КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
21 июлу 2026 жыл 29-26/5
ТОКТОМ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын штаттык санын кѳбѳйтʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарыныны мэринин биринчи орун басары Т.З.Абдысатаровдун, 2026-жылдын 17-июлундагы чыг:№01-17-3575 Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын штаттык санын кѳбѳйтʏʏ жѳнʏндѳгʏ катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык КенешининXXIX чакырылышынын XXVI сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын штаттык саны 5 штаттык бирдикке кѳбѳйтʏлсʏн.
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгына, 2026-жылга каралган сметага ылайык, Каракол шаарынын мэриясынын «Муниципалдык инспекция» муниципалдык мекемесин каржылоого каралган акча каражаттарынын эсебинен Муниципалдык мʏлк башкармалыгын каржылоо камсыздалсын жана 2026-жылга Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлʏктѳрʏнѳ тиешелʏʏ ѳзгѳртʏʏлѳр киргизилсин.
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар