Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтому менен бекитилди) |
Экзамендерди уюштуруу
жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш
стажын таануу, аудитордун квалификациялык
сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп
жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган
квалификациялык сертификаттарды таануу
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы
3-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди өткөрүү мөөнөттөрү жана төлөмү
4-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерге кирүүгө уруксат берүү
5-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерге катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз
6-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү
7-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендердин натыйжалары
8-глава. Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестри
9-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендер боюнча экзамендик комиссия
10-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендердин экзамендик тапшырмаларынын коопсуздугун камсыз кылуу
11-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендер боюнча апелляциялык комиссия
12-глава. Аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу
13-глава. Бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу
14-глава. Өткөөл мезгилде аудитордун квалификациясын ыйгаруу боюнча экзамендерди өткөрүүнүн өзгөчө шарттары
1-тиркеме
2-тиркеме
3-тиркеме
4-тиркеме
5-тиркеме
6-тиркеме
7-тиркеме
8-тиркеме
9-тиркеме
10-тиркеме
1-глава. Жалпы жоболор
1. Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартиби (мындан ары – Тартип) аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкер жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын арасында квалификациялык экзаменди уюштуруу жана өткөрүү тартибин регламенттейт.
2. Ушул Тартип экзамендерди уюштурууга жана өткөрүүгө, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таанууга, аудитордун квалификациялык сертификатын берүүгө жана Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылуучу Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкеш келген бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таанууга карата талаптарды, ошондой эле аудитордун квалификациясын берүү боюнча экзамендерди өткөрүүнүн үч деңгээлдүү системасына өтүү мезгилинде экзамендерди уюштурууга жана өткөрүүгө карата өзгөчө шарттарды жана талаптарды белгилейт.
3. Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна экзамендер талапкерлердин квалификациясынын деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо максатында өткөрүлөт.
4. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр жана терминдер аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанисине жана мазмунуна ылайык түшүнүлөт жана колдонулат.
2-глава. Аудитордун кесиптик квалификациясынын
программасы
5. Аудитордун кесиптик квалификациясын алуу максатында талапкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген, Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылуучу Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкеш келген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы (мындан ары – Аудитордун КК программасы) боюнча экзамен тапшырат.
6. Аудитордун КК программасы бизнес чөйрөсүнүн татаалдыгынын, тактыгынын жана аныктыгынын деңгээлине жараша үч деңгээлге бөлүнгөн 12 экзаменди камтыйт: базалык (биринчи), орто (экинчи) жана өркүндөтүлгөн (үчүнчү).
7. Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи), орто (экинчи) жана өркүндөтүлгөн (үчүнчү) деңгээлдеринин экзамендери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тапшырылат.
8. Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдеринин экзамендерин аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан окуу программалары аккредитацияланган кесиптик аудитордук бирикмелер (мындан ары – КАБ) өткөрө алат.
9. Аудитордун КК программасы боюнча Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи) деңгээлдеги экзамендери «Бизнести башкаруу жана технологиялар», «Финансылык эсеп», «Башкаруу эсеби», «Укук» дисциплиналарын камтыйт.
10. Базалык (биринчи) деңгээлдин ар бир дисциплинасынын экзамендери сценарийлерден жана тесттик суроолордон турат жана 3 бөлүмдү камтыйт:
1) биринчи бөлүмдө – 10 (он) суроо 1 баллдан (туура/туура эмес);
2) экинчи бөлүмдө – бир нече варианттары менен 30 (отуз) суроо 2 баллдан;
3) үчүнчү бөлүмдө – 2 (эки) сценарий (15 баллдан), алардын ар бири жооптордун көптөгөн тандоосу менен 5 (беш) суроону камтыйт.
11. Аудитордун КК программасынын орто (экинчи) деңгээлинин экзамендери «Финансылык отчеттуулук», «Ишкананын ишинин натыйжалуулугун башкаруу», «Финансылык менеджмент», «Салык салуу», «Аудит практикасы жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу» дисциплиналарын камтыйт.
12. Орто (экинчи) деңгээлдин ар бир дисциплинасынын экзамендери сценарийлерден жана суроолордон турат жана 3 бөлүмдү камтыйт:
1) биринчи бөлүмдө – жооптордун көптөгөн тандоосу менен 15 (он беш) суроо 2 баллдан;
2) экинчи бөлүмдө – 3 (үч) сценарий 10 баллдан, алардын ар бири жооптордун көптөгөн тандоосу менен 5 (беш) суроону камтыйт;
3) үчүнчү бөлүмдө – толук жоопту талап кылган 2 (эки) ачык суроо, ар бири 20 баллдан.
13. Аудитордун КК программасынын өркүндөтүлгөн (үчүнчү) деңгээлинин экзамендери «Финансылык отчеттулук жана баалоо», «Бизнес-стратегия, башкаруу жана тобокелдик-менеджмент», «Өркүндөтүлгөн аудит» дисциплиналарын камтыйт.
14. Аудитордун КК программасынын өркүндөтүлгөн (үчүнчү) деңгээлинин ар бир дисциплинасы боюнча экзамендер 2 бөлүмдү камтыйт жана сценарийдин негизинде төрт милдеттүү ачык суроодон турат, алардын ар бири бир нече суроону камтыйт. Ар бир тапшырма үчүн жалпы баа – 20 баллдан 30 баллга чейин.
15. Аудитордун КК программасынын дисциплиналары боюнча ар бир экзамен мүмкүн болгон 100 баллдан 50 жана андан көп балл топтолгон учурда ийгиликтүү тапшырылды деп эсептелет.
3-глава. Аудитордун КК программасы боюнча
экзамендерди өткөрүү мөөнөттөрү жана төлөмү
16. Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна Аудитордун КК программасы боюнча экзамендер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү графикке ылайык 6 (алты) айда 1 (бир) жолу өткөрүлөт.
17. Аудитордун КК программасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат. Аудитордун КК программасы Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС), Аудиттин эл аралык стандарттарынын (АЭС), Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексинин жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өзгөрүшүнө жараша кайра каралууга тийиш.
18. Келерки жылга Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди өткөрүү графиги келерки жылдын 1-февралына чейин бекитилет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жана социалдык тармактарда жарыяланат.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтында Аудитордун КК программасы боюнча пландалган экзамендер жөнүндө кулактандырууну керектүү документтерди берүү мөөнөтүн жана алардын тизмегин көрсөтүү менен жарыялайт.
20. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди өткөрүүнүн белгиленген датасына чейин эки ай калганда башталат жана экзамендер башталганга чейин жыйырма күн калганда токтотулат.
4-глава. Аудитордун КК программасы боюнча
экзамендерге кирүүгө уруксат берүү
21. Документтерди кабыл алууну жана алардын ушул Тартиптин талаптарына шайкештигин текшерүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.
22. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерге катышуу үчүн талапкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди кагаз жүзүндө жана (же) санариптик форматта, «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу берет:
1) ушул Тартиптин 1, 2-тиркемелерине ылайык өз колу коюлган белгиленген үлгүдөгү арыз;
2) нотариалдык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиркемеси менен бирге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жогорку билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсү. Эгерде диплом чет тилде жазылган болсо, анда документтин мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу берилет;
3) окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланган, КАБ тарабынан берилген базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдердеги Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандыгын ырастаган документтер;
4) паспорттун көчүрмөсү;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн, экономика жана ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн алып салынбаган жана жоюлбаган соттуулуктун жоктугун күбөлөндүргөн документ;
6) бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттын (бар болсо) көчүрмөсү жана көрсөтүлгөн документтин мамлекеттик же расмий тилдеги котормо агенттигинин (котормочунун) колу, мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана нотариалдык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
7) ушул Тартиптин 119-123-пункттарында саналып өткөн сертификаттардын көчүрмөлөрү;
8) 3x4 өлчөмүндөгү эки фотокарточка;
9) Аудитордун КК программасынын өркүндөтүлгөн (үчүнчү) деңгээлинин экзамендерине катышуу үчүн – аудит жана (же) бухгалтердик эсеп жаатында 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажынын болушун, анын ичинде акыркы 3 (үч) жыл ичинде аудитордук ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кызмат орундарында 1 (бир) жылдан кем эмес практикалык ишинин болушун ырастаган документтер.
23. Чет өлкөлүк талапкерлер жана Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок талапкерлер көрсөтүлгөн документтердин нотариалдык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн жана мыйзамдаштырылган мамлекеттик же расмий тилдеги котормолорун берет.
24. Бардык документтер папкага тиркелүүгө тийиш, анын алдынкы бетинде талапкердин аты-жөнү көрсөтүлөт.
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти ушул Тартипке жана укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талапкер тартат.
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экзамен өткөрүүнүн белгиленген датасына чейин 5 (беш) жумуш күн мурда Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерге кирүүгө уруксат берүү же уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө талапкерге кабарлоого тийиш.
27. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерге кирүүгө уруксат берилген талапкерлердин тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен экзамендер башталганга чейин 10 (он) күн мурда бекитилет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына экзамендерди өткөрүү датасы, убактысы жана жери жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен жарыяланат.
28. Паспортун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документин көрсөткөндө талапкерге Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди тапшырууга уруксат берилет.
5-глава. Аудитордун КК программасы боюнча
экзамендерге катышууга уруксат берүүдөн баш
тартуу үчүн негиз
29. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди тапшырууга катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) талапкер берген документтерден шайкеш келбеген же анык эмес маалыматты табуу;
2) ушул Тартипте каралган документтердин толук эмес пакетин берүү;
3) оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыш үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугунун болушу;
4) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, кылмыш-жаза процессуалдык, граждандык жана жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечимине ылайык белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазанын болушу.
6-глава. Аудитордун КК программасы боюнча
экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү
30. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендер аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкерлердин билимин текшерүүнүн каражаты болуп саналат жана жазуу жүзүндө жана (же) компьютердик тестирлөө формасында экзамендик тапшырмаларды аткаруудан турат.
31. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан экзамендик комиссиянын мүчөсүнүн – аудитордук кесиптин өкүлүнүн (аудитор) катышуусу жана (же) болуусу менен өткөрүлөт.
32. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендик тапшырмалар Аудитордун КК программасынын дисциплиналарынын негизинде экзамендик комиссия тарабынан иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
33. Экзамен талапкер тарабынан суроолорго жооп берүүдөн, тапшырмаларды аткаруудан жана Аудитордун КК программасынын ар бир дисциплинасы боюнча маселелерди чечүүдөн турат.
34. Талапкерлер өздөрүнүн каалоосу боюнча Аудитордун КК программасынын деңгээлдеринин бир, эки же үч дисциплинасын бир жолу/бир жолку тапшырууга укуктуу. Аудитордун КК программасынын ар бир дисциплинасынын натыйжалары өзүнчө эсептелет. Аудитордун КК программасынын бардык дисциплиналары боюнча талапкердин экзамен тапшыруусунун оң натыйжалары квалификациялык экзаменди тапшырган датадан баштап 10 жыл бою күчүндө болот. Эсептөө мөөнөтү биринчи жакшы тапшырылган дисциплинанын датасы болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин талапкердин Аудитордун КК программасынын дисциплиналары боюнча квалификациялык экзаменди тапшыруусунун оң натыйжалары жокко чыгарылат.
35. Аудитордун квалификациялык сертификатын берүү Аудитордун КК программасынын бардык дисциплиналары боюнча экзамендер 10 жыл ичинде жакшы тапшырылган шартта жүзөгө ашырылат. Талапкер ал боюнча туура жооп берген жана мүмкүн болгон 100 баллдан 50 жана андан көп балл алган Аудитордун КК программасынын дисциплинасы жакшы тапшырылды деп эсептелет.
36. Дисциплиналар боюнча талапкерлердин квалификациялык экзаменди 10 жыл ичинде тапшыруусу учурдагы жылга бекитилген Аудитордун КК программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
37. Квалификациялык экзамендин узактыгы жекече эсептелет, анткени Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдеринин бир дисциплинасы боюнча экзамендик тапшырманы аткаруу үчүн 120 (жүз жыйырма) мүнөт, өркүндөтүлгөн (үчүнчү) деңгээли үчүн 195 (жүз токсон беш) мүнөттөн ашпаган убакыт бөлүнөт. 15 мүнөттөн ашык кечиккен талапкерлерге экзаменге кирүүгө уруксат берилбейт.
38. Квалификациялык экзамен башталардын алдында талапкерлерге квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө эскертме (видео эскертме) сунушталат.
39. Талапкерлерге төмөнкүлөр таратылат:
1) тапшырмаларга киргизилген экзамендик маселелерди чечүүдө жазууларды жана эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн таза кагаз;
2) тестирлөө системасына кирүү үчүн шифрлер (коддор).
40. Талапкерлердин жанында финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүү функциялары жок үнсүз калькулятор жана көк сыялуу калем сап болушу зарыл.
41. Экзамендик тапшырмаларды аткарууга бөлүнгөн убакыт аяктагандан кийин талапкерлер жазылган барактарды экзамендик комиссиянын жооптуу катчысына тапшырууга милдеттүү.
42. Экзамен тапшыруу убагында талапкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) ченемдик укуктук актыларды, маалымдама жана атайын адабияттарды, ошондой эле мобилдик байланыш каражаттарын, аудио жана видео жазуучу түзүлүштөрдү пайдаланууга;
2) экзамендик тапшырмаларды жана жооптордун варианттарын кайра жазууга, көчүрүүгө, сүрөткө тартууга;
3) үн чыгарып окууга жана башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө.
43. Ушул Тартиптин 42-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды жана эскертмеде (видео эскертмеде) көрсөтүлгөн эрежелерди бузган талапкерлер аудиториядан чыгарылат жана квалификациялык экзаменден өтпөй калды деп эсептелет.
44. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди өткөрүүнүн ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудио жана видео жазуу техникалык каражаттарын пайдалануу менен видеобайкоо жүргүзүүгө укуктуу.
45. Ар бир дисциплинанын экзамендик тапшырмаларын аткарууга бөлүнгөн убакыт аяктагандан кийин талапкер компьютердик тестирлөөдө натыйжаларын белгилөө үчүн администраторду чакырууга милдеттүү.
46. Эгерде компьютердик тестирлөө жолу менен квалификациялык экзаменди өткөрүүдө компьютердик техниканын ишинде техникалык үзгүлтүк болсо же талапкерлерге компьютердик тестирлөөнү аяктоого тоскоолдук кылган башка жагдайлар пайда болсо, анда экзамендик комиссия экзаменди өткөрүүнүн башка датасын, бирок мурда белгиленген датадан 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен белгилөөгө укуктуу.
47. Күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда (комиссия мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жана үй-бүлөлүк жагдайлары, ошондой эле экзаменди уюштурууда жана өткөрүүдө тоскоолдук кылуучу жагдайлар, форс-мажор) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экзамендик комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте квалификациялык экзаменди өткөрүү үчүн башка датаны белгилөө жөнүндө чечим кабыл алат.
48. Талапкердин үй-бүлөлүк же ден соолугунун абалы боюнча күтүлбөгөн жагдайлары учурда соттуулугу жоктугун күбөлөндүргөн документти жана ушул Тартиптин 22-пунктунда аныкталган белгиленген үлгүдөгү арызды кошпогондо, талапкер тарабынан квалификациялык экзаменге катышуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген документтер сакталат.
49. Үй-бүлөлүк же ден соолугунун абалы боюнча күтүлбөгөн жагдайлардан улам квалификациялык экзаменге катыша албай калган талапкер соттуулугу жоктугун күбөлөндүргөн жаңы документти жана ушул Тартиптин 22-пунктунда аныкталган белгиленген үлгүдөгү арызды бергенде, ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген графикке ылайык кийинки экзамендин мөөнөтүндө квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берилет.
7-глава. Аудитордун КК программасы боюнча
экзамендердин натыйжалары
50. Топтолгон баллдын саны дисциплина боюнча экзамендик тапшырманы аткаруу аяктагандан кийин автоматтык түрдө аныкталат жана компьютердик тестирлөө учурунда талапкердин компьютеринин экранында чагылдырылат.
51. Тапшырманы аткаруунун натыйжалары ушул Тартиптин 3, 4-тиркемелерине ылайык бекитилген формага киргизилет жана 2 (эки) нускада басып чыгарылат, экзамендик комиссиянын мүчөлөрү, администратор жана талапкер тарабынан кол коюлат.
52. Натыйжалардын формасынын биринчи нускасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат, экинчи нускасы талапкерге берилет.
53. Талапкерлердин оң натыйжаларынын формалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда 10 жыл сакталат, калган натыйжалардын формалары 3 (үч) жыл сакталат, андан кийин акт боюнча жок кылынат.
54. Ыйгарым укуктуу орган акыркы 10 жылда берилген арыздардын жана жакшы тапшырган талапкерлердин тизмесин ушул Тартиптин 5, 6-тиркемелере ылайык жүргүзөт.
55. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендердин натыйжалары экзамендик комиссиянын жыйналышынын экзаменди ийгиликтүү тапшырган, экзаменди тапшырбаган жана экзаменге келбеген талапкерлер жөнүндө корутундуну жана сунуштарды (маалыматты) камтыган протоколдору менен таризделет.
56. Экзамендик комиссиянын жыйналышынын протоколдоруна экзамендик комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана жооптуу катчысы кол коёт. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендердин натыйжаларынын протоколдору ыйгарым укуктуу органда 10 (он) жылдан кем эмес сакталат, ал бүткөндөн кийин акт боюнча жок кылынат.
57. Экзамендик комиссиянын экзамендердин натыйжалары жөнүндө корутундусуна жана сунуштарына ылайык жана «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнүн талапкердин иш стажына карата талаптарын эске алуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Аудитордун КК программасынын өркүндөтүлгөн деңгээлинин бардык дисциплиналары боюнча бардык экзамендерди жакшы тапшырган талапкерге (талапкерлерге) аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө, ошондой эле 10 (он) жылдын ичинде Аудитордун КК программасынын бардык дисциплиналары боюнча экзаменди жакшы тапшырган жана кайталап тапшырган талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө буйрук чыгарат.
58. Аудитордун КК программасынын үч деңгээлинин бардык дисциплиналары боюнча экзамендерди 10 (он) жылдын ичинде кайталап тапшырган талапкерлер аудитордун квалификациялык сертификаттарын жалпы негизде алышат.
59. Аудитордун квалификациялык сертификаты аны берүү жана Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине жазууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде берилет.
60. Талапкер квалификациялык экзаменге катышуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген документтер кайтарып берилбейт.
61. Туура/туура эмес жооптордун берилиши маселелери боюнча квалификациялык экзамендин натыйжалары экзамендин катышуучусуна берилбейт.
62. Аудитордун квалификациялык сертификатын алган адамдын жеке маалыматтары өзгөртүлгөн учурда квалификациялык сертификат алмаштырылат.
63. Аудитордун квалификациялык сертификатынын түп нускасы жоголгон же бузулган учурда аудитордун квалификациялык сертификатынын ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дубликат берүү жөнүндө арыз берет.
64. Ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү тиешелүү арыз берилген күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу орган аудитордун квалификациялык сертификатын алмаштырат жана дубликатын берет.
65. Аудитордун квалификациялык сертификатын, анын дубликатын берүү жана квалификациялык сертификатты алмаштыруу акысыз жүргүзүлөт.
8-глава. Аудитордун квалификациялык
сертификаты бар жеке жактардын бирдиктүү
мамлекеттик реестри
66. Кыргыз Республикасынын аудиторунун квалификациялык сертификаты бар жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (мындан ары – Жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестри) жүргүзүүгө ага маалыматтарды (реестрдик жазууларды) киргизүү, Жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын сакталышын, купуялуулугун камсыз кылуу (Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларда), ошондой эле реестрдик иштерди түзүү жана сактоо кирет.
67. Жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине реестрдик жазууларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы (мындан ары – кызмат адамы) киргизет, ал Жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
68. Жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестри ага реестрдик жазууларды киргизүү жолу менен электрондук түрдө (компьютердик программа) жүргүзүлөт.
69. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, анын үзгүлтүксүз иштеши, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин реестрдик жазууларга регламенттелген жетүүсүн камсыз кылуу жана Жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин техникалык коштоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
70. Аудитордун квалификациялык сертификатын алган жеке жактарды идентификациялоо жеке каттоо жана сериялык номерлердин негизинде жүзөгө ашырылат.
71. Жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин реестрдик жазууларында төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышы жана дареги;
2) жеке жактын аты-жөнү, туулган датасы, анын паспорттук маалыматтары;
3) жашаган жери, телефондорунун жана башка байланыш каражаттарынын байланышуу номерлери (WhatsApp, Telegram, Messenger), электрондук почта дареги, расмий сайттын дареги, соцтармактардагы профилдердин маалыматтары (бар болсо);
4) аудитордун квалификациялык сертификатынын сериялык номери жана берилген датасы;
5) аудитордун квалификациялык сертификатынын каттоо номери;
6) аудитордун квалификациялык сертификатынын дубликаты берилген дата;
7) аудитордун квалификациялык сертификатын алган жеке жактын үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча ар жылдык милдеттүү квалификацияны жогорулатуудан өткөн датасы жана орду, ошондой эле сааттардын саны;
8) тиешелүү билдирүү келгенде, аудитордун квалификациялык сертификатын алган жеке жактын реестрдик жазуусундагы маалыматтар өзгөртүлгөн дата;
9) жазууларды киргизген кызмат адамынын аты-жөнү;
10) Жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алып салынган дата жана негиздер;
11) эскертүүлөр.
9-глава. Аудитордун КК программасы боюнча
экзамендер боюнча экзамендик комиссия
72. Аудитордун КК программасынын экзамендерин өткөрүү үчүн учурдагы жылдын 1-февралынан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен экзамендик комиссия түзүлөт жана анын жеке курамы 1 (бир) жылдык мөөнөткө бекитилет. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынан тышкары, бир эле адам катары менен 3 (үч) мөөнөттөн ашык экзамендик комиссиянын мүчөсү боло албайт.
73. Экзамендик комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынан дайындалуучу экзамендик комиссиянын төрагасын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринен дайындалуучу жооптуу катчыны кошкондо 5 (беш) мүчөдөн турат. Экзамендик комиссиянын калган мүчөлөрү корпоративдик финансылык отчеттуулукту жүргүзүү жана аудитти өткөрүү жаатында 7 (жети) жылдан кем эмес иш стажы бар аудитордук кесиптин өкүлдөрү (аудиторлор), муну менен бирге бир аудитордук уюмдан 1ден (бирден) ашык эмес өкүлү болууга тийиш. Аудитордук кесиптин өкүлүнүн (аудитор) эл аралык аудитордук уюмдардагы жана (же) аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын өкүлчүлүктөрүндө иш тажрыйбасынын болушу артыкчылыктуу болуп саналат.
74. Экзамендик комиссия өзүнүн иш мезгилинде Эл аралык билим берүү стандарттарынын, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын, Аудиттин эл аралык стандарттарынын билимдерине ээ болгон, бухгалтердик эсеп, аудит, укук, салык салуу, технологиялар, менеджмент жаатындагы ченемдик укуктук актыларды билген, аларды Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди өткөрүүдө колдоно билген жана Аудитордун КК программасынын ар бир деңгээлдеги багыттары боюнча кесиптик тажрыйбага ээ болгон эксперттерди тартууга укуктуу.
75. Аудитордук кесиптин өкүлдөрүнөн экзамендик комиссиянын мүчөлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча дайындалат.
76. Эгерде экзамендик комиссиянын жыйналыштарына экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3си (үчтөн экиси) катышса, алар мыйзамдуу болуп саналат. Чечимдер жыйналышка катышкан экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда экзамендик комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
77. Экзамендик комиссиянын жыйналыштары жана аларда кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет, аларга жыйналышка катышкан мүчөлөр кол коёт. Экзамендик комиссиянын жыйналышында талкууланган маселелерди жазуу үчүн жазуунун техникалык каражаттары пайдаланылат.
78. Экзамендик комиссиянын жооптуу катчысы экзамендик комиссиянын жыйналышынын протоколун түзөт.
79. Аудитордун КК программасынын экзамендик тапшырмалары экзамендик комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айрым багыттар боюнча эксперттерди тартуу менен Аудитордун КК программасына ылайык иштелип чыгат.
80. Экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгууда экзамендик комиссиянын мүчөсү жана эксперт ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коёт жана алардын экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгуу үчүн катышуусуна жолтоо болгон жагдайлардын бардыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.
81. Экзамендик комиссиянын мүчөлөрү жана эксперттер иштеп чыккан экзамендик тапшырмалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин бекитүүсүнө киргизилет.
82. Экзамендик комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Аудитордун КК программасынын мазмунун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) экзамендерди өткөрүүгө катышууга;
3) экзамендик тапшырмалардын мазмунуна түзөтүүлөрдү киргизүүгө.
83. Экзамендик комиссия жана анын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин бекитүүсүнө киргизүү үчүн Аудитордун КК программасына ылайык экзамендик тапшырмалардын (суроолор, тапшырмалар, маселелер жана сценарийлер) мазмунун иштеп чыгууга;
2) иштерди текшерүүгө жана экзамендердин натыйжаларын баалоого;
3) Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин сактоого;
4) экзамендик тапшырмалардын, материалдардын жана маалыматтардын купуялуулугун сактоого;
5) ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга;
6) экзамендик комиссиянын ишине катышууга жолтоо болгон жагдайлар бар болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого.
84. Экзамендик комиссияга мүчөлүк төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) ушул Тартиптин 72-пунктунда белгиленген ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
2) экзамендик комиссиянын мүчөсүнүн мүчөлүгүн ыктыярдуу чакыртып алуу жөнүндө жеке арызы боюнча (бул тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз менен экзамендерди өткөрүүгө чейин 30 жумуш күн мурда эскертүү менен);
3) өзү тууралуу анык эмес маалыматтарды бергенде;
4) отчеттуулук документтери жоголгондо;
5) экзамендик комиссиянын мүчөсү каза болгондо;
6) экзамендик комиссиянын мүчөсүнө карата соттун күнөөлөө өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) жүктөлгөн милдеттерди аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
8) кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда (экзаменге катышкан жакын туугандарынын жана башка байланыштуу тараптардын болушу).
85. Экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгуучу экзамендик комиссиянын мүчөсүнө жана экспертке келген бардык маалыматтар жана документтер купуя болуп саналат жана экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгуунун алкагында гана колдонулат. Купуя маалымат үчүнчү жактарга берилбейт жана ачыкка чыгарылбашы керек. Экзамендик тапшырмалардын жумуш документтери ички жумуш документтер болуп саналат жана жайылтылбайт.
86. Купуялуулуктун жана маалыматтык коопсуздуктун талаптары бузулган, ошондой эле белгиленген ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланган учурда экзамендик комиссиянын мүчөлөрү жана эксперттер ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
87. Экзамендик тапшырмалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан экзамен өткөрүлгөнгө чейин 1 (бир) ай мурда бекитилет.
88. Экзамендик комиссиянын мүчөсү экзаменди өткөрүүдө ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
10-глава. Аудитордун КК программасы боюнча
экзамендердин экзамендик тапшырмаларынын
коопсуздугун камсыз кылуу
89. Экзамендик тапшырмалар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында камтылган ченемдерге каршы келбеши керек жана ички макулдашылган, логикалык жактан туура түзүлгөн жана Аудитордун КК программасынын талаптарына жана ушул Тартипке ылайык келиши керек. Экзамендик тапшырмалардын терминологиясы бирдей болушу керек жана ошол эле түшүнүктөрдү белгилөө үчүн бирдей терминдер колдонулушу керек.
90. Бекитилген экзамендик тапшырмалар алардын купуялуулугун сактоого милдеттүү болгон экзамен комиссиясынын төрагасы жана жооптуу катчысынан башка бардык адамдар үчүн чектелген компьютерде сакталат. Файлдар ишенимдүү пароль менен корголушу жана шифрлениши керек.
