Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин
депутаттарынын XXIX-чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
__________2025-ж №____
Каракол айыл аймагында жайгашкан турак жайга болгон мүлк салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379,380-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алып, Ак-Суу райондук салык кызматынын өкүлүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1.Каракол айыл аймагында жайгашкан турак жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасы
9 (тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил уулу Арстанбекке, аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Б.М.Алымбаев