Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 27-ноябрындагы № 53/1
Үч-Төбө айылына караштуу Жумабаев Токтомамат атындагы №15 орто мектебинин терезе эшиктери эскилиги жеткендигине байланыштуу, мектептин терезе, эшиктерин толугу менен алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоордун өздүк салымы жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Жумабаев Токтомамат атындагы №15 орто мектебинин терезе, эшиктери эскилиги жеткендигине байланыштуу мектептин эшик, терезелерин толугу менен алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 260 токтомунун негизинде Үч-Төбө айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Жумабаев Токтомамат атындагы №15 орто мектебинин эшик, терезелери эскилиги жеткендигине байланыштуу толугу менен эшик терезелерин алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 1 738 389 сом долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 0,7 пайыздык 121 687 сом Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2021 жылдагы бюджетине сунушталып бөлүнүп берилет.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Акматов Таалайбекке милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |