Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 7-сентябрындагы № 50
Үч-Төбө айыл өкмөтүндө кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу Үч Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү максатында, Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсун талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында кабыл алынган Өзгөчө кырдаалдар турукташкандыгына байланыштуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги бош жаткан жана келишимдеринин мөөнөтү бүткөн жерлер аукцион аркылуу ижарага берилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги суулу жерлер сотыхы 6(алты) сомдон, кайрак жерлер 3(үч) сомдон баштапкы баа болуп бекитилсин.
3. Аукционду мыйзам чегинде өткөрүү жана уюштуруу иштери айыл өкмөтүнун жер адиси М.Эшназаровго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовго тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |