Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2026-жылдын 11-августундагы № 68 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияда жана ага караштуу мекемелерде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№п/п | Мамлекеттик органдын функциялары (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: тутумдук (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогору) | Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы (борбордук аппараттын, аймактык жана ведомстволук караштуу бөлүмдөрдүн) | Коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда / жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу мүмкүнчүлүгү (эгер ооба болсо, кайсыларда экенин көрсөтүү керек) | |
Ички функциялар | ||||||||
1 | Кадрлар резервин түзүү үчүн конкурс өткөрүү | Комиссиянын мүчөлөрүнүн чечим кабыл алууда өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануусу жана конкурска катышкан талапкерлерге же кызматкерге карата бир жактуу мамилеси. |
Кырдаалдык
|
Орто |
Борбордук аппарат
| 1) Конкурстук комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү 2) персоналды башкаруу боюнча иш милдеттерин аткарган кызматкер; | Бул коррупциялык тобокелдик кадрлар резервине киргизүү үчүн сынактарды өткөргөн бардык органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн | |
| Аңгемелешүү учурунда айрым талапкерлерге жеңилдик берүү же атайылап тоскоолдук кылуу. | |||||||
2 | Кызматка кабыл алуу жана дайындоо
| Талапкерлерди жеке же башка кызыкчылыктардын, ошондой эле кызматтык көз карандылыктын таасири астында тандоо, айрым талапкерлерге артыкчылык берүү максатында квалификациялык талаптарды негизсиз өзгөртүү. | Кырдаалдык | Орто | 1) «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2) Окуу-маалыматтык жана котормо борбору 3) Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору (КЭТБ) | 1) Мекемелердин директорлору; 2) персоналды башкаруу боюнча иш милдеттерин аткарган кызматкерлер. | Бул коррупциялык тобокелдик бардык органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн | |
3 | Кызматкерди которуу, кызматтан жогорулатуу жана ротациялоо | Кызматтык ыйгарым укуктарын жеке максатта пайдалануу менен белгиленген талаптарды эске албастан кызматкерлерди которуу, кызматтан жогорулатуу же ротациялоо, ошондой эле айрым адамдарга артыкчылык берүү же жагымсыз кызмат ордуна мажбурлап которуу. | Кырдаалдык | Орто | Борбордук аппарат
| 1) Улуттук комиссиянын төрагасы; 2) төраганын орун басары; 3) персоналды башкаруу боюнча иш милдеттерин аткарган кызматкер (укуктук жана административдик камсыздоо бөлүмү) | Бул коррупциялык тобокелдик бардык органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн | |
4 | Сатып алууларды пландаштыруу жана сатып алуу документтерин даярдоо | Жеке же башка кызыкчылыктардын негизинде техникалык талаптарды даярдоодо белгилүү бир өндүрүүчүгө, товардык белгилерге, моделге же брендге ылайыктап түзүү |
Системалуу
|
Жогору | 1) Борбордук аппарат; 2) «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси”; 3) Окуу-маалыматтык жана котормо борбору; 4) КЭТБ. | 1) Улуттук комиссиянын төрагасы; 2) Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору, 3) Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору, 4) мекемелердин башкы бухгалтерлери; 5) мамлекеттик сатып алуулар боюнча иш милдеттерин аткарган кызматкерлер. | Бул коррупциялык тобокелдик бардык органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн | |
5 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишимдердин аткарылышын контролдоо | Келишимдин шарттарына иш жүзүндө жооп бербеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, жабдуучунун келишимдик милдеттенмелерди бузган фактыларын жашыруу жана мыйзамдарда каралган чараларды күнөөлүү тарапка карата көрбөө. |
Системалуу
|
Жогору | 1) Борбордук аппарат; 2) «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси”; 3) Окуу-маалыматтык жана котормо борбору; 4) КЭТБ.
| 1)Улуттук комиссиянын төрагасы; 2) Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору, 3) Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору, 4) мамлекеттик сатып алуулар боюнча иш милдеттерин аткарган кызматкерлер; 5) кабыл алуу актысына кол койгон кызматкерлер. | Бул коррупциялык тобокелдик бардык органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн | |
6 | Бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу | Жетиштүү негиздерсиз чыгымдарды каржылоо, бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү, жалган же көлөмү негизсиз көбөйтүлгөн финансылык милдеттенмелер боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү, милдеттенмелердин иш жүзүндө аткарылгандыгын тастыктабай туруп төлөм жүргүзүү, мамлекеттик сатып алуу тартибин айланып өтүү, финансылык отчетторду бурмалоо |
Системалуу
|
Жогору | 1) Борбордук аппарат; 2) «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси”; 3) Окуу-маалыматтык жана котормо борбору; 4) КЭТБ. | 1) Улуттук комиссиянын төрагасы; 2) Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору, 3) Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору, 4) мекемелердин башкы бухгалтерлери. | Бул коррупциялык тобокелдик бардык органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн | |
7 | Окутуу жана котормо кызматын көрсөтүү | Окутуу жана котормо кызматтарынын тарифтерин негизсиз жогорулатуу же төмөндөтүү | Системалуу
| Жогору | Окуу-маалыматтык жана котормо борбору | 1) директор; 2) окутуу жана котормо иштерин жүргүзгөн кызматкерлер; 3) башкы бухгалтер. | Бул коррупциялык тобокелдик Окуу-маалыматтык жана котормо борборуна гана таандык | |
расмий эмес төлөмдөрдү алуу (накталай, эсепке алынбаган), кызмат алуучулар менен түздөн түз байланыш аркылуу мыйзамсыз акча каражаттарын талап кылуу же жеңилдиктерди берүү | ||||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
8 | Жеке адамдардын кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоо (Кыргызтест) | Тестирлөөнүн жыйынтыктарына таасир этүү; оң натыйжаларды алуу максатында алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү | Системалуу
| Жогорку | «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси
| 1) Мекеменин директору; 2) директордун орун басары; 3) тестти уюштуруу жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси
| Бул тобокелдик сертификаттоо жана тестирлөө боюнча кызматтарды көрсөткөн башка органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. | |
Тесттик материалдарды иштеп чыгуу жана сактоо | Тесттик суроолордун алдын ала даярдалган жооптору кызыктар тараптарга кетиши | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|