91. Экзамендик тапшырмалардын жана материалдардын сакталышын жана купуялуулугун бузган маалыматтар чыгып кеткен учурда экзамендик комиссиянын шашылыш жыйналышында Аудитордун КК программасы боюнча экзамендердин тазалыгы жана ишенимдүүлүгү бузулгандыгы предметине маалыматтын чыгып кетүү даражасы бааланат жана чечим кабыл алынат:
1) эгерде маалыматтардын чыгып кетиши экзамендер өткөрүлгөнгө же аяктаганга чейин аныкталса, Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди жылдыруу жөнүндө;
2) эгерде Аудитордун КК программасы боюнча экзамендердин тазалыгын жана ишенимдүүлүгүн талапкерлердин бузуулары тууралуу маалыматтар бар болсо, бир же бир нече талапкердин Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди кайра тапшыруусу жөнүндө;
3) эгерде чыгып кеткен маалыматтар талапкерлерге жеткиликтүү болсо жана экзамендер өткөрүлгөндөн кийин билинсе, Аудитордун КК программасы боюнча экзамендердин жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө.
11-глава. Аудитордун КК программасы боюнча
экзамендер боюнча апелляциялык комиссия
92. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендеринин жыйынтыктарына талапкер макул болбогон учурда, жыйынтыктар жарыяланган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ал апелляция жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Апелляция жөнүндө арыз жүйөлүү жана негиздүү болууга тийиш.
93. Апелляция жөнүндө арызды (арыздарды) кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен апелляциялык комиссия түзүлөт жана 1 (бир) календардык жыл мөөнөтү менен анын жеке курамы бекитилет.
94. Апелляциялык комиссия 5тен (беш) кем эмес мүчөдөн турат, анын ичине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын арасынан дайындалуучу төрага, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин арасынан дайындалуучу жооптуу катчы жана Аудитордун КК программасынын белгилүү бир сабактарынын маселелери боюнча адистерди кошуу зарылдыгын эске алуу менен аныкталуучу башка мүчөлөр кирет. Апелляциялык комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
95. Апелляциялык комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн 2/3 (үчтөн экисинен) кем эмесинин жана апелляция жөнүндө арыз берген талапкердин катышуусунда өткөрүлөт.
96. Апелляциялык комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) апелляциялык даттанууну кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде апелляциялык даттанууну кароого;
2) апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алууга.
97. Апелляциялык даттанууну кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык комиссия анда көрсөтүлгөн бузуулар ырасталбаган учурда аны негизсиз деп таануу менен талапкерге апелляциялык даттанууну канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
98. Апелляциялык комиссиянын ар бир мүчөсү добуш берүүдө бир добушка ээ. Апелляциялык комиссиянын чечими катышкан мүчөлөрдүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Апелляциялык комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда апелляциялык комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.
99. Апелляциялык комиссиянын жыйналыштары жана анда кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет, аларга жыйналыштарга катышкан мүчөлөр кол коюшат.
100. Апелляциялык комиссиянын жыйналышы өткөрүлүүчү күн жыйналышка чейинки 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен, апелляциялык даттанууну берген талапкерге билдирилет. Апелляциялык комиссиянын алдыда болуучу жыйналышы жөнүндө талаптагыдай билдирүү берилген талапкер жок учурда, чечим ал катышпаса деле кабыл алынат.
101. Апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыктары талапкерге 5 (беш) жумуш күндүн ичинде билдирилет.
102. Апелляциялык даттануу кайталап кароого кабыл алынбайт.
103. Апелляциялык комиссиянын чечимине талапкер макул болбогон учурда, ошол чечим административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
104. Апелляциялык комиссиянын мүчөсү апелляциялык даттанууларды кароодо ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
12-глава. Аудит жана бухгалтердик эсеп
жаатындагы иш стажын таануу
105. Аудитордун квалификациялык сертификатын берүү менен аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы иш стажын эсептөө үчүн иш стажына менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы бардык иш убактысы киргизилет.
106. Аудит жана (же) бухгалтердик эсеп жаатында иш стажын аныктоо үчүн негизги документ эмгек китепчеси болуп саналат. Эмгек китепчеси жок болгон учурда, ошондой эле эмгек китепчесинде зарыл жазуулар жок болсо же иштеген мезгили жөнүндө так эмес жазуулар камтылса, эмгек стажын ырастоо үчүн маалымкаттар, буйруктардын (тескемелердин) көчүрмөлөрү, өздүк эсептер жана иштеген мезгили жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер кабыл алынат.
107. Аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажы ишке кабыл алынган күндөн тартып бошотулган күнгө чейин суммалык түрдө календардык күндөр, айлар жана жылдар менен эсептелет.
108. Бир жумуштан бошотулуп (окуу жайын бүтүрүп) башка жумушка киргенге чейинки мезгилдеги эмгек ишиндеги тыныгуулардын убактысы иш стажына киргизилбейт.
109. Аудит жаатындагы практикалык иштин тажрыйбасы аудитордун жардамчысы (ассистент), ички аудитордун кызмат ордунда же финансылык отчеттуулуктун жана башка финансылык маалыматтардын аныктыгына ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу текшерүүлөр менен байланышкан башка кызмат ордундагы иш мезгилин өзүнө камтып турат жана ушул Тартиптин 9-тиркемесине ылайык практикалык иштердин тажрыйбаларын ырастоо таризинде күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Аудитордук ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кызмат орундарындагы практикалык иштерде тажрыйбалардын бар экендигинин ишенимдүү далилдери практикалык иштерди ырастоо таризине тиркелүүгө тийиш.
110. Практикадан өтүүнүн календардык графиги жана отчет, иш журналы, иштеген жерден берилген мүнөздөмө, иштеген жерден күбөлөндүрүлгөн таржымал жана тапшырмалардын жана аларды аткарууга сарпталган убакытты көрсөтүү менен аткарылган тапшырмалардын маңызын чагылдырган ишенимдүү башка далилдер ишенимдүү далилдер боло алат.
111. Документтештирилген далилдер жазуу жүзүндө жана (же) электрондук түрдө сакталат.
112. Аткарылган жумуштар жөнүндө жазуулар же так эмес жазуулар болгон учурда аткарылган милдеттерди ырастоо үчүн маалымкаттар, буйруктардан (тескемелерден) көчүрмөлөр жана аларды аткарууга кеткен убакытты көрсөтүү менен аткарылган иштер жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер кабыл алынат.
113. Ушул Тартиптин 116, 118-пункттарына ылайык Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди берүүдөн бошоткон эл аралык таанылган сертификаттары бар талапкердин аудитордун квалификациялык сертификатын алуу үчүн аудит жаатындагы практикалык тажрыйбасы таанылат.
114. Ушул Тартиптин 126-пунктуна ылайык каралган бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган сертификаты бар талапкердин практикалык тажрыйбасы ушул Тартиптин 9-тиркемесине ылайык берилген арыздын негизинде таанылат.
13-глава. Бухгалтердик эсеп жана аудит
жаатындагы эл аралык таанылган
квалификациялык сертификаттарды таануу
115. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бухгалтердик эсеп жана аудит жаатында эл аралык таанылган, Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келген квалификациялык сертификаттарды тааныйт жана «Укук» жана «Салык салуу» дисциплиналары боюнча экзамендерди кошпогондо, өзүнүн чечими менен ушул Тартиптин 116, 118-пункттарында көрсөтүлгөн Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерден жана ушул Тартиптин 10-тиркемесине ылайык бошотот.
116. 2005-жылдан баштап Арачы/дипломдуу сертификаты бар бухгалтерлердин ассоциациясы (The Association of Chartered Certified Accountants – ACCA) тарабынан берилген «Дипломдуу сертификаты бар бухгалтер» сертификатына ээ талапкер бардык дисциплиналар боюнча Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерден (зачет) бошотулат, буга АССА мүчөлөрү үчүн коюлуучу талаптарга ылайык квалификациясын жыл сайын жогорулатуудан өткөндүгүн ырастоочу күбөлүгү барлардын орто (экинчи) деңгээлдеги «Салык салуу» дисциплинасы жана базалык (биринчи) деңгээлдеги «Укук» дисциплинасы кошулбайт.
117. Англиянын жана Уэльстин Арачы/дипломдуу бухгалтерлер институту (ICAEW CFAB) тарабынан берилген финансы, бухгалтердик эсеп жана бизнес жаатындагы сертификатына ээ талапкер 2006-жылдан баштап базалык (биринчи) деңгээлдеги бардык дисциплиналар боюнча Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерден (зачет) бошотулат, буга «Укук» дисциплинасы кошулбайт.
118. Англиянын жана Уэльстин Арачы/дипломдуу бухгалтерлер институту (ICAEW CFAB) тарабынан берилген «Ассоциацияланган дипломдуу бухгалтер» (Associated Chartered Accountant) сертификатына ээ талапкер 2006-жылдан баштап бардык дисциплиналар боюнча экзамендерден (зачет) бошотулат, буга Аудитордун КК программасы боюнча орто (экинчи) деңгээлдеги «Салык салуу» дисциплинасы жана базалык (биринчи) деңгээлдеги «Укук» дисциплинасы кошулбайт.
119. Орус тилинде «Финансы жана бизнес башкаруу» АССА дипломуна ээ талапкер, «Укук» дисциплинасын кошпогондо, Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи) деңгээлинин дисциплиналары боюнча жана «Салык салуу» дисциплинасын кошпогондо, Аудитордун КК программасынын орто (экинчи) деңгээлинин дисциплиналары (зачет) боюнча экзамендеринен (зачет) бошотулат.
120. СIРА программасы боюнча «Сертификаты бар бухгалтер-практик» сертификатына ээ талапкер, «Бизнести башкаруу жана технологиялар» дисциплинасын кошпогондо, Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи) деңгээлинин бардык дисциплиналар боюнча экзамендеринен (зачет) өткөөл мезгилде бошотулат.
121. CIPA программасы боюнча «Сертификаты бар эл аралык кесипкөй бухгалтер» сертификатына ээ талапкер «Бизнести башкаруу жана технология» дисциплинасын кошпогондо, Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи), орто (экинчи) жана өнүккөн (үчүнчү) деңгээлинин бардык дисциплиналары боюнча экзамендерден (зачет) бошотулат.
122. «Сертификаты бар бухгалтер» сертификатына ээ талапкер Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлинин бардык дисциплиналары боюнча экзамендеринен (зачет) өткөөл мезгилде бошотулат.
123. «Техникалык бухгалтер» сертификатына ээ талапкер Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи) деңгээлинин бардык дисциплиналары боюнча экзамендеринен (зачет) өткөөл мезгилде бошотулат.
124. Ушул Тартиптин 121, 123-пункттарына ылайык тиешелүү сертификаттары бар талапкерлер, эгерде бул дисциплина боюнча экзамендер 3 (үч) жылдан эрте эмес ийгиликтүү тапшырылган болсо, «Салык салуу» жана «Укук» дисциплиналары боюнча экзамендерден (зачет) бошотулат.
125. Өтүнмөлөр берилген учурдан тартып 14 (он төрт) жумуш күндөн кечиктирилбестен каралат.
126. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендерден бошотууларды алуу үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит жагынан эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттары бар талапкер, ушул Тартиптин 115, 123-пункттарына ылайык экзамендерден бошотуу жөнүндө арыз менен экзамендик комиссияга кайрылат. Арызга көрсөтүлгөн документтин котормо агенттигинин (котормочунун) колу жана мөөрү менен, ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги расмий котормосу тиркелет.
14-глава. Өткөөл мезгилде аудитордун
квалификациясын ыйгаруу боюнча
экзамендерди өткөрүүнүн өзгөчө шарттары
127. Аудитордун кесиптик квалификациясын өткөрүү жана берүү үч деңгээлдүү системасын пландуу даярдоону жана акырындык менен киргизүүнү камсыз кылуу максатында өткөөл мезгил белгиленет. Бул мезгил аралыгында кесипкөй аудитордук бирикмелер аудиторлордун кесиптик квалификациясына шайкештигине экзамендерди өткөрүү боюнча функцияларды толук аткаруу үчүн керектүү уюштуруу, методикалык жана техникалык механизмдерди этап-этабы менен түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
128. Өткөөл мезгилдин мөөнөтү 5 (беш) жылды түзөт.
129. Үч деңгээлдүү квалификациялык экзаменге толук өтүү 2032-жылдын 1-январына чейин аякталышы керек.
130. Өткөөл мезгилде ыйгарым укуктуу орган үчүнчү деңгээлдеги бардык дисциплиналар боюнча бирдиктүү экзамен өткөрөт, ал сценарийге негизделген 6 милдеттүү ачык тапшырманы камтыйт, алардын ар бири бир нече суроодон турат. Ар бир тапшырма үчүн жалпы баа 15тен 20га чейинки баллды түзөт.
131. Бирдиктүү экзамендин узактыгы 5 саатты түзөт, модуль менен таанышууга 15 мүнөт кошумча берилет.
132. Бирдиктүү экзаменге катышууга төмөнкү талапкерлер уруксат берилет:
1) мурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда «ФОЭС», «Финансылык отчеттуулукту талдоо», «Аудит» дисциплиналары боюнча экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандар;
2) CIPA программасы боюнча «Сертификаты бар эл аралык кесипкөй бухгалтер» сертификаты барлар;
3) CIPA программасы боюнча «Сертификаты бар бухгалтер-практик» сертификаты барлар;
4) «Сертификаты бар бухгалтер» сертификаты барлар;
5) «Техникалык бухгалтер» сертификаты барлар;
6) орус тилинде «Финансы жана бизнести башкаруу» ACCA диплому барлар;
7) 13-главанын 117, 119-пункттарында саналып өткөн эл аралык таанылган сертификаттары барлар;
8) аудит жана (же) бухгалтердик эсеп жаатында 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы барлар, мында бирдиктүү экзаменге катышуу үчүн арыз берген күнгө карата акыркы 3 (үч) жылдын ичинде аудитордук ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кызмат орундарда 1 (бир) жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы барлар.
133. Талапкер бирдиктүү экзаменге катышуу үчүн ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык арызды жана ушул 22-пунктунда саналып өткөн документтерди тапшырат.
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 1-тиркеме |
| _____________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, жетекчинин аты-жөнү) кимден_______________________ (аты-жөнү) |
Арыз
Мага __________ денгээлдеги аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча төмөнкү дисциплиналар боюнча экзамендерге кирүүгө уруксат берүүңүздү суранам: 1. _____________________________________________________ 2. _____________________________________________________ 3. _____________________________________________________ 4. _____________________________________________________
Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирем:
1. Аты-жөнү: ____________________________________________ 2. Туулган датасы: _______________________________________ 3. Жарандыгы: __________________________________________ 4. Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: __________________ сериясы _______ номери _______ берилген датасы ____________ ким тарабынан берилген __________________________________ 5. Эл аралык таанылган квалификациялык сертификат жана башка сертификаттар жөнүндө маалыматтар: ______________________ ____________________________________________________________ 6. Иш тажрыйбасынын (стажынын) болушу __________________ 7. Кошумча маалымат (байланыш телефону, электрондук почта дареги): _____________________________________________________ Колу _______________ 20___-жылдын «____» ________________ | |
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 2-тиркеме |
| _______________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, жетекчинин аты-жөнү) кимден_______________________ (аты-жөнү) |
Арыз
Мага аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча бирдиктүү экзаменге кирүүгө уруксат берүүңүздү суранам.
Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирем:
1. Аты-жөнү: ____________________________________________ 2. Туулган датасы: _______________________________________ 3. Жарандыгы: __________________________________________ 4. Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: __________________ сериясы ________ номери ________ берилген датасы _________ ким тарабынан берилген __________________________________ 5. Төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар: 1) эл аралык таанылган квалификациялык сертификат: _______________________________________________________ 2) CIPA, CAP сертификаттары: _______________________________________________________ 6. Иш тажрыйбасынын (стажынын) болушу __________________ 7. Кошумча маалымат (байланыш телефону, электрондук почта дареги): _____________________________________________________ | |
| Колу __________________________ 20___-жылдын «____» ___________ |
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 3-тиркеме |
Аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкердин экзамендеринин натыйжалары
Датасы ________________________________________ Убактысы ______________________________________ Аты-жөнү ______________________________________
| ||
Деңгээлдер боюнча программанын дисциплинасы | Топтолгон баллдардын суммасы | Талапкердин колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Экзамендик комиссиянын төрагасы: ________________________________ Экзамендик комиссиянын мүчөлөрү: ________________________________ ________________________________ ________________________________ ________________________________ Жооптуу катчы: ________________________________ |
| |
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 4-тиркеме |
Аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкердин бирдиктүү экзаменинин натыйжалары
Датасы _________________________________________ Убактысы _______________________________________ Аты-жөнү _______________________________________
| |
Топтолгон баллдардын суммасы | Талапкердин колу |
|
|
Экзамендик комиссиянын төрагасы: ________________________________ Экзамендик комиссиянын мүчөлөрү: ________________________________ ________________________________ ________________________________ ________________________________ Жооптуу катчы: ________________________________ |
|
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 5-тиркеме |
Акыркы 10 жылда берилген арыздардын жана жакшы
тапшырган талапкерлердин тизмеси
Дисциплиналар боюнча берилген арыздардын саны, бул жарым жылдыкта белгилүү бир деңгээлдин бардык дисциплиналарын тапшырууну каалоосун билдирген талапкерлердин арыздарын кошпогондо: | _______ Жарым жылдык | _______ Жарым жылдык | _______ Жарым жылдык | _______ Жарым жылдык | _______ Жарым жыл-дык | _______ Жарым жылдык |
_______ жылы | _______ жылы | _______ жылы | _______ жылы | _______ жылы | _______ жылы | |
Тиешелүүлүгүнө жараша I, II, III деңгээлдер | ||||||
1-дисциплина боюнча |
|
|
|
|
|
|
2-дисциплина боюнча |
|
|
|
|
|
|
3-дисциплина боюнча |
|
|
|
|
|
|
ж. б. |
|
|
|
|
|
|
Алардын ичинен дисциплиналар боюнча жакшы тапшыргандардын саны | ||||||
1-дисциплина боюнча |
|
|
|
|
|
|
2-дисциплина боюнча |
|
|
|
|
|
|
3-дисциплина боюнча |
|
|
|
|
|
|
ж. б. |
|
|
|
|
|
|
Белгилүү бир деңгээлдер боюнча бардык дисциплиналар боюнча тапшырууну билдирген талапкерлердин арыздарынын саны | ||||||
Алардын ичинен дисциплиналар боюнча жакшы тапшыргандардын саны | ||||||
1-дисциплина боюнча, бардык 3 дисциплинаны тапшыргандарды алып салгандан кийин |
|
|
|
|
|
|
2-дисциплина боюнча, бардык 3 дисциплинаны тапшыргандарды алып салгандан кийин |
|
|
|
|
|
|
3-дисциплина боюнча, бардык 3 дисциплинаны тапшыргандарды алып салгандан кийин |
|
|
|
|
|
|
Бардык үч дисциплина боюнча |
|
|
|
|
|
|
ж. б. деңгээлдерге ылайык |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жалпы: | ||||||
Бул жарым жылдыкта бардык 3–5 дисциплинаны тапшыргандардын саны |
|
|
|
|
|
|
Бир нече жарым жылдыкта бардык 3–5 дисциплинаны тапшыргандардын саны, мында акыркы экзамен бул жарым жылдыкта тапшырылды |
|
|
|
|
|
|
Берилген сертификаттардын жалпы саны |
|
|
|
|
|
|
Экзамендик комиссиянын төрагасы: _______________________ Экзамендик комиссиянын мүчөлөрү: _______________________ Жооптуу катчы: ________________________________________ |
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 6-тиркеме |
Акыркы 10 жылда белгилүү бир деңгээлдеги экзамендердин
белгилүү бир дисциплинасын жакшы тапшырган
талапкерлердин тизмеси
№ | Аты- жөнү | Деңгээлдер | Тапшыруу аяктаган дата | |||||||||||
I | II | III | ||||||||||||
ББТ | ФЭ | БЭ | У | ФО | ИИНБ | ФМ | СС | АПИКК | ФОБ | ББТ | ӨА |
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 7-тиркеме |
Купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенме
Экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгуу жана Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасынын өркүндөтүлгөн (үчүнчү) деңгээли боюнча экзамендик комиссиянын иши жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу максатында мен төмөнкү ырастоолорго макулмун жана милдеттенем: 1) экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгууга жана Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасынын өркүндөтүлгөн (үчүнчү) деңгээли боюнча экзамендик комиссиянын ишине байланыштуу бардык материалдардын купуялуулугун сактоого; 2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өз милдеттеримдин коопсуздугунун жана купуялуулугунун талаптарын сактоого; 3) мага белгилүү болгон бул коопсуздук чараларын кандай болбосун бузуулар же сактабагандык жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө; 4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдын ала макулдашкан учурларды кошпогондо, кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышууларын болтурбоого. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертилди ______________________________________________________________ катышуучунун аты-жөнү жана колу Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирем:
1. Аты-жөнү: _____________________________________________ 2. Кызмат орду: ___________________________________________ 3. Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: ____________________ сериясы _________ номери _________ берилген датасы __________ ким тарабынан берилген _________________________________________ 4. Кошумча маалыматтар (байланыш телефону, электрондук почта дареги):_______________________________________________________ | |
20___-ж. «___» ________ | ______________________ (катышуучунун колу) |
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 8-тиркеме |
| _______________________________ _______________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, жетекчинин аты-жөнү) кимден__________________________ аты-жөнү |
Арыз
Түп нусканын ___________________________________________ (себебин көрсөтүү: сертификатты уурдатуу, жоготуу, атын өзгөртүү, бузуу, жок кылуу, сертификатта каталардын болушу ж.б.) байланыштуу мага аудитордун квалификациялык сертификатынын дубликатын берүүнү суранам Аудитордун квалификациялык сертификаты _________________ жылы ______________________________________________ атына берилген.
Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирем:
1. Аты-жөнү :___________________________________________ 2. Туулган датасы: _______________________________________ 3. Жарандыгы: __________________________________________ 4. Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: __________________ сериясы ________ номери __________ берилген датасы ________ ким тарабынан берилген _____________________ 5. Кошумча маалыматтар (байланыш телефону, электрондук почта дареги) :_______________________________________________ Зарылдыгына жараша төмөнкүлөр көрсөтүлөт: аудитордун квалификациялык сертификатынын дубликатын почта аркылуу жиберүүнү суранам (милдеттүү түрдө индекс менен дарек көрсөтүлөт): | |
20___-ж. «___» __ | _______________________ (арыз берүүчүнүн колу) |
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 9-тиркеме |
| _______________________________ _______________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, жетекчинин аты-жөнү) кимден_________________________ аты-жөнү |
Иш тажрыйбасын ырастоо формасы
Аудитордун квалификациялык аттестатын алуу үчүн минималдуу талаптарга ылайык келген иш стажынын (тажрыйбанын) бар экендигин ырастоо максатында ушул форма толтурулат.
Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирем:
1. Аты-жөнү: ____________________________________________ 2. Туулган датасы: _______________________________________ 3. Жарандыгы: __________________________________________ 4. Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: __________________ сериясы ______ номери ________ берилген датасы __________ ким тарабынан берилген ________________________ 5. Электрондук почтасынын дареги жана байланыш телефону:___________________________________________________
| |
АРЫЗ ЭЭСИНИН ПРАКТИКАЛЫК ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ | |||||
Иштин башталышы | Иштин аягы | Компаниянын аталышы | Кызмат орду | Негизги милдеттери | Практиканын жетекчиси |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибине 10-тиркеме |
Бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык
сертификаттарга ылайык Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча
экзамендерди эсепке алуунун (бошотуулардын) таблицасы
Кыргыз Республикасынын аудиторунун кесиптик квалификациясы | АССА | ICAEW | АССАнын «Финансы жана бизнести башкаруу» диплому
| CIPA «Сертификатталган практик бухгалтер» (өткөөл мезгил 5 жыл) | «Сертификатталган бухгалтер» (өткөөл мезгил 5 жыл) | CIPA «Сертификатталган эл аралык кесипкөй бухгалтер»
| «Техникалык бухгалтер» (өткөөл мезгил 5 жыл) |
1-деңгээл | 1-деңгээл | 1-деңгээл | 1-деңгээл | 1-деңгээл | 1-деңгээл | 1-деңгээл | 1-деңгээл |
Бизнести башкаруу жана технологиялар | Бизнес жана технологиялар | Бизнес жана технологиялар | Финансы жана бизнести башкарууга киришүү | Эсепке алынбайт | Бизнести башкаруу жана технологиялар | Эсепке алынбайт | Бизнести башкаруу жана технологиялар |
Финансылык эсеп | Финансылык эсеп | Бухгалтердик эсеп | Финансы жана бизнести башкарууга киришүү | Финансылык эсеп | Финансылык эсеп | Финансылык эсеп | Финансылык эсеп |
Башкаруучулук эсеп | Башкаруучулук эсеп | Башкаруучулук маалымат | Финансы жана бизнести башкарууга киришүү | Башкаруучулук эсеп | Башкаруучулук эсеп | Башкаруучулук эсеп | Башкаруучулук эсеп |
Укук | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Укук | Укук | Укук | Укук |
2-деңгээл | 2-деңгээл | 2-дең-гээл | 2-деңгээл | 2-деңгээл | 2-деңгээл | 2-деңгээл | 2-деңгээл |
Финансылык менеджмент | Финансылык менеджмент | Финансылык менеджмент | Финансылык менеджмент | Эсепке алынбайт | Финансылык менеджмент | Финансылык менеджмент | Эсепке алынбайт |
Финансылык отчеттуулук | Финансылык отчеттуулук | Финансылык эсеп жана отчеттуулук | Финансылык отчетуулук | Эсепке алынбайт | Финансылык отчеттуулук | Финансылык отчеттуулук | Эсепке алынбайт |
Ишкананын ишинин натыйжалуулугун башкаруу | Өндүрүмдүүлүктү башкаруу | Бизнес- пландоо, иштиктүү стратегиялар жана технологиялар | Бизнестин натыйжалуулугун башкаруу | Эсепке алынбайт | Ишкананын ишинин натыйжалуулугун башкаруу | Ишкананын ишинин натыйжалуулугун башкаруу | Эсепке алынбайт |
Аудит практикасы жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу | Аудит жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу | Аудит жана кепилдиктерди берүү | Аудит жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөр | Эсепке алынбайт | Аудит практикасы жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу | Аудит практикасы жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу | Эсепке алынбайт |
Салык салуу | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Салык салуу | Салык салуу | Салык салуу |
3-деңгээл | 3-деңгээл | 3-деңгээл | 3-деңгээл | 3-деңгээл | 3-деңгээл | 3-деңгээл | 3-деңгээл |
Финансылык отчеттуулук жана баалоо | Стратегиялык бизнес- отчеттуулук | Корпоративдик отчеттуулук | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Финансылык отчеттуулук жана баалоо | Эсепке алынбайт |
Бизнес-стратегия, башкаруу жана тобокелдик- менеджменти | Өркүндөтүлгөн финансылык менеджмент; өндүрүмдүүлүктү кеңейтилген башкаруу | Бизнести стратегиялык башкаруу | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Бизнес-стратегия, башкаруу жана тобокелдик- менеджменти | Эсепке алынбайт |
Өркүндөтүлгөн аудит | Кеңейтилген аудит жана сапатты камсыз кылуу | Бизнес- кейстер (иштиктүү кырдаалдар) | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Эсепке алынбайт | Өркүндөтүлгөн аудит | Эсепке алынбайт |
3 (үч) жылдан кем эмес практикалык тажрыйбанын болушу | Милдеттүү түрдө 3 (үч) жылдан кем эмес практикалык тажрыйбанын болушу | Практикалык иш тажрыйбасы: талапкерлер бухгалтердик эсеп, аудит жана кепилдиктерди берүү, салыктар, финансылык менеджмент, банкроттук же маалыматтык технологиялар сыяктуу жааттарда адекваттуу кызмат орундарында 450 күн практикалык тажрыйбадан өтүшү керек |
|
|
|
|
|