ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V заседаниеси
2021-жылдын 28-сентябрындагы № 5/7
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2021-жылдын 28-сентябрындагы №01-14/374 катынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2021-жылдын 28-сентябрындагы №01-14/374 каты Алай районунун Ленин айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн айылдык кеңеште карап чыгып токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2021-жылдын 28-сентябрындагы №01-14/374 каты аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2021-жылдын 28-сентябрындагы №01-14/374 каты Алай районунун Ленин айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча кетирилген кемчилдиктер жоюлгандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбекке жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |