Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V заседаниеси

 

 

2021-жылдын 28-сентябрындагы № 5/5

Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургуну Аттокуров Жаркынбайдын Ак-Ой участкасынан приватташтырып алган чабандын үйүнүн жанындакы жерди берүү жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургуну Аттокуров Жаркынбай Ак-Ой участкасынан приватташтырып алган чабандын үйүнүн жанындагы жерди берүү боюнча жазган арызын карап чыгып , Ленин айылдык Кенешинин отуруму токтом кылат:

 

1. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургуну Аттокуров Жаркынбай Ак-Ой участкасынан приватташтырып алган чабандын үйүнүн жанындакы жерди берүү үчүн жерди тактап чыгып , мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн тийешелүү адистерине жана айыл өкмөт башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы:

Орозали уулу Таалайбек