Загрузка документа…
2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
болжолу
1-глава. Негизги жоболор
2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун (мындан ары – Болжол) максаты социалдык-экономикалык процесстерди жана тенденцияларды талдоонун, болгон ресурстарды жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн мүмкүн болуучу тобокелдик факторлорун аныктоонун негизинде орто мөөнөттүү мезгилге макроэкономикалык өнүгүүнүн сандык багыттарын жана параметрлерин аныктоо болуп саналат.
Болжолдо тармактык министрликтердин, ведомстволордун жана региондордун расмий болжолдорунун базасында түзүлгөн 2027-жылга экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана 2028–2031-жылдарга өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги аныкталган.
Болжол 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгуу жана «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүү үчүн негиз болуп саналат.
2-глава. 2025-жылы жана 2026-жылдын январь – мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги тенденциялары
§ 1. 2025-жылдын кыскача жыйынтыктары
2022–2024-жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасы жогорку өсүү темптерин көрсөттү (2022 – 109,0 %, 2023 – 109,0 %, 2024 – 111,5 %), бул орто мөөнөттүү келечекте туруктуу өнүгүү үчүн базаны түздү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы 2024-жылга салыштырмалуу Борбордук Азиядагы 11,1 %га эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бирин көрсөттү.
Экономикалык кырдаал туруксуз геосаясий жагдай жана дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык ресурстардын бааларынын өзгөрмөлүүлүгү менен байланышкан сакталган тышкы инфляциялык факторлордун таасиринде калыптанды. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары – Министрлер Кабинети) экономикалык активдүүлүккө дем берүүгө, стратегиялык тармактарды колдоого, инфраструктураны модернизациялоого, инвестициялык климатты жакшыртууга жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө реформаларды жүргүзүүгө багытталган экономикалык саясаты макроэкономикалык туруктуулукту сактоого жана туруктуу өсүштү камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
УСК алдын ала маалыматтары боюнча 2025-жылы ИДП көлөмү 1 976,4 млрд сом суммасында жана реалдуу өсүү темпи 111,1 %ды түздү. Экономиканын бардык секторлору оң динамиканы көрсөттү: өнөр жай 10,7 %га, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү 10,9 %га, курулуш 21,1 %га, айыл чарбасы 2,2 %га өстү. Мындай өсүш ички өндүрүштүн кеңейиши, туруктуу ички суроо-талап, өлкөгө жеке жактардын акча которууларынын (+22,6 %) жана керектөөчүлүк кредиттеринин дээрлик эки эсе өсүшү менен шартталган.
1-таблица
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүү темптери
(өсүү темпи КДН боюнча берилди)
Көрсөткүчтөр | 2024-жыл, иш жүзүндө | 2025-жылдын январь – декабры алдын ала иш жүзүндө | |||||
млн сом | өсүү темпи, % менен | ИДПга карата, % менен | млн сом | өсүү темпи, % менен | ИДПга карата, % менен | ИДПнын өсүшүнө салым-дын үлүшү, п.п. | |
ИДП | 1582791,8 | 111,5 | 100,0 | 1976389,4 | 111,1 | 100,0 | 11,1 |
Өнөр жай | 269302,7 | 109,3 | 17,0 | 351192,7 | 110,7 | 17,7 | 1,83 |
Айыл чарба | 136463,3 | 106,2 | 8,6 | 158100,0 | 102,2 | 8,0 | 0,19 |
Курулуш | 121649,6 | 128,7 | 7,7 | 171709,4 | 121,1 | 8,7 | 1,62 |
Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү | 828044,1 | 109,8 | 52,3 | 1011647,5 | 110,9 | 51,2 | 5,72 |
Продукцияга таза салыктар | 227332,1 | 114,7 | 14,4 | 283739,8 | 112,1 | 14,4 | 1,74 |
Экономикалык өсүш калктын жан башына ИДПнын жогорулашына өбөлгө түздү, ал 2025-жылы 3 079,5 АКШ долларын түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 22,5 %га жогорулады (2024-жылы – 2 513,4 АКШ доллары). Орточо айлык эмгек акы 18,9 %га, ал эми инфляция деңгээлин эске алуу менен анын реалдуу көлөмү 9,9 %га, пенсиянын орточо өлчөмү 6,2 %га өстү, бул ошондой эле калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түздү.
Туруктуу өсүштүн сакталышы активдүү инвестициялык жана бюджеттик саясат менен коштолду. Салыктык түшүүлөр 32,3 %га өстү, бюджеттин профицити ИДПга карата 2,5 %ды түздү. Капиталдык салымдар 1,4 эсеге көбөйүп, каражаттар энергетикалык, жол жана социалдык объекттерди, административдик имараттарды, ошондой эле туристтик инфраструктураны курууга жана реконструкциялоого багытталды.
Өнөр жайга жана турак жай курулушуна өзгөчө көңүл бурулду. «100 өнөр жай ишканасы – 2025» программасынын алкагында 715,7 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылып, 119 жаңы ишкана ачылды жана 8 миңден ашык жумуш орду түзүлдү. «Менин үйүм» программасынын алкагында 4 662 батир пайдаланууга берилди.
Эл аралык рейтинг агенттиктери өлкөнүн макроэкономикалык саясатынын туруктуулугун ырасташты: S&P – B+ (туруктуу), Moody’s – B3 (туруктуу), Fitch – B (туруктуу), бул инвесторлордун ишенимин жана экономикалык моделдин туруктуулугун чагылдырат.
2025-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалары оң тенденцияларды көрсөтүүнү улантты. Үчүнчү жылы катары менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүү темптери дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн жогору болду, бул алардын туруктуулугун жана тышкы экономикалык чакырыктарга ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн ырастайт.
Экономикалык өсүштүн негизги драйверлери болуп туруктуу ички суроо-талап, калктын реалдуу кирешелеринин көбөйүшү жана инвестициялардын кеңейиши саналды, бул экономикадагы көпчүлүк секторлордо, анын ичинде чийки заттык жана чийки заттык эмес тармактарда кирешелердин өсүшүн камсыз кылды
2-таблица
Дүйнөлүк экономиканын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ИДПсынын реалдуу өсүү темптери, % менен
№ | Өлкөлөр | 2024-жыл | 2025-жыл |
иш жүзүндө | алдын ала иш жүзүндө | ||
1 | Дүйнөлүк экономика | 3,3 | 3,3 |
2 | Кытай | 5,0 | 5,0 |
3 | АКШ | 2,8 | 2,1 |
4 | ЕБ | 0,7 | 1,6 |
5 | Армения Республикасы | 5,9 | 7,2 |
6 | Беларусь Республикасы | 4,3 | 1,3 |
7 | Казакстан Республикасы | 5,0 | 6,5 |
8 | Кыргыз Республикасы | 11,5 | 11,1 |
9 | Россия Федерациясы | 4,9 | 1,0 |
2025-жыл аралыгында бир катар өнүккөн өлкөлөрдө баалардын өсүшүнүн акырындык менен басаңдашына карабастан, дүйнөдө инфляциялык фон салыштырмалуу жогору бойдон калган. Ошол эле учурда айрым экономикаларда өндүрүш чыгымдарынын өсүшү, логистикалык чектөөлөр жана дүйнөлүк соода түзүмүнүн өзгөрүшү менен шартталган олуттуу инфляциялык басым сакталды.
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү Кыргыз Республикасындагы керектөө бааларынын индекси 109,4 %ды түздү (2025-жылдын декабры мурунку жылдын декабрына карата), бул жогорку инфляциялык басымды мүнөздөдү. Инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү (2025-жылдын январь – декабры 2024-жылдын январь – декабрына карата) 108,2 %ды түздү. Баалардын өсүшүнүн негизги факторлору болуп дүйнөлүк рыноктордо азык-түлүктүн жана энергетикалык ресурстардын кымбатташы, транспорттук-логистикалык чыгымдардын көбөйүшү, ички рыноктун айрым товарлардын импортунан жогорку көз карандылыгы саналат. Күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшү олуттуу таасир тийгизип, өндүрүшкө, ташууга жана продукцияны сактоого кеткен чыгымдардын көбөйүшүнө алып келди.
Инфляциялык басымдын кошумча фактору болуп калктын кирешелеринин өсүшүнөн, керектөөчү насыялоонун кеңейишинен жана бюджеттик чыгымдардын көбөйүшүнөн улам ички суроо-талаптын өсүшү эсептелди, бул керектөө бааларынын индексине болгон басымды күчөттү.
Бул шарттарда акча-кредиттик шарттар күчөтүлдү – 2025-жылдын июлунан 2026-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы этабы менен 9 %дан 12 %га чейин жогорулады. Акча-кредит саясаты орто мөөнөттүү мезгилде 5–7 % чегинде баалардын туруктуулугуна жетүүгө жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталган.
Социалдык маанилүү азыктарга баалардын өсүшүн кармап туруу үчүн 2025-жылы Министрлер Кабинети тарабынан социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 72-т тескемеси).
Инфляциянын жогорку деңгээли Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөш өлкөлөрүндө да байкалды. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча керектөө бааларынын өсүшү: Казакстан Республикасында – 12,3 %ды, Россия Федерациясында – 5,6 %ды, Беларусь Республикасында – 6,8 %ды түздү. Өнөктөш өлкөлөрдө сакталып жаткан инфляция импорттолуучу товарлар жана чийки зат ресурстары аркылуу Кыргыз Республикасындагы ички бааларга кошумча басым көрсөттү.
3-таблица
2024–2025-жылдары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги керектөө бааларынын индекси (өткөн жылдын декабрына карата % менен)
№ | Өлкөлөр | 2024-жыл | 2025-жыл |
иш жүзүндө | иш жүзүндө | ||
1 | Армения Республикасы | 101,5 | 103,3 |
2 | Беларусь Республикасы | 105,2 | 106,8 |
3 | Казакстан Республикасы | 108,6 | 112,3 |
4 | Кыргыз Республикасы | 106,3 | 109,4 |
5 | Россия Федерациясы | 109,5 | 105,6 |
§ 2. Учурдагы кырдаал – 2026 -жылдын январь – март айларынын жыйынтыгы
2026-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң тенденциясы сакталууда, бул мурдагы мезгилдерде калыптанган экономикалык өсүштүн улануусу менен мүнөздөлөт, ал ишкердик активдүүлүктү жана өндүрүштү кеңейтүүнү колдогон ички факторлордун, ошондой эле инвестициялык жана керектөө динамикасынын жакшырышынын айкалышы менен шартталган.
УСКнын алдын ала баалоосу боюнча, 2026-жылдын январь – март айларында ИДПнын көлөмү 428,6 млрд сом суммасында түзүлүп, реалдуу өсүү темпи 110,1 %ды түздү (2025-жылдын январь – мартында 112,6 %).
Оң динамика экономиканын бардык секторлорунда камсыздалды жана көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду: курулушта өндүрүш көлөмү 29,6 %га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 7,7 %га, өнөр жайда – 13,4 %га, айыл чарбасында – 2,8 %га өстү.
4-таблица
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча өсүү темптери жана түзүмү
(өсүү темпи КДН боюнча берилди)
Көрсөткүчтөр | 2025-жылдын январь – март айлары | 2026-жылдын январь – март айлары | |||||
алдын ала иш жүзүндө (млн сом) | өсүү темпи, % менен | ИДПга карата % менен | алдын ала иш жүзүндө (млн сом) | өсүү темпи, % менен | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү, п. п. | |
ИДП | 348775,3 | 112,6 | 100,0 | 428576,9 | 110,1 | 100,0 | 10,1 |
Өнөр жай | 70950,0 | 115,0 | 20,4 | 99010,6 | 113,4 | 23,1 | 2,74 |
Айыл чарба | 14858,0 | 101,8 | 4,3 | 16336,9 | 102,8 | 3,8 | 0,12 |
Курулуш | 19170,9 | 160,4 | 5,5 | 26952,5 | 129,6 | 6,3 | 1,63 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү | 186778,6 | 109,1 | 53,5 | 215978,8 | 107,7 | 50,4 | 4,12 |
Продукцияга таза салыктар | 57017,8 | 113,8 | 16,3 | 70298,1 | 109,2 | 16,4 | 1,50 |
Кызмат көрсөтүү сектору ИДПнын негизин түзүүнү улантууда, ал анын өсүшүнө эң чоң салым кошту. Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча дүң чыгаруунун көлөмү 331,3 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,0 %га өскөн. Сектордун динамикасы ички суроо-талаптын кеңейиши, калктын кирешелеринин өсүшү (2026-жылдын январь – март айларында номиналдык эмгек акы 15,8 %га көбөйдү), ошондой эле керектөө кредиттеринин 9,9 %га өсүшү менен колдоого алынды.
Өнөр жай сектору өндүрүш базасынын кеңейишинен улам туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 227,2 млрд сомду түзүп, 14,0 %га өстү. Өсүш иштетүү өнөр жайындагы продукцияны, анын ичинде тамак-аш азыктарын, негизги металлдарды, транспорт каражаттарын, курулуш материалдарын, мунай зат продукттарын, химиялык жана фармацевтикалык продукцияларды чыгаруунун, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу көлөмүнүн өсүшү менен камсыз кылынды.
Курулуш сектору инвестициялык активдүүлүктүн негизги драйверлеринин бири бойдон калууда. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 77,3 млрд сомду түзүп, 25,5 %га өстү. Өсүш ички жана тышкы каржылоо булактарынын кеңейиши менен камсыздалды, ал эми каражаттардын негизги бөлүгү турак жай курулушуна, энергетикалык инфраструктурага, транспортко жана социалдык объекттерге багытталды, бул курулуш активдүүлүгүн күчөттү жана иштердин көлөмүн жогорулатты.
Айыл чарба сезондук факторлордун жана мал чарбасынын туруктуу динамикасынын фонунда орточо өсүштү көрсөттү. Дүң продукциянын көлөмү 47,9 млрд сомду түзүп, 2,8 %га өстү. Өсүш эт, сүт жана жумуртка өндүрүшүнүн көбөйүшү менен камсыздалды, мында эң жогорку динамика жумуртка өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү менен камсыз кылынды. Тармакка кошумча колдоо фермерлерди жеңилдетилген кредиттөөнүн улантылышы жана финансылык инструменттердин кеңейиши көрсөттү.
Жыл башынан тартып ички жана тышкы факторлордун жалпы таасири астында жогору инфляциялык басым жана максаттуу диапазондун жогорку деңгээли сакталууда. Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын индекси 103,3 %ды түздү (2026-жылдын марты мурунку жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2026-жылдын январь – март айлары 2025-жылдын январь –март айларына карата) 110,1 %ды түздү.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде экономикалык өсүштүн түрдүү багыттагы тенденциялары сакталууда, ошол эле учурда жалпысынан орточо динамика байкалууда.
5-таблица
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде ИДПнын реалдуу өсүү темптери
Өлкөлөр | 2025-жылдын январь – март айлары, алдын ала иш жүзүндө, % | 2026-жылдын январь – март айлары, алдын ала иш жүзүндө, % |
Армения Республикасы | 5,4 | 4,0 |
Беларусь Республикасы | 1,3 | -0,4 |
Казакстан Республикасы | 5,8 | 3,0 |
Кыргыз Республикасы | 12,6 | 10,1 |
Россия Федерациясы | 1,3 | -0,3 |
2026-жылдын башынан тартып ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде да керектөө бааларынын өсүү темпинин орточо жогорулашы байкалууда, бул ички факторлордун да, тышкы экономикалык конъюнктуранын да таасирин чагылдырат.
6-таблица
2025–2026-жылдардын мартындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги керектөө бааларынын индекси
(өткөн жылдын декабрына карата % менен)
№ | Өлкөлөр | 2025-жылдын январь – март айлары, өткөн жылдын декабрына карата % менен | 2026-жылдын январь – март айлары, өткөн жылдын декабрына карата % менен |
иш жүзүндө | иш жүзүндө | ||
1 | Армения Республикасы | 102,0 | 103,2 |
2 | Беларусь Республикасы | 102,8 | 101,6 |
3 | Казакстан Республикасы | 103,9 | 102,7 |
4 | Кыргыз Республикасы | 101,8 | 103,3 |
5 | Россия Федерациясы | 102,7 | 103,0 |
Тышкы рыноктордо баа абалы жалпысынан туруксуз өзгөрмөлүү бойдон калууда. 2026-жылдын мартында ФАО азык-түлүк бааларынын индексинин (мындан ары – ФАБИ) орточо мааниси 128,5 пунктту түздү, бул февраль айына салыштырмалуу 2,4 %га (3,0 пунктка) жана бир жыл мурунку маанисинен 1,0 %га жогору. Индекстин өсүшү экинчи ай катары менен белгиленип, бардык негизги товардык топторду камтыды, анын ичинде дан эгиндери, эт, сүт азыктары, өсүмдүк майлары жана кант. Баалардын жогорулашынын негизги фактору Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуунун күчөшүнүн фонунда энергетикалык ресурстардын кымбатташы болду, бул дүйнөлүк азык-түлүк чынжырындагы өндүрүш жана транспорттук чыгымдардын өсүшүнө таасирин тийгизди.
3-глава. 2026–2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн шарттары жана факторлору/тобокелдиктери
Дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүнүн учурдагы этабы жогорку белгисиздик жана тышкы таасирлердин күчөшү менен коштолгон структуралык өзгөрүүлөр фазасына өтүшү менен мүнөздөлөт. Мында Кыргыз Республикасынын экономикасынын иштешинин жаңы шарттары калыптанууда, алар глобалдуу тенденциялар, ошондой эле региондук динамика менен аныкталат.
Орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасы үчүн тышкы чөйрө татаал бойдон калат жана олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Сакталып жаткан геосаясий чыңалуу, дүйнөлүк сооданын трансформациясы, финансылык шарттардын өзгөрүшү жана климаттык факторлор өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугуна таасирин тийгизип, тобокелдиктерди да, экономиканы адаптациялоо үчүн өзүнчө мүмкүнчүлүктөрдү да түзөт.
Тышкы шарттар:
- геосаясий чыңалуунун сакталышы жана жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учуроо тобокелдиктерин, транспорттук жана камсыздандыруу чыгымдарын жаратуучу, ошондой эле товарлардын айрым топтору үчүн баалардын өзгөрмөлүүлүгү күчөтүүчү соода чыр-чатактары:
айрым региондордогу туруксуздук: Жакынкы Чыгыштагы, Европадагы (анын ичинде Россия жана Украина жаңжалы) жана башка региондордогу созулуп жаткан туруксуздук дүйнөлүк экономикалык өсүштү жайлатат жана тышкы суроо-талапты чектейт, бул экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн кыскарышына, энергетикалык ресурстарга жана чийки заттарга баалардын өсүшүнө, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн финансылык аялуулугунун жогорулашына жана алардын инвестициялык активдүүлүгүнүн чектелишине алып келет;
негизги соода маршруттарынын бузулушу: деңиз жана кургактагы логистикалык коридорлордогу үзгүлтүктөр ташууга, камсыздандырууга жана энергетикалык ресурстарга чыгымдардын өсүшү аркылуу инфляциялык басымды күчөтөт, бул ишканалардын чыгымдарын көбөйтүп, керектөөчүлөр үчүн бааларды жогорулатат;
санкциялар жана финансылык чектөөлөр: 2026-жылы ЕБ Россия Федерациясынын жеке жана юридикалык жактарына каршы жекече санкцияларды алты айга узартты; АКШ Кытайга жана башка бир катар өлкөлөргө карата тарифтик чектөөлөрдү жана соода чараларын сактап калууда. Бул санкциялар жана чектөөлөр эл аралык рынокторго, кредиттик ресурстарга жана технологияларга жетүүнү татаалдаштырат, инвестициялык активдүүлүктү токтотот, тышкы сооданы диверсификациялоону чектейт жана бизнес менен финансылык агымдар үчүн белгисиздикти күчөтөт;
протекционизм жана соода тоскоолдуктары: алдынкы экономикаларда протекционисттик чаралардын күчөшү, өндүрүштүк чынжырлардын локалдашуусу жана импорттук товарларга тарифтердин өсүшү продукциянын наркына кошумча басым жаратып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү чектейт жана баалардын өзгөрмөлүүлүгүнө өбөлгө түзөт;
валюталык жана финансылык туруксуздук: геосаясий чыңалуу валюталык курстардын өзгөрүшүнө, каржылоо наркынын жана чийки зат рынокторундагы тобокелдиктердин өсүшүнө алып келет, бул кошумча инфляциялык басымды күчөтөт жана өнүгүп жаткан өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн тышкы инвестициялардын жеткиликтүүлүгүн төмөндөтөт;
- дүйнөлүк экономикалык өсүштүн жайлашы жана өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн кесепеттери:
2026-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүшү ДБ баалоосу боюнча 2,6 %га жакынды түзөт, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө (Кытайды эске албаганда) – 4,2 %. Ири экономикалар импульсун жоготот: АКШ – 1,5 % (2025-жылы 1,8 %), Кытай – 4,4 % (2025-жылы 5,0 %), Европа – мамлекеттик дем берүүлөрдү чектелген колдоодо – орточо өсүш, бул экспорттук суроо-талаптын төмөндөшүнө жана өлкөлөрдүн тышкы таасирлерге аялуулугунун жогорулашына алып келет;
орто мөөнөттүү келечекте өсүштүн жайлашы жогорку карыздык жүктөн, алдынкы өлкөлөрдө ички суроо-талаптын начарлашынан, дем берүүчү монетардык саясаттын натыйжалуулугунун төмөндөшүнөн, Кытай экономикасынын экспортко багытталган моделден ички керектөөгө өтүшүнөн жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө капиталга жетүүнүн чектелишинен улам сакталат, бул инвестициялык активдүүлүктү жана тышкы сооданы басаңдатууга алып келиши мүмкүн;
глобалдык өсүштүн жайлашы финансылык туруксуздукту күчөтөт, кредиттөө шарттарын катаалдатат жана өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн тобокелдиктерди күчөтөт. Туруктуулукту жогорулатуу үчүн өнүгүп жаткан экономикаларга сооданы диверсификациялоо, регионалдык интеграцияны өнүктүрүү жана экономиканы санариптик трансформациялоо талап кылынат;
- дүйнөлүк сооданын өсүшүнүн жайлашы:
ДСУ болжолу боюнча 2025-жылдагы 3,8 % өсүшкө карата 2026-жылы 1,9 % деңгээлинде орточо өсүш күтүлөт, глобалдык суроо-талаптын төмөндөшүнүн, протекционизмдин, жеткирүү чынжырларынын бузулушунун жана кошумча фактордун фонунда – геосаясий туруксуздуктун натыйжасында Ормуз кысыгы аркылуу өткөн негизги маршруттун ишинин токтоп калышы; эгерде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жөнгө салынбаса, бул экспортту басаңдатат жана дүйнөлүк рыноктордогу белгисиздикти күчөтөт;
орто мөөнөттүү келечекте сооданын өсүшү протекционисттик тоскоолдуктардын сакталыпшынан, өндүрүш чынжырларынын локалдашуусунан жана суроо-талаптын жай калыбына келишинен улам орточо бойдон калат, мында региондук интеграциянын, санариптик сооданын өнүгүшү жана агымдарды диверсификациялоо дем берүүчү фактор болушу мүмкүн;
- глобалдык жана региондук кризистерден, дүйнөлүк соодадагы сакталып жаткан чыңалуудан, геосаясий туруксуздуктан жана каржылоо шарттарынын катаалдашынан, түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымын басаңдатуучу таасирден улам инвестициялардын азайышы:
глобалдык экономикалык саясаттагы жогорку белгисиздик жана инвесторлордун күтүүлөрүнүн өзгөрүшү инвестициялык активдүүлүктү төмөндөтүшү жана өнүгүп жаткан өлкөлөргө капиталдын агымын чектеши мүмкүн. 2026-жылы ТЧИ көлөмү чектелген бойдон калууда, инвестициялык активдүүлүк финансылык рыноктордун өзгөрмөлүүлүгү, жогорку пайыздык ставкалардын сакталышы жана эл аралык капиталга жетүүнүн чектелиши менен басаңдоодо;
алдынкы экономикалардагы жогорку карыз жүгү, инвесторлордун этият саясаты жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ортосунда капитал үчүн атаандаштыктын күчөшү инвестицияларга кошумча басым көрсөтөт;
- инфляциялык басымдын күчөшү, глобалдык финансылык жана чийки зат рынокторундагы туруксуздук:
регион өлкөлөрүндө импорттолгон товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү коңшу өлкөлөрдө КНСтин ставкаларынын жогорулашынын эсебинен Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн кошумча инфляциялык импульсту түзөт (КР болжол – 10–13 %, РФ – 4–5 %, БР – 6–7 %): 2026-жылдын 1-январынан тартып Россия Федерациясында кошумча нарк салыгынын негизги ставкасы 20 %дан 22 %га чейин көбөйтүлдү, бул Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарларга кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүнө алып келет, Ошондой эле импорттолуучу инфляцияны күчөтөт; 2026-жылдын 1-январынан тартып Казакстан Республикасында кошумча нарк салыгынын ставкасы 16 %га чейин жогорулатылды, бул Казакстандан жеткирилүүчү продукциянын бааларына кошумча басым көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын ички рыногунда инфляциянын тездөө тобокелдиктерин жаратат;
глобалдык сунуштун таасири жана азык-түлүк товарларына баалардын өзгөрмөлүүлүк тобокелдиктери: дүйнөлүк азык-түлүк сунушунун көбөйүшүнө карабастан, геосаясий чыңалуу, соода чектөөлөрү жана дүйнөлүк экономикалык өсүштүн жайлашы баалардын өзгөрмөлүүлүк тобокелдиктерин жаратат жана товарлардын айрым топторуна жергиликтүү баалардын өсүшүнө алып келиши мүмкүн; дүйнөлүк рыноктордогу өзгөрүүлөр, жеткирүүлөрдөгү үзгүлтүктөр, ошондой эле логистикалык жана таңгактоо чыгымдарынын өсүшү инфляциялык басымды күчөтөт;
АКШнын ФРСнын акча-кредиттик саясатындагы белгисиздик валюталык жана товардык рыноктордун өзгөрмөлүүлүк тобокелдиктерин жаратат;
АКШда жаңы тарифтердин киргизилиши соода чектөөлөрүнө байланышкан рыноктогу белгисиздик толкунун жаратышы мүмкүн;
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал чийки зат рынокторуна кошумча таасирин тийгизип, мунайга дүйнөлүк баалардын өсүү тобокелдиктерин жаратат;
- региондогу климаттык жана аба ырайы тобокелдиктери, алар түшүмдүүлүккө, азык-түлүк сунушуна жана агрардык рыноктордогу баа абалына таасир тийгизүүгө жөндөмдүү (эксперттер 2026-жылы, айрыкча селдерден катуу ысыкка жана август айындагы кургакчылыкка кескин өтүүлөр күтүлүүчү Борбордук Азияда кургакчылыктын жана экстремалдуу аба ырайы көрүнүштөрүнүн күчөшүн болжолдошууда, бул 2026-жылды климаттык өзгөрүүлөрдөгү кескин бурулуш учур кылат жана айыл чарба үчүн тобокелдиктерди жогорулатат).
Ички шарттар:
- өлкөдөгү социалдык-саясий туруктуулук;
- экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоо, ички өндүрүштү көбөйтүү жана импортту алмаштыруу саясатын илгерилетүү;
- ишкердик, инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү;
- экономиканы санариптештирүү боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча чараларды көрүү;
- артыкчылыктуу инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бюджеттик мейкиндикти түзүүнүн, калктын кирешелеринин өсүшүнө өбөлгө түзүүчү 2026-жылы эмгек акыны эки этап менен жогорулатуунун, кредиттөө механизмдерин кеңейтүүнүн эсебинен ички суроо-талаптын өсүшү;
- макулдашылган бюджеттик-салыктык жана акча-кредиттик саясаттарды жүргүзүү, анын ичинде керектөө бааларынын деңгээлинин өсүшүн кармоо, кризистик көрүнүштөрдүн таасирин алдын алуу жана минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү ж.б. ;
Мүмкүн болуучу макроэкономикалык тобокелдиктер:
- тышкы экономикалык жана санкциялык тобокелдиктердин күчөшү;
- тышкы суроо-талаптын төмөндөшү жана соода шарттарынын начарлашы:
негизги соода өнөктөштөр болгон өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн жайлашы Кыргыз Республикасынын экспортуна суроо-талапты басаңдатат;
тышкы коньюнктуранын начарлашы экономикалык активдүүлүктүн начарлашына алып келиши мүмкүн;
- финансы рынокторундагы тобокелдиктер жана карыз алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги:
дүйнөлүк финансы рынокторундагы кырдаалдын начарлашы тышкы каржылоону тартууну кыйындатышы мүмкүн;
карыз алуу наркы өсүшү мүмкүн, бул карыздык жүктү жана карызды тейлөөгө чыгымдарды көбөйтөт;
- инвестициялардын агымынын жана акча которуулардын кыскарышы:
ишкердик ишенимдин начарлашы, жогорку глобалдык белгисиздик, капитал үчүн атаандаштык жана геосаясий тобокелдиктер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук чет өлкөлүк инвестициялардын агымын чектөөгө алып келиши мүмкүн. Региондогу чыр-чатактар жана кризистер капиталдын наркын, камсыздандыруу жана логистикалык чыгымдарды жогорулатат, ошондой эле инвесторлордун сактыгын күчөтөт;
эмгек мигранттары баруучу өлкөлөрдө миграциялык саясаттын катаалдашы, макроэкономикалык кырдаалдын туруксуздугу, ошондой эле Россия Федерациясында бюджеттик эрежени сактоонун күчөтүлүшү акча которуулардын көлөмүнүн басаңдашы/азаюу тобокелдиктерин жаратат (рублдин начар же туруксуз курсу Кыргыз Республикасында алуучулар үчүн түшүүчү каражаттардын реалдуу наркын төмөндөтөт), бул ички суроо-талапка басым көрсөтүшү жана керектөө активдүүлүгүнүн өсүшүн жайлатышы мүмкүн;
- экономиканын түзүмдүк өзгөчөлүктөрү:
керектөө рыногунун импортко жогорку көз карандылыгы баалардын тышкы таасирлерине жана валюталык өзгөрүүлөргө карата аялуулукту сактайт;
экономиканын чектелген диверсификациясы жана айрым секторлордун жогорку үлүшү экономикалык өсүштүн туруксуздугу тобокелдиктерин жаратат;
- суроо-талаптын ашыкча жогорулашынын жана экономикадагы дисбаланстардын тобокелдиктери:
эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү чектелген учурда калктын кирешелеринин тез өсүшү инфляциялык басымдын күчөшүнө алып келиши мүмкүн;
чектелген өндүрүштүк мүмкүнчлүктөрдө ички суроо-талаптын кеңейиши импортко көз карандылыкты күчөтөт;
- климаттык жана суу-энергетикалык тобокелдиктер:
суу ресурстарынын тартыштыгы, кургакчылык мезгили жана кардын катмарынын деңгээлинин төмөндөшү айыл чарбасына жана гидроэнергетикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн – түшүмдүүлүктүн төмөндөө тобокелдиктери, азык-түлүккө баанын өсүшүнүн жана энергия менен камсыздоодо чектөөлөр;
азык-түлүккө жана чийки зат товарларына баалардын өзгөрмөлүүлүгү – азык-түлүккө жана энергетикалык ресурстарга дүйнөлүк баалардын өзгөрүшү, ошондой эле жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы инфляциялык басымды жана ички рынокто белгисиздикти күчөтүшү мүмкүн;
- инфляциялык процесстердин инерциясы жана инфляциялык күтүүлөр:
өткөн жылдарда топтолгон инфляциялык факторлордун таасири (чыгашалардын, тарифтердин, импорттук баалардын өсүшү) сакталууда, алар орто мөөнөттүү мезгилде экономикага таасирин улантат.
Ошентип белгисиздиктин деңгээли жогору бойдон калууда жана тышкы экономикалык жана геосаясий факторлордун таасири өлкөнүн экономикалык түзүмүнө, тышкы сооданын мүнөзүнө, туруктуулукту сактоо жана өзгөргөн шарттарга адаптациялоо үчүн көрүлгөн чараларга жараша айырмаланат.
Мындай шарттарда эл аралык финансылык институттар орточо өсүш темптеринин жана тышкы таасирлерге жогорку сезгичтиктин сакталышында дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн көп багыттуу мүнөзүн белгилейт.
ДБ жана ЭВФ баалоосуна ылайык дүйнөлүк экономиканын калыбына келүүсү уланат. Өсүү темпи акча-кредиттик саясаттын жеңилдеши, инфляциялык басымдын азайышы, кирешелердин жана ички суроо-талаптын калыбына келиши, ошондой эле дүйнөлүк жеткирүү чынжырларынын адаптацияланышы өсүшкө колдоо көрсөтөт. Муну менен бирге глобалдык өсүш тарыхый мааниден төмөн бойдон калат жана өлкөлөрдүн ортосунда бирдей эмес калыбына келүү менен мүнөздөлөт.
ДБ баалоосу боюнча дүйнөлүк экономиканын өсүш темпи 2026-жылы 2,6 %ды жана 2027-жылы 2,7 %ды түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө өсүш басаңдаган бойдон калат (1,6 %га жакын), мында АКШда андан ары басаңдоо менен 2,2 %га жакын, еврозонада – 0,9–1,2 % күтүлөт. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдө өсүш 4,0 %га жакын күтүлүүдө, мында Кытайда 2027-жылга карата 4,2 %га чейин акырындык менен басаңдашы күтүлүүдө.
ЭВФ баалоосу боюнча дүйнөлүк өсүштүн болжолу 2026-жылы 3,3 %га жана 2027-жылы 3,2 %га чейин көтөрүлгөн, ал эми глобалдык инфляция тиешелүү түрдө 3,8 %га жана 3,4 %га төмөндөгөн.
Бул шартта ЕАЭБге мүчө айрым мамлекеттерде өсүү динамикасы бирдей эмес бойдон калууда. ДБ баалоосу боюнча тиешелүү түрдө Казакстан Республикасында 2026-жылы 4,5 % жана 2027-жылы 3,9 %, Армения Республикасында – 4,9 % жана 4,7 %, Белоруссия Республикасында – 1,3 % жана 0,8 %, Россия Федерациясында – 0,8 %га жана 1,0 %га жакын деңгээлде өсүү күтүлүүдө. Мында расмий улуттук болжолдор жалпысынан бир аз жогору, муну калыбына келтирүү темптерин баалоодо айырмачылыктар чагылдырат.
Жалпысынан эл аралык институттардын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер боюнча болжолдору 2026–2027-жылдары экономикалык өсүштүн орточо, бирок оң динамикасы сакталарын көрсөтөт.
Ал эми Кыргыз Республикасына карата эл аралык баалоолор ар кандай багытта калууда. ЭВФ болжолуна ылайык (2026-жылдын марты) ИДПнын өсүшү 2026-жылы 6,1 %ды түзөт, 2027-жылы 5,8 %га чейин басаңдайт. ДБ тиешелүү түрдө 6,1 % жана 6,5 % деңгээлинде күтөт. Азия өнүктүрүү банкы (8,9 %, 2027-жылы 8,4 %га чейин басаңдоо) жана Евразия өнүктүрүү банкы (2026-жылы 9,3 %, 2027-жылы 7,5 %га чейин басаңдоо) жогорку баалоолорду берген.
Жалпысынан эл аралык уюмдардын болжолдору 2025-жылдагы экономикалык өсүштүн эң жогорку маанисинен кийин 2026–2027-жылдары оң динамика сакталат деген күтүүгө дал келет. Консервативдик мамилелерге жана цифралардагы айырмачылыктарга карабастан дүйнөлүк финансы институттарынын жалпы тыянагы бирдей – Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу оң траекторияны сактап калууда.
Глобалдык тенденцияларды, иш жүзүндөгү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү, тармактык органдардын жана региондордун маалыматтарын, ошондой эле тышкы жана ички факторлордун жыйындысын эске алуу менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн болжолдуу параметрлери түзүлдү.
2026-жылы жана орто мөөнөттүү келечекте (2027–2031-жылдар) Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүш темпи потенциалдуудан (6,0–6,5 %га жакын) жогору бойдон калуусу күтүлүүдө. Туруктуу өсүш траекториясын түзүү Кыргыз Республикасын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган төрт негизги өнүктүрүү векторун ишке ашыруу аркылуу, индустриялаштыруу, региондук хабды түзүү, айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук жана көз карандысыздык («Жашыл энергетика») камсыз кылуу аркылуу жетишилет.
4-глава. 2026-жылы күтүлүүчү макроэкономикалык көрсөткүчтөр
2026-жылы мамлекеттик экономикалык саясаттын негизги артыкчылыгы болуп макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана сакталып турган тышкы белгисиздиктин шарттарында тең салмактуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу саналат. Өзгөчө көңүл экономиканын тышкы таасирлерге туруктуулугун жогорулатууга, алдын алуучу экономикалык чөйрөнү түзүүгө жана финансылык туруктуулукту чыңдоого, анын ичинде инфляциялык процесстерди жана баанын туруктуулугун кармоо боюнча чараларды ишке ашырууга бурулат. Максаттуу багыттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 39-т тескемеси менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы кабыл алынган, алар экономикалык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, өндүрүштүк жана инвестициялык потенциалды өнүктүрүүгө, жашоо-тиричиликти камсыз кылуу системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылууга, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле социалдык милдеттенмелерди өз убагында аткарууга жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарына жетишүүгө багытталган өз ара байланышкан чаралардын комплексин жүргүзүүнү камтыйт.
2026-жылы экономикалык өсүш 108,7 %, ИДПнын номиналдык көлөмү 2 352,7 млрд сом деңгээлинде, ал эми алтынды эсепке албаганда –109,6 % деңгээлинде күтүлүүдө. 2026-жылы күтүлүүчү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:
7-таблица
ИДПны түзгөн тармактар боюнча түзүм жана өсүш темптери
(өсүш темптери КДН боюнча берилген)
Көрсөткүчтөр | 2025-жыл, алдын ала факт | 2026-жыл, күтүлүүчү | |||||
млн сом | өсүү темпи, % менен | ИДПга карата, % менен | млн сом | өсүү темпи, % менен | ИДПга карата, % менен | ИДПнын өсүшүнө салым-дын үлүшү, п.п. | |
ИДП | 1976389,4 | 111,1 | 100,0 | 2352678,7 | 108,7 | 100,0 | 8,7 |
Өнөр жай | 351192,7 | 110,7 | 17,7 | 406188,8 | 105,2 | 17,3 | 0,93 |
Айыл чарба | 158100,0 | 102,2 | 8,0 | 174606,4 | 103,7 | 7,4 | 0,30 |
Курулуш | 171709,4 | 121,1 | 8,7 | 229341,1 | 123,1 | 9,7 | 2,01 |
Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү | 1011647,5 | 110,9 | 51,2 | 1193123,9 | 108,2 | 50,7 | 4,20 |
Продукцияга таза салыктар | 283739,8 | 112,1 | 14,4 | 349418,5 | 108,5 | 14,9 | 1,22 |
Экономиканын секторлорунда өсүш төмөнкүдөй бааланат: айыл чарбасында – 3,7 %га, өнөр жайда – 5,2 %га, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө – 8,2 %га, курулушта – 23,1 %га.
Айыл чарба, токой чарба жана балык чарбасында продукцияны дүң чыгаруу 2026-жылы 507,7 млрд сом өлчөмүндө, ал эми реалдуу өсүш темпи 3,7 % деңгээлинде күтүлүүдө. Өсүш өсүмдүк өстүрүүдө 4,0 %га жана мал чарбасында 3,5 %га өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Тармакты өнүктүрүү өндүрүшкө дем берүүгө, агрардык сектордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана туруктуулукту жогорулатууга багытталган мамлекеттик колдоо чараларын үзгүлтүксүз ишке ашыруу менен колдоого алынат.
Атап айтканда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 36-т тескемеси менен бекитилген, «Айыл чарбасын каржылоо – 14» программасынын алкагында «Айыл Банк» ААКтын жана «Элдик Банк» ААКтын катышуусу менен кредиттөөнүн жалпы көлөмү 5,4 млрд сом жеңилдетилген кредиттерди берүү каралган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 120-т тескемеси менен бекитилген, ислам принциптери боюнча жеңилдетилген кредиттөө, лизинг жана каржылоо каралган, каржылоо көлөмү 2026-жылы 5,1 млрд сом «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашыруу улантылат.
Кошумча тармакты түзүмдүк өнүктүрүүгө багытталган чаралар ишке ашырылат, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 185-т тескемеси менен бекитилген, чакан товардык өндүрүштү кеңейтүүгө багытталган, каржылоо көлөмү 1,0 млрд сом өлчөмүндөгү «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо-2» долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 105-т тескемеси менен бекитилген, жогорку азыктуу асыл тукум малды сатып алууну колдоого багытталган, каржылоо көлөмү 1,2 млрд сом өлчөмүндөгү «Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү» долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 191-т тескемеси менен бекитилген, сорт алмаштырууну жана сортту жаңылоону жүргүзүүнү камсыз кылуучу, каржылоо көлөмү 100,0 млн сом өлчөмүндөгү «Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү» долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 115-т тескемеси менен ишке ашыруу тартиби бекитилген, эт кластери субъекттерине жеңилдетилген кредит берүүнү караган, каржылоо көлөмү 1,5 млрд сом «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды өнөр жайлык бордоп семиртүү негизинде эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор» долбоору.
Ошону менен бирге, суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 230-т тескемеси менен бекитилген сугаттын сууну үнөмдөөчү технологияларын киргизүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга бюджеттик кредит түрүндө 500 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул чаралар сугат жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жана агрардык секторду туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 135-т тескемеси менен бекитилген сезондук талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө жана климаттык тобокелдиктерди азайтууга багытталган чаралар ишке ашырылууда.
Айыл чарба өндүрүшүнүн түзүмүн тактоону эске алуу менен 2026-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1 250,0 миң гектарды түзөт.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясын өндүрүүнүн өсүшү негизинен негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен күтүлүүдө, анын ичинде:
- дан эгиндери – түшүмдүүлүктүн 28,4 ц/гадан 31,7 ц/га чейин өсүшүнүн эсебинен 12,5 %га, бул унга жана нан азыктарына ички керектөөнү ата мекендик чийки заттын эсебинен канааттандырууга жана импортко көз карандылыкты азайтууга көмөктөшөт;
- кант кызылчасы – себүү аянттарын кеңейтүүнүн жана түшүмдүүлүктүн жогорулашынын эсебинен 67,0 %га өсүүсү, бул кант өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, импорттук көз карандылыкты кыскартууга жана кайра иштетүүчү кубаттуулуктарды жүктөөгө өбөлгө түзөт;
- май өсүмдүктөрү – айдоо аянтын 2,3 миң га чейин көбөйтүүнүн эсебинен 22,9 %га, бул өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки зат базасын кеңейтүүгө жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Өз кезегинде 2026-жылы мал чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү 3,5 %ды деңгээлинде күтүлүүдө жана бул айыл чарба жаныбарларынын санын көбөйтүү, алардын өнүмдүүлүгүн жогорулатуу жана жагымдуу эпизоотиялык кырдаалды сактоо менен жетишилет.
Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейинки мезгилде 20 жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлбөгөн айыл чарба каттоосун өткөрүү мал чарбачылыгы тармагын өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүчү кошумча фактор болуп саналат. Анын жыйынтыгы боюнча мал башынын саны, мал чарбасынын түзүмү жана ресурстук базасы жөнүндө актуалдуу маалыматтар алынат, бул секторду өнүктүрүүнүн параметрлерин тактоого, кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүн жогорулатууга жана мамлекеттик колдоонун даректүү мүнөзүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Жалпысынан, экономикалык өсүү темптерине айыл чарбасынын тийгизген таасири нейтралдуу катары бааланып, 0,30 пайыздык пунктту жана ИДПнын түзүмүндө тармактын үлүшү 7,4 %ды түзөт.
Өнөр жай секторунда 2026-жылы жалпысынан дүң өндүрүштүн 4,8 %га, алтынды эсепке албаганда 11,2 %га өсүшү күтүлүүдө.
Иштетүү өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү төмөнкүлөрдүн эсебинен күтүлүүдө:
- иштеп жаткан алтын казып алуу ишканаларынын туруктуу иштешинин эсебинен. Ошол эле учурда 2026-жылы Кумтөр кенинде негизги металлды өндүрүүнүн көлөмүн 8,9 %га, Жерүй жана Талды-Булак Сол жээк кендеринде 18,5 %га төмөндөшү пландалууда. Бул алтындын курамы жогору болгон участоктордун түгөнүшү, жакыр рудаларды иштетүүгө өтүү жана тоо-кен геологиялык шарттарынын татаалдашына байланыштуу кыртыш ачуу иштеринин көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталган;
- «Эти Бакыр Терексай» ишканасында негизги металл өндүрүүнүн күтүлүп жаткан өсүшү. Мындан тышкары өсүштү колдоочу кошумча фактор болуп тоо-кен өндүрүшүндө жана чийки затты алгачкы кайра иштетүүдө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу саналат. Алсак, Нарын районундагы Солтон-Сары жана Миң-Булак участокторунда алтын жууган завод жана инфраструктуралык объекттер, анын ичинде калдык сактоочу жай курулууда. Долбоорду «Авелум Партнер» ЖЧКсы ишке ашырууда, анын жалпы инвестициясы болжол менен 525,0 млн сомду түзөт. Жылына 300 миң тоннага чейин руданы кайра иштетүү пландалууда, бул кайра иштетүү боюнча жергиликтүү кубаттуулуктарды олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет;
- кластердик ыкманы киргизүүнүн, кошумча нарк чынжырчасын фермерден тартып агрегаторго чейин бириктирүүнүн эсебинен 2026-жылы продукттарды (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын өндүрүүнүн көлөмүн 15 %га көбөйтүү. Ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, өндүрүштү модернизациялоо, сүт, эт, жашылча-жемиш азыктарын кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда. Долбоорлорду каржылоонун жалпы көлөмү 6,2 млрд сом өлчөмүндө бааланган. Жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүү ата мекендик өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт;
- мунай затты кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоонун жана кубаттуулуктарын кеңейтүүнүн, мотор отунун жана газойлдорун өндүрүүнү көбөйтүүнүн, чийки зат менен камсыздоону диверсификациялоонун эсебинен мунай зат продуктуларын өндүрүүнүн көлөмүн 10,0 %га көбөйтүү. «Чайна Петролеум Компани Джунда» ЖЧКсынын мунай затты кайра иштетүүчү заводун модернизациялоонун алкагында жалпы курулуш иштери 80 %га аяктады, негизги агрегаттардын нөлдүк циклинин, аянтчадан тышкаркы эстакадалардын жана негизги имараттардын курулушу аяктады. Отканада, көмөкчү жайларда, конденсатты тазалоочу жана вакуумдук дистилляциялык агрегаттарда иштер улантылууда. Жабдууларды жана металл конструкцияларын орнотуу графикке ылайык жүрүп жатат, өткөргүч түтүктөрдүн даярдыгы 70 %га жетти. Модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтүүгө, кайра иштетүүнүн технологиялык деңгээлин жогорулатууга жана чыгарылуучу продукциянын ассортиментин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет;
- негизги өндүрүштүк объекттерди ишке киргизүүнүн жана кеңейтүүнүн эсебинен текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмүнүн 12,0 %га өсүшү. Чүй облусунун Токмок шаарында «Анур» ЖЧКсынын суткасына 5 тонна өндүрүштүк кубаттуулугу менен текстиль фабрикасын, ошондой эле биринчи этапта жылына 500 тоннага чейин өндүрүүчү «Алдос Текстиль» фабрикасын ишке киргизүү пландалууда. «Тумар арт групп» ЖЧКсы табигый буланы кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө салым кошо турган, күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштетүүгө жөндөмдүү кийиз цехин ишке киргизүүдө. Бут кийим жана булгаары өндүрүшүндө алгачкы этапта «Бишкек» ЭЭАнын Аламүдүн районундагы «Энджи Баллет Ворлд КГ» ЖЧКсынын өндүрүштүк кубаттуулугу айына 15 миң жуп бут кийим чыгаруучу ишканасын, ошондой эле Чүй облусунун Нурманбет айылындагы «Асыл Тери» ЖЧКсынын суткасына 24 тоннага чейин материалды кайра иштетүү боюнча булгаары заводун ишке киргизүү каралган. Көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу тармактын өндүрүштүк потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ички рынокто ата мекендик продукциянын үлүшүн көбөйтүүгө жана Кыргыз Республикасынын текстиль жана булгаары өнөр жайынын экспорттук потенциалын бекемдөөгө мүмкүндүк берет;
- ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулуктарын өстүрүүнүн («Автомаш-радиатор» ЖЧКсы, «ДТ-Техник» ЖЧКсы («Тулпар Моторс» заводу), «Желмаян» ЖЧКсы ж.б.), ата мекендик курамдагы жеңил жана жүк автомобилдерин чыгарууну көбөйтүүнүн, автотранспорт каражаттарынын моделдерин чыгарууну кеңейтүүнүн, ошондой эле улуттук автомобилдерге жана коммерциялык транспортко суроо-талапка түрткү берүүчү автокредиттөөнүн мамлекеттик программасын жана жеңилдетилген каржылоону ишке ашыруунун эсебинен;
- 23,1 %га олуттуу өсүш күтүлүп жаткан курулуш секторунун активдешүүсүнөн, ошондой эле ички суроо-талаптын кеңейүүсүнөн улам курулуш материалдарын өндүрүүнүн 16,0 %га өсүшү. «Гласс Центр» ЖЧКсы жылына 144 миң м² долбоордук кубаттуулуктагы жылуулоочу айнек пакеттерин жана алюминий конструкцияларын өндүрүүнү көбөйтүүсү күтүлүүдө. Бетон жана кирпич заводдорун, анын ичинде Ош шаарында, Баткен облусунда жана Таш-Көмүр шаарында суткасына 50 миңден 150 миңге чейин кирпич чыгарууну камсыз кылуучу жаңы объекттерди куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Долбоордук кубаттуулугу айына 55 миң м² болгон «Эко Стоун» ЖЧКсында мрамор жана акиташ ташты кайра иштетүүнү өнүктүрүү да пландалган. Кошумча Кемин районундагы «Юг Евро Цемент» ЖЧКсы, «Шанфен ЗЭТ Цемент» ЖЧКсы сыяктуу ишканаларда жана башка ири өндүрүшчүлөрдө долбоордук кубаттуулукка жетүү менен цемент, клинкер жана башка курулуш материалдарын өндүрүүнү көбөйтүү пландалууда.
Көмүр казып алуунун 5,7 %га, чийки мунай зат жана жаратылыш газын 6,5 %га, металл рудаларын 9,7 %га, башка пайдалуу кендерди казып алуунун 15,6 %га өсүшүнүн эсебинен пайдалуу кендерди казып алуу көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө. Металл рудаларын казып алуу бул тармактын эң чоң үлүшүн (70 %дан ашык) түзөт.
Электр энергиясын иштеп чыгуу, аны берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн көлөмүн эске алуу менен, ошондой эле газ өндүрүүнүн жана газ түрүндөгү отундарды газ менен камсыздоо системалары аркылуу бөлүштүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 2026-жылы электр энергиясы, газ, буу жана абаны кондициялоо менен камсыз кылуунун 6,2 %га көбөйүшү күтүлүүдө. Жалпы кубаттуулугу 968,63 МВт болгон кайра жаралуучу энергиянын долбоорлорун ишке киргизүү пландалууда, анын ичинде чакан ГЭСтер – 80,63 МВт, күн электр станциялары – 850 МВт, шамал электр станциялары – 20 МВт, Үч-Коргон ГЭСи реконструкциялангандан кийин 18 МВт. Электр энергиясын өндүрүү 2025-жылдагы 15,4 млрд кВт саатка салыштырмалуу 2026-жылы 15,9 млрд кВт саат пландалган. Экономиканын тармактарынын жана калктын керектөөлөрүн толук канааттандыруу үчүн 4 148,0 млн кВт саат көлөмүндө электр энергиясынын жетишпеген көлөмүн импорттоо пландалууда.
2026-жылы «100 өнөр жай ишканасы – 2026» программасынын алкагында өнөр жай өндүрүшүн кеңейтүүгө жана 11 миңден ашык жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү 113 өнөр жай объекттерин ишке киргизүү пландалууда.
Өнөр жай секторунун экономиканын өсүү темпине таасири 0,93 пайыздык пунктка бааланып, анын ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 17,3 %ды түзөт.
Курулуш секторунда 2026-жылы курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмүнүн реалдуу өсүү темпи 123,1 %ды түзөрү күтүлүүдө жана капиталдык салымдардын 33,1 %га күтүлгөн өсүшүнүн эсебинен 585,7 млрд сомду түзөт.
Курулуш секторунун өсүшүнө түрткү берүүчү негизги факторлор болуп ички жана тышкы каржылоо булактарынан капиталдык салымдардын көбөйүшү саналат.
Каржылоонун ички булактарынын эсебинен капиталдык салымдардын жалпы көлөмү төмөнкүлөрдүн эсебинен 453,0 млрд сомду түзүүсү күтүлүүдө:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан 27 680,0 млн сом каралган, анын ичинде:
Ысык-Көл облусунда Барскоон – Бедел автожолунун курулушуна – 17 680,0 млн сом;
социалдык-экономикалык жана стратегиялык объекттерди курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого – 10 000,0 млн сом.
Туруктуу инвестиция агымын камсыз кылуу жана инфраструктуралык милдеттерди ишке ашыруу үчүн кошумча механизмдер каралган:
мамлекеттик карыз алуу: объекттерди курууну, капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону каржылоого бөлүнгөн 30 000,0 млн сом суммасында мамлекеттик казына облигацияларынын кошумча чыгарылышы;
турак жай секторун стимулдаштыруу: «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКты капиталдаштыруу 709,4 млн сомду түзөт, бул «Менин үйүм» жеткиликтүү турак жай программасын улантууга жана турак жай курулушун көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Турак жай куруу программасынын алкагында 2026-жылы 29 473 батирди пайдаланууга берүү пландалууда, каржылоонун жалпы көлөмү 134,7 млрд сомду түзөт;
- төмөнкү негизги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин каражаттары 16,3 млрд сом өлчөмүндө күтүлүүдө, анын ичинде Бишкек шаары боюнча:
Бишкек шаарынын саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын реконструкциялоого жана модернизациялоого – 4 907,0 млн сом;
«Бишкек шаарынын 9-кичи районунда заманбап кичи базарды куруу жана башкаруу» МЖӨ долбоору – 45,0 млн сом;
мурдагы «Ак-Кула» ат майданынын аймагында «РЦА Ливинг» ЖЧКсы (Вьетнам) тарабынан ишке ашырылып жаткан Royal Central Park долбоорунун алкагындагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, парк зоналары бар имараттар комплексин куруу» долбоору – 2 628,8 млн сом;
Бишкек шаарынын ЖЭБинин технологиялык каналдарынын боюнда инфраструктураны реконструкциялоо жана аймактын коопсуздугун жогорулатуу менен «Парк, променад жана билим берүү-социалдык-маданий объекттери менен «Оптима» турак жай комплексин куруу» долбоору («Оптима» курулуш компаниясы, Кыргыз Республикасы) – 200,0 млн сом;
«Бишкек шаарындагы турак жай жана коммерциялык объекттерди курууга, реконструкциялоого жана жакшыртууга инвестициялоо боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» долбоору («Инвест КейДжи Холдинг» ЖЧКсы, Россия Федерациясы) – 300,0 млн сом;
Бишкек шаарында көп функциялуу комплексти куруу (бизнес-борбор, мейманкана, соода борбору, социалдык-маданий жана окуу-агартуу комплекстери)» долбоору («Hyper Partners» ЖЧКсы, Өзбекстан Республикасы) – 5 257,8 млн сом;
- ишканалардын жана уюмдардын 195,8 млрд сом суммасындагы каражаттары, анын ичинде:
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК;
«Кыргызалтын»ААК;
мамлекеттик жана инфраструктуралык ири долбоорлор (ата мекендик ишканаларды тартуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын каражаттары):
Бишкек шаары, Ч. Айтматов көчөсү, 303/23А дареги боюнча конгресс-холду жана мейманкана объекттерин куруу;
Фучик көчөсүндө көп функциялуу шаарча куруу (Пригородное айылы);
Бишкек шаарында «Бишкек Арена» стадионун куруу;
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Достук айылында жаңы Ош базарын куруу (8 745,0 млн сом);
курулуш секторуна таасир этүүчү өнөр жай долбоорлору (2026-жылы ишке киргизүү), анын ичинде (кыйла ири) инфраструктураны жакшыртууга, генерациялоочу кубаттуулуктарды өнүктүрүүгө жана ЭКБ ишке киргизүүгө багытталган:
химиялык ишкананы куруу («Кыргыз жер семирткич заводу» ЖЧКсы);
5 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу («ГРК Солар Энерджи» ЖЧКсы);
Баткен облусунун Ак-Татыр айылында күн электр станциясын куруу («Ак-Татыр Энержи» ЭКБ);
Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу («РЭЦА» ЖЧКсы);
Чүй облусунун Манас айылында логистикалык борбордун курулушу («Манас Моторс»);
каржылоонун жалпы көлөмү болжол менен 7,5 млрд сом өлчөмүндө жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон 13 чакан ГЭСти куруу жана ишке киргизүү (азыркы учурда 13 чакан ГЭСтин ичинен 3 объект ишке киргизилген);
«Кыргыз темир жолу УК» МИ тарабынан инвестициялар – 8,6 млрд сом;
тиешелүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында «Ала-Тоо Резорт» ААКтын финансылык ресурстары;
«Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын долбоорлору бир катар стратегиялык объекттерди ишке ашырууну карайт, анын ичинде:
жаңы аэропортторду жана аэровокзалдарды куруу: «Ош» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин имаратын куруу (921,4 млн сом), «Жалал-Абад» эл аралык аэропортун куруу (1 500,0 млн сом), «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексин куруу (2 551,9 млн сом);
ири инфраструктуралык объекттерди куруу: «Манас» эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү парковка (624,8 млн сом), «Ысык-Көл» аэропортунда өрт өчүрүү депосу (77,6 млн сом);
иштеп жаткан аэропортторду реконструкциялоо жана модернизациялоо: «Манас» аэропортун кеңейтүү (2 967,2 млн сом), «Манас-2» аэропортун реконструкциялоо (541,1 млн сом), «Ош» эл аралык аэропортунун аэродромун реконструкциялоо (1 092,6 млн сом), «Каракол» эл аралык аэропортунун жасалма учуу-конуу тилкесин 3 750 метрге узартуу (815,3 млн сом);
- калктын каражаттарын капиталдаштыруу 106,9 млрд сом көлөмүндө күтүлүүдө.
Тышкы каржылоо булактарынын эсебинен капиталдык салымдардын жалпы көлөмү төмөнкүлөрдүн эсебинен 87,8 млрд сом деңгээлинде күтүлүүдө, анын ичинде:
- чет өлкөлүк кредиттер, гранттар жана гуманитардык жардам – 56,0 млрд сом, анын ичинде:
мамлекеттик инвестициялардын бюджетинин каражаттары – 44,6 млрд сом, анын ичинен гранттар – 12,9 млрд сом (29,0 %), кредиттер – 29,2 млрд сом (65,5 %) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кош каржылоосу – 2,5 млрд сом (5,5 %). Каржылоонун эң ири көлөмдөрү төмөнкүлөргө каралган:
транспорт секторунда төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен 8,4 млрд сом (бардык мамлекеттик инвестициялар 18,9 %): Суусамыр–Талас–Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км (1,9 млрд сом – АКТ, ИӨБ); Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо (Корумду–Балбай Баатыр), 104–184,5 км (2,5 млрд сом – АКТ, ИӨБ, СӨФ, АЭӨКФ, ОПЕК); БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, бириктирүүчү жол (44,2 млн сом – АӨБ); БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, бириктирүүчү жол, 2-фаза – Кошумча каржылоо (87,2 млн сом – АӨБ); Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу (Барскоон–Каракол участогу) (2,1 млрд сом – АӨБ, ЕРӨБ); Борбордук Азиядагы региондук каттамдарды жакшыртуу боюнча программасы үчүнчү фазасы (РКЖП БА-3) (260,8 млн сом – ДБ); эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу (297,9 млн сом – JICA) ж.б.;
энергетика тармагында (бардык мамлекеттик инвестициялар 17,9 %ын түзгөн) 8,0 млрд сом өлчөмүндө төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга багытталат: «Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү» (2,7 млрд сом – ЕТӨФ); «Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун экинчи фазасы» (297,5 млн сом – ЕТӨФ, АӨБ); «Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун үчүнчү фазасы» (357,2 млн сом – АӨБ); «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» (1,4 млрд сом – АӨБ); ЭКБ өнүктүрүү (1,0 млрд сом – ДБ, ЖКФ) жана башкалар;
саламаттык сактоо системасынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлор, анын ичинде:
Бишкек шаарында мамлекеттик балдардын медициналык тез жардам ооруканасын куруу (30,0 млн АКШ доллары, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда). Азыркы учурда курулуш иштери 90 %га ишке ашырылган;
Талас шаарында перинаталдык борбор куруу (3,4 млн евро, KfW тарабынан каржыланууда). Башкы подрядчы – «Нак Строй» ЖЧКсы). Азыркы учурда курулуш иштери 40 %га аткарылган. Курулушту 2026-жылдын декабрь айында аяктоо пландалууда;
Ош шаарында перинаталдык борбор куруу (9,4 млн евро, KfW тарабынан каржыланууда). Курулуш иштерин China Road корпорациясы жүргүзүүдө;
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын куруу (27,0 млн АКШ доллары) EDCF тарабынан каржыланууда;
- чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн 31,8 млрд сомго чейин көбөйтүү, анын ичинде:
«KAЗ Минералз Бозымчак» ЖЧКсы (1,5 млрд сом);
«ЧААРАТ ЗААВ» ЖАК (2,6 млрд сом);
«Альянс Алтын» ЖЧКсы (8,0 млрд сом);
«Фул Голд Майнинг» ЖЧКсы (8,8 млрд сом);
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы (0,9 млрд сом) ж.б.
Экономиканы капиталдаштыруу көлөмдөрүн эске алып, 2026-жылы курулуштагы дүң продукциянын жалпы көлөмү 585,7 млрд сом деңгээлинде күтүлүүдө жана 2025-жылга салыштырмалуу 23,1 %га өсөт.
Курулуш секторунун экономикалык өсүш темпине оң салымы 2,01 пайыздык пункт деңгээлинде бааланып, ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 9,7 %ды түзөт.
Кызмат көрсөтүүлөр секторунда 2026-жылы өсүү темпи 108,3 % деңгээлинде күтүлүүдө. Мында дүң-чекене соода жүгүртүү – 14,7 %га, транспорт иши жана жүк ташуу 3,5 %га, мейманкана жана ресторан чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр 13,5 %га, ошондой эле маалымат жана байланыш кызматтары 4,3 %га өсүшү күтүлүүдө.
Кызмат көрсөтүүдө жогорку өсүү темптери төмөнкү факторлор менен шартталат:
- калктын акчалай кирешелеринин көбөйүшүнүн жана онлайн сооданын кеңейишинин эсебинен керектөө суроо-талабынын туруктуу өсүшү, бул ички рыноктун кеңейишин жана чекене соода жүгүртүүнүн өсүшүн камсыз кылат;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүшү жана санариптик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн кеңейиши байланыш, финансы технологиялары, онлайн-билим берүү жана телемедицина секторлорунун өсүшүнө өбөлгө түзөт;
- авиациялык инфраструктураны модернизациялоонун эсебинен авиакаттамдардын жыштыгынын көбөйүшү («Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо, Каракол, Манас, Ош, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көл облусундагы аэропортторду өнүктүрүү) жүргүнчүлөр агымынын өсүшүнө, учуу коопсуздугунун жогорулашына, авиаташуулардын географиясынын кеңейишине жана туризмдин өнүгүшүнө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт;
- ресторандар жана мейманканалар тармагынын кеңейиши, ошондой эле тейлөө сапатынын жогорулашы туристтик агымдын өсүшүн, көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмүнүн көбөйүшүн, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жумуш менен камсыз болуунун жогорулашын жана туризмден түшкөн кирешелердин өсүшүн камсыз кылат;
- транспорттук жана логистикалык инфраструктураны, транспорт коридорлорун өнүктүрүү жана автомобиль жолдорун куруу менен реабилитациялоонун, соода-логистикалык борборлорду кеңейтүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын региондогу транзиттик ролунун жогорулашы жүк ташуулардын көлөмүн жана экспорттук-логистикалык кызматтарды кеңейтет;
- 2026-жылы жаңы өндүрүштүк жана логистикалык объекттерди, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайындагы 75 ишкананы жана 8 соода-логистикалык борборду куруу жана ишке киргизүү (маалымат үчүн: учурда бүтүндөй Кыргызстан боюнча 40 соода-логистикалык борбор иштейт), бул электрондук коммерциянын өнүгүшүнө, жумуш орундарын түзүүгө жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшүнө өбөлгө түзөт;
- Ысык-Көл облусундагы «Тосор» эл аралык спорт комплексин куруу, ошондой эле «Бишкек Арена» стадионун куруу спорттук туризмди өнүктүрүүгө, эл аралык иш-чараларды тартууга жана өлкөнүн спорттук инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзөт;
- The New York Times тарабынан түзүлгөн 2026-жылдагы саякаттоо үчүн мыкты багыттардын эл аралык туристтик рейтингине Кыргызстандын киргизилиши өлкөнүн таанымалдыгын жогорулатат жана чет өлкөлүк туристтердин агымын көбөйтөт;
- 2026-жылы ири эл аралык иш-чаралардын, анын ичинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин) жана саммиттин (ШКУ (2026-жылдын 30-августу) өтүшү мейманкана, транспорт жана ресторан кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон суроо-талапты жогорулатат.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн экономикалык өсүшкө оң салымы эң жогорку деңгээлде болуп, 4,20 п.п. деңгээлинде бааланат, ал эми ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү салыштырма салмагы 50,7 %ды түзөт.
2026-жылы жогорку инфляциялык басымдын сакталышы күтүлүүдө. Жыл жыйынтыгы боюнча инфляциянын деңгээли бардык факторлорду эске алуу менен 5–7 %дык максаттуу көрсөткүчтөн ашат жана эки орундуу маанинин деңгээлинде бааланат.
Инфляциянын деңгээли төмөнкү факторлордун таасири астында калыптанат:
Ички факторлор:
- ички рыноктун импортко көз карандылыгы, азык-түлүк товарларына (жемиштерге, жашылчаларга) болгон баалардын сезондук өзгөрүшү;
- 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга жана тамеки буюмдарына акциздик салыктын ставкаларынын 2029-жылга чейин этап-этабы менен көбөйтүп (алкоголь үчүн литрине 200 сом) жогорулатылышы каралган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык мында алкоголдук продукцияга акциздик салыктын ставкалары 2026-жылдын 1-январынан тартып 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде этап-этабы менен көбөйтүү каралган);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2025–2030-жылдарга орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык май айында электр энергиясына тарифтердин жыл сайын жогорулатылышы;
- жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтердин жыл сайын кайра каралышы;
- алмашуу курсунун өзгөрүшүнө жараша жаратылыш газына тарифтердин ай сайын кайра каралышы;
- жалпы суроо-талапты күчөтүүгө дем берүүчү, 2026-жылдын апрель жана сентябрь айларында эмгек акыны эки этап менен жогорулатууну кошо алганда бюджеттик чыгымдардын көбөйүшү;
- 2026-жылдын 25-февралынан тартып негизги тоннелдер (Бишкек – Ош стратегиялык автомагистралындагы тоннелдер (негизги түштүк магистралы) жана Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолундагы Көк-Арт тоннели) аркылуу өтүүгө төлөмдүн киргизилиши, бул транспорттук чыгымдарды көбөйтөт жана керектөө бааларына басым көрсөтөт;
- калк менен ишканалардын инфляциялык күтүүлөрүнүн сакталышы.
Тышкы факторлор:
- региондогу түшүмдүүлүккө, азык-түлүк сунушуна жана агрардык рыноктордогу баа кырдаалына таасир этиши мүмкүн болгон климаттык жана аба ырайынын тобокелдиктери, соода чектөөлөрүнүн таасири астында азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалардын өзгөрүшү, суроо-талаптын жана геосаясий туруксуздуктун өзгөрүүсү. 2026/27-айыл чарба жылында дүйнөлүк дан өндүрүшүнүн төмөндөшү:
ЭДКнын маалыматы боюнча, дүйнөлүк дан өндүрүшүнүн 2,0 %га төмөндөшү айдоо аянттарынын кыскарышы жана энергетикалык, логистикалык тобокелдиктердин шартында түшүмдүүлүктүн азайышы менен шартталган. Ормуз кысыгынын аймагындагы кырдаал кошумча таасир этүүдө, ал жер семирткичтердин бааларынын өсүшүнө жана Азия менен Африканын бир катар өлкөлөрүндө аларды себүү ченемдеринин кайра каралышына алып келет;
ФАОнун маалыматы боюнча, дүйнөлүк буудай өндүрүшү дээрлик 3,0 %га (810 млн тоннага чейин) төмөндөйт, бул ЕБ, АКШ жана Россия Федерациясында баалардын төмөн болушунун шартында айдоо аянттарынын кыскарышы, ошондой эле өткөн жылдагы рекорддук деңгээлден кийин түшүмдүүлүктүн нормалдашуусу менен шартталган. Төмөндөө жарым-жартылай Индияда, Пакистанда жана Кытайда өндүрүштүн туруктуу же жогорку деңгээли менен компенсацияланат;
Россия Федерациясында 2026/27-айыл чарба жылында буудай өндүрүшүнүн 85,4 млн тоннага чейин (90,3 млн тоннага салыштырмалуу) төмөндөшү агрометеорологиялык жагымсыз шарттар, анын ичинде жаан-чачындын тартыштыгы жана топуракта нымдын топтолушунун начарлашы, ошондой эле өткөөл запастардын кыскарышы менен байланыштуу;
Казакстан Республикасында 2026/27-айыл чарба жылында буудай өндүрүшүнүн 15,3 млн тоннага чейин (19,3 млн тоннага салыштырмалуу) төмөндөшү экспорттук потенциалды чектейт, анын натыйжасында экспорт 9,8 млн тонна деңгээлинде (10,6 млн тоннага салыштырмалуу) болжолдонууда.
- Россия Федерациясында (20 %дан 22 %га чейин) жана Казакстан Республикасында (16 %га чейин) КНСтин өсүшү импорттолуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулатып, импорттолуучу инфляцияны күчөтөт;
- 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Казакстан Республикасы менен автомобиль өткөрүү пункттарында товарларды күтүүнү ырастоонун Россия салык системасынын киргизилиши транзитти жайлатып, Кыргыз Республикасына импорттоо үчүн логистикалык чыгымдарды көбөйтүшү жана бааларга басым көрсөтүшү мүмкүн;
- 2026-жылдын март айында Россия Федерациясынан күн карама майына экспорттук алымдын 2,0–2,1 %га, ал эми апрель айында 1,7 эсеге жогорулашы дүйнөлүк индикативдик баалардын өсүшү жана өсүмдүк майлары рыногунда баа конъюнктурасынын күчөшү менен шартталган. Бул Кыргызстан үчүн күн карама майынын импортунун кымбатташына алып келиши мүмкүн, анткени Россия Федерациясы негизги жеткирүүчү болуп саналат. Натыйжада азык-түлүк бааларына инфляциялык басым күчөшү жана ички рынокто баалардын өзгөрмөлүүлүгүнүн жогорулашы мүмкүн;
- өндүрүш чыгымдарынын, логистикалык чыгымдардын жана чийки зат товарларынын бааларынын өсүшү: геосаясий чыңалуунун уланышы жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашынын тобокелдиктерин жаратып, транспорттук жана камсыздандыруу чыгымдарынын өсүшүнө алып келет, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал жана ага байланыштуу Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүүгө киргизилген чектөөлөр дүйнөлүк мунай зат бааларынын өсүшүнө жана финансы рыногунда өзгөрмөлүүлүккө алып келип, бул Кыргыз Республикасында керектөө бааларына кошумча инфляциялык басым көрсөтүшү мүмкүн;
- региондогу өлкөлөрдө инфляциялык басымдын күчөшү (РК – 10–13 %, РФ – 4,5–5,5 %, БР – 6–7 %).
ЭВФнын баалоосу боюнча Кыргыз Республикасында инфляция деңгээли 12,0–12,5 % чегинде болот.
Инфляциялык процесстерге терс факторлордун таасири күчөгөн жана кошумча тышкы шоктор жаралган учурда инфляциянын мааниси болжолдонгон мааниден жогору болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы баа жана финансылык туруктуулукка таасир этүүчү факторлорду туруктуу негизде баалап, кырдаалга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат.
Ички рыноктун туруктуулугун жогорулатуу жана инфляцияны ооздуктоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын ыкчам турукташтыруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынып, ага активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги № 253-т тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026–2027-жылдарга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынган, анда бааларга мониторинг жүргүзүү, импортту алмаштыруу механизмдерин өнүктүрүү, ата мекендик өндүрүштү колдоо, логистикалык чынжырларды өркүндөтүү, ошондой эле макроэкономикалык жөнгө салуу инструменттерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар камтылган.
5-глава. 2027-жылга карата макроэкономикалык болжол
§ 1. Экономикалык саясаттын негизги чаралары
Тышкы белгисиздик сакталып турган шартта макроэкономикалык саясат макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, сапаттуу жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүүгө жана экономиканын тышкы шокторго туруктуулугун жогорулатууга багытталат. Саясат экономиканын өзгөрүп жаткан тышкы шарттарга ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана түзүмдүк тең салмаксыздыктарды азайтууга багытталат.
Макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 «2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорунун алкагында жүргүзүлөт, ал өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоого, өндүрүш секторун өнүктүрүүгө жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган негизги өнүгүү багыттарын ишке ашырууга багытталган.
Туруктуу экономикалык өсүш траекториясын калыптандыруу өндүрүштүк потенциалды кеңейтүүнүн, ички ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жана өндүрүш факторлорунун өндүрүмдүүлүгүн арттыруунун эсебинен камсыз кылынат. Экономикалык өсүштүн негизин экономиканын түзүмдүк кайра түзүүлөрү, өндүрүштүк базаны модернизациялоо жана мамлекеттик экономикалык башкаруунун сапатын жогорулатуу түзөт.
Макроэкономикалык тең салмактуулукту камсыз кылууда бюджеттик-салыктык жана акча-кредиттик саясаттын алкагындагы макулдашылган аракеттери негизги ролду ойнойт. Алардын координациясы баалардын туруктуулугун, мамлекеттик финансынын туруктуулугун камсыз кылууга, ошондой эле инвестициялык жана ишкердик активдүүлүк үчүн алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон шарттарды түзүүгө багытталат.
Макроэкономикалык саясат экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарынын өз ара шайкештигин камсыз кылган комплекстүү жана координацияланган мүнөзгө ээ болот. Маанилүү элементтердин бири катары макроэкономикалык туруктуулукту инвестициялык активдүүлүктү кеңейтүү, ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү жана өлкөнүн тышкы экономикалык интеграциясын күчөтүү боюнча чаралар менен айкалыштыруу каралат.
Инвестициялык саясат экономиканын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, артыкчылыктуу секторлорго капитал агымын кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн туруктуу институттук чөйрөнү түзүүгө багытталат. Инвесторлорду коштоо боюнча санариптик механизмдерди, анын ичинде «бирдиктүү терезени» өнүктүрүү, ошондой эле жеке инвестициялык макулдашуулар практикасын өркүндөтүү административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана өндүрүшкө жана экспортко багытталган долбоорлорду тездетип ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Ишкердикти өнүктүрүү экономикалык өсүштүн негизги ички кыймылдаткычы катары каралат. Чакан жана орто ишкердикти колдоону күчөтүү, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, кепилдик жана санариптик колдоо инструменттерин өнүктүрүү ишкердик активдүүлүктү жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жеке сектордун экономикага кошкон салымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Тышкы экономикалык иш экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана экономиканы региондук жана дүйнөлүк рынокторго интеграциялоого багытталат. Экспорттук багыттарды диверсификациялоо, соода инфраструктурасын өнүктүрүү жана ата мекендик продукцияны тышкы рынокторго илгерилетүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат, бул төлөм балансынын туруктуулугун бекемдөөгө жана улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Ошентип 2027-жылдагы макроэкономикалык саясат макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылган, туруктуу өсүштү жана экономиканын түзүмдүк трансформациясын колдогон өз ара байланышкан чаралардын бирдиктүү системасы катары калыптанат.
Өнүгүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн макроэкономикалык процесстерге системалуу мониторинг жүргүзүлөт, анын ичинде максаттуу көрсөткүчтөрдөн четтөөлөрдү өз убагында аныктоо, алардын себептерин талдоо жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча оңдоочу чараларды иштеп чыгуу каралат.
Баалардын туруктуулугу макроэкономикалык туруктуулукту жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун негизги шарты болуп саналат. Ага жетишүү жагымдуу бизнес-чөйрөнү калыптандырууга, инвестициялык активдүүлүктү колдоого жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Орто мөөнөттүү келечекте акча-кредит саясаты инфляциянын 5–7 % деңгээлиндеги максаттуу диапазонуна жетүүгө багытталат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын саясатынын негизги милдети катары улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо каралат, бул узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп саналат.
Акча-кредит саясаты эсептик чен негизгиси болуп саналган инструменттердин комплексин колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. Саясаттын параметрлери тышкы экономикалык конъюнктураны, ички макроэкономикалык шарттарды жана инфляциянын болжолдуу динамикасын талдоонун негизинде калыптанат.
Тактикалык чаралар акча сунушунун тең салмактуулугун камсыз кылууга жана монетардык факторлордон келип чыккан инфляциялык басымды ооздуктоого багытталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзгөрмөлүү алмашуу курсу режимин сактоону улантат, мында улуттук валютанын курсу валюта рыногундагы суроо-талап жана сунуш шарттары менен аныкталат.
Баалардын туруктуулугуна жетүүнүн маанилүү шарттарынын бири акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясат чараларынын натыйжалуу координациясы болуп саналат. Бул макроэкономикалык чөйрөнүн туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын салык саясаты 2026–2030-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында калыптанат. Орто мөөнөттүү келечекте салык саясаты экономикалык ишти легалдаштыруунун эсебинен салык базасын кеңейтүүгө, көмүскө сектордун үлүшүн азайтууга жана мамлекет менен бизнестин кызыкчылыктарынын тең салмагын сактоо менен бюджеттин киреше потенциалын чыңдоого өбөлгө түзгөн туруктуу, адилеттүү жана инвестициялык жагымдуу салык системасын түзүүгө багытталат.
Фискалдык системанын натыйжалуулугун жогорулатуу салыктык башкарууну өркүндөтүү, милдеттенмелерди аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана фискалдык процесстердин ачыктыгын жогорулатуу аркылуу камсыз кылынат, бул ишкердик активдүүлүктүн өсүшүнө, ишкердик чөйрөнүн жакшырышына жана бюджеттик түшүүлөрдүн туруктуулугунун жогорулашына шарт түзөт.
Салык системасын мындан ары өнүктүрүү санариптик трансформацияга жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн проактивдүү моделине өтүүнү камсыз кылган интеграцияланган башкаруу экосистемасын калыптандырууга негизделет. Процесстерди автоматташтырууну кеңейтүү, ведомстволор аралык маалымат алмашууну өнүктүрүү жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жана көзөмөл функцияларын жүзөгө ашырууда операциялык кийлигишүүнү минималдаштыруу артыкчылыктуу багыт болот.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды өнүктүрүүдө орто мөөнөттүү келечекте салык саясаты ченемдик-укуктук базаны мындан ары модернизациялоого, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана экономиканын көмүскө секторун ырааттуу кыскартуу шартында ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүүгө багытталат.
Стратегиялык басым салык системасынын дем берүүчү ролун күчөтүүгө, бизнеске болгон административдик жүктү азайтууга жана салыктарды жыйноонун деңгээлин жогорулатууга жасалат.
Салык саясатынын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
- санариптик маркалоонун жана идентификациялоонун негизинде товарларга байкоо жүргүзүү системасын өнүктүрүү;
- ишкердик субъекттерин онлайн ККМди милдеттүү пайдаланууга толук өткөрүүнү аяктоо;
- ЕАЭБ алкагында навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүү механизмдерин киргизүү;
- QR-технологияларды колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү кеңейтүү;
- инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталган салыктык башкаруу механизмдерин өркүндөтүү;
- бюджеттик түшүүлөрдүн туруктуулугун жана толуктугун камсыз кылуу;
- ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоо жана ачыктыкты жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди киргизүү;
- административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана экономикалык ишти формалдаштырууга дем берүү;
- отчеттуулуктун формаларын кыскартуу жана аларды берүү мөөнөттөрүн бирдейлештирүү аркылуу салыктык отчеттуулукту оптималдаштыруу;
- ЕАЭБ алкагында маалыматтык системалардын интеграциясын өнүктүрүү жана маалымат алмашууну кеңейтүү;
- улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эл аралык тажрыйбанын негизинде башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү;
- ата мекендик ак ниет өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды коргоо боюнча чараларды күчөтүү.
Аталган чараларды ишке ашыруу туруктуу экономикалык өсүшкө жана мамлекеттик кирешелердин көбөйүшүнө багытталган технологиялык жактан өнүккөн жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон салык системасын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын бажы саясаты орто мөөнөттүү мезгилде бажы системасын модернизациялоого, тышкы сооданы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталат.
Тышкы соода жүгүртүүнүн болжолдонгон өсүшүн жана үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүүлөрдүн көбөйүшүн эске алуу менен, бажы саясатынын негизги милдети тышкы экономикалык ишти мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү менен бирге бажы төлөмдөрүнүн туруктуу жана алдын ала болжолдонгон түшүүсүн камсыз кылуу болуп саналат.
Орто мөөнөттүү мезгилге бажы саясатынын негизги максаты бажы башкаруусунун натыйжалуулугун жогорулатуу, көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу, салык базасын кеңейтүү жана тышкы соодадагы административдик тоскоолдуктарды азайтуу менен катар бажы процесстерин санариптештирүү аркылуу республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн туруктуу көбөйтүү болуп саналат.
Бажы саясатын ишке ашыруунун алкагында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар каралат:
- электрондук декларациялоону кеңейтүүнү жана автоматташтырылган контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын киргизүүнү камтыган бажы жол-жоболорун санариптештирүүнү мындан ары өнүктүрүү;
- заманбап техникалык каражаттарды колдонуу жана аналитикалык инструменттерди өркүндөтүү аркылуу бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана товарларды тариздөө убактысын кыскартуу үчүн бажы инфраструктурасын өнүктүрүү;
- ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстерди чыңдоо, анын ичинде маалымат алмашууну өнүктүрүү жана бажы жол-жоболорун бирдейлештирүү;
- транспорттук-логистикалык системаны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык соода маршруттарындагы ролун жогорулатуу.
§ 2. Экономикалык өсүштү болжолдоо (өндүрүш боюнча)
Жогоруда көрсөтүлгөн өбөлгөлөрдү жана болжолдорду эске алуу, ошондой эле калыптанган геосаясий шарттардын таасири сакталып турган учурда экономикалык иштин катышуучуларына саясат чаралары менен кошумча колдоо көрсөтүүнүн негизинде, 2027-жылга экономикалык өсүш 108,3 % деңгээлинде болжолдонууда, номиналдык көлөмү 2 736,3 млрд сомду түзөт.
2027-жылга экономика секторлорундагы негизги көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болжолдонууда:
8-таблица
ИДПны түзүүчү тармактар боюнча түзүм жана өсүү темпи
(өсүү темпи КДН боюнча келтирилди)
| 2026-жыл күтүлүүчү | 2027-жыл болжол | ||||||
млн сом | өсүү темпи % | ИДП кара-та % ме-нен | ИДП өсү-шүнө салымдын үлүшү п.п. | млн сом | өсүү темпи % | ИДП кара-та % ме-нен | ИДП өсү-шүнө салымдын үлүшү п.п. | |
ИДП | 2352678,7 | 108,7 | 100 | 8,7 | 2736343,0 | 108,3 | 100 | 8,3 |
Өнөр жай | 406188,8 | 105,2 | 17,3 | 0,93 | 446140,0 | 105,3 | 16,3 | 0,91 |
Айыл чарбасы | 174606,4 | 103,7 | 7,4 | 0,30 | 191922,2 | 103,5 | 7,0 | 0,26 |
Курулуш | 229341,1 | 123,1 | 9,7 | 2,01 | 295659,4 | 119,7 | 10,8 | 1,92 |
Кызмат көрсөтүү-лөр чөйрөсү | 1193123,9 | 108,2 | 50,7 | 4,20 | 1391658,5 | 107,8 | 50,9 | 3,96 |
Продукт-тарга жана импорт-ко таза салыктар | 349418,5 | 108,5 | 14,9 | 1,22 | 410962,9 | 108,2 | 15,0 | 1,22 |
8,3 % деңгээлинде болжолдонгон экономикалык өсүш өлкөнүн ИДПсын түзгөн бардык экономика тармактары тарабынан колдоого алынат.
Экономикада түзүлгөн тенденциялар экономиканын тармактары боюнча ИДПнын түзүмүнө таасирин тийгизет, мында мурдагыдай эле негизги үлүштү кызмат көрсөтүү тармактары – 50,9 %ды, ал эми товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү – 34,1 %ды түзөт.
2027-жылы экономикалык өсүш суроо-талап, ошондой эле сунуш тарабынан колдоого алынат.
Суроо-талап жагында экономикалык динамика ички суроо-талаптын кеңейишине таянат. Акыркы керектөөнүн өсүшү 6,9 % деңгээлинде күтүлүүдө, бул төмөнкү факторлор менен шартталат:
- керектөөчүлүк активдүүлүк: жеке керектөө реалдуу болгон кирешелердин өсүшүнүн фонунда 7,5 %га көбөйөт. Мамлекеттик керектөө орточо өсүү динамикасын (+2,1 %) сактайт;
- трансчек аралар аралык агымдар: акча которуулардын туруктуу агымы (болжолдуу өсүш 5,5–6,5 %) сатып алуу жөндөмдүүлүгүн кошумча колдойт, мында бул каражаттардын 40 %га чейинкиси учурдагы керектөөгө багытталат;
- кредиттик экспансия: кредиттик портфелдин 40–45 %га күтүлүүчү кеңейиши (негизинен керектөө сегментинин эсебинен) узак мөөнөт пайдаланылуучу товарлардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат;
- инвестициялык климат: жеке капиталдын негизги ролунда (ИДПнын 26,9 %ы) дүң инвестициялар ИДПнын 28,5 %ын түзөт. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 705,6 млрд сомго жетип, өндүрүштү технологиялык жаңылоонун пайдубалын түзөт.
Сунуш жагынан алганда, туруктуу экономикалык өсүш экономиканын негизги секторлорунда оң динамика менен камсыз болот.
Өсүштүн негизги драйверлери кызмат көрсөтүү жана курулуш чөйрөсү болот. Курулуш сектору жогорку өсүү темпин сактап, ИДПнын өсүшүнө 1,92 п.п. деңгээлинде салым кошот. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү экономиканын эң ири сектору болуу менен ИДПнын өсүшүнө 3,96 п.п. салым кошот. Өнөр жай дагы олуттуу салым кошууда – 0,91 п.п. Алтынды эсепке албаганда (КДН боюнча) өнөр жайдын туруктуу оң динамикасын өзгөчө белгилей кетүү керек, мында 9,9 % деңгээлинде өсүш күтүлүүдө, бул өнөр жай өндүрүшүнүн уланып жаткан диверсификациясын жана экономиканын чийки заттык эмес секторунун бекемделишин чагылдырат.
2027-жылдагы өсүш модели суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугу менен мүнөздөлөт.
Болжолдонгон макроэкономикалык динамиканы, анын ичинде туруктуу ички суроо-талапты жана өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүнүн акырындык менен кеңейишин эске алуу менен тышкы экономикалык активдүүлүк дагы оң динамиканы сактап калат. Тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 18,0 млрд АКШ долл. деңгээлинде болжолдонууда, бул 5,9 % номиналдык өсүшкө туура келет. Бул көрсөткүчтөр соода агымдарынын турукташуусун жана экономиканын тышкы шарттарга ыңгайлашып жатканын көрсөтүп турат.
Экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 3,5 млрд АКШ долл. көлөмүндө болжолдонот жана 8,1 %га өсөт. Бул өсүш товарлардын номенклатурасын сапаттуу кеңейтүүнүн жана сатуу рынокторун диверсификациялоонун эсебинен камсыз кылынат. Экспорттук позицияларды чыңдоонун негизги факторлору болуп төмөнкүлөр саналат:
- текстиль сектору жана жеңил өнөр жай: 10,9 % өсүш, бул чийки заттын экспортунан жогорку кошумча наркы бар даяр продукцияны экспорттоого өтүүнү чагылдырат;
- курулуш индустриясы: атап айтканда, айнек листи жана өнөр жай айнегинин экспортунун туруктуу 4,7 %га өсүшү;
- агроөнөр жай комплекси: пахта буласын сатуу (11,1 %га өсүш), жана жаңы жана кайра иштетилген жашылча-жемиш продукцияларын жеткирүүнү ырааттуу көбөйтүү (3,3 %га) олуттуу салым кошот.
Экспорттун түзүмү өзгөчө көңүл бурууга татыктуу: чийки зат эмес товарлардын үлүшү (алтынды эсепке албаганда) 66 % деңгээлинде сакталып турат, бул баалуу металлдарга дүйнөлүк баалардын конъюнктурасына көз карандылыкты азайтууга жана улуттук экономиканы ийгиликтүү индустриялаштырууга карата туруктуу тренд жөнүндө күбөлөндүрөт.
Импорттун көлөмү 5,4 % өсүү темпинде 14,5 млрд АКШ долл. өлчөмүндө болжолдонууда. Импорттун түзүмү экономиканын инвестициялык багыттуулугун чагылдырат. Технологиялык жаңыланууга (машиналар жана жабдуулар – + 4,3 %) жана өнөр жай секторун чийки зат менен камсыз кылууга (кара металлдар – + 3,6 %, пластмассалар – + 2,8 %) артыкчылык берилет. Ошол эле учурда жаратылыш газын сатып алуунун 29,3 %га олуттуу өсүшү болжолдонууда. Мунай зат продуктуларынын импортунун өсүшү (+2,3 %) турак жай курулушунун жаңы ишке киргизилип жаткан объекттерин камсыздоо үчүн өсүп жаткан муктаждыктар, планга ылайык калктуу конуштарды газдаштыруу, ошондой эле реконструкциядан кийин объекттерди (атап айтканда, ЖЭБ жана «Бишкексельмаш») жаратылыш газына өткөрүү менен шартталган. Экологиялык маселелерди чечүү үчүн катуу отундан газга жана электр энергиясына өтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Натыйжада товарлардын экспортунун жана импортунун терс сальдосу 4,6 %га өсүү менен 11,0 млрд АКШ долл. деңгээлинде түзүлөт. Тартыштыктын кеңейиши түзүмдүк мүнөзгө ээ: ал жаңы өндүрүштөрдү түзүү жана өсүп жаткан ички суроо-талапты канааттандыруу үчүн технологияларды импорттоонун зарылдыгы менен шартталган.
9-таблица
Пайдалануу боюнча ИДП (ИДПга % менен)
Көрсөткүчтөр | 2026-жыл | 2027-жыл |
баалоо | баалоо | |
Акыркы керектөө | 102,0 | 99,0 |
Жеке | 89,6 | 88,4 |
Мамлекеттик | 11,1 | 10,3 |
Дүң инвестициялар (ЭВФ методикасы боюнча) | 27,7 | 28,5 |
Мамлекеттик инвестициялар | 1,9 | 1,6 |
алардын ичинде: мамлекеттик инвестициялардын бюджети (тышкы) | 1,8 | 1,5 |
Жеке инвестициялар | 25,8 | 26,9 |
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту | 30,9 | 30,2 |
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту | 60,6 | 57,7 |
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспорту | -29,7 | -27,5 |
Ички суроо-талаптын үстөмдүк кылып турганына карабастан, анын түзүмү олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда:
- керектөөнүн үлүшүнүн төмөндөшү: акыркы керектөөнүн ИДПдагы үлүшү 99,0 %га чейин кыскарат (2026-жылдагы 102,0 %га салыштырмалуу). Бул экономиканын тышкы карыздарга жана импортко болгон көз карандылыгын азайтып, «каражатына жараша» иштей баштаганын көрсөткөн позитивдүү белги;
- жеке керектөө: суроо-талаптын пайдубалы бойдон калууда (ИДПнын 88,4 %ы). 7,5% реалдуу өсүш калктын реалдуу кирешелеринин туруктуу динамикасы жана чекене кредиттөөнүн активдүү өнүгүшү менен камсыздалат;
- мамлекеттик чыгымдар: фискалдык консолидациялоо саясатынын алкагында мамлекеттик керектөө чектелген өсүштү көрсөтөт (+ 2,1 %) жана ИДПнын 10,3 %ын түзөт.
2027-жыл инвестициялык вектордун күчөшү менен мүнөздөлөт. Дүң инвестициялар 10,5 %га көбөйүп, ИДПнын 28,5 %га жетет. Инвестиция профилиндеги негизги өзгөрүүлөр:
- жеке капиталдын артыкчылыгы: жеке инвестициялардын үлүшү ИДПнын 26,9 %ына чейин жогорулайт, бул бизнес-климаттын жакшырганын жана ички жана тышкы инвесторлордун ишениминин үсүшүн ырастайт;
- мамлекеттик салымдарды оптималдаштыруу: мамлекеттик инвестициялардын үлүшү ИДПнын 1,6 %ына чейин төмөндөйт, мында мамлекеттик инвестициялардын (тышкы) бюджетинин үлүшү 1,5 %га чейин кыскарат, бул улуттук инфраструктуралык долбоорлордун тышкы каржылоодон көз карандылыгынын бара-бара төмөндөшү жөнүндө күбөлөндүрөт.
Соода дисбалансын оңдоонун туруктуу тенденциясы байкалууда:
- импортту оптималдаштыруу: товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунун үлүшү ИДПнын 57,7 %ына чейин төмөндөйт (2026-жылдагы 60,6 %дан), бул импортту алмаштыруу жана өндүрүштү локалдаштыруу процесстерине байланыштуу;
- экспорттук потенциал: өлкөгө валюталык кирешенин агымын колдоо менен ИДПнын 30,2 %ын түзөт;
- сальдонун жакшыртылышы: таза экспорттун жана импорттун терс мааниси ИДПнын (-)27,5 %га чейин кыскарат (2026-жылдагы (-)29,7 %га салыштырмалуу). Бул динамика өлкөнүн тышкы соода позицияларынын бара-бара теңелишин чагылдырат.
Ошентип 2027-жылга болжол тең салмактуу макроэкономикалык моделдин түзүлүшүн белгилейт. Импорттун керектөө кысымынын төмөндөшү менен бирге инвестициялык жагымдуулуктун өсүшү узак мөөнөттүү финансылык туруктуулук жана улуттук экономиканын өндүрүштүк потенциалын кеңейтүү үчүн ишенимдүү базаны түзөт.
Айыл чарбасы. Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат ата мекендик өндүрүштөгү сапаттуу жана коопсуз айыл чарба продукциясынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле ички, ошондой эле тышкы рыноктордо тармактын атаандаштык позициясын бекемдөөгө багытталат.
Аталган максаттарга жетүү агроөнөр жай комплексин түзүмдүк модернизациялоого, ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө багытталган өз ара байланышкан чаралардын комплексин ишке ашырууну болжолдойт.
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү төмөнкү негизги артыкчылыктарга багытталат:
- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында агроөнөр жай интеграциясын тереңдетүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүк-сатуу чынжырларын калыптандыруу;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу үчүн жагымдуу институционалдык жана инвестициялык чөйрөнү түзүү;
- жер жана суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө айыл чарбасын адаптациялоо;
- тармакты мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана инновациялык чечимдерди ишке киргизүүгө дем берүү.
Белгиленген артыкчылыктарды ишке ашыруу төмөнкү милдеттерди чечүү аркылуу камсыз кылынат:
- айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын рыноктук жүгүртүлүшүн өнүктүрүү;
- продукцияны терең кайра иштетүүгө багытталган агроөнөр жай кластерлерин түзүү менен улуттук жана региондук деңгээлдерде кластердик мамилелерди киргизүү;
- чарбакер субъекттерди ирилештирүү, анын ичинде фермердик чарбаларды өнүктүрүү жана ири жер пайдалануучуларды колдоо үчүн шарттарды түзүү;
- заманбап технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү үчүн айыл чарба кооперациясын, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн, илимий уюмдардын жана кластердик бирикмелердин ортосундагы кооперацияны өнүктүрүү;
- айыл чарбасын санариптештирүү, анын ичинде продукцияга байкоо жүргүзүү жана өндүрүш процесстерин башкаруу системаларын киргизүү;
- сууну эсептөөнүн жана бөлүштүрүүнүн заманбап технологияларын киргизүүнүн эсебинен суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- айыл чарба жаныбарларынын продукттуулугун жогорулатуу үчүн тоют өндүрүүнү жана селекциялык-асыл тукум иштерин өнүктүрүү;
- айыл чарба инфраструктурасын, анын ичинде ирригациялык системаларды жана энергия менен жабдууну модернизациялоо.
Тармакты комплекстүү өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында камсыз кылынат, мында өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири өндүрүштү модернизациялоо, чарба жүргүзүүнүн натыйжалуу методдорун киргизүү, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана продукцияны кайра иштетүүнүн тереңдигин жогорулатуу, айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүү аныкталган.
Мындан тышкары кооперацияны, кайра иштетүү өнөр жайын, азык-түлүк коопсуздугун, логистикалык инфраструктураны, багбанчылыкты, органикалык өндүрүштү жана импортту алмаштырууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар тармактык программалык документтер ишке ашырылууда:
- айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө, агроөнөр жай комплексинин продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 418 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2023–2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасы;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын модернизациялоого, дүйнөлүк рыноктордун конъюнктурасын жана тышкы жана ички рыноктордо мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эске алуу менен системалык тармактык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 671 токтому менен бекитилген Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы;
- калк үчүн коопсуз жана сапаттуу азык-түлүктүн туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 747 токтому менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасы;
- айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана сатуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 574 токтому менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасы;
- республиканын калкын сапаттуу мөмө-жемиш азыктары менен камсыздоого жана багбанчылык тармагынын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 633-т тескемеси менен бекитилген 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасы;
- келечектүү багыт катары органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө, органикалык жана микробиологиялык жер семирткичтерди жана биологиялык препараттарды колдонууну кеңейтүүгө жана айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык коопсуздугун жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 255 токтому менен бекитилген 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасында органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасы;
- атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүүгө жана ички рыноктун импорттон көз карандылыгын азайтууга багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 549-т тескемеси менен бекитилген 2024–2028-жылдарга айрым тамак-аш азыктарынын импортун алмаштыруу боюнча жол картасы.
Республиканын агрардык секторунун чарбакер субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн «Айыл чарбасын каржылоо», «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө», «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо», «Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү», «Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана көчөт өстүрүүнү өнүктүрүү» сыяктуу агрардык сектордун чарбакер субъекттерин колдоо үчүн долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу жеңилдетилген кредиттөө, «Микро, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо» долбоору ж.б. боюнча пайызсыз кредиттер улантылат.
Жогоруда аталган программалык документтерде каралган чараларды ишке ашыруунун натыйжасында 2027-жылга айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык уулоочулуктун продукцияларынын дүң чыгарылышы 558,1 млрд сом көлөмүндө болжолдонууда, мында реалдуу өсүү темпи 3,5 %ды, анын ичинде өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен өсүмдүк өстүрүүчүлүктө – 3,6 %ды, мал чарбасында – 3,6 %ды түзөт.
10-таблица
2026–2027-жылдарга айыл чарбасындагы өсүү темпинин динамикасы
Көрсөткүчтөр | 2026-жыл, күт. | 2027-жыл, болжол | ||
млн сом | % | млн сом | % | |
Айыл чарба, токой чарбасы жана балык чарбасы дүң продукциясы | 507 724,5 | 103,7 | 558 075,5 | 103,5 |
Анын ичинде: |
|
|
|
|
өсүмдүк өстүрүү | 246 038,6 | 104,0 | 276 141,2 | 103,6 |
мал чарбачылыгы | 242 206,8 | 103,5 | 262 164,7 | 103,6 |
Экономикалык өсүштүн темпине айыл чарбасынын таасири нейтралдуу болот жана 0,26 п.п., ИДПнын өндүрүш түзүмүндөгү салыштырма салмагы – 7,0 %ды түзөт.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү өндүрүштүк базаны кеңейтүү, ошондой эле агротехнологияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу менен мүнөздөлөт. Жалпысынан көрсөтүлгөн факторлор өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн 3,6 % деңгээлинде өсүшүн камсыз кылат.
Тармактын оң динамикасы айдоо аянттарын кеңейтүү, түшүмдүүлүктүн өсүшү, ошондой эле ички жана тышкы рыноктордо мамлекеттик колдоо чараларын жана жагымдуу баа конъюнктурасын сактоо менен шартталган негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен калыптанат:
- дан өсүмдүктөрүнүн өндүрүшү 3,0 %га көбөйөт деп күтүлүүдө, бул айдоо аянттарынын (682,0 миң га чейин) жана түшүмдүүлүктүн (32,7 ц/га) өсүшү менен шартталган;
- кант кызылчасынын өндүрүшү 10,5 %га көбөйөт деп болжолдонууда, бул айдоо аянттарынын кеңейиши (17,0 миң га чейин) жана дүң жыйымдын жогорулашы (994,5 миң тонна) менен байланыштуу;
- дүң жыйымдын 29,0 миң тоннага чейин өсүшү жана айдоо аянтынын 22,0 миң гектарга чейин көбөйүшү менен май өсүмдүктөрүнүн өндүрүшү 45,0 %га көбөйөт деп болжолдонууда. Мындай олуттуу өсүш жеңилдетилген салык режиминин колдонулушу (чийки затка КНСтин нөлдүк ставкасы) жана өсүмдүк майларына болгон ички суроо-талаптын өсүшү менен шартталган;
- жашылча өндүрүшүнүн 3,0 %га көбөйүшү дүң жыйымдын (1 432,5 миң тонна) жана түшүмдүүлүктүн (224,7 ц/га) көбөйүшүнүн, ошондой эле ички керектөөнү жана экспорттук потенциалды кеңейтүүнүн эсебинен болжолдонууда;
- картошканын 2,2 %га өсүшү дүң жыйымды 1 219,9 миң тоннага чейин көбөйтүүнүн жана айдоо аянтын 68,4 миң га чейин кеңейтүүнүн эсебинен болжолдонууда;
- мөмө-жемиш өстүрүүчү өсүмдүктөрдүн аянтын 68,9 миң га чейин кеңейтүүнүн жана багбанчылыкты өнүктүрүүнү мамлекеттик активдүү колдоонун аркасында мөмө-жемиштерди 2,5 %га көбөйтүү болжолдонууда;
- бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүнү 2,5 %га көбөйтүү жана дүң жыйымды 314,5 миң тоннага чейин көбөйтүү болжолдонууда. Бул өсүш өлкөнүн түштүк региондорунда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн активдешүүсү жана жагымдуу рыноктук конъюнктура менен шартталган.
Түзүлгөн өсүш тенденциялары жагымдуу агроклиматтык шарттар, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоону улантуу, анын ичинде айыл чарба техникасы жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрым түрлөрүн өндүрүүгө региондук адистешүүнү тереңдетүү аркылуу колдоого алынат.
Мал чарбачылыгы. Мал чарбачылыгынын өнүгүүсү тармактагы өндүрүмдүүлүгүнүн акырындап жогорулашы жана чарба ишин жүргүзүү шарттарынын жакшыртылышы менен мүнөздөлөт.
Өсүштүн негизги факторлору болуп жагымдуу эпизоотиялык жагдайдын сакталышы, айдоо аянтчаларынын түзүмүндө көп жылдык чөптөрдүн үлүшүн көбөйтүүнүн эсебинен тоют базасын кеңейтүү, ошондой эле жайыт ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу эсептелет. Айыл чарба жаныбарларын багуунун жана көбөйтүүнүн заманбап технологияларын этап-этабы менен киргизүү кошумча таасир этет.
Тармактар боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр болжолдонот:
- эт өндүрүүнүн (тирүү салмакта) 3,8 %га өсүшү, бул 18,7 миң тоннага көбөйүүнү камсыз кылып, 2026-жылга салыштырмалуу 512,4 миң тоннага чейин жетет;
- сүт өндүрүүнүн 3,4 %га өсүшү, көлөмү 66,1 миң тоннага көбөйүп, 2 009,7 миң тоннага жетет;
- жумуртка өндүрүүнүн 5,1 %га же 50,2 млн даанага өсүшү, 1 035,4 млн даанага жетет.
Ошол эле учурда өсүмдүк өстүрүүнү жана мал чарбасын өнүктүрүү өндүрүш динамикасына таасир этүүгө жөндөмдүү бир катар чектөөчү факторлорго жана тобокелдиктерге көз каранды бойдон калууда. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- айыл чарба секторунун өнүгүшүнө таасир этүүчү табигый-климаттык шарттарга жогорку көз карандылык;
- күйүүчү-майлоочу материалдарга жана материалдык-техникалык ресурстарга баалардын туруксуздугу;
- суу ресурстарынын чектелүү экендиги жана аларды натыйжасыз пайдалануу;
- тышкы соода тоскоолдуктарынын сакталышы;
- минералдык жер семирткичтердин келип түшүүлөрүнүн кыскаруу тобокелдиктери;
- айыл чарба жаныбарларынын генетикалык потенциалынын акырындап төмөндөшү;
- эпизоотиялык жагдайдын начарлоо тобокелдиктери.
Бул шарттарда тармактын мындан аркы өнүгүүсү өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, селекциялык-асыл тукум иштерин жакшыртууга жана өндүрүш инфраструктурасын модернизациялоого багытталган мамлекеттик колдоо чараларынын натыйжалуулугуна көп жагынан көз каранды болот.
Өнөр жай. Кыргыз Республикасынын өнөр жай сектору 2027-жылы экономиканын структуралык трансформациясынын негизги драйвери катары каралат, ал негизинен чийки затка багытталган моделден өндүрүштүк-инновациялык өсүү траекториясына өтүүнү камсыз кылат. Анын өнүгүшү экономиканын тышкы шокторго туруктуулугун, технологиялык өз алдынчалыктын деңгээлин жана кошумча нарктын ички булактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
Өнөр жайдын ролу продукция чыгаруу менен гана чектелбейт, анткени ал тармактар аралык туруктуу суроо-талапты калыптандырып, логистика, энергетика, санариптик инфраструктура жана эмгек рыногунун өнүгүшүнө дем берет. Тармактар аралык байланыштар аркылуу өнөр жай комплекси технологиялардын жайылышын күчөтүп, жалпы экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.
Өнөр жай саясаты сандык кеңейүүгө эмес, өндүрүш базасын сапаттык жаңылоого багытталат. Артыкчылык продукцияны терең кайра иштетүүгө, өндүрүштү локалдаштырууга, технологиялык чечимдерди киргизүүгө жана ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга берилет. Ошол эле учурда туруктуу өндүрүш чынжырларын түзүү жана ата мекендик ишканалардын региондук жана тышкы рынокторго интеграциясын күчөтүү багыты сакталат.
Өнөр жай саясатын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын, ошондой эле тармактык жана региондук программалардын, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, региондук өнүгүү жана энергетика сектору боюнча программалардын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 671 токтому менен бекитилген Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 токтому менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 172 токтому менен жактырылган 2035-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасы) алкагында жүзөгө ашырылат. Бул документтер институционалдык жана инвестициялык артыкчылыктардын бирдиктүү контурун түзөт.
Тармакты комплекстүү өнүктүрүү 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында камсыздалат, анда негизги векторлордун бири катары «Индустриялаштыруу» вектору аныкталган, анын максаты – кластердик ыкманы пайдалануу жана келечекте жогорку кошумча нарктуу продукцияны экспорттоого басым коюлган заманбап, диверсификацияланган өнөр жай базасын түзүү.
Бул ыкмалардын алкагында 2027-жылы негизги багыттар болуп өндүрүш кубаттуулуктарын модернизациялоо, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, башкаруу жана өндүрүш процесстерин санариптештирүү, ошондой эле ишканалардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү эсептелет. Адам капиталын, инженердик компетенцияларды жана илимий-изилдөө базасын өнүктүрүүгө, анын ичинде колдонмо иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүүгө олуттуу көңүл бурулат.
Реалдуу сектордо инвестициялык активдүүлүктү жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ болот. Иштетүү өнөр жайына капитал тартуу, негизги фонддорду жаңылоо жана импорттук комплекттөөчүлөргө көз карандылыкты азайтуу боюнча чаралар улантылат. Ошол эле учурда туруп калган кубаттуулуктарды жана жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү удаа пландалууда, бул өлкөнүн өнөр жай потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Өнөр жайды өнүктүрүү энергетикалык саясат менен тыгыз байланышта болот. Ушуга байланыштуу энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү жана энергия натыйжалуу технологияларды киргизүү улантылат. Гидроэнергетиканы жана энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү артыкчылыктуу бойдон сакталат, бул электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга жана энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошол эле учурда тармактын финансылык туруктуулугун жана инвестициялык жагымдуулугун камсыз кылуу максатында тарифтик саясат өркүндөтүлөт.
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик базаны өркүндөтүү, геологиялык чалгындоону өнүктүрүү жана жол-жоболорду санариптештирүү улантылат. Негизги басым казып алуудагы заманбап технологияларды киргизүүгө, экологиялык стандарттарды жогорулатууга жана өлкө ичинде кошумча нарктын өсүшүн камсыз кылган кайра иштетүү кубаттуулуктарын өнүктүрүүгө жасалат.
Иштетүү өнөр жайы ишканаларды, анын ичинде мунайды кайра иштетүүнү модернизациялоонун жана ички суроо-талаптын өсүшүнө жана чийки заттан акыркы продукцияга чейинки кооперациялык чынжырларды түзүүгө негизделген курулуш индустриясын кеңейтүүнүн эсебинен өнүгөт. Ошол эле учурда техникалык кайра куралдандыруу, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү жана жеңилдетилген соода режимдерин пайдалануу аркылуу өнөр жайдын экспорттук багыты күчөтүлөт.
Өнөр жайды региондордо өнүктүрүү негизги артыкчылыктардын бири болот. Өнөр жай зоналарын түзүү, кластердик ыкманы киргизүү жана локалдык өсүү чекиттерин калыптандыруу аркылуу аймактык диспропорцияларды кыскартуу, жумуш менен камсыздоону кеңейтүү жана региондордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу камсыздалат.
Өнөр жайдын экологиялык трансформациясына өзүнчө көңүл бурулат. Пластикалык продукцияны пайдаланууну төмөндөтүү, экологиялык жактан коопсуз таңгактоону өнүктүрүү, ошондой эле таза өндүрүш технологияларына өтүүнү колдоо боюнча чаралар улантылат.
Жалпысынан өнөр жай саясаты узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү, Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоону жана калкынын жыргалчылыгын жогорулатууну камсыз кыла ала турган туруктуу, технологиялык жактан жаңыланган жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнөр жай базасын калыптандырууга багытталат.
Өнөр жай секторунда өсүү темптери олуттуу өзгөрмөлүүлүк менен мүнөздөлөт. Бул көбүнчө негизги металлдарды казып алуучу ишканалардын ишине жогорку көз карандылык (жалпы өнөр жай көлөмүндөгү үлүшү болжол менен 40 %) жана табигый-климаттык факторлордун таасиринен улам энергетика тармагынын туруктуу эмес иштеши (өнөр жайдагы үлүшү болжол менен 10 %) менен түшүндүрүлөт.
Өнөр жай секторунда 2027-жылга карата өндүрүштүн дүң көлөмүнүн реалдуу өсүшү 4,5 % деңгээлинде, алтын өндүрүшүн эсепке албаганда өсүш 9,8 % деңгээлинде болжолдонот.
11-таблица
Өнөр жай тармактарындагы өсүү темптеринин динамикасы, мурунку жылга карата пайыз менен
(иштетип алма чийки заттын наркын эсепке албаганда)
| 2026-жыл | 2027-жыл |
күтүлүүчү | болжол | |
Өнөр жай, бардыгы | 104,8 | 104,5 |
Алтын өндүрүүнү эсепке албаганда өнөр жай | 111,2 | 109,8 |
анын ичинде: | ||
пайдалуу кендерди казып алуу | 108,9 | 106,9 |
иштетүү өндүрүшү | 104,1 | 103,6 |
электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) | 106,2 | 109,1 |
суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу | 108,8 | 104,6 |
Жалпысынан өнөр жайдын ИДП өсүшүнө кошкон салымы 0,91 пайыздык пункт деңгээлинде болжолдонуп, ИДП көлөмүндө салыштырма салмагы 16,3 %ды түзөт.
Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө эң жогорку үлүшкө ээ болгон (78,6 %) иштетүү өндүрүшүндө 2027-жылы реалдуу өсүш 103,6 % деңгээлинде күтүлөт, ал негизинен төмөнкүлөрдүн эсебинен шартталат:
- продукттарды (суусундуктарды кошкондо) өндүрүүнүн көлөмүнүн реалдуу өсүшү (өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 19,3 %), бул тармакта 13,3 % өсүш күтүлөт. Бул нан, ун, сүт жана эт азыктарын жана суроо-талап туруктуу болгон башка тамак-аш продукттарын өндүрүүчү ишканалардын туруктуу иши менен камсыздалат. Негизги чаралар болуп тамак-аш жана кайра иштетүү өндүрүшүн кластердик бирикмелердин агрегатору катары өнүктүрүү; жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган айыл чарба продукциясынын, аны кайра иштетүү продукттарынын сапатын аныктоо үчүн, эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берген атайын лабораторияларды түзүү; чийки заттарды жана даяр товарларды көзөмөлдөөнү камсыз кылууну күчөтүү; кайра иштетүү ишканаларын жеңилдетилген каржылоону улантуу эсептелет;
- жаңы ишканаларды ишке киргизүүнүн жана экспорттук жеткирүүлөрдү көбөйтүүнүн, жаңы сатуу рынокторун өздөштүрүүнүн эсебинен текстиль өндүрүшүнүн; кийим жана бут кийим, булгаары жана башка булгаарыдан жасалган буюмдар өндүрүшүнүн көлөмүнүн 10,0 %га (өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү үлүшү – 4,6 %) өсүшү;
- иштеп жаткан алтын казуучу ишканалардын туруктуу иши, ошол эле учурда 2027-жылы Кумтөр кенинде негизги металлды казып алуу көлөмү 4,3 %га, Жерүй жана Талды-Булак Сол жээк кендеринде 2,2 %га төмөндөөнүн уланышы пландалууда. Бул алтындын курамы төмөн болгон кендерди иштетүүгө өтүү менен шартталат, ал эми 2028-жылдан тартып жаңы участокторду иштетүү жана курамы жогору кендерге жетүү менен көлөмдөр акырындык менен көбөйөт;
- курулуш секторунун активдешүүсүнүн жана ички суроо-талаптын кеңейишинин эсебинен курулуш материалдарынын өндүрүш көлөмүнүн 10,0 %га өсүшү, алардын өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 13,0 %ды түзөт. Айнек пакеттеринин жана алюминий конструкцияларынын өндүрүшүнүн көбөйүшү болжолдонот, бетон жана кирпич заводдорун куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда, ошондой эле мраморду жана акиташты кайра иштетүү жүргүзүлүүдө. Кошумча цементтин, клинкердин жана башка курулуш материалдарынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү пландалууда;
- машиналарды жана жабдууларды өндүрүүнүн 5,4 %га өсүшү тармактагы ишканаларда өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшү жана чыгарылган продукциянын түрлөрүнүн кеңейиши менен камсыздалат;
- машина куруу тармагынын динамикалуу өнүгүшүнүн эсебинен, баарынан мурда тармактык субсидиялардын (жеңилдетилген автокредиттөө, жеңилдетилген лизинг), мамлекеттик сатып алуулардын, ошондой эле авточогултуу өндүрүштөрүн өндүрүштүк аянтчаларды кайра ишке киргизүү боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен транспорт каражаттарын өндүрүүнүн 8,0 %га өсүшү;
- электр жабдууларын жана машиналарды (3,2 %га өсүш), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишти (2,5 %га өсүш), химиялык продукцияны (4,5 %га өсүш), фармацевтикалык продукцияны (8,5 %га өсүш), компьютерлерди, электрондук жана оптикалык жабдууларды (6,5 %га өсүш) өндүрүү боюнча ишканалардын туруктуу иши.
Пайдалуу кендерди казып алууда (өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 9,8 %) 2027-жылы өндүрүш көлөмүнүн өсүшү 6,9 % деңгээлинде күтүлөт, анын ичинде таш көмүр жана күрөң көмүр казуу 9,8 %га, металл рудаларын казуу 6,8 %га, чийки мунай зат жана жаратылыш газын өндүрүү 4,3 %га көбөйөт.
Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоодо (жабдууда) (салыштырма салмагы – 10,8 %) 2027-жылы өндүрүш көлөмүнүн 9,1 %га өсүшү болжолдонот. Бул электр энергиясын иштеп чыгуунун өсүшү, аны берүү жана бөлүштүрүү көлөмдөрүнүн өсүшү, ошондой эле газ өндүрүшүнүн жана газ тармактары аркылуу бөлүштүрүүнүн кеңейиши менен шартталат. 2027-жылы электр энергиясын өндүрүү 16,8 млрд кВт.⋅саат деңгээлинде күтүлөт, бул 2026-жылга салыштырмалуу 900,0 млн кВт.⋅саатка көп. Жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү пландалууда: жалпы 2 381,23 МВт, анын ичинде чакан ГЭС – 251,23 МВт, күн электр станциялары – 2 050 МВт, шамал электр станциялары – 80 МВт. Экономиканын жана калктын муктаждыгын толук камсыз кылуу үчүн 2027-жылы 1 904,0 млн кВт⋅саат көлөмүндө электр энергиясын импорттоо пландалууда.
Жылуулук энергиясын өндүрүүнүн өсүшү 5,0 % деңгээлинде (3 459 миң Гкал) болжолдонууда жана ал климаттык шарттарга көз каранды болот.
Газ өндүрүшүнүн жана газ тармактары аркылуу бөлүштүрүүнүн өсүшү 6,7 % деңгээлинде болжолдонууда, бул жаратылыш газын бөлүштүрүү көлөмүнүн көбөйүшү менен байланыштуу.
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу тармактарынын өнөр жайдагы салыштырмалуу салмагы анча чоң эмес (0,8 %), мында 4,6 % деңгээлинде өсүш күтүлөт: сууну чогултуу, тазалоо жана бөлүштүрүү – 5,2 %, калдыктарды чогултуу, иштетүү жана жок кылуу, экинчи чийки зат алуу – 2,5 %, калдыктарды зыянсыздандыруу жана башка иштетүү – 5,0 %.
Өнөр жай тармагында пландалган көрсөткүчтөргө жетпей калууга алып келиши мүмкүн болгон мүмкүн болуучу тобокелдиктер:
- түзүлгөн геосаясий кырдаалдын жана жеткирүү чынжырларын бузган санкциялык конфронтациянын уланышы, алар жаңы логистиканы курууда өздүк нарктын кымбатташына алып келет;
- рыноктук конъюнктуранын өзгөрүлмөлүүлүгү;
- негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшү, бул кирешелердин булагы болуп саналган салттуу берилген продукцияга, кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын азайышына, экспорттук баалардын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн;
- мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө жөнгө салуунун болжолдонбогон чаралары;
- өнүктүрүү үчүн жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги;
- жай тармагындагы ишканалардын инвестициялык жагымсыздыгы (артта калган технологиялар, рентабелдүүлүктүн төмөн деңгээли, жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун берүү жол-жоболору, документтерди тариздөө татаалдашкан жана көп сандаган макулдашууларды, экспертизаларды ж.б. талап кылат);
- электр энергиясын берүүнүн үзгүлтүккө учурашы;
- кендерди өз убагында ишке киргизбөө, техногендик факторлордон улам өндүрүштүн белгиленген күтүлгөн көлөмдөрүн аткарбоо; чийки зат менен камсыз болбоо, пландалган капиталдык салымдарды каржылоо булактары менен камсыз кылуудагы үзгүлтүктөр;
- натыйжасыз менеджмент; техникалык адистиктер боюнча квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги;
- мүлктү натыйжасыз пайдалануу; атаандаштардын активдүүлүгүнүн жогорулашы.
Курулуш. Шаар курууну өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана мамлекеттик саясат, курулуш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 14 токтому менен бекитилген 2020–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт.
Негизги артыкчылыктуу багыттар болуп курулуш комплексинин өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү, анын ичинде курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүнү кеңейтүү, ошондой эле жаратылыш ресурстарын рационалдуу жана тең салмактуу пайдаланууну камсыз кылуу эсептелет. Калкты турак жай жана социалдык инфраструктура объекттери – билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт мекемелери менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат, бир эле убакта архитектурадагы маданий жана улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо камсыздалат.
Маанилүү багыт болуп курулушка инновацияларды киргизүү, анын ичинде илимди, техниканы жана заманбап технологияларды өнүктүрүү кала берет. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык түзүмдөрдүн калктуу конуштарды комплекстүү өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселелери боюнча ишин координациялоо ушуга удаа күчөтүлөт.
Шаар куруу жана жер мыйзамдарын өркүндөтүү улантылат, анын ичинде мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер тилкелерин алып коюунун жана кыймылсыз мүлк объекттерин бузуунун, ошондой эле аларды колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу.
Курулуш тармагынын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде бүтпөгөн курулуштун көлөмүн кыскартуу жана сметалык-ченемдик базаны актуалдаштыруу боюнча чаралар кошумча көрүлөт.
Мамлекеттик саясат ошондой эле турак жай курулушу чөйрөсүндө жарандардын укуктарын коргоого, инвестициялык жана курулуш долбоорлорун ишке ашыруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, алардын өз убагында аякташын жана объекттерди пайдаланууга киргизүүнү камсыз кылууга багытталат.
Көрсөтүлгөн чараларды ишке ашыруунун натыйжасында төмөнкүдөй натыйжаларга жетүү күтүлөт:
- капиталдык салымдарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү;
- курулушта жана турак жай-коммуналдык чарбада бааларды түзүүнү оптималдаштыруу;
- имараттардын жана курулмалардын коопсуздугуна болгон талаптарды күчөтүү;
- шаар куруу документациясын иштеп чыгууну жана актуалдаштырууну камсыз кылуу;
- курулуш объекттерин өз убагында пайдаланууга киргизүү, курулушу бүтпөгөн объекттерди азайтуу.
Курулуш тармагын өнүктүрүү ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен улуттук экономиканын өсүшүн камсыз кылуучу маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Курулуш секторун өнүктүрүүнүн комплекстүү чараларын кабыл алуунун натыйжасында капиталдык салымдардын 21,1 %га көбөйүшү болжолдонууда, анын көлөмү 705,6 млрд сомду түзөт.
12-таблица
2026–2027-жылдарга курулуш тармагында өсүү темптеринин динамикасы
Көрсөткүчтөр | 2026-жыл | 2027-жыл | ||
Күтүлгөн | Болжол | |||
млн сом | % | млн сом | % | |
Негизги капиталга инвестициялар | 540 809,1 | 133,1 | 705 634,9 | 121,1 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
ички инвестициялар | 452 997,5 | 141,2 | 599 981,0 | 123,0 |
тышкы инвестициялар | 87 811,6 | 102,6 | 105 653,9 | 111,7 |
Курулуштун дүң продукциясы | 585 651,5 | 123,1 | 755 003,8 | 119,7 |
Капиталдык салымдардын структурасы 2026-жылы күтүлгөнгө салыштырмалуу ички инвестициялардын үлүшүн 83,8 %дан 85,0 %га чейин көбөйтүү (негизги үлүшүн ишканалардын, уюмдардын жана калктын 60 %дан ашык каражаттары ээлейт) жана тышкы инвестициялардын үлүшү 16,2 %дан 15,0 %га чейин төмөндөтүү багытында өзгөрөт.
Курулушта төмөнкү багыттар артыкчылыктуу болот: жеке турак жай курулуш объекттери, транспорттук магистраль жана энергетика объекттери (электр берүү линияларын куруу боюнча иштер), айыл чарба объекттери (ирригациялык курулуштар) ж.б.
Ички каржылоо булактарынын эсебинен капиталдык салымдардын жалпы көлөмү төмөнкүлөрдүн эсебинен 600,0 млрд сом деңгээлинде болот деп күтүлүүдө:
- 27 680,0 млн сом көлөмүндө республикалык бюджеттин каражаттарынын, анын ичинде:
Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Бедел автоунаа жолун куруу – 17 680,0 млн сом;
социалдык-экономикалык жана стратегиялык маанидеги объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо – 10 000,0 млн сом.
Туруктуу инвестициялык агымды камсыз кылуу жана инфраструктуралык маселелерди ишке ашыруу үчүн кошумча механизмдер каралган:
турак жай секторун стимулдаштыруу: «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКты капиталдаштыруу – 708,7 млн сом, бул «Менин үйүм» жеткиликтүү турак жай программасын ишке ашырууну улантууга жана турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Турак жай курулушунун алкагында 2027-жылы жалпы каржылоо муктаждыгы 132,6 млрд сомду түзгөн 36 641 батирди пайдаланууга берүү пландаштырылууда;
- 17,5 млрд сом көлөмүндө жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, анын ичинде Бишкек шаары боюнча төмөнкү негизги долбоорлор ишке ашырылат:
«Бишкек шаарынын 9-кичи районунда заманбап мини-рынокту куруу жана башкаруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору – 45,0 млн сом;
мурдагы Ак-Кула ат майданынын аймагында Royal Central Park долбоорун ишке ашыруунун алкагында «РЦА Ливинг» ЖЧКсы (Вьетнам) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, парк зоналары менен имараттар комплексин куруу» долбоору – 2 641,9 млн сом;
«Бишкек шаарынын ЖЭБинин технологиялык каналдарынын боюндагы аймактын инфраструктурасын реконструкциялоо жана коопсуздугун жакшыртуу менен «Сейил багы, променад жана билим берүү-социалдык-маданий объекттери менен «Оптима» турак жай комплексин куруу» долбоору («Оптима» курулуш компаниясы, Кыргыз Республикасы) – 200,0 млн сом;
«Бишкек шаарынын аймагында турак жай жана коммерциялык объекттерди курууга, реконструкциялоого жана көрктөндүрүүгө инвестициялоо боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» долбоору («Инвест КейДжи Холдинг» ЖЧКсы, Россия Федерациясы) – 300,0 млн сом;
«Бишкек шаарында көп функциялуу комплекс куруу (бизнес-борбор, мейманкана, соода борбору, социалдык-маданий жана окутуу-агартуу билим берүү комплекстери)» долбоору («Hyper Partners» ЖЧКсы, Өзбекстан Республикасы) – 5 283,8 млн сом ж. б.
- 293,3 млрд сом суммасында ишканалардын жана уюмдардын каражаттарынын, анын ичинде:
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК;
«Кыргызалтын» ААК;
«Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан инвестициялар – 4,4 млрд сом;
тиешелүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында «Ала-Тоо Резорт» ААКтын финансылык ресурстары;
«Кыргызстан аэропорттору» ААКтын долбоорлору, алардын алкагында бир катар стратегиялык объекттерди ишке ашыруу каралган, анын ичинде:
«Ош» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин имаратын куруу (921,4 млн сом);
«Жалал-Абад» жаңы эл аралык аэропортун куруу (1 500,0 млн сом);
«Ош» эл аралык аэропортунун аэродромун реконструкциялоо (1 092,6 млн сом);
- 136,3 млрд сом көлөмүндө капиталдаштырылышы күтүлгөн калктын каражаттарынын.
Тышкы каржылоо булактарынын эсебинен капиталдык салымдардын жалпы көлөмү төмөнкүлөрдүн эсебинен 105,7 млрд сом деңгээлинде күтүлүүдө:
- 62,8 млрд сом көлөмүндө чет өлкөлүк кредиттер, чет өлкөлүк гранттар жана гуманитардык жардам, анын ичинде:
мамлекеттик инвестициялардын бюджетинин каражаттары 43,5 млрд сом көлөмүндө, анын ичинде гранттар – 9,2 млрд сомду (21,1 %), кредиттер – 31,3 млрд сом (72,0 %), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тең каржылоосу – 3,0 млрд сомду (6,9 %) түзөт.
Эң ири каржылоо көлөмдөрү төмөнкүлөргө каралган:
транспорт секторунда – 9,0 млрд сом (бардык мамлекеттик инвестициялардын көлөмүнүн 20,7 %), төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен: Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км (2,3 млрд сом – АКГ, ИӨБ); Корумду – Балбай Баатыр Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо, 104–184,5 км (1,1 млрд сом – АКГ, ИӨБ, СФР, КАЭӨФ, ОПЕК); БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, бириктирүүчү жолу (239,3 млн сом – АӨБ); БАРЭК коридорлору 1 жана 3 бириктирүүчү жолу, II фаза – кошумча каржылоо (86,9 млн сом – АӨБ); Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу (Барскоон – Каракол участогу) (2,1 млрд сом – АӨБ, ЕРӨБ); ж.б. долбоорлор;
энергетика тармагында – 10,7 млрд сом (бардык мамлекеттик инвестициялардын 24,6 %), төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен: «Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү» (2,2 млрд сом – ЕТӨФ); «Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун экинчи фазасы» (2,6 млрд сом – ЕТӨФ, АӨБ); «Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун үчүнчү фазасы» (1,1 млрд сом – АӨБ); «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» (2,5 млрд сом – АӨБ); электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү (493,9 млн сом – ДБ, SECO); ЭКБ өнүктүрүү (1,3 млрд сом – ДБ ЖКФ) жана башкалар;
- түз чет элдик инвестициялардын көлөмүн 42,9 млрд сомго чейин көбөйтүү, төмөнкүлөрдүн эсебинен:
«КАЗ Минералс Бозымчак» ЖЧКнын (0,8 млрд сом);
«ЧААРАТ ЗААВ» ЖАКтын (10,6 млрд сом);
«Альянс Алтын» ЖЧКнын (3,1 млрд сом);
«Фул Голд Майнинг» ЖЧКнын (8,8 млрд сом);
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын (1,6 млрд сом) ж.б.
Экономиканын капиталдаштыруу көлөмүнөн улам 2027-жылга карата курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 755,0 млрд сом суммасында жана 2026-жылга салыштырмалуу 19,7 %га көбөйүүсү болжолдонууда.
Курулуш секторунун экономикалык өсүү темпине кошкон оң салымы 1,92 п.п. деңгээлинде бааланууда, анын ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү салыштырма салмагы 10,8 %ды түзөт.
Ошол эле учурда курулуштун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши жана болжолдонгон көрсөткүчтөргө жетпей калууга алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктер бар, атап айтканда:
- ири инвестициялык долбоорлорду каржылоо бөлүгүндө мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдүн кесепетинде чет элдик кредиттердин, гранттардын жана гуманитардык жардамдын кыскарышы (каржылоонун өз убагында ачылбашы);
- 2026–2028-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча бюджеттин долбоорунда каралган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу (тышкы булактар), анда төмөндөө жагына карай карап чыгуу болушу мүмкүн. Себептери ички көйгөйлөрдөн улам өздөштүрүлбөгөн каражаттар, донорлор менен макулдашуунун узакка созулган жол-жоболору ж.б. болушу мүмкүн. Буга байланыштуу кийинки транштар токтотулушу жана Кыргыз Республикасына түшпөй калышы мүмкүн;
- айрым долбоорлорду каржылоо бөлүгүндө мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдүн кесепетинен ишканалардын жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен капиталдык салымдардын кыскарышы;
- калктын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн начарлашынан улам калктын каражаттарынын эсебинен каржылануучу капиталдык салымдардын азайышы, натыйжада турак жай курулушунун көлөмү азаят;
- чет элдик инвесторлордун капиталдык чыгымдарынын азайышынан жана каржылоонун башка кошумча булактары боюнча маалыматтардын жоктугунан улам түз чет элдик инвестициялардын көлөмүнүн кыскарышы;
- бүтүрүлгөн объекттерди кабыл алуу актысына байланыштуу көйгөйлөр, алардын айрымдары мурунку жылдары бүтүрүлгөн, бирок кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары таризделген эмес, бул объекттердин жетишсиз жабдылышына, жаңыдан курулуп жаткан объекттерди инфраструктурага кошууда кыйынчылыктар менен шартталган;
- Кыргыз Республикасына импорттолгон курулуш материалдарына болгон баалардын өзгөрүлмөлүүлүгү;
- санкциялык режимдерди сактоого байланышкан чектөө чараларына байланыштуу логистикалык чынжырлардын бузулушу.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү экономиканын түзүмүндө чакан жана орто бизнестин ролун кеңейтүү, калктын кирешесин көбөйтүү, туристтик активдүүлүктү жандандыруу аркылуу камсыздалат. Тармактын өнүгүшүнө тездетилген санариптештирүү, онлайн-сооданын өнүгүшү, ошондой эле өлкөнүн транзиттик потенциалын ишке ашыруу жана аймактык транспорттук-логистикалык түйүн катары анын ролун күчөтүү олуттуу салым кошот.
Кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүүнүн негизги багыттары төмөнкүдөй программалык документтерде аныкталган: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 «2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 204 «2024–2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2024–2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 765 «2025–2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2025–2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 «2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 2023-П-14/20-4-(ПС) «2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө» токтому менен бекитилген 2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары ж.б.
2027-жылга кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң көлөмүнүн өсүү темпи 107,9 % деңгээлинде болжолдонууда. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДП түзүмүндө басымдуу үлүштү ээлейт (50,0 % ашык) жана анын өсүш түзүмүндө эң чоң салым кошот – 3,96 п.п.
Экономиканын кызмат көрсөтүү тармактарынын түзүмүндө эң чоң үлүштү дүң жана чекене соода – 40,5 %, транспорттук кызмат көрсөтүү – 9,3 % жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтары – 10,0 % ээлейт.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүштүн болжолдонгон темпи төмөнкү факторлор менен шартталган:
- дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоциклдерди оңдоо чөйрөсүндө дүң өндүрүштүн 12,8 %га өсүшү менен, ал калктын кирешесинин көбөйүшүнүн фонунда керектөө суроо-талабынын жогорулашы менен камсыздалат, буга калктын акчалай кирешесинин 20,4 %га, эмгек акынын 12,8 %га, пенсиялардын өлчөмдөрүнүн 4,0 %га номиналдык өсүшү өбөлгө түзөт.
Кошумча таасирди төмөнкүлөр тийгизет:
чекене жана дүң сооданын, электрондук коммерциянын жана санариптик платформалардын (анын ичинде Wildberries, Ozon, Temu маркетплейстери) заманбап форматтарынын өнүгүшү;
кампа кубаттуулуктарынын, соода-логистикалык борборлордун жана логистикалык инфраструктуранын кеңейиши, бул товар жүгүртүүнү тездетүүгө жана өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөөгө мүмкүндүк берет;
тышкы рынокторго кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана инвестицияларды тартууга өбөлгө түзгөн ЕАЭБ менен ДСУга мүчөлүктү натыйжалуу пайдалануу;
локалдык бизнести өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жана санариптик соода аянтчалары аркылуу ата мекендик товарлардын экспортун илгерилетүү;
- транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жүктөрдү сактоонун 2,9 %га өсүшү менен, ал төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат:
транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, автомобиль жолдорун куруу жана калыбына келтирүү, кампа кубаттуулуктарын жана соода-логистикалык борборлорду кеңейтүү, бул бизнестин чыгымдарын төмөндөтүүгө, товар жүгүртүүнү тездетүүгө жана өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөөгө мүмкүндүк берет;
жарандык авиацияны өнүктүрүү, авиациялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жана авиациялык инфраструктураны модернизациялоо, бул жүк жана жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт;
Борбордук, Батыш жана Түштүк Азия, ошондой эле Түштүк Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы жүк ташууларды кеңейтүүнү жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоону камсыз кылган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан мультимодалдык транспорттук коридорун өнүктүрүү;
чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, бул жүктөрдүн агымын тездетүүгө жана тышкы соода жүгүртүүсүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет;
транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу, бул жүк ташуу жана экспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт;
Ош станциясына эл аралык транзиттик станция статусун ыйгаруу, бул эл аралык темир жол жүк ташууларынын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет;
- мейманкана жана ресторан кызматтарынын 13,0 %га өсүшү, ал мейманкана тейлөөсүнүн жана коомдук тамактануунун өнүгүшү менен камсыздалат.
Өсүштүн негизги факторлору төмөнкүлөр болот:
рынокко жаңы эл аралык жана аймактык бренддердин чыгышы (Вкусно – и точка, Burger King, Costa Coffee, Brewmark, Cakes & Bakes жана ENZO тармактары);
туристтик тармактын өнүгүшү, бул туристтик агымдын өсүшүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн диверсификациясын жана региондордун өнүгүшүн камсыздайт;
туризмде ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде «Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексин куруу («Жыргалаң», пайдаланууга берүүнүн болжолдонгон мөөнөтү – 2026-жылдын декабры), бул 4,6 миңге чейин жумуш орундарын түзүүгө, туристтердин агымын жылына 2 миллион адамга чейин көбөйтүүгө жана туризм чөйрөсүнүн ИДПга салымын жогорулатууга мүмкүндүк берет;
өлкөнүн негизги автомобиль жолдорунда заманбап эс алуу зоналарын түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууну улантуу;
экотуризмге, медициналык жана спорттук туризмге басым жасоо менен өнүккөн инфраструктурасы жана логистикасы бар туристтик кластерлерди түзүү;
туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун өсүшүн камсыз кылган дүйнөлүк туристтик рыноктордо улуттук туристтик өнүмдөрдү илгерилетүү;
тарыхый маршруттарды жайылтуунун жана жаңы туристтик өнүмдөрдү түзүүнүн эсебинен маданий туризмди өнүктүрүү;
- жаңы санариптик өнүмдөрдү түзүү, интернет-трафикке суроо-талапты кеңейтүү жана калк үчүн жогорку технологиялуу маалыматтык-коммуникациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен камсыз кылынган маалымат жана байланыш кызматтарынын көлөмүнүн 4,5 % өсүшү менен. Төмөнкүлөр олуттуу таасир тийгизет:
интернетке кирүүнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берген БОБЛ узундугун көбөйтүү;
санариптик кызматтардын спектрин жана көлөмүн кеңейтүү үчүн шарт түзгөн телекоммуникациялык инфраструктуранын өткөрүү жөндөмүнүн өсүшү;
мамлекеттик жана коммерциялык кызматтарды кагазсыз форматка өткөрүү менен андан ары санариптештирүү, анын ичинде «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы менен интеграциялоо;
санариптик экономиканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана санариптик байланыштын деңгээлин жогорулатууну камсыз кылуучу 5G технологиясын ишке киргизүү.
13-таблица
2026–2027-жылдарга кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн тармактарында өсүү темптеринин динамикасы
Көрсөткүчтөр | 2026-жыл | 2027-жыл | ||
Күтүлгөн | Болжол | |||
млн сом | % | млн сом | % | |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү, бардыгы | 1 831 863,0 | 108,3 | 2 136 683,2 | 107,9 |
анын ичинде тармактар боюнча: |
|
|
|
|
дүң жана чекене соода; автомобиль жана мотоциклдерди оңдоо | 704 567,8 | 114,7 | 860 893,1 | 112,8 |
транспорттук иш жана жүктөрдү сактоо | 163 920,3 | 103,5 | 201 396,8 | 102,9 |
мейманканалар жана ресторандар | 91 640,8 | 113,5 | 113 288,2 | 113,0 |
маалымат жана байланыш | 76 873,1 | 104,3 | 82 421,0 | 104,5 |
финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу | 200 233,7 | 106,2 | 213 521,2 | 106,0 |
кыймылсыз мүлк менен операциялар | 124 940,5 | 100,1 | 134 311,0 | 100,0 |
кесиптик, илимий жана техникалык иш | 66 762,1 | 107,1 | 95 455,2 | 106,7 |
административдик жана көмөкчү иш | 17 087,0 | 111,0 | 17 974,7 | 111,2 |
мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздоо | 141 663,0 | 102,5 | 149 414,9 | 103,0 |
билим берүү | 116 356,5 | 105,9 | 127 277,7 | 106,2 |
саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө | 67 334,9 | 103,6 | 73 034,8 | 103,3 |
искусство, көңүл ачуу жана эс алуу | 19 246,4 | 105,8 | 20 585,8 | 105,9 |
башка тейлөө иши | 40 718,4 | 100,1 | 46 476,6 | 100,3 |
жалданма кызматкерлери бар жеке үй чарбаларынын иши; жеке үй чарбасы тарабынан өз керектөөсү үчүн ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү | 518,4 | 112,6 | 632,3 | 111,9 |
Мындан тышкары бул тармакта билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр, кыймылсыз мүлк менен операциялар, илимий жана техникалык иш, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, жалданма кызматкерлери бар жеке үй чарбаларынын иши, жеке үй чарбасы тарабынан өз керектөөсү үчүн ар кандай товарларды жана кызматтарды өндүрүү жана башка иштөөсү кызмат көрсөтүүлөрдүн көп түрдүүлүгүн калыптандырып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жана калктын жашоо сапатынын жогорулашына өбөлгө түзгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү негизги сегменттер болуп саналат.
Билим берүү чөйрөсүндө негизги басым ар кандай категориядагы окуучулардын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча билим берүү программаларын иштеп чыгууга жасалат. Саламаттык сактоодо жана билим берүүдө санариптик чечимдерди, анын ичинде дарыгерге электрондук кезекти, электрондук медициналык карталарды, ошондой эле билим берүү уюмдарына онлайн каттоону киргизүүнүн эсебинен кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшү болжолдонууда.
Маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү иштеп жаткан театрлардын жана кинотеатрлардын туруктуу иши, алардын репертуарын кеңейтүү жана жаңылоо, ошондой эле калктын маданий жашоого болгон кызыгуусун жогорулатууга өбөлгө түзүүчү маданий фестивалдарды, концерттерди жана массалык иш-чараларды өткөрүүнүн эсебинен камсыздалат.
Талас шаарындагы «Баластан» эс алуу борборун – жалпы аянты 6,5 гектар болгон, кинотеатр, конгресс-зал, коомдук тамактануу объекттери, аттракциондор жана инклюзивдүү оюн зоналарын камтыган ири маданий-экономикалык комплексти куруу кошумча фактор болуп саналат, бул аймакта маданий жана эс алуу кызматтарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Аталган тармактардын өнүгүшү калктын кирешесинин көбөйүшү, чакан жана орто бизнестин кеңейиши, ошондой эле санариптик технологиялардын интеграцияланышы менен да колдоого алынат.
Ушуну менен бирге кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө коюлган милдеттердин аткарылышын камсыз кылууда тобокелдиктер бар:
- дүйнөдө татаал геосаясий абалдын сакталышы;
- инфляциянын деңгээлинин өсүү мүмкүндүгүнө байланыштуу калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү;
- мигранттардан түшкөн акча которуулардын азайышы;
- кызмат көрсөтүүнүн айрым тармактарында (туризм, маалыматтык технологиялар ж.б.) адистердин жетишсиздиги алардын өнүгүүсүн чектеши мүмкүн;
- өлкөнүн экономикасына түз чет элдик инвестициялардын азайышы;
- өлкөнүн экономикасында ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү.
6-глава. Региондук өнүктүрүү
Региондук саясат Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында, региондор аралык диспропорцияларды азайтууга, аймактардын экономикалык базасын кеңейтүүгө жана калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга басым жасоо менен ишке ашырылат.
Региондук саясатты ишке ашыруунун негизги куралы болуп экономикалык активдүүлүккө көңүл топтоого жана мультипликативдик натыйжаны чектеш аймактарга жайылтууга багытталган өсүү таяныч түйүндөрүн өнүктүрүү калууда. Буга байланыштуу инвестицияларды тартуу жана өнөр жай, айыл чарба жана туризмди кошо алганда региондук адистештирүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү камсыздалат.
Ошону менен катар өнүктүрүү программаларын бюджеттик процесс менен байланыштырууну жана жергиликтүү деңгээлде башкаруу чечимдеринин сапатын жогорулатууну бир убакта камсыз кылган «Санарип Аймак» АМТ «Комплекстүү пландоо» модулу аркылуу пландоо процесстерин санариптештирүү улантылат. Бул пландоо, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана бюджеттөө этаптарын камтыган бирдиктүү башкаруу циклине өтүүнү камсыз кылат.
Региондордун экономикалык активдүүлүгүнө дем берүүгө олуттуу роль иши инфраструктуралык, социалдык жана экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталган региондорду өнүктүрүү фонддоруна берилет. Мында каржылоо көлөмүнүн салыштырмалуу турукташуусу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун санынын өсүшү байкалууда, бул колдоонун даректүүлүгүнүн жана диверсификациясынын жогорулашы тууралуу күбөлөндүрөт. 2027-жылы бул тенденция экономикалык натыйжалуу демилгелерге артыкчылык берүү менен улана берет деп күтүлүүдө.
Региондорду өнүктүрүүнү колдоонун кошумча куралы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 «2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасы саналат. Программа калкты жергиликтүү деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырууга жана социалдык инфраструктура, билим берүү, саламаттык сактоо жана ишкердик чөйрөсүндөгү демилгелерди колдоого тартууга багытталган.
Аймактын тең салмактуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын аймактарды колдоо, анын ичинде адистештирилген программаларды ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды улантуу күчөтүлөт.
Аймактык түзүлүштү рационалдаштыруу жана оптималдаштыруу, жергиликтүү башкаруу функцияларынын кайталанышын кыскартуу, административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүү (консолидациялоо) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы менен шартталган административдик-аймактык реформа улантылат. Реформаны ишке ашыруу региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын натыйжалуу пайдалануунун негизинде калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Региондук саясаттын иш-чараларын ишке ашыруу бардык региондордо туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүгө, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, республиканын чек ара жана айыл аймактарындагы жакырчылыкты кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бул транспорттук, энергетикалык жана социалдык инфраструктуранын өнүгүшүнө, региондордун өлкөнүн ИДПсына кошкон салымынын өсүшүнө, ишкердик активдүүлүккө дем берүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында социалдык туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Региондор боюнча 2027-жылга карата болжол боюнча ИДП өндүрүшүнүн негизги үлүшү Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын, Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын экономикасынын эсебинен камсыздалат, алардын үлүшү 83,3 %ды түзөт. Аталган облустардын ИДП өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү олуттуу үлүштөрү Жалал-Абад облусунун аймагында республикада өндүрүлгөн электр энергиясынын болжол менен 90,0 % өндүрүлгөндүгү, Ысык-Көл облусунда Кумтөр алтын кен чыккан жерди иштетүүчү ишканалар жайгашкандыгы, Чүй облусунда кен иштетүү боюнча ири ишканалар Талды-Булак Сол жээк кенин иштетүүчү ишканасы («Алтынкен» ЖЧКсы), «Джунда» МКЗ, «Интергласс» ЖЧКсы айнек заводу, «Кант цемент заводу» ААК, «Үмүт жана Ко» ЖЧКсы жайгашкандыгы, Бишкек шаарында ири ишканалар жайгашкандыгы, чакан жана орто бизнес, ошондой эле ири базарлардын көпчүлүгү топтолгондугу менен байланыштуу. Талас облусунда Жерүй кени ишке киргизилгенден кийин өнөр жайдын дүң продукциясынын көлөмү көбөйүшү күтүлүүдө. Үлүштүн калган бөлүгү башка Баткен, Нарын, Талас облустарынын жана Ош шаарынын ортосунда бөлүштүрүлөт, алардын үлүшү 16,7 %ды түзөт.
Региондор боюнча экономиканын бардык секторлорунда өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү болжолдонууда:
- айыл чарбасында негизги үлүштү Чүй облусу (25,2 %), Ысык-Көл облусу (13,6 %), Ош облусу (18,7 %), Жалал-Абад облусу (19,2 %) ээлейт;
- өнөр жайда негизги үлүштү Ысык-Көл облусу (15,3 %), Чүй облусу (46,6 %), Жалал-Абад облусу (7,5 %) жана Бишкек шаары (16,3 %) ээлейт;
- курулушта транспорт, тоо-кен жана энергетика тармактарындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун, ошондой эле айылды суу менен камсыздоонун эсебинен. Негизги үлүштү Бишкек шаары (35,5 %), Чүй облусу (12,7 %), Жалал-Абад облусу (15,9 %) жана Ысык-Көл облусу (13,1 %) ээлейт;
- кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө көлөмдүн өсүшү бардык региондордо болжолдонууда, алардын негизги үлүшүн Бишкек шаары (51,1 %) жана Ош шаары (10,8 %), Чүй облусу (9,8 %), Ош облусу (7,2 %), Жалал-Абад облусу (9,5 %) ээлейт.
14-таблица
Региондордун ИДПнын өндүрүшүнө кошкон салымы
Көрсөткүчтөр | 2026-жыл | 2027-жыл | ||||
Күтүлүүчү | Болжол | |||||
млн сом | өсүү темпи, % | млн сом | өсүү темпи % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салым-дын үлүшү, % | |
Кыргыз Республикасы | 2 352 678,7 | 108,7 | 2 736 343,0 | 108,3 | 100,0 | 8,3 |
Баткен облусу | 61 892,1 | 106,8 | 69 892,3 | 105,2 | 2,6 | 0,1 |
Жалал-Абад облусу | 228 037,3 | 108,5 | 263 168,8 | 108,1 | 9,6 | 0,8 |
Ысык-Көл облусу | 215 923,8 | 101,1 | 240 402,4 | 103,2 | 8,8 | 0,3 |
Нарын облусу | 64 852,6 | 106,5 | 73 528,7 | 106,2 | 2,7 | 0,2 |
Ош облусу | 154 534,2 | 108,0 | 177 698,0 | 107,4 | 6,5 | 0,5 |
Талас облусу | 81 698,1 | 107,9 | 92 855,7 | 107,1 | 3,4 | 0,2 |
Чүй облусу | 307 856,2 | 108,7 | 364 585,2 | 111,3 | 13,3 | 1,5 |
Бишкек шаары | 1 045 869,7 | 110,7 | 123 3649,6 | 109,0 | 45,1 | 4,0 |
Ош шаары | 188 015,0 | 108,9 | 220 562,1 | 108,4 | 8,1 | 0,7 |
7-глава. Социалдык чөйрө
Социалдык камсыздоо саясаты орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттенмелерин толук жана өз убагында аткарууга, калктын жашоо сапатын жана деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле социалдык аялуу категориядагы жарандардын, анын ичинде оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн, майыптыгы бар адамдардын жана улгайган жарандардын абалын мамлекеттин ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жакшыртууга багытталат.
Мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты үй-бүлө институтун бекемдөө, ошондой эле энеликти, аталыкты жана балалыкты колдоо системасын комплекстүү өнүктүрүү болуп кала берет. Аз камсыз болгон жана жакыр үй чарбаларына даректүү социалдык жардам көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү, анын ичинде алардын экономикалык өз алдынчалыгын жогорулатуунун натыйжалуу механизми катары социалдык контракттын куралдарын колдонуу менен улантылат.
Өзгөчө көңүл оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын социалдык адаптациясы, интеграциясы жана коомдук турмушка толук кандуу катышуусу үчүн туруктуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле алардын укуктарын коргоо жана жалпы жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүүгө бурулат.
Майыптыгы бар адамдарды колдоо чөйрөсүндө майыптуулукту аныктоо жана кызмат көрсөтүү мамилелерин эл аралык стандарттарга жана мыкты практикаларга ылайык этабы менен өркүндөтүү каралган. Заманбап санариптик технологияларды жана чечимдерди ишке киргизүүнүн эсебинен реабилитациялык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын кеңейтүү артыкчылыктуу болуп калат.
Эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын мындан ары модернизациялоого, ийкемдүү жана инновациялык иш менен камсыз кылуу формаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле жумушсуздарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн жана кесиптик окутуунун заманбап инструменттерин киргизүүгө багытталат.
Улуттук квалификациялардын алкагынын талаптарын эске алуу менен кадрларды кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо системасынын сапатын жогорулатуу, ошондой эле жумушчу күчүнө болгон суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун камсыз кылуу үчүн эмгек рыногунун муктаждыктарын болжолдоо механизмдерин өнүктүрүү пландалууда.
Эмгек мамилелерин санариптештирүү, анын ичинде электрондук сервистерди жана платформаларды ишке киргизүү, ошондой эле калктын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү системасын модернизациялоо артыкчылыктуу болот.
Миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 «2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын алкагында ишке ашырылат. Стратегиялык максат миграциялык процесстердин башкарылуучулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, аларды турукташтыруу, ошондой эле терс социалдык-экономикалык жана демографиялык кесепеттерди минималдаштыруу болуп саналат. Учурдагы жана келечектеги чакырыктарды эске алуу менен системалуу программалык-максаттуу мамиленин негизинде табигый жана тартипсиз миграциянын кесепеттерин алдын алууга өзгөчө маани берилет.
Концепцияны ишке ашыруунун алкагында тышкы эмгек миграциясынын багыттарын диверсификациялоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик даярдыгынын жана эл аралык эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле алар болгон өлкөлөрдөгү укуктук, социалдык жана экономикалык жактан корголушун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси каралган.
Мындан тышкары эмгек мигранттарынын жана чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин финансылык ресурстарын улуттук экономикага тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, анын ичинде ыктыярдуу инвестициялоого дем берүү боюнча саясат ишке ашырылат.
Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарды кабыл алуу жана алардын натыйжалуу социалдык жана экономикалык интеграциясын камсыз кылууга көмөк көрсөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча системалуу иштер улантылат.
Социалдык камсыздандыруу системасын мамлекеттик социалдык саясаттын негизги элементи катары өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ болууда. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын негизги стратегиялык максаты пенсиялык фонддун финансылык туруктуулугун жана республикалык бюджеттин тең салмактуулугун камсыз кылуу менен бир убакта жарандардын пенсиялык камсыздоо деңгээлин ырааттуу жогорулатуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, пенсиялык системаны өнүктүрүү камсыздандыруу принциптерин күчөтүү аркылуу жүргүзүлөт. Буга байланыштуу пенсиялардын камсыздандыруу компоненттери макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү, анын ичинде инфляциянын деңгээлин жана орточо эмгек акынын өсүшүн эске алуу менен үзгүлтүксүз индексацияланууга тийиш, бул пенсиялык төлөмдөрдүн сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоону камсыз кылат.
Пенсиялык системаны орто жана узак мөөнөттүү келечекте өнүктүрүү демографиялык жана экономикалык тенденцияларды эске алуу менен жүргүзүлөт. Системанын финансылык туруктуулугун чыңдоого, камсыздандыруу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга жана пенсиялык камсыздоонун деңгээлин мындан ары да жогорулатууга багытталган институционалдык реформаларды ырааттуу ишке ашыруу каралган.
Артыкчылыктуу багыттардын бирине камсыздандыруу стажынын жана кирешелердин эсебин санариптик технологиялардын негизинде өркүндөтүү эсептелет, бул пенсияларды дайындоодо жана кайра эсептөөдө колдонулган маалыматтардын ачыктыгын, тактыгын жана толуктугун жогорулатууга жана улгайган жаштагы жарандарды камсыз кылуунун кошумча булагы катары пенсиялык системанын топтоочу компонентин этабы менен өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Ошону менен катар бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен пенсиялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жогорулатуу практикасы, ошондой эле пенсиялык системаны өзгөрүп жаткан социалдык-экономикалык шарттарга ыңгайлаштырууга жана пенсионерлердин татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоого багытталган системалык параметрикалык өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу улантылат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты коомдук ден соолукту системалуу чыңдоого, калктын күтүлүүчү өмүрүнүн узактыгын жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле активдүү жана сергек узак жашоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталат. Негизги багыт болуп туруктуу, натыйжалуу жана социалдык багыттагы саламаттык сактоо системасын түзүүгө багытталган түзүмдүк жана институционалдык реформаларды ырааттуу улантуу кала берет.
Мамлекеттик саясаттын негизги күч-аракети тармакты башкаруу механизмдерин өркүндөтүүгө, ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталат. Өзгөчө көңүл медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн, үзгүлтүксүздүгүн жана комплекстүүлүгүн камсыз кылуучу системанын базалык деңгээли катары саламаттык сактоонун баштапкы звеносун өнүктүрүүгө бурулат. Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдардын потенциалын мындан ары чыңдоо, алардын функционалын кеңейтүү жана профилактикадагы, эрте диагностикадагы жана өнөкөт ооруларды жүргүзүүдөгү ролун жогорулатуу каралууда.
Профилактика, скрининг, ооруларды эрте аныктоо жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү боюнча комплекстүү программаларды өнүктүрүүнү камтыган эне жана баланы коргоо артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. Көчмө тейлөө формаларын, телемедицинаны өнүктүрүү жана саламаттык сактоонун инфраструктурасын чыңдоо аркылуу аялдар жана балдар, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын региондордо жашаган калк үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө басым жасалат.
Ошондой эле мамлекеттик саясат профилактика багытындагы, бейтапка багытталган, санариптештирүү жана технологиялык өнүктүрүү принциптерине негизделген саламаттык сактоонун заманбап моделин түзүүнү карайт. Атап айтканда, электрондук саламаттык сактоо системаларын активдүү ишке киргизүү, медициналык маалыматтык системаларды, санариптик сервистерди жана интеграцияланган маалыматтар базаларын өнүктүрүү пландалууда, бул медициналык жардамдын ачыктыгын, башкаруучулугун жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Көрсөтүлгөн багыттарды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасы жөнүндө» токтому менен бекитилген Программага ылайык жүзөгө ашырылат. Бул Программа тармакты өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт жана коомдук ден соолукту чыңдоодо туруктуу прогресске жетишүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү келечектеги мамлекеттик саясаты эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү жана жогорку квалификациялуу адам капиталын даярдоону камсыз кылган туруктуу, заманбап жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталат.
Негизги артыкчылык сапаттуу билимге бардык деңгээлде тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, анын мазмунун жана практикалык багыттуулугун жогорулатуу, ошондой эле заманбап билим берүү технологияларын жана башкаруу мамилелерин интеграциялоо болуп саналат.
Жалпы билим берүү системасында окуучулардын даярдыгынын сапатын жогорулатууга жана негизги компетенцияларын өнүктүрүүгө, аларды эл аралык билим берүү стандарттарына шайкеш келишин камсыз кылууга багытталган 12 жылдык билим берүү моделине өтүү менен мектепте окутуунун түзүмүн этап-этабы менен трансформациялоо улантылат.
Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык жана кадрдык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулат. Мектептерди заманбап окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу, окуу китептеринин мазмунун жаңыртуу, квалификациялуу педагогикалык кадрларды тартуу жана бекитүү, ошондой эле мугалимдерди санариптик түзүлүштөр, анын ичинде ноутбуктар менен жабдуу каралууда. Ошону менен катар улуттук санариптик билим берүү платформаларын өнүктүрүү жана электрондук окутуунун заманбап куралдарын ишке киргизүү ишке ашырылат.
Маанилүү багыттардын бири республикалык жана региондук деңгээлдеги педагогдорду методикалык коштоо системасын модернизациялоо болуп калат. Аны мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн, окутуунун сапатын жогорулатууну жана педагогикалык иштин кесиптик статусун бекемдөөнү камсыз кылган натыйжага багытталган натыйжалуу системага трансформациялоо пландалууда.
Кесиптик билим берүү чөйрөсүндө практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга инновациялык мамилелерди иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө, кадрларды даярдоонун интеграцияланган маалыматтык системаларын түзүүгө, ошондой эле кесиптик лицейлердин базасында иш берүүчүлөрдүн активдүү катышуусу менен дуалдык окутуу механизмдерин кеңейтүүгө басым жасалат.
«Мектеп – кесиптик лицей – колледж – университет» модели боюнча туруктуу вертикалдуу жана горизонталдуу байланыштарды түзүү аркылуу билим берүү деңгээлдеринин ортосундагы ырааттуулукту жана интеграцияны өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилет.
Жогорку билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясат системаны адамдык капиталды, илимий потенциалды жана өлкөнүн эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычына трансформациялоого багытталат. Окутуунун натыйжаларына жана компетенттүүлүк мамилеге негизделген моделди ишке киргизүү, ошондой эле көз карандысыз аккредитациялоонун натыйжалуу механизмдерин өнүктүрүү аркылуу билим берүү программаларынын сапатын жана актуалдуулугун жогорулатуу негизги артыкчылык болуп калат. Эмгек рыногунун өзгөрүп жаткан муктаждыктарына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берүүчү микроквалификациялар системасын кошо алганда ийкемдүү билим берүү траекторияларын ишке киргизүүгө олуттуу көңүл бурулат.
Академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү эң маанилүү багыттардын бири болуп калат. Эки тараптуу жана көп тараптуу билим берүү алмашуу программаларынын санын көбөйтүү, чет элдик жогорку окуу жайлары менен тармактык жана биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү, ошондой эле улуттук жогорку билим берүү системасын эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоого өбөлгө түзүүчү англис тилинде ишке ашырылуучу билим берүү программалары менен курстарынын спектрин кеңейтүү каралууда.
Жогорку билим берүүдө инклюзивдүүлүктү жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга өзгөчө маани берилет. Мамлекеттик саясат социалдык аялуу категориядагы студенттердин окуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, гибриддик жана аралыктан окутуу формаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү ресурстарынын жана сервистеринин санариптик жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталат.
Стратегиялык артыкчылыктардын катарына өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн негизги мааниге ээ болгон даярдоо багыттарын, анын ичинде инженердик, маалыматтык-технологиялык, педагогикалык жана медициналык билим берүүнү тездик менен өнүктүрүү кирет.
Жогорку билим берүү системасын модернизациялоонун маанилүү элементи эмгек рыногу менен интеграцияны тереңдетүү болуп саналат. Окутуунун дуалдык формаларын өнүктүрүү, практикага багытталган билим берүү моделдерин кеңейтүү, ошондой эле иш берүүчүлөрдү билим берүү программаларын иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого активдүү тартуу пландалууда, бул бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу деңгээлин жогорулатууга жана алардын компетенцияларынын заманбап экономиканын талаптарына шайкеш келишин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Илим чөйрөсүндө саясат өлкөнүн технологиялык өнүгүүсүн жана туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү атаандаштыкка жөндөмдүү, инновацияга багытталган илимий системаны түзүүгө багытталат.
Илимий инфраструктураны модернизациялоо, анын ичинде лабораториялардын жана изилдөө борборлорунун материалдык-техникалык базасын жаңылоо, заманбап технологияларды ишке киргизүү жана илимий изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын процесстерин санариптештирүү артыкчылыктуу багыт болуп калат. Илимий коомчулуктун эл аралык илимий-маалыматтык ресурстарга, маалыматтар базаларына жана санариптик платформаларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат, бул ата мекендик изилдөөлөрдүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Илимдин өнүгүшү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктары менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Илимий-изилдөө иши энергетиканы, айыл чарбасын, саламаттык сактоону, экологияны жана санариптик технологияларды кошкондо, экономиканын негизги секторлорундагы колдонмо милдеттерди чечүүгө багытталат. Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн илимий изилдөөлөргө жана тажрыйба-конструктордук иштерге мамлекеттик заказ механизмин киргизүү каралууда, ал артыкчылыктуу багыттардын тизмегин аныктоону жана тиешелүү долбоорлорду максаттуу каржылоону карайт.
Илимий натыйжалардын сапатын жогорулатууга жана алардын эл аралык деңгээлде таанылышына өзгөчө маани берилет. Мамлекеттик саясат Scopus жана Web of Science сыяктуу кадыр-барктуу эл аралык илимий басылмаларда жана маалыматтар базасында ата мекендик окумуштуулардын жарыялоо активдүүлүгүнө дем берүүгө, ошондой эле жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн цитата келтирүүнү жана илимий таасирин жогорулатууга багытталат.
Илимий уюмдардын жана изилдөөчүлөрдүн эл аралык илимий жана инновациялык долбоорлорго катышуусун кеңейтүү, анын ичинде биргелешкен изилдөөлөрдүн, гранттык өтүнмөлөрдүн жана академиялык кызматташуу программаларынын санын көбөйтүү кошумча камсыз кылынат, бул глобалдык илимий мейкиндикке интеграцияны күчөтүүгө, билимдин жана технологиялардын трансферинин деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Болжолдонгон макроэкономикалык параметрлерге, программаларда жана пландарда аныкталган чараларды ишке ашырууга жараша 2027-жылы социалдык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болжолдонууда:
- калктын акчалай кирешелеринин номиналдык өсүшү 20,4 %га, орточо эмгек акы 12,8 %га өсөт жана 58 269,8 сомду түзөт;
- калктын жан башына ИДПнын көлөмүнүн өсүшү 14,1 % деңгээлинде;
- жашоо минимумунун (ЖМ) өлчөмү 2026-жылдагы 9 627,9 сомдон 2027-жылы 10 455,9 сомго чейин көбөйөт. Эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумуна карата орточо айлык эмгек акынын катышынын коэффициенти 4,9 %ды түзөт;
- пенсиянын номиналдык өлчөмү 2027-жылы 2026-жылдын күтүлгөн көрсөткүчүнө салыштырмалуу 4,0 %га көбөйөт, бул 12 000,3 сомду түзөт;
- жалпы жумушсуздуктун деңгээли төмөндөйт, ал 2027-жылы 2,6 %ды түзөт. Жакырчылыктын деңгээли 2024-жылдагы 25,7 % көрсөткүчкө салыштырмалуу 21,3 % түзөт.
8-глава. 2028–2031-жылдарга макроэкономикалык болжол
Орто мөөнөттүү мезгилде экономикалык саясат экономиканы түзүмдүк трансформациялоонун, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун жана инвестициялык активдүүлүктү кеңейтүүнүн эсебинен туруктуу жана сапаттуу экономикалык өсүштү сактоого багытталат. Өсүштүн негизги факторлору өндүрүштүк базаны модернизациялоо, ички суроо-талапты өнүктүрүү, санариптик технологияларды ишке киргизүү жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү болот.
Артыкчылыктуу багыттардын катарында жогорку технологиялык жана илимди көп талап кылган тармактарды өнүктүрүүгө дем берүү, экспорттук потенциалды чыңдоо жана тышкы сатуу рынокторун диверсификациялоо, өнөр жайда жана агрардык сектордо заманбап технологияларды ишке киргизүү, энергетикалык туруктуулукту жогорулатуу, ошондой эле финансылык ортомчулукту тереңдетүү жана экономика субъекттеринин финансы ресурстарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү аныкталган. Ишкердикти колдоого жана атаандаштыкка жөндөмдүү рынокторду өнүктүрүүгө багытталган институттук чөйрөнү өркүндөтүүгө олуттуу көңүл бурулат.
Кыргыз Республикасы эл аралык экономикалык байланыштарга катышууну кеңейтүү, тышкы сооданы өнүктүрүү, ири инфраструктуралык жана өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен түз инвестицияларды тартуу курсун улантат.
2028–2031-жылдарга макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолу мамлекеттик программаларды жана инвестициялык демилгелерди ырааттуу ишке ашыруу, ошондой эле жагымдуу ишкердик активдүүлүктү сактоо шарттарына негизделген. Бул факторлорду эске алуу менен экономикалык өсүштүн жогорку темптерин сактоо күтүлүүдө, ички дүң продуктунун жылдык өсүшү орточо 8,8 %дан төмөн эмес деңгээлде болот.
Орто мөөнөттүү келечекте инфляциялык процесстер ички факторлордун, анын ичинде жалпы суроо-талаптын жана өндүрүш чыгымдарынын динамикасынын, тышкы шарттардын таасиринде калыптанат. Олуттуу тышкы жана ички шок абалдар болбосо, 2028–2031-жылдарда инфляциянын деңгээли 5–7 % максаттуу диапазонго жакын болот деп болжолдонууда.
Макроэкономикалык саясат бюджеттик-салыктык жана акча-кредиттик инструменттерди координациялоонун негизинде ишке ашырылат.
Бюджеттик-салыктык саясат мамлекеттик финансынын туруктуулугун камсыздоого, бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик карыздын тең салмактуу деңгээлин сактоо менен салыктык базаны кеңейтүүгө багытталат.
Акча-кредиттик саясат өлкөдөгү баанын туруктуулугун камсыз кылууга жана калктын сарамжалдуу инфляциялык күтүүлөрүн калыптандырууга багытталат.
Аталган саясаттарды макулдашылган ишке ашыруу макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, тышкы факторлорго көз карандылыкты азайтууга жана узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
2028–2031-жылдарга агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүүсү болжолдонууда (айыл чарба продукциясынын реалдуу көлөмүнүн орточо жылдык өсүшү 4,0 % деңгээлинде), ал өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ата мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун, заманбап технологияларды ишке киргизүүнүн жана тармактагы интеграциялык процесстерди күчөтүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү саясат калкты сапаттуу жана жеткиликтүү продукция менен камсыз кылууга, кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жана тармактын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталат. Орто мөөнөттүү келечекте агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө төмөнкү негизги багыттарга көңүл бурулат:
- агроөнөр жай интеграциясын өнүктүрүү жана продукциянын кошумча наркын жогорулатуу максатында туруктуу өндүрүштүк-сатуу чынжырларын түзүү;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, анын ичинде сатуу инфраструктурасын өнүктүрүү;
- жер жана суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо;
- агрардык сектордо институттук чөйрөнү өнүктүрүү жана инновациялык чечимдерди ишке киргизүү.
2028–2031-жылдарда өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү жылына орточо 10,7 % деңгээлинде төмөнкүлөрдүн эсебинен болжолдонууда:
- иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын туруктуу иши, токтоп турган өндүрүштөрдү кайра жандандыруу;
- Кумтөр кенинде казып алуу көлөмдөрүн көбөйтүү (казып алуунун жаңы методдоруна өтүүнүн эсебинен жылына орточо 20,7 %га өсүү болжолдонууда). 2028-жылга карата ачык ыкма менен иштетүү үчүн жеткиликтүү запастардын түгөнүшү күтүлгөндүгүнө байланыштуу өндүрүштүн көлөмүн сактап калууга жана кеңейтүүгө мүмкүндүк берүүчү жер астынан казып алууга этап-этабы менен өтүү каралууда. Алтын алуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу менен калдык сактоочу жайлардын калдыктарын кайра иштетүү, Жерүй кенинде (бир жылда орточо 12,1 %га) жана Чаарат кенин эксплуатацияга берүү кошумча пландалууда;
- МИЗ өндүрүштүк кубаттуулугунун көлөмүн жогорулатуу, мында мунай заттарын өндүрүүнүн жылына орточо 6,5 %га өсүшү болжолдонууда;
- жаңы кубаттуулуктарды пландалган ишке киргизүүгө байланыштуу электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоонун көлөмүн көбөйтүү: 2028-жылы – 17 900,0 МВт, 2029-жылдан 2031-жылга чейин – 2027-жылга салыштырмалуу 5 600 МВт чейин.
2028–2031-жылдарда курулуш тармагын өнүктүрүү турак жай, инфраструктуралык жана өнөр жай курулушунун масштабдарын кеңейтүүгө, ошондой эле технологиялык деңгээлди жогорулатууга багытталат. Негизги артыкчылыктар төмөнкүлөр болот:
- социалдык, өндүрүштүк жана инженердик инфраструктура объекттерин куруу көлөмүн заманбап архитектуралык чечимдерди жана курулуш технологияларын колдонуу менен көбөйтүү;
- ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, анын ичинде жаңы сугат жерлерин ишке киргизүү жана иштеп жаткан системаларды калыбына келтирүү;
- региондук жолдорду реабилитациялоо, анын ичинде ар бир калктуу конушка чейинки жолдорду асфальттоо;
- инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонууну кеңейтүү;
- Камбарата ГЭС-1 курулушун, «Асман» шаарын жана башка инфраструктуралык объекттерди өнүктүрүүнү кошкондо, ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартуу;
- «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу аркылуу жарандарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу.
Курулуштун активдүүлүгүнүн өсүшүнүн кошумча фактору калктын санынын көбөйүшү жана ички миграция процесстеринин күчөшү болуп саналат, бул Бишкек жана Ош шаарларын кошкондо, өзгөчө ири шаарларда турак жай курулушунун кеңейишине, ошондой эле жаңы турак жай массивдеринин жана шаардык инфраструктуранын калыптанышына өбөлгө түзөт.
2028–2031-жылдарда каржылоонун бардык булактарынан капиталдык салымдардын жалпы көлөмү орточо 12,1 %га көбөйөт (2028-жылы 887,2 млрд сомдон 2031-жылы 1 446,7 млрд сомго чейин). Капиталдык салымдардын түзүмү 2027-жылдагы болжолго салыштырмалуу 2031-жылдагы капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө ички инвестициялардын үлүшүн 86,5 %га чейин көбөйтүү жана ички булактардан тартылган каражаттардын көлөмүнүн кеңейиши жана көбөйүшү боюнча тышкы инвестициялардын үлүшүнүн 13,5 %га чейин азайтуу тарабына өзгөрөт.
Курулуш тармагында 2028–2031-жылдарда реалдуу өсүштүн орточо жылдык темпи 13,1 % деңгээлинде болжолдонууда.
Кызмат көрсөтүүлөр секторунда 2028–2031-жылдарда өсүш жылына орточо 108,2 % деңгээлинде болжолдонууда, экономикалык өсүшкө салымдын бир кыйла салыштырмалуу салмагы 4,1 пайыздык пунктту түзөт. Бул өсүш калктын номиналдык акчалай кирешесинин жылына орточо 16,3 %га өсүшү менен шартталган керектөө суроо-талабынын кеңейишинин эсебинен камсыз кылынат.
Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- региондордогу экономикалык активдүүлүктүн негизги булагы катары чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү;
- мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү жана бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтуу, бул кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жеке секторду кеңейтүүгө өбөлгө түзөт;
- заманбап логистикалык борборлорду (Global Hub, Wildberries) куруу жана ачуу, бул жүктөрдү сактоонун жана иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ташууну оптималдаштырууга жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берет;
- транспорттук-логистикалык инфраструктураны чыңдоонун, эл аралык каттамдарды кеңейтүүнүн жана негизги коридорлордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен өлкөнү транзиттик хаб катары калыптандыруу жана өнүктүрүү;
- туристтик инфраструктураны жакшыртуу, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү инновациялык өнүктүрүү.
Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иши экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана эл аралык соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө багытталат. Ата мекендик продукцияны тышкы рыноктордо илгерилетүүгө, экономикалык дипломатияны өнүктүрүүгө жана региондук соода жана инвестициялык макулдашууларга катышууну кеңейтүүгө негизги басым жасалат.
Экспорттун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн электрондук сооданы пайдаланууну жана экспорттоочуларды колдоонун бирдиктүү платформасын түзүүнү камтыган санариптик инструменттерди өнүктүрүү каралууда. Ошол эле учурда өлкөнүн транзиттик потенциалын күчөтүүгө багытталган транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылат.
2028-жылдан 2031-жылга чейинки мезгилде тышкы соода жүгүртүүнүн өсүшү жылына орточо 7,1 % болжолдонууда жана 2031-жылы 23 701,8 млн АКШ долларына жетет. 2028–2031-жылдарда товарлардын экспортунун көлөмүнүн номиналдык өсүшү орточо 12,7 %га, ал эми импорттун 5,6 %га өсүшү болжолдонууда.
2028–2031-жылдарда социалдык өнүгүү саясаты да мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттенмелерин толук аткарууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жарандардын социалдык корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга багытталат.
Калкты социалдык коргоо чөйрөсүндө орто мөөнөттүү келечекте жарандардын бир кыйла аялуу категорияларына даректүү социалдык жардам көрсөтүү, эмгекке жарамдуу калктын экономикалык активдүүлүгүнө дем берүү жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүү боюнча иштер улантылат.
Пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү аркылуу пенсияларды жогорулатуу боюнча чаралар ишке ашырылат, ал пенсиялык системадагы камсыздандыруу принциптерин андан ары жакшыртуу үчүн пенсиялык камсыздоону реформалоого жана пенсионерлердин ар түрдүү курактык топторунун керектөөлөрүн эске алуу менен пенсиялык системанын камсыздандыруу курамын модернизациялоого багытталат.
Болжолдонгон макроэкономикалык параметрлерге жараша 2028–2031-жылдарда социалдык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болот:
- 2028–2031-жылдарда калктын акчалай кирешелеринин номиналдык өсүшү – орточо 16,3 % деңгээлинде. Акчалай кирешелердин түзүмүндө эмгек акынын өсүшү орточо 8,3 %ды түзөт;
- 2028–2031-жылдарда калктын жан башына ИДПнын көлөмүнүн орточо өсүшү – 14,1 % деңгээлинде;
- жашоо минимумунун өлчөмү 2028-жылы 11 219,2 сомдон 2031-жылга 13 437,9 сомго чейин көбөйөт. Эмгекке жарамдуу курактагы чоң кишилердин орточо эмгек акысынын жашоо минимумуна болгон коэффициенти 2031-жылга карата 5,3 % деңгээлинде күтүлүүдө;
- 2031-жылы пенсиянын номиналдык өлчөмү – 14 038,7 сомго чейин жогорулайт жана 2028-жылга салыштырмалуу 12,5 %га көбөйүү. 2031-жылга карата жакырчылыктын деңгээли 18,8 %га чейин төмөндөйт.
9-глава. Корутунду
Орто мөөнөттүү мезгилде 2027–2031-жылдарда жылына орточо 8,7 %га экономикалык өсүш болжолдонууда.
Орто мөөнөттүү максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн мамлекеттик активдерин натыйжалуу башкаруу, экономиканын бардык тармактарына дем берүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо аркылуу жетишилет.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан дүйнөлүк конъюнктуранын начарлашына байланыштуу терс процесстердин жана дисбаланстардын/ тобокелдиктердин экономикага мүмкүн болгон күтүүсүз таасирин жумшартууга багытталган чаралар системасы иштелип чыгат.
Орто мөөнөттүү мезгилге болжолдонгон максаттуу көрсөткүчтөрдү аткаруунун маанилүү шарттары саясий туруктуулукту сактоо, экономиканын секторуна инвестициялардын болжолдонгон көлөмүнүн келип түшүүсү, ошондой эле программалык документтерге киргизилген саясаттын чараларын натыйжалуу ишке ашыруу болуп саналат.
Ошол эле учурда экономикада иш жүзүндө түзүлгөн кырдаалды, 2026-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлгөн көрсөткүчтөрүн азайтууга/көбөйтүүгө багытталган жаңы факторлордун пайда болушун эске алуу менен 2027–2031-жылдарга болжолдонгон макроэкономикалык көрсөткүчтөр оңдолот.
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун көрсөткүчтөрүнүн тизмеги ушул Болжолдун 1–14-тиркемелеринде аныкталган.
Кыскартуулардын тизмеси
ААК | – | ачык акционердик коом |
АКТ | – | Араб координациялык тобу |
АКШ | – | Америка Кошмо Штаттары |
АМС | – | автоматташтырылган маалыматтык система |
АӨБ | – | Азия өнүктүрүү банкы |
АЭӨКФ | – | Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду |
БА БЖЖП-3 | – | Борбордук Азиядагы региондук байланыш жолдорун жакшыртуу боюнча программа |
БОБЛ | – | була-оптикалык байланыш линиялары |
БР | – | Беларусь Республикасы |
ГЭС | – | гидроэлектростанция |
ДБ | – | Дүйнөлүк банк |
ДСУ | – | Дүйнөлүк соода уюму |
ЕАЭБ | – | Евразия экономикалык бирлиги |
ЕБ | – | Европа Бирлиги |
ЕРӨБ | – | Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы |
ЕТӨФ | – | Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду |
ЖАК | – | жабык акционердик коом |
ЖКФ | – | Жашыл климаттык фонд |
ЖМ | – | жашоо минимуму |
ЖЧК | – | жоопкерчилиги чектелген коом |
ЖЭБ | – | жылуулук-электр борбору |
ИДП | – | ички дүң продукт |
ИӨБ | – | Ислам өнүктүрүү банкы |
КДН | – | кошумча дүң нарк |
ККМ | – | контролдук-кассалык машина |
КНС | – | кошумча нарк салыгы |
КР | – | Казакстан Республикасы |
МЖӨ | – | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
МИ | – | мамлекеттик ишкана |
МИЗ | – | мунай иштетүүчү завод |
ОПЕК | – | Мунайдын экспортер өлкөлөрүнүн уюму |
РФ | – | Россия Федерациясы |
СӨФ | – | Сауд өнүктүрүү фонду |
ТЧИ | – | Түз чет өлкөлүк инвестициялар |
УСК | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ФАО | – | БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму |
ФКБИ | – | ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси |
ФРС | – | Федералдык резервдик система |
ШКУ | – | Шанхай кызматташтык уюму |
ШЭС | – | шамал электр станциясы |
ЭВФ | – | Эл аралык валюта фонду |
ЭДК | – | Дан боюнча эл аралык кеңеш |
ЭКБ | – | энергиянын кайра жаралуучу булактары |
ЭЭА | – | эркин экономикалык зона |
EDCF | – | Economic Development Cooperation Fund (Корея Республикасынын Экономикалык өнүгүү жаатындагы кызматташуу фонду) |
JICA | – | Япония эл аралык кызматташтык агенттиги |
KfW | – | Германия өнүктүрүү банкы |
SECO | – | Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгы |
S&P | – | Standard & Poor’s |