Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-августундагы № 540
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 276 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 276 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
«10) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы маселелери боюнча.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |