РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 552-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «НООР» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Май-тоң май комбинатын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 23.07.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 23-июлу № 552-т

 

Май-тоң май комбинатын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «НООР» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Май-тоң май комбинатын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев