Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 10-августундагы № 279
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:
– Имангазиев Алмаз Кулубекович курамдан чыгарылсын;
– Жумакадыр уулу Сейтек – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары курамга киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |