ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V заседаниеси
2021-жылдын 28-сентябрындагы № 5/1
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Жоогазын” балдар бакчасынын 2021-жылды 15-сентябрындагы ата-энелер чогулушунун № 3 токтомун, № 11 Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын 2021-жылдын 13-сентябрындагы ата-энелер чогулушунун № 7 токтомун, №31 Г.Маманова атындагы балдар бакчасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы ата-энелер чогулушунун №1 токтому жана №28 “Согонду-Наристе” балдар бакчасынын 2021-жылдын 22-сентябрдагы ата-энелер чолгулушунун № 11 токтомун бекитип берүү боюнча балдар бакчаларынын башчылары Т.Жусуева , Н.Сакенова , Б.Токтобаева, А.Бокееванын билдирүүлөрү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Жоогазын” балдар бакчасынын 2021-жылдын 15- сентябрындагы ата-энелер чогулушунун № 3 токтомун ,№11 Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын 2021-жылдын 13-сентябрындагы ата-энелер чогулушунун № 7 токтомун, №31 Г.Маманова атындагы балдар бакчасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы ата-энелер чогулушунун №1 токтому жана №28 “Согонду-Наристе” балдар бакчасынын 2021 - жылдын 22-сентябрдагы ата-энелер чолгулушунун № 11 токтомун бекитип берүү боюнча балдар бакчаларынын башчылары Т.Жусуеванын, Н.Сакенованын, Б. Токтобаеванын, А.Бокееванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенешинин отуруму токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Жоогазын” балдар бакчасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы ата-энелер чогулушунун № 3 токтомун, №11 Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын 2021 -жылдын 13-сентябрындагы ата-энелер чогулушунун № 7 токтомун, №31 Г.Маманова атындагы балдар бакчасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы ата-энелер чогулушунун №1 токтому жана №28 “Согонду-Наристе” балдар бакчасынын 2021 - жылдын 22-сентябрындагы ата-энелер чолгулушунун № 11 токтомун бекитип берүү боюна балдар бакчаларынын башчылары Т.Жусуеванын Н.Сакенованын, Б.Токтобаеванын А.Бокееванын билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Тамак-аш азыктарынын баасы көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын ай сайын төлөнүүчү мүчөлүк акы 2021- жылдын 1-октябрынан баштап 500 сомго, иштеген кызматкерердин ай сайын төлөнүүчү взносу 600 сомго көтөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |