Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 27-ноябрындагы № 53/3
№16 Маданият орто мектебинин эски имаратын бузууга чечим кабыл алуу жөнүндө
№16 Маданият орто мектебинин эски имаратын буздуруу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында комиссиянын курамын бекитип берүү боюнча Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсүн талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. №16 Маданият орто мектебинин эски имаратын буздуруу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.
1. Эшназаров Асилбек – комиссиянын төрагасы
2. Борбодоев Шерикбай – комиссиянын катчысы Мүчөлөрү:
3. Шамырбекова Чолпон - комиссиянын мүчөсү
4. Эралиев Талант – комиссиянын мүчөсү
5. Мамытов Илимбек– комиссиянын мүчөсү
6. Турдубеков Жолчу – комиссиянын мүчөсү
7. Таникулов Тыныбек – комиссиянын мүчөсү
8. Шабданов Асилбек – комиссиянын мүчөсү
9. Жапашова Жайнак – комиссиянын мүчөсү
2. Бузулган имараттардан чыккан материалдык баалуулуктар аукцион менен сатылып, айыл өкмөтүнүн эсеп кысабына төгүлсүн жана сатуу иштерин уюштуруу, аукционду мыйзам чегинде өткөрүү жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.
3. Жаңы курулуп жаткан мектепке тиешелүү болгон эски имараттардын ордун тез арада бошотуп берүү жана сатуудан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүп мектептин чарбалык иштерине жумшоо жагы мектеп директору Шамырбекова Чолпонго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |