сакталышы үчүн жооптуу адамда, экинчиси – сактоого уруксат берилген уюмдун жетекчисинде мөөр коюлган пеналда болот.
Тиричилик багытындагы пиротехникалык буюмдарды сактоого арналган жайлардын ачкычтарын столдордо жана бөтөн адамдарга жеткиликтүү болгон башка жерлерде калтырууга жол берилбейт.
15. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоо кампалары максатына жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) базистик туруктуу сактоо кампалары – уруксаттын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде пиротехникалык буюмдарды узакка сактоо үчүн арналган;
2) чыгымдоо кампалары (соода уюмдарынын кампалары) – продукцияга болгон учурдагы муктаждыкты канааттандыруу үчүн арналган жана соода жайларына түздөн-түз жакын аралыкта жайгаштырылат;
3) көчмө кампалар – буюмдарды кампалардын жана/же соода жайларынын ортосунда жылдыруу максатында, ошондой эле аларды демонстрацияларды өткөрүүдө андан ары пайдалануу үчүн кыска мөөнөттүү сактоо үчүн арналган.
Жарандык пиротехникалык буюмдарды өнөр жай багытындагы жардыргыч материалдарды сактоочу иштеп жаткан кампаларда сактоого жол берилет.
16. Жарандык пиротехникалык буюмдарды ар кандай багыттагы кампаларда (туруктуу жана убактылуу сактоо, чыгымдоо кампаларында), дүкөндөрдүн кампа жайларында жана дүң соода базаларында сактоо алардын кооптуулук классына жараша өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана ушул Эрежелерге ылайык уюштурулат. Сактоо шарттары продукциянын сакталышын, эсепке алынышын жана бар экендигин текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
17. Пиротехникалык продукцияны жүктөө ченемдери төмөнкү өлчөмдөрдөн ашпоого тийиш:
– туруктуу сактоо кампалары үчүн – 200 тоннадан көп эмес;
– чыгымдоо кампалары үчүн – 60 тоннадан көп эмес;
– соода уюмдарынын (дүкөндөрдүн) кампа жайлары үчүн – 2 тоннадан көп эмес.
Бардык учурларда жүктөө ченемдери ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
18. Сактоочу жайларды желдетүү үчүн кулпулар менен жабылуучу кошумча торчолуу металл эшиктер орнотулат, ал эми терезелерге жана желдетүүчү люктарга – металл торлор жана сеткалар коюлат. Торчолуу эшиктердин жана торлордун уячаларынын өлчөмү 150 × 150 мм ашпоого, ал эми таякчанын калыңдыгы – 10 мм кем болбоого тийиш.
19. Жарандык пиротехникалык буюмдарды туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн бардык кампалар ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызыкдар уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан кабыл алынууга тийиш, ошондой эле мыйзамсыз кирүүдөн ишенимдүү корголууга тийиш.
Кампаларды комиссия тарабынан кабыл алуу акты менен таризделет, анда жалпысынан кампанын жайгашкан жери, тиби жана сыйымдуулугу жана ар бир сактоочу жайдын өзүнчө, ошондой эле курулган кампанын долбоорго шайкештиги көрсөтүлөт. Жарандык пиротехникалык буюмдардын кампаларынын ар бир сактоочу жайы чагылгандан коргоочу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
20. Жарандык пиротехникалык буюмдарды туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн бардык иштеп жаткан жана жаңыдан пайдаланууга киргизилип жаткан кампалар аларды пайдаланууга кабыл алуу актынын негизинде аймактык ички иштер органдарында жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү аймактык органдарында катталат.
21. Ар бир сактоочу жайда жарандык пиротехникалык буюмдарды ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген сактоого уруксатта белгиленген көлөмдөн ашпаган санда сактоого уруксат берилет.
IV–V кооптуулук класстарындагы пиротехникалык буюмдарды туруктуу жана убактылуу сактоо кампасынын ар бирине паспорт түзүлүүгө тийиш, анын бир нускасы түздөн-түз кампада сакталат.
22. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоо үчүн бардык кампалар продукциянын түрүнө жана жүктөө ченемине жараша ар кандай багыттагы объекттерден коопсуз аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
Аралык кампалардын өзүнчө имараттарынын ортосундагы аралык топурак менен тосулбаган учурда 100 м кем эмес жана топурак менен тосулган учурда 50 м кем эмес аралыкты түзүүгө тийиш.
Топурак менен тосулбаган базистик кампанын өзүнчө сактоочу жайларынын ортосундагы аралык 200 м кем эмес аралыкты түзүүгө тийиш.
Чыгымдоо кампалары турак жайлардан, фейерверктерди көрсөтүү аянтчаларынан жана адамдар массалык түрдө топтолгон жерлерден коопсуз аралыкта, бирок 100 м жакын эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
Туруктуу сактоо кампалары жана чыгымдоо кампалары төмөнкүлөрдөн кем эмес аралыкта жайгаштырылат:
– 400 м – райондук мааниден төмөн эмес жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан, темир жолдун бөлүнгөн тилкесинин чектеринен (кампага алып баруучу жолдорду кошпогондо) жана өзүнчө турган турак жайлардан;
– 1 000 м – станциялык имараттардын, кампалардын жана башка станциялык курулуштардын бөлүнгөн тилкесинин чектеринен;
– 800 жана 1 000 м – калкынын саны 10 000 адамга чейин жана 10 000 адамдан көп болгон кыштактардын жана башка калктуу конуштардын аймактарынын чектеринен;
– 1 500 м – кампаларга таандык болбогон башка өндүрүштүк имараттардан жана курулмалардан.
23. Туруктуу жана чыгымдоо кампаларынын аймагы бийиктиги 2,5 м кем болбогон тикендүү зым тосмо менен курчалууга тийиш.
24. Бардык сактоочу жайлар бир кабаттуу, жылытылбаган болууга жана күйбөс материалдардан жасалган конструкцияларга ээ болууга тийиш. Сактоочу жайлардын дубалдары жана шыптары акталууга тийиш. Кампалардагы полдор өнөр жай имараттарынын полдорун орнотууга карата өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык учкун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган күйбөс материалдардан жасалууга тийиш.
25. Сактоочу жайларда алардын аянтына жана пландоосуна жараша экиден кем эмес эвакуациялык чыгуу жолдору болууга тийиш. Узундугу 10 м аз болгон сактоочу жайда бир чыгуу жолу болот.
Сактоочу жайга кирүүчү эшиктер сыртты көздөй ачылууга тийиш. Күн тийген тарапта турган терезелер күңүрт айнек менен жабдылууга же ак боек менен боелууга тийиш.
Жасалма жарыктандыруу сыртта болууга тийиш. Кампа жайларында нөөмөт жарыгын орнотууга, штепселдик розеткаларды орнотууга, ошондой эле газ плиталарын жана электр жылытуучу приборлорду пайдаланууга жол берилбейт.
26. Жумуш күнүнүн аягында иштер аяктагандан кийин (түнкү убакта) кампалардагы электр жабдуулары толугу менен электр тармагынан ажыратылууга тийиш. Электр менен камсыздоону өчүрүүгө арналган аппараттар кампа жайынын сыртында күйбөс материалдардан жасалган дубалга же өзүнчө турган тирөөчкө жайгаштырылууга, ошондой эле пломба коюуга жана кулпулоого ылайыкталган шкафка же оюкчага орнотулууга тийиш.
27. Бир сактоочу жайда жарандык пиротехникалык буюмдардын бир нече тиби сакталган учурда, аларды чогуу сактоо эрежелери өрт коопсуздугу жана буюмдардын жарылуу коопсуздугу эрежелерине ылайык так сакталууга тийиш.
Буюмдар салынган таңгактар штабелдерде же текчелерде сакталууга тийиш. Штабелдерде жана текчелерде сактоодо пиротехникалык буюмдар салынган ящиктер партиялар боюнча тизилет.
Пиротехникалык буюмдар салынган жыгач ящиктер штабелдерде сакталган учурда бири-биринин үстүнө капкагы өйдө караган абалда коюлууга тийиш, абанын алмашуусун камсыз кылуу үчүн төмөнкү катарлардын алдына тактайлардан төшөмө жасалууга тийиш.
Ар бир штабелде жана текченин ар бир текчесинде буюмдун аталышы же индекси, партиясынын номери, орундардын саны жана келип түшкөн датасы көрсөтүлгөн маалымат тактайчасы жайгаштырылат.
28. Кампа жайлары өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары же автоматтык өрт өчүрүүчү түзүлүштөр менен жабдылууга, ошондой эле өрткө каршы суу менен камсыздоо жана өрт кызматын чакыруу үчүн телефондук (мобилдик) байланыш менен камсыз болууга тийиш. Өрт өчүрүү каражаттарынын номенклатурасы жана аларды жайгаштыруу өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
29. Жүктөрдү кабыл алуу жана сактоочу жайлардан берүү күндүзгү убакта жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда бул иштерди сырттан жасалма жарыктандыруу менен жүргүзүүгө жол берилет.
30. Пиротехникалык буюмдарды сактоочу жайлардагы (кампалардагы) жүктөө-түшүрүү иштери үчүн механизмдер жарылуудан корголгон болууга, ал эми ичтен күймө кыймылдаткычтарда – чыккан газдарды зыянсыздандыруучу түзүлүштөр жана учкун өчүргүчтөр болууга тийиш.
Кампада продукцияны эсепке алуунун белгиленген формадагы журналы милдеттүү түрдө жүргүзүлөт, ал номерленүүгө, көктөлүүгө жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.
Продукциянын ар бир түрү өзүнчө эсепке алынат. Журналга жазуулар жүктү алгандан же бергенден кийин дароо, кириш-чыгыш документтердин негизинде жүргүзүлөт.
31. Сактоочу жай жана кампанын аймагы таза кармалууга тийиш. Бузулган тараны, бөтөн предметтерди жана күйүүчү материалдарды сактоого жол берилбейт.
Кампа имараттарына, курулмаларга жана өрт өчүрүүчү суу булактарына баруучу жолдор, кирүүчү жолдор, ошондой эле өрт өчүрүүчү инвентарга жана жабдууларга жетүүчү жолдор ар дайым бош болууга тийиш.
Кампалардын ортосундагы коопсуз (өрткө каршы) ажырымдарды кандайдыр бир материалдарды, жабдууларды, тараларды жана башка предметтерди сактоо үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
Кампанын аймагына буюмдарды ташуу үчүн ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү кооптуу жүктөрдү ташууга транспортко уруксат берүү жөнүндө күбөлүгү бар транспортко гана жол берилет.
Жарандык пиротехникалык буюмдардын кампаларын кайтаруу жеке күзөт же мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматтары менен түзүлгөн келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жүзөгө ашырылат.
6-глава. Жарандык пиротехникалык буюмдарды
пайдалануу тартиби (фейерверктерди көрсөтүү)
32. Кыргыз Республикасынын аймагында IV–V кооптуулук класстарындагы фейерверктерди колдонуу (көрсөтүү) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиясы бар юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Фейерверктерди көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга аларды адамдар массалык түрдө топтолгон жана коомдук-маданий иш-чараларды өткөрүү жерлеринде колдонууга ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган аталган иштерди аткарууга укукту ырастаган документтер бекитилгенден кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (облустук жана республикалык маанидеги шаарларда) же жергиликтүү мамлекеттик администрация (райондук маанидеги шаарларда) тарабынан берилген уруксаттын негизинде гана уруксат берилет.
Макулдашууга жарандык пиротехникалык буюмдарга техникалык документтер, ишке киргизүү аянтчасын жайгаштыруу планы, ошондой эле буюмдарды ташуу үчүн атайын жабдылган транспорт жөнүндө маалыматтар берилет.
33. Иштердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленген өрт коопсуздугунун жана техникалык коопсуздуктун колдонуудагы стандарттарын жана эрежелерин да жетекчиликке алуу зарыл.
34. Фейерверкти маданий-оюн-зоок жана массалык иш-чараларды өткөрүүдө көрсөтүүгө уруксат алуу үчүн уюштуруучулар иш-чара өткөрүлө турган датага чейин 10 жумуш күндөн кем эмес убакытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына (облустук жана республикалык маанидеги шаарларда) же жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өтүнүч менен кайрылат.
Өтүнүчтө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
– уюмдун аталышы, дареги, уюштуруучулардын фамилиясы, аты, атасынын аты, алардын кызмат ордун жана байланыш телефонун көрсөтүү менен;
– иш-чаранын аталышы жана өткөрүү максаты;
– иш-чаранын, анын ичинде фейерверкти көрсөтүүнүн датасы, жери, баштоо жана аяктоо убактысы;
– фейерверкти көрсөтүүнү өткөргөн юридикалык же жеке жак жөнүндө маалыматтар, бул ишти жүзөгө ашырууга укук берген лицензиянын, ошондой эле пиротехникалык буюмдарды сактоого жана ташууга берилген уруксаттардын көчүрмөлөрүн тиркөө менен;
– фейерверктин көлөмү, колдонулуучу буюмдардын мүнөздөмөсү жана көрсөтүүнү өткөрүү тартиби;
– фейерверкти көрсөтүүнүн жетекчиси жана аны көрсөтүүгө тартылган персонал жөнүндө маалыматтар, алардын пиротехникалык иштерди жетектөөгө жана өткөрүүгө укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен.
35. Фейерверктерди даярдоо жана өткөрүү мезгилинде буюмдарды кыска мөөнөттүү сактоодо алар көчмө кампаларда (жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган атайын жабдылган автомобилдерде), турак жайлардан жана коомдук имараттардан, ошондой эле адамдар массалык түрдө топтолгон жерлерден коопсуз аралыкта сакталат. Көчмө кампа кайтарууда болууга тийиш.
36. Фейерверкти көрсөтүүнү уюштуруучулар жана аткаруучулар аны өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылат, персоналды коргоо, пиротехникалык буюмдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт жана кайтаруу иш-чараларын ички иштер органдары менен макулдашат. Фейерверктер өткөрүлүүчү жерлерди кайтаруу ички иштер органдарына жана бул иш-чараны өткөрүп жаткан уюмга жүктөлөт.
37. Фейерверкти көрсөтүүчү жерди тандоо жана макулдашуу колдонулуучу пиротехникалык буюмдардын кооптуу зоналарынын радиустарын, жердин рельефин, метеорологиялык шарттарды, жакын жайгашкан объекттердин мүнөзүн, кооптуу зонаны кайтаруунун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздукка таасир этүүчү башка факторлорду эске алуу менен жүргүзүлөт.
IV–V кооптуулук класстарындагы жарандык пиротехникалык буюмдарды колдонуу менен фейерверкти көрсөтүү үчүн жер күйүүчү курулуштардан, отун кампаларынан, бышып жетилип жаткан дан өсүмдүктөрү же чөп, саман бар талаалардан, токой массивдеринен, электр берүү линияларынан 500 м кем эмес аралыкта турууга тийиш. Ишке киргизүү аянтчасынын жайгашуусу ички иштер органдары менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (облустук жана республикалык маанидеги шаарларда) же жергиликтүү мамлекеттик администрация (райондук маанидеги шаарларда) тарабынан бекитилген схемага түшүрүлөт. Мында ишке киргизүү аянтчасынан күйбөс курулуштарга чейинки аралык 50 м кем эмес болууга тийиш.
Ишке киргизүү түзүлүштөрү орнотулуучу жер көрүүчүлөр шамал тарапта (шамал согуп келген тарапта) ишке киргизүү аянтчасынан 100 м кем эмес аралыкта жайгаша тургандай тандалат.
38. Фейерверктерди көрсөтүүгө тыюу салынган жерлерге төмөнкүлөр кирет:
1) конструктивдик өзгөчөлүктөрү жарандардын коопсуздугун камсыз кылбаган аймактар, имараттар, курулуштар жана курулмалар;
2) кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөргө жана объекттерге, ошондой эле транспорттук түйүндөргө (көпүрөлөр, жол өткөөлдөрү, автомобиль жана темир жолдордун бөлүнгөн тилкелери, мунай-газ түтүктөрү, жогорку вольттуу электр берүү линиялары, өрт жана жарылуу коркунучу бар объекттер жана башкалар) жакын жайгашкан аймактар;
3) медициналык уюмдардын имараттарына (ооруканаларга, госпиталдарга жана балдар мекемелерине) түздөн-түз жанаша жайгашкан аймактар;
4) тарыхый-маданий мааниге ээ объекттердин, тарых жана маданият эстеликтеринин, көрүстөндөр жана диний курулмалардын аймактары, коруктар, заказниктер, улуттук парктар жана зыярат кылуучу жерлер.
39. Фейерверктерди көрсөтүү үчүн колдонулуучу жарандык пиротехникалык буюмдар жана ишке киргизүүчү жабдуулар аларга тиркелген эксплуатациялоо боюнча нускамаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугу эрежелеринин талаптарына так ылайык колдонулууга тийиш. Колдонулуп жаткан буюмдардын эксплуатациялоо боюнча нускамалардын сакталышы үчүн жоопкерчилик фейерверкти көрсөтүүнү жүргүзгөн уюмга жүктөлөт.
40. Фейерверктер ишке киргизилүүчү аянтчаларда төмөнкүлөргө катуу тыюу салынат:
1) тамеки тартууга, ачык отту пайдаланууга жана от жагууга;
2) мас абалда иш жүргүзүүгө;
3) пиротехникалык буюмдарды жана ишке киргизүүчү жабдууларды кароосуз калтырууга.
41. Фейерверкти көрсөтүү аяктагандан кийин ишке киргизүү аянтчасы күйбөй калган буюмдарды, алардын бөлүктөрүн жана калдыктарын чогултуу максатында көрсөтүүнү жүргүзгөн кызматкерлер тарабынан кылдат текшерилет.
42. Ишке киргизүү аянтчасынын аймагын кайтарууну бардык иштер аяктагандан кийин гана фейерверкти көрсөтүүнүн жетекчисинин макулдугу менен токтотууга жол берилет.
Кооптуу зонаны кайтаруу жана өрткө каршы иш-чаралар фейерверкти көрсөтүү толугу менен аяктагандан кийин гана токтотулат.
7-глава. Жарандык пиротехникалык
буюмдарды ташуу тартиби
43. Жарандык пиротехникалык буюмдарды ташуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
44. Жарандык пиротехникалык буюмдарды аба транспорту менен ташуу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине (КРАЭ–18 «Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу» жана ИКАО Аба аркылуу кооптуу жүктөрдү коопсуз ташуу боюнча техникалык нускамаларына (Жарандык авиация эл аралык уюму) DOC–9284 ылайык жүзөгө ашырылат.
45. Жарандык пиротехникалык буюмдарды темир жол транспорту аркылуу ташуу 1996-жылдын 5-апрелинде КМШ мүчө мамлекеттеринин Темир жол транспорту боюнча кеңешинин он бешинчи жыйынында бекитилген Темир жолдор аркылуу кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
46. Жарандык пиротехникалык буюмдарды транспорттун ар кандай түрлөрү менен ташууда алардын ишенимдүү кайтарылышы камсыз кылынууга тийиш.
47. Ташылуучу жүк түртүлүүлөрдө жана термелүүлөрдө кулап кетүү, бири-бирине жана транспорттун капталына сүрүлүү, урулуу мүмкүндүгү болбогондой кылып жайгаштырылууга тийиш.
48. Жол жүрүү учурунда бөлүп түшүрүлүүгө тийиш болгон продукцияны ташууда ар бир партия башкалардан өзүнчө бекитилип, калган жүк андан ары жол жүрүүдө өз ордунан жылып кетпегендей болууга тийиш.
8-глава. Жарандык пиротехникалык
буюмдарды алып коюу тартиби
49. Жарандык пиротехникалык буюмдарды алып коюу (анын ичинде убактылуу алып коюу) жана аларды алып коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын техникалык жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте, ошондой эле төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
– шайкештик сертификатынын же талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын жоктугу, же алардын Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 006/2011) техникалык регламентинде каралган белгиленген формаларга ылайык келбестиги;
– продукцияны адистештирилген дүкөндөрдөн, дүкөндөрдүн бөлүмдөрүнөн (секцияларынан), павильондордон жана күркөлөрдөн тышкары жерлерде сатуу;
– жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу укугуна лицензиянын жоктугу;
– жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна уруксаттын жоктугу.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөгү, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарын бузуу менен сатылып жаткан, сакталган же колдонулуп жаткан жарандык пиротехникалык буюмдарды алып коюу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүгө, өрт коопсуздугунун талаптарын бузууга байланыштуу учурларда пиротехникалык буюмдарды алып коюу өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Алып коюу тартиби Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси менен аныкталат.
50. Жарандык пиротехникалык буюмдарды утилдештирүү процессинде төмөнкү коопсуздук талаптары аткарылууга тийиш:
1) пиротехникалык буюмдар керектөөчү тарабынан өрт коопсуздугу жана жарылуу коопсуздугу чараларын сактоо менен, буюмду эксплуатациялоо документтеринде же маркалоону белгилөө түрүндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык утилдештирилүүгө тийиш;
2) пиротехникалык буюмдарды, ошондой эле өндүрүштүн жана керектөө калдыктарын экинчи жолу пайдаланылуучу продукцияны (чийки заттарды, материалдарды, комплекттөөчү элементтерди) алуу максатында утилдештирүү пиротехникалык буюмдарды өндүрүүгө уруксат берүүчү документтери бар уюмдар тарабынан «Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
51. Ушул Эрежелердин жана нускаманын талаптарына ылайык келбеген пиротехникалык буюмдарды алып коюу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталат.
9-глава. Жарандык пиротехникалык буюмдарды
жок кылуу тартиби
52. Төмөнкү себептерден улам мындан ары колдонууга жараксыз болгон жарандык пиротехникалык буюмдар жок кылынууга тийиш:
– пиротехникалык буюмдардын толук эмес иштеши;
– курамдардын тутанбай калышы;
– электр тутандыргычтардын иштебей калышы;
– электр тутандыргычтардын зымдарынын үзүлүшү;
– кабыгынын же пиротехникалык курамынын ачык-айкын бузулушу;
– кепилдик берилген колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшү.
53. Жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылуу ушул Эрежелердин талаптарына жана даярдоочу завод тарабынан иштелип чыккан конкреттүү буюмду эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
54. Колдонууга жараксыз жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылуу пиротехникалык буюмдардын күйүп жаткан элементтеринин чачырап кетишин чектеген табигый тоскоолдуктары (сайлар, балкалар ж.б.) бар атайын аянтчада өрттөө же эритүү методу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
55. Колдонууга жараксыз жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылууда кооптуу зонанын чек аралары электр берүү линияларынан, ошондой эле тез күйүүчү материалдардан жасалган курулмалардан 500 м кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш.
56. Пиротехникалык буюмдарды жок кылуу учурунда аянтчанын аймагында тиешеси жок адамдардын болушуна тыюу салынат. Персонал коопсуз аралыкта же калкалоочу жайда болууга тийиш.
57. Өрттөө жолу менен жок кылуу жок кылынуучу буюмдар менен бекем бириктирилген термиттик шашканы аралыктан ишке киргизүү жолу менен жүргүзүлөт. Буюмдарды өрттөө жүргүзүлгөн жерге жакындоого өрттүн очогу толук өчкөндөн кийин 15 мүнөттөн эрте эмес убакытта уруксат берилет. Буюмдар толук күйбөй калган учурда аянтчанын коопсуздугу текшерилгенден кийин операция кайра кайталанат.
10-глава. Жарандык пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу
58. Жарандык пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана ташып чыгуу өтүнүч берген жактын жеке маалыматтарын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык чогултууга, сактоого, иштеп чыгууга жана пайдаланууга берген макулдугу болгон учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилүүчү уруксаттын негизинде жүзөгө ашырылат. Уруксат төмөнкү документтердин негизинде берилет:
– юридикалык же жеке жактын жетекчисинин өтүнүч каты, анда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү же ташып чыгарылуучу жарандык пиротехникалык буюмдардын аталышы жана саны (салмагы), ташып кирүүгө (ташып чыгууга) жооптуу адамдын аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, көрсөтүлгөн буюмдар ташып киргизилүүчү же ташып чыгарылуучу мамлекет, ташып кирүү же ташып чыгуу жүзөгө ашырылуучу бажы пункту көрсөтүлөт;
– Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү жана өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилген жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоо кампасын текшерүү актысы;
– лицензиялануучу иштин ушул түрү менен алектенүү укугуна лицензия.
59. Жарандык пиротехникалык буюмдарды ташып кирүүдө (ташып чыгууда) юридикалык же жеке жактын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пунктунда жайгашкан бажы органына төмөнкүлөр тарабынан берилген документтерди көрсөтөт:
1) Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан:
– лицензиялануучу иштин ушул түрү менен алектенүү укугуна лицензия;
– жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоого уруксат;
– аталышы, саны жана салмагы көрсөтүлгөн жарандык пиротехникалык буюмдарды ташып кирүүгө (ташып чыгууга) уруксат;
– жарандык пиротехникалык буюмдарды ташууга уруксат;
2) транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан:
– транспорт каражатына кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берилгендиги жөнүндө күбөлүк;
– айдоочуга кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берилгендиги жөнүндө күбөлүк;
– кооптуу жүктөрдү ташуунун маршрутунун схемасы.
Ошондой эле жарандык пиротехникалык буюмдардын Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 006/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык келишин ырастаган документ (шайкештик сертификаты же шайкештиги жөнүндө декларация) болушу керек.
60. Жарандык пиротехникалык буюмдардын Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 006/2011) техникалык регламентинин жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келишине карата мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) аларды рынокто жүгүртүү стадиясында жүзөгө ашырылат.
61. Пиротехникалык буюмдардын Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 006/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык келишине мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
62. Пиротехникалык буюмдарга мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүүдө мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын өкүлдөрү төмөнкү иштерди жүзөгө ашырат:
– пиротехникалык буюмдардын таңгактарынын бүтүндүгүн текшерүү;
– буюмда же керектөөчү таңгакта көрсөтүлгөн пиротехникалык буюмдардын маркалоосунун Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 006/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык келишин текшерүү;
– пиротехникалык буюмдардын колдонуу мөөнөттөрүн текшерүү;
– жарандык пиротехникалык буюмдардын Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 006/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык келишин ырастаган документтердин аныктыгын текшерүү.
11-глава. Ушул Эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик
63. Ушул Эрежелердин талаптарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды сатууну, сактоону, эсепке алууну, пайдаланууну, ташууну, жок кылууну, ташып кирүүнү жана ташып чыгууну жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык таасир этүү чаралары колдонулат.