Редакцияот 13.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезексиз 8 – сессиясы

 

2021-жылдын 13-сентябрындагы № 1/2

 

Орток аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылы кошумча акча каражатынан бөлүү жөнүндө

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичинде акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга кошумча акча каражатынын көлөмү 285,2 сомго бекитилсин.

 

2. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын кошумча акча каражатын 285,2 төмөндөгүдөй статьяга жумшалсын.

 

№

Статья

Мазмуну

сумма

1

2214

Унаа менен тейлөө кызматы (бензин)

80,6

2

2218

Ысык тамак-аш азыктарын алуу

63,0

3

2221

Курулмаларды учурда оңдоо

41,6

4

2231

Электр энергияга акы төлөө

100,0

Баары

285,2

3. Акча каражаттарын которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.

4. Токтомду Ortok.naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.Субанбеков