Редакцияот 17.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

                                                 ТОКТОМ

 

2026-жылдын”_____” ________№______                                          

 

 

Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына   

 Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин атын ыйгаруу  жѳнүндѳ

 

 

      Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин  Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги кортундусун  угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жѳнүндѳ” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34,39 беренесин жетекчиликке алып, Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:

 

1. Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин аты  ыйгарылсын.

 

2.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин сайтына жарыялансын.

 

3.Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Ч.Садамбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кѳчүрмѳсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

 

4. Ушул  токтом  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

 

 

 

Төрага            Б.М.Алымбаев