Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

 

2024-жылдын 14-февралы №24-9-2

                                            

“ Майлуу-Суу шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө”      

        

Майлуу-Суу шаардык Кеңеши 2023-жылы шаардын киреше бөлүгүнө, атайын каражат жана республикалык бюджеттен түшкөн расмий трансферттер менен бирге 104952,2 миң сом түшкөндүгүн же башкача айтканда такталган планга салыштырмалуу 105,0% ды түзгөндүгүн белгиледи. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 98715,4 миң сомду түзгөн же такталган планга салыштырмалуу 89,4% ды түзөт.

Отчеттук мезгилдин ичинде республикалык бюджеттен түшкөн максаттуу трансферттер 1986,3 миң сомду түзгөн.

 

Бюджеттик мекемелердин 2024-жылдын 1-январына болгон кредитордук карызы 6601,6 миң сомду түздү, анын ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрү боюнча 6531,3 миң сом. Ошондой эле дебитордук карыз 934,7 миң сом.

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2023-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын карап чыгып, шаардык кеӊештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдагы отурумдарынын протоколдорун негизинде такталган бюджетти жана депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин IX-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Шаардын 2023-жылдагы бюджетинин такталган планынын киреше бөлүгү 99940,6 миң сомго (Тиркеме №3) бекитилсин.

 

2.     Шаардын 2023-жылдагы бюджетинин такталган планынын чыгаша бөлүгү боюнча 110392,1 миң сомго  (Тиркеме №4) бекитилсин.

 

3.     Майлуу-Суу шаарынын 2023-жылга бюджетинин киреше бөлүгүн атайын каражат, максаттуу трансферттери, активдер жана милдеттемелери менен 104952,2 миң сом №1-тиркемеге ылайык, чыгаша бөлүгү 98715,4 миң сомго аткарылышы №1,2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4.     Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Шаардык кеңештин төрагасы:

 Н.Бостонов