ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V заседаниеси
2021-жылдын 28-сентябрындагы № 5/6
Ленин айыл өкмөтүнүн Б.Арзиева атындагы бала бакчанын капиталдык ремонтуна жетишпеген акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин 28.09.2021-жылдагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Б. Арзиева атындагы бала бакчанын капиталдык ремонтунун курулуш иштеринин сметасына кирбей бүтпөй калган жерлерине жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынан 1500,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановко жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбекке жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |