Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-декабрындагы № 57
Үч-Төбө бюджетинин Ак-Жай айылы айыл өкмөтүнү аткарылышы, 2019-жылдын 2020-жылдын бюджети боюнча маалымат жана 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 50-сессиясындагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнү 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2020-жылдын бюджети боюнча маалымат жана 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2022 2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү максатында айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсүн талкуулап, Үч-Төбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын киреше бөлүгүнүн аткарылышы 16354,1 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 3133,1 миң сом, теңдештирүүчү трансферт 9888,9 миң сом, атайын каражаттар 259,1 миң сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 2323,7 миң сом, өткөн жылдан калган калдык 749,3 миң сом жана чыгаша бөлүгү 15744,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2020-жылдын бюджети боюнча киреше бөлүгү 13738,8 миң сом, чыгаша бөлүгү 13022,3 миң сомго аткарылаары болжолдуу белгиленсин.
3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 11925,9 миң сомго, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 7860,2 миң сомго, өздүк киреