Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 27-ноябрындагы № 53
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн балансындагы техникалардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн балансындагы техникалардын келгенден берки ишмердүүлүгүнө баа берүүдө натыйжалуу чечим кабыл алуу максатында депутаттык комиссиянын курамын бекитүү үчүн, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн балансындагы техникалардын келгенден берки ишмердүүлүгүнө баа берүүдө натыйжалуу чечим кабыл алуу максатында комиссиянын курамы түзүлсүн.
1. Таштемиров Жаныбек – комиссиянын төрагасы
2. Жумабаев Айбек – комиссиянын мүчөсү
3. Эшназаров Асилбек- комиссиянын мүчөсү
4. Ашбаев Айдар – комиссиянын мүчөсү
5. Абдылдаев Абдыкапар – комиссиянын мүчөсү
2. Балансада турган техникалардын келгенден берки ишмердүүлүгүнө катыйжалуу баа берүү, жалпы жыйында чечим кабыл алуу үчүн корутунду сунуштоо жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |