Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 27-ноябрындагы № 53/4
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң— Каракол айылындагы “Медина-Нуру” балдар бакчасына жер бөлүп берүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Каракол айылындагы “Медина-Нуру” балдар бакчасына эски мектептин ордунан жер аянтын бөлүп берүү максатында Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсүн талкуулап, Үч-Төбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Каракол айылындагы “Медина-Нуру” балдар бакчасына эски мектептин оорду 14 35м2 жери кошумча жер болуп өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын ченеп,тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Алай райондук филиалынын, райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Акматовго милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |