ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV заседаниеси
2021-жылдын 24-августундагы № 4/1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы боюнча Ж.Ажиакматовдун 2021-жылдын 23-августундагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы боюнча Ж.Ажиакматовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Мурдаш айылындагы жаңыдан салынган ФАПтын, Согонду айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тиешелүү документтерин карап, тактап чыгып бүткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине тапшырылсын жана мамлекеттик эмес уюмдар, демөөрчүлөр менен тыгыз байланышып иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык медицина кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановко тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |