Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 3-августу № 141
Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 28-пункт менен толукталсын:
"28) юридикалык өкүл - юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык административдик сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоодо аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу өкүл.";
2) 29-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тарап сотто процесстик аракеттерди жеке өзү же болбосо бир же бир нече өкүл аркылуу жасоого укуктуу.
Ишке жеке өзү катышуу тарапты өкүлгө ээ болуу укугунан ажыратпайт. Өкүлдүн катышуусу өкүл дайындаган жактын процесстик аракеттерди өз алдынча жасоо укугун чектебейт.
Тараптардын өкүлдөрү төмөнкүлөр боло алат:
- адвокаттар;
- юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык өкүлдөр;
- мыйзамдуу өкүлдөр;
- кызмат орду боюнча өкүлдөр.
Тарап ишти жүргүзүүнү бир же бир нече өкүлгө тапшырууга укуктуу. Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары жарандык мыйзамдарда каралган тартипте жол-жоболоштурулат. Сотко кайрылууда өкүл ишеним катты электрондук түрдө же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.";
б) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Мыйзамдуу өкүлдөрдү кошпогондо, өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык берилген жана жол-жоболоштурулган ишеним катта туюнтулууга тийиш.
Адвокаттын ыйгарым укуктары адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген тапшырма ордери менен ырасталат.
Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.";
3) 30-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырманы адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарда жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген эрежелерди бузуу менен кабыл алган адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр сотто өкүл боло алышпайт.";
4) 31-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26) юридикалык өкүл - процесстик мыйзамдардын жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу өкүл.";
2) 59-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59-берене. Сотто өкүл боло ала турган адамдар
1. Төмөнкүлөр сотто өкүл боло алат:
1) адвокаттар;
2) мыйзам, устав же жобо менен ушул юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо укугу берилген юридикалык жактардын жана алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлери;
3) тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызыкчылыктарын коргоочу, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катары чыгуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери;
4) юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келген юридикалык өкүлдөр;
5) ушул Кодекстин 61-беренесинде көрсөтүлгөн мыйзамдуу өкүлдөр.
2. Ушул берене жеке жактардын сот процессине өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз алдынча катышуу укугун чектебейт.";
3) 60-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) адвокаттык иш жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аракеттенген адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр;";
4) 62-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сотто жеке жактардын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу адвокаттар же юридикалык өкүлдөр тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен таризделет.
Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Адвокаттын ыйгарым укуктары тапшырма ордери жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык түзүлгөн юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим менен ырасталат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 498-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) укук бузуу жөнүндө ишти кароого жеке өзү, адвокат же юридикалык өкүлчүлүктүн маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык иш жүргүзгөн юридикалык өкүл же болбосо ушул Кодексте белгиленген тартипте мыйзамдуу өкүл аркылуу катышууга;";
2) 500-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"500-берене. Жактоочу, өкүл жана адвокат
1. Укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө жактоочу, ал эми жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өкүл катыша алат.
2. Жактоочу же өкүл катары төмөнкүлөргө жол берилет:
1) адвокатка - адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте;
2) юридикалык өкүлчүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келген юридикалык өкүлгө;
3) мыйзам, устав же жобо менен ушул юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо укугу берилген юридикалык жактардын жана алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлерине;
4) тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызыкчылыктарын коргогон ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катары чыгуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине;
5) мыйзамдуу өкүлдөргө.
3. Адвокаттын ыйгарым укуктары адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген ордер менен ырасталат.
Юридикалык өкүлдүн ыйгарым укуктары юридикалык өкүлчүлүктүн маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктаган, Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлгөн, ишеним артуучу тарабынан берилген ишеним кат менен ырасталат.
4. Адвокат жана юридикалык өкүл адам иш жүзүндө кармалган же болбосо укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып ишке катышууга киргизилет.
5. Жактоочу жана өкүл ушул Кодекстин 498-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3, 9, 13-пункттарында каралган укуктардан тышкары, корголуучу адам сыяктуу эле укуктарга ээ.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 672-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш жана юридикалык өкүлдөр жөнүндө";
2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, Кыргыз Республикасында адвокаттык ишти жана юридикалык өкүлдөрдүн ишин уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин аныктайт, адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн статусун жөнгө салат, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.";
3) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш жана юридикалык өкүлчүлүктөр жөнүндө мыйзамдар
Адвокаттык ишти, Кыргыз Республикасындагы юридикалык өкүлдөрдүн (мындан ары - юридикалык өкүлдөр) жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын (мындан ары - Адвокатура) ишин жөнгө салуунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.
Юридикалык өкүлдөрдүн иши процесстик мыйзамдарда белгиленген талаптарды эске алуу менен алардын укуктары, милдеттери жана сот өндүрүшүнө катышуу жол-жоболору бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.";
4) 2-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр Адвокатуранын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт, ал эми Адвокатура адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик иши менен байланышкан милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.";
5) 4-берененин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Адвокатуранын мүчөлөрүнүн, ошондой эле юридикалык өкүлдөрдүн укуктары жана милдеттери;
5) адвокаттардын, ошондой эле юридикалык өкүлдөрдүн алардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен квалификациясын жогорулатуунун тартиби;
6) 6-беренеде:
а) 2-бөлүктүн биринчи абзацында "бир жылда" деген сөздөр "эки жылда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салуу маселелерин кошуп алганда, Адвокатуранын ишинин негизги багыттарын аныктоо;";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Адвокаттар кеңешинин, этика боюнча комиссиянын (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен номинациялануучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүн кошпогондо), текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;";
- 6-пунктта ", Адвокаттар кеңешинин, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө - адвокаттарга сый акынын өлчөмүн аныктоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Адвокаттар кеңешинин төрагасына жана мүчөлөрүнө, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө - адвокаттарга, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сый акылардын өлчөмүн аныктоо;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөдөн түшкөн каражаттардан аймактык адвокатураларга чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо;";
7) 7-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "жашыруун" деген сөз "ачык" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 жана 9-2-пункттар менен толукталсын:
"9-1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик жүрүм-турумунун стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
9-2) ушул Мыйзамга ылайык юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик ишин жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин жүргүзүү;
- квалификациялык тандоодон өтүү тартибин белгилөө;
- кесиптик квалификацияга карата талаптарды аныктоо;
- кесиптик стандарттардын сакталышын контролдоо;";
8) 8-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелерди кароо боюнча Адвокаттар кеңешинен көз карандысыз Адвокатура органы болуп саналат.
Этика боюнча комиссия үч жылдык мөөнөткө төмөнкү курамда шайланат:
- Адвокатурадан беш өкүл;
- юридикалык өкүлдөрдүн ичинен эки өкүл;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан дайындалуучу эки өкүл.
Адвокаттар - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн адвокаттык иш стажы беш жылдан кем эмес жана акыркы эки жылда тартиптик жазасы жок болушу керек.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын шарттары, мөөнөтү, дайындоонун, ротациялоонун жана этика боюнча комиссиянын ишине катышуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан өз алдынча белгиленет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү этика боюнча комиссиянын ишине этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү катары гана катышууну жүзөгө ашырат жана этика боюнча комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын кызмат ордуна шайлана албайт.
Этика боюнча комиссия өзүнүн курамынан төраганы жана анын орун басарын ачык добуш берүү менен этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык этика боюнча комиссиянын мүчөсү болуп шайлана албайт.";
б) 2-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү бир эле учурда Адвокаттар кеңешинин, текшерүү комиссиясынын жана аймактык адвокатуралардын башкармалыктарынын мүчөлөрү боло алышпайт.";
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:
"2-1) юридикалык өкүлдөрдүн аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана кайрылууларды кароо;
2-2) юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоосу менен байланышкан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;";
9) 8-1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Юридикалык өкүлдөргө карата даттанууларды, сунуштамаларды жана кайрылууларды этика боюнча комиссия тарабынан кароонун тартиби, мындай тартиптин өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам же болбосо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилүүчү акты менен белгиленген учурларды кошпогондо, адвокаттар үчүн ушул беренеде белгиленген тартипке окшоштук боюнча колдонулат.";
10) 9-1-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пункту "аймактык адвокатуралардан" деген сөздөрдөн кийин "жана Адвокаттардын окуу борборунан" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) жүргүзүлгөн ревизиялар жана текшерүүлөр жөнүндө Адвокаттар кеңешине жыл сайын жазуу жүзүндө отчет берүүгө жана жүргүзүлгөн ревизиялардын жана текшерүүлөрдүн натыйжаларын Адвокаттардын съездине өз убагында маалымдоого;";
- 3-пунктта "отчетту берүүгө" деген сөздөр "жазуу жүзүндөгү отчетту берүүгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Адвокаттардын окуу борбору
1. Адвокатуранын алдында адвокаттарды, ошондой эле юридикалык өкүлдөрдү кесиптик окутууну, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу үчүн түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналган Адвокаттардын окуу борбору иштейт.
2. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензияны (мындан ары - лицензия) биринчи жолу алган адвокат Адвокаттардын съезди тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык бир жылдын ичинде алдын ала кесиптик окуудан өтүүгө милдеттүү.
3. Жогорку билими бар, юридикалык өкүл болууну каалаган жаран Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипте жана мөөнөттөрдө Адвокаттардын окуу борборунда окуудан өтүүгө милдеттүү.
4. Адвокаттардын окуу борборунун ишинин жана аны каржылоонун тартиби Адвокаттар кеңешинин сунушу боюнча Адвокаттардын съезди тарабынан бекитилүүчү анын уставы менен аныкталат.
5. Окутуу программалары Адвокаттардын окуу борбору тарабынан иштелип чыгат жана Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилет.";
12) 14-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- "аткаруучу" деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Аймактык адвокатуранын башкармасынын мүчөсү Адвокатуранын башка органынын же Адвокаттар кеңешинин мүчөсү боло албайт.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Башкарманын төрагасы аймактык адвокатуранын ишин учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Адвокаттар кеңешине жана адвокаттардын жалпы чогулушуна отчет берет.";
13) 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасында адвокаттык ишти жана юридикалык өкүлчүлүктү жүзөгө ашыруу";
14) төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:
"15-1-берене. Юридикалык өкүл
Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген жана ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык соттук өкүлчүлүк боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон, жогорку билими бар жеке жак юридикалык өкүл болуп саналат.";
15) төмөнкүдөй мазмундагы 16-4-берене менен толукталсын:
"16-4-берене. Юридикалык өкүлгө карата талаптар
1. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген, аракетке жөндөмдүү төмөнкүдөй жеке адам юридикалык өкүл боло алат:
1) жогорку юридикалык билими бар;
2) адистиги боюнча бир жылдан кем эмес иш стажына ээ;
3) Адвокаттардын окуу борборунда соттук өкүлчүлүктүн маселелери боюнча кошумча кесиптик даярдыкты аяктаган жана 80 академиялык сааттан кем эмес көлөмдө билим берүү программасын өздөштүргөндүгүн тастыктоочу тиешелүү сертификат алган.
Жарандардын юридикалык жардамга натыйжалуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипте юридикалык өкүлдөр үчүн ушул беренеде аныкталган талаптардын бардыгын же бир бөлүгүн белгилүү бир мөөнөткө жана белгиленген бир административдик-аймактык бирдиктерде алып салууга жол берилет.
2. Төмөнкүдөй адам юридикалык өкүл боло албайт:
1) мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган, ошондой эле акысыз негизде кызмат өтөө маселелери боюнча башка адамдардын кызыкчылыктарын билдирген аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;
3) мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондугу жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар.";
16) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Юридикалык жардам берүүнүн кепилдиги
1. Мамлекет Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына, анын юрисдикциясында турган башка адамдарга юридикалык жардам алууга жана мындай жардамды алуунун мүнөзү жана тартиби жөнүндө маалыматка бирдей жеткиликтүүлүккө болушуна кепилдик берет.
2. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, юридикалык жардам үчүн кайрылган адам адвокатты же юридикалык өкүлдү тандоодо эркин болот.
3. Мамлекеттик кепилдиктин алкагында квалификациялуу юридикалык жардам мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна киргизилген адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр тарабынан көрсөтүлөт.
4. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн эмгек акысын төлөө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна катышкан адвокаттарга жана юридикалык өкүлдөргө уруксат берүүнүн, аларды тандоонун, каржылоонун, иштерди бөлүштүрүүнүн жана ишин контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
17) 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Квалификациялык сынакка кирүүгө уруксат берүү
1. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген адам адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга квалификациялык сынак тапшырууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен Адвокатурага кайрылууга укуктуу.
Арыз берүүнүн тартиби жана формасы, тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле Адвокатуранын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу квалификациялык комиссия (мындан ары - квалификациялык комиссия) менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги тарабынан бекитилет.
2. Адвокатура талапкерлер тарабынан келип түшкөн арыздарды жана документтерди карайт жана ушул Мыйзамда каралган талаптарга ылайык келүүсүн текшерет.
Адвокатура документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктоочу маалыматты мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан суратууга жана алууга укуктуу.
3. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Адвокатура талапкердин документтерин жана анын белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө корутундуну квалификациялык комиссияга жөнөтөт.
Квалификациялык сынак тапшырууга уруксат берүү же болбосо уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тартипте квалификациялык комиссия кабыл алат.
4. Квалификациялык сынакка уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө квалификациялык комиссиянын чечими административдик мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.";
18) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Квалификациялык сынак курамы жети адамдан турган квалификациялык комиссия тарабынан кабыл алынат.";
19) төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-берене менен толукталсын:
"22-1-берене. Юридикалык өкүлдүн статусун токтотуу жана токтото туруу
1. Юридикалык өкүлдүн статусун токтотуу Адвокаттар кеңешинин чечиминин негизинде төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:
1) юридикалык өкүл каза болгондо же болбосо аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
2) юридикалык өкүл аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;
3) юридикалык өкүл статусунан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
4) юридикалык өкүлгө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) статусту токтотуу зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынган тартип өндүрүшүнүн натыйжалары боюнча Этика боюнча комиссиянын сунуштамасы.
2. Юридикалык өкүлдүн статусун токтото туруу Адвокаттар кеңешинин чечими менен төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) юридикалык өкүлдүн жазуу жүзүндөгү арызынын;
2) кесиптик жүрүм-турумдун стандарттары бузулган учурларда этика боюнча комиссиянын сунушунун.
3. Юридикалык өкүлдүн статусу кетирилген бузуунун мүнөзүнө жана оордугуна жараша үч, алты же он эки айлык мөөнөткө токтотулуп турушу мүмкүн.";
20) 23-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-1-берене. Адвокатуранын мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумунун алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуусу
Адвокатура квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде юридикалык өкүлдөрдүн катышуусу менен төмөнкүдөй жолдор менен катышат:
1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин формасын иштеп чыгууга катышуу;
2) мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттарды жана юридикалык өкүлдөрдү тандоо критерийлерин иштеп чыгууга катышуу;
3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн ишинин сапатынын стандарттарын иштеп чыгууга жана баалоого катышуу;
4) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмдөрүн жана шарттарын иштеп чыгууга катышуу;
5) көрсөтүлүүчү кызматтардын регистрин жүргүзүүнүн тартибин жана формасын иштеп чыгууга, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр жөнүндө маалыматты сактоо мөөнөтүн белгилөөгө катышуу;
6) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн ишине мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;
7) ушул Мыйзамга жана мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка функцияларды аткаруу.";
21) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 23-2-берене менен толукталсын:
"23-2-берене. Юридикалык өкүлдөрдүн реестри
1. Юридикалык өкүлдөрдүн реестри Адвокатура тарабынан жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин түзүү, жүргүзүү, жаңылоо жана жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Адвокатура тарабынан аныкталат.
Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин жүргүзүү тартибин бузуулар аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өз чечими менен ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечимдери Адвокатура тарабынан аткарылууга милдеттүү.
3. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине ушул Мыйзамга ылайык ишти жүзөгө ашырууга жол берилген юридикалык өкүлдөр жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Юридикалык өкүлдөрдүн реестри ар бир юридикалык өкүлдүн статусу жөнүндө актуалдуу маалыматты, анын ичинде статусун токтото туруу же токтотуу, чечимдерди кабыл алуунун мөөнөттөрү жана негиздери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
4. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизүү үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:
1) жогорку юридикалык билими бар экендигин тастыктаган (бакалавр же магистр даражасы) документти;
2) алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты;
3) юридикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажынын бар экендигин тастыктоочу документтерди;
4) Адвокаттардын окуу борборунда кошумча билим алуудан өткөндүгү жөнүндө сертификатты;
5) юридикалык өкүлдүн бекитилген кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоо милдеттенмеси менен арызды.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык документтер мамлекеттик маалымат тутумун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерди берүүнүн башка электрондук каналдарын пайдалануу менен санариптик форматта берилиши мүмкүн.";
22) 3-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Адвокаттын жана юридикалык өкүлдүн укуктары жана милдеттери. Алардын ишинин кепилдиктери";
23) 24-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышууну кошпогондо, юридикалык өкүл ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган юридикалык жардамдын түрлөрүнө окшош юридикалык жардам көрсөтөт.
Юридикалык өкүлдүн укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүшкө катышуусуна Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жол берилет.
Юридикалык жардам көрсөтүү ишеним катта каралган ыйгарым укуктардын чегинде, ошондой эле ушул Мыйзамдын, процесстик мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
24) төмөнкүдөй мазмундагы 26-1-берене менен толукталсын:
"26-1-берене. Юридикалык өкүлдүн укуктары жана милдеттери
1. Юридикалык өкүл ишин жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын 25-беренесинде каралган анын укуктук статусунун өзгөчөлүктөрүнө жана жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрүнө карама-каршы келбеген бөлүгүндө окшош укуктарга ээ болот.
2. Юридикалык өкүл ушул Мыйзамда белгиленген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле бекитилген кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоого милдеттүү.
3. Адвокаттардын лицензиялануучу ишине түздөн-түз тиешелүү жоболорду кошпогондо, ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган милдеттер юридикалык өкүлдөргө карата алардын укуктук статусу менен шайкеш келген бөлүгүндө колдонулат.
4. Өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн юридикалык өкүл ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.";
25) 27-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-берене. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу
1. Юридикалык жардам кардар (ишеним артуучу) менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде адвокат же болбосо юридикалык өкүл тарабынан берилет.
2. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу кардардын (ишеним артуучунун) жана адвокаттын же болбосо юридикалык өкүлдүн ортосунда жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлүүчү жарандык-укуктук келишимди туюнтат.
Адвокаттан, юридикалык өкүлдөн, кардардан (ишеним артуучудан) алардын ишке катышуусу үчүн шарт катары мындай макулдашууну көрсөтүүнү талап кылууга эч кимдин укугу жок.
3. Адвокатура жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууларды түзө алат.
4. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тапшырманы аткарууну кабыл алган адвокатка (адвокаттарга) же юридикалык өкүлгө, ошондой эле анын адвокаттык уюмга таандыктыгына көрсөтмө же болбосо Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизүү жөнүндө маалымат;
2) тапшырманын предмети;
3) көрсөтүлүүчү юридикалык жардам үчүн кардардын (ишеним артуучунун) сыйакы төлөө шарттары;
4) тапшырманы аткаруу менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун тартиби жана өлчөмү;
5) тапшырманы аткарууну кабыл алган адвокаттын же юридикалык өкүлдүн жоопкерчилигинин шарттары жана чектери.
5. Адвокаттын же болбосо юридикалык өкүлдүн сыйакы жана чыгымдардын компенсациясын алуу укугу кардардын (ишеним артуучунун) жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
6. Сый акы жана (же) чыгымдарды компенсациялоо кассага милдеттүү түрдө төгүлүүгө же макулдашууда каралган тартипте жана мөөнөттө тиешелүү юридикалык жактын, адвокаттык кабинеттин, адвокаттык уюмдун эсептешүү эсебине же болбосо юридикалык өкүлдүн банктык эсебине которулууга тийиш.
7. Адвокаттын ыйгарым укуктары түзүлгөн макулдашуунун негизинде адвокаттык кабинет же болбосо адвокаттык уюм тарабынан берилүүчү тапшырма ордери менен ырасталат.
Тапшырма ордеринин формасы Адвокатура тарабынан бекитилет.
8. Юридикалык өкүлдүн ыйгарым укуктары ишеним артуучу тарабынан берилген ишеним кат менен ырасталат. Ишеним катта ушул Мыйзамда белгиленген тартипте анын статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Юридикалык өкүл ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын чектеринде гана ишеним артуучунун атынан аракеттенүүгө укуктуу.
9. Тапшырма ордеринин (адвокат үчүн) же болбосо ишеним каттын (юридикалык өкүл үчүн) болушу мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда жана үчүнчү жактардын алдында кардардын (ишеним артуучунун) кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого ыйгарым укуктуу тиешелүү адамды таануу үчүн жетиштүү негиз болуп саналат.";
26) 30-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Юридикалык өкүлдөр юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Мындай маалыматтар юридикалык сырды түзөт жана адвокаттык сыр үчүн белгиленгенге окшош тартипте корголууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, юридикалык өкүл ишеним артуучунун макулдугусуз бул маалыматтарды ачыкка чыгарууга же пайдаланууга укуксуз.".
5-берене.
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-августу, № 71) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде бул Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган алардын статусунун өзгөчөлүктөрүнө карама-каршы келбесе, юридикалык өкүлдөргө ушул Мыйзамдын жоболору адвокаттар менен окшоштук боюнча колдонулат.
Юридикалык өкүлдөр тарабынан көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардамга жол берүүнүн, тандоонун, дайындоонун, иштерди бөлүштүрүүнүн, каржылоонун, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн, контролдоонун жана сапатын баалоонун өзгөчөлүктөрү жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында юридикалык өкүлдөрдүн иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.".
6-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:
1) Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитсин;
2) юридикалык өкүлдөрдү сертификаттоонун тартибин, ошондой эле 80 академиялык сааттан кем эмес көлөмдөгү кошумча билим берүү программасын биргелешип иштеп чыксын жана аларды Адвокаттардын окуу борборунда бекитсин;
3) мамлекеттик маалымат тутуму аркылуу документтерди санариптик форматта берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;
4) 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунда юридикалык өкүлдөрдүн катышуусунун пилоттук программасын даярдоону жана ишке киргизүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юридикалык өкүлчүлүктүн кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде белгиленген талаптарды сактоо менен Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
4. Юридикалык өкүлдөрдүн реестри толук ишке киргизилгенге чейин жактар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу ишеним каты бар болгондо сот процесстерине катышууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |