МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
2024-жылдын 14-февралы №24-9-3
“Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилин бекитүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин депутатарынын 2024-жылга жумуш планына ылайык, Майлуу-Суу шаарынын бюджетинин 2024-жылга бекитилишин жана 2025-2026-жылдарга мезгилдик планын карап чыгып, талкуулап, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кенештин IX-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 113740,2 миң сом, анын ичинде бюджеттик каражаттар 99832,1 миң сом, атайын каражаттары боюнча 13908,1 миң сом суммасында № 1,3,4-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
- Майлуу-Суу шаарынын 2024-2025-жылдарга мезгилдик планынын негизги параметрлери №2-тиркемеге ылайык төмөнкү суммада бекитилсин:
-2025-жылга 124 168,5 миң сом;
-2026-жылга 139 298,5 миң сом.
- Майлуу-Суу шаарынын Мэриясы 2025-2026-жылдарга болгон мезгилдик планынын негизги параметрлерин, аларды ар бир жылда карап чыгып жатканда кайрадан иштеп чыгуусуна укугу бар.
- Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченеми “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга Республикалык бюджеттен жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” КРнын мыйзамынын 10-беренесине ылайык бекитилсин.
- Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2024-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) жана коммуналдык чыгымдарга каржылануусу белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелерин туура жана так колдонуу, электр энергия жана жылуулук энергиянын лимиттерин сактоо жоопкерчилиги бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
- Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттардын Казына тутумунан сырткары колдонууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
- 2024-жылдын чыгаша бөлүгүнө каралсын жана бекитилсин:
Шаардык билим берүү бѳлүмүнѳ:
- №8 “Акылай” мектепке чейинки билим берүү уюмунун аш канасындагы электр мэшинин комфоркаларын алмаштырууга –128,0 миң сом;
Шаардык мэрияга:
- Майлуу-Суу ш. коомдук кабылдамаларды видеокѳзѳмѳл жана аудио жабдуулар менен камсыз кылууга – 175,0 миң сом;
Шаардык маданият бѳлүмүнѳ:
- Майлуу-Суу ш. маданият бѳлүмүнѳ керектелүүчү инвентарларды сатып алууга – 226,0 миң сом.
Шаардык билим берүү бѳлүмүнѳ:
- 7 мектептин медайымдарына кошумча тѳлѳмдѳр үчүн (1760 сом ар айына 9 ай);
- Кара-Жыгач айылында жашаган мектеп окуучуларына жол кире үчүн компенсация 85,7 миң сом;
- “Мугалимдердин статусу жѳнүндѳ” мыйзамдын алкагында ЖОЖдордо сырттан окуган жаш адистерге контракттын 50% тѳлѳп берүү жагын бюджетте каралган.
- Мугалимдерди медициналык кароодон ѳткѳрүү үчүн (медосмотр) 50% ѳлчѳмүндѳ тѳлѳѳгѳ.
Шаардын муниципалдык башкармалыгына:
- Сибирь жарасынын очокторун дезинфекциялоого жана оңдоого 160,0 миң сом;
- Муниципалдык менчикке мамлекеттик күбѳлүктѳрдү жана техникалык паспортторду даярдоо боюнча Кадастр кызматын тѳлѳѳгѳ 200,0 миң сом;
- Эпидемиологиялык жана эпизоотиялык фонд 40,0 миң сом.
Аймактык коомдук ѳз алдынча башкарууларга (ТОС):
- Аксакалдар сотуна, Аксакалдар Кеңешине жана аялдар Кеңешине материалдык жардам 100,0 миң сом.
2024-жылдын бюджетинде “Горжилзеленстрой” муниципалдык иш канасынын эмгек акысы – 10115,1 миң сом жана штаттык саны – 55,25 бирдик, ТОС “Кашка-Терек” эмгек акысы – 447,1 миң сом жана штаттык саны – 1,5 бирдик, ТОС “Берде-Сай” эмгек акысына - 458,4 миң сом жана штаттык саны – 1,5 бирдик, шаардык муниципалдык башкармалыгынын эмгек акысы – 5695,1 миң сом жана штаттык саны – 17 бирдик менен бекитилсин.
- Мэрдин резервтик фонду 1000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Жылуулук берүү, башка карыздарды төлөөгө берилүүчү каражаттарды тартуу боюнча Мэрияга, Муниципалдык менчик башкармалыгына (ММБ), Мамлекеттик салык кызматынын Майлуу-Суу шаардык башкармалыгына жана Финансы министрлигинин Майлуу-Суу шаардык башкармалыгына жыл ичинде бюджеттин кошумча киреше булактарын табуу милдеттендирилсин.
- 2024-жылдын 01-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен 16160,0 миң сом бекитилсин (тиркеме №5 ). Анын ичинен:
- 1460,7 миң сом акча каражаты жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчага;
- 1600,0 миӊ сом шаарды өнүктүрүү боюнча мэрия аркылуу түрткү берүүчү гранттарга кошумча каржылоого;
- 2340,0 миң сом мэрияга региондорду ѳнүктүрүү фондунун долбоорунун алкагында атайын техникаларды сатып алууга кошумча каржылоого;
- Шаардык муниципалдык башкармалыгына жалпы 3427,9 миң сом:
· жолдорду оңдоого – 1747,9 миң сом;
· муниципалдык жерлерди инвентаризациялоого – 1180,0 миң сом.
- Шаардык салык кызматына электр тармактарын оңдоого жана эмеректерди алууга – 500,0 миң сом;
- Өзгөчө кырдаалдар фондуна 2024-жылга 800,0 миң сом бекитилсин;
- ШБББүнүн жана мэриянын жылуулук энергиясына (Жылуулук менен камсыз кылуу ишканасына)) болгон кредитордук карызын төлөө үчүн 6531,4 миң сом.
- Бюджеттик мекемелердин атайын каражат боюнча 01.01.2024-ж. калдыктары 528,3 миӊ сом суммасында бекитилсин (тиркеме №6).
12. Токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |