Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин
депутаттарынын XXIX-чакырылышынын III сессиясы
ТОКТОМ
_____ _____2025-ж.№______
Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу ыйгаруунун тартиби жѳнүндѳ жобону бекитүү жѳнүндѳ
Каракол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Эмил уулу Арстанбектин сунушу, Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин этика, мыйзамдуулуукту, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып,чечими Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин III сессисына сунушталган.
Жыйынтыгында,21.01.2025-жылдагы туруктуу комиссиянын чечими жана башка депутаттардын сунуштарын, ой-пикирлерин угуп жана талкуулап, Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин XXIX-чакырылышынын III сессиясы
токтом кылат:
1.Жогорудагылардын негизинде, туруктуу комиссиянын 21.01.2025-жылдагы чечими жактырылсын жана ага ылайык:
-Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жѳнүндѳгү жобо бекитилсин;
2.Мындан ары Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жогоруда бекитилген Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Каракол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Эмил уулу Арстанбекке тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ этика,мыйзамдуулугу, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымы Р.Урсеитовага тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6.Бул токтомду мыйзам чегинде каттоодон ѳткѳрүүгѳ мамлекеттик юстиция башкармалыгына кѳчүрмѳсү жиберилсин.
Төрага Б.М. Алымбаев