Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 27-ноябрындагы № 53/5
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу №16 “Маданият” орто мектебинин полун, электр чубалгылары жана эшиктери эскилиги жеткендигине байланыштуу, электр чубалгылары жана эшиктерин толугу менен алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоордун өздүк салымы жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу №16 “Маданият” орто мектебинин полун, электр чубалгылары жана эшиктери эскилиги жеткендигине байланыштуу, электр чубалгылары жана эшиктерин толугу менен алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 260 токтомунун негизинде Үч Төбө айылдык кеңешинин отуруму Токтом кылат:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу №16 “Маданият” орто мектебинин пол, электр чубалгылары жана эшиктери эскилиги жеткендигине байланыштуу мектептин пол, электр чубалгылары жана эшик толугу менен алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 1 914 026 (бир миллион тогуз жүз он төрт миң жыйырма алты) сом долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 0,7 пайыздык 133 982 (бир жүз отуз үч миң тогуз жүз сексен эки) сом өздүк салымы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетине сунушталып бөлүнүп берилет.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Акматов Таалайбекке милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |