Редакцияот 15.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы

 

 

2021-жылдын 15-июлу № 22

Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын тургуну А.Жумабековдун жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин кезектүү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын тургуну А.Жумабековдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Бекмолдо айыл аймагындагы Талас-Тараз жолунун боюндагы Б.Сарногоевдин стеласына керектелген мурунку сметадагы баа курулуш материалдарынын кымбатташына байланыштуу кошумча 11000 (он бир миъ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

С.Осмонов