Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 27-ноябрындагы № 53/2
№17 Кызыл-Алай орто мектебинин эски имаратын бузууга чечим кабыл алуу жөнүндө
№17 Кызыл-Алай орто мектебинин эски имаратын буздуруу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында, комиссиянын курамын бекитип берүү боюнча Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсүн талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №17 Кызыл-Алай орто мектебинин эски имаратын буздуруу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.
1. Жумабаев Айбек – комиссиянын төрагасы
2. Эсенова Дарыякан – комиссиянын катчысы . Мүчөлөрү:
3. Абдылдаев Абдыкапар- комиссиянын мүчөсү
4. Чекебаев Абдыжапар– комиссиянын мүчөсү
5. Тагаев Абдыманап – комиссиянын мүчөсү
6. Турдумаматов Алтынбек – комиссиянын мүчөсү
7. Кыпчакбаев Медербек – комиссиянын мүчөсү
8. Бусуров Сапарбай – комиссиянын мүчөсү
9. Сыдыкова Сыргабү – комиссиянын мүчөсү
2. Бузулган имараттардан чыккан материалдык баалуулуктар аукцион менен сатылып, айыл өкмөтүнүн эсеп кысабына төгүлсүн жана сатуу иштерин уюштуруу, аукционду мыйзам чегинде өткөрүү жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.
3. Жаңы курулуп жаткан мектепке тиешелүү болгон эски имараттардын ордун тез арада бошотуп берүү жана сатуудан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүп, мектептин чарбалык иштерине жумшоо жагы мектеп директору М.Кыпчакбаевге милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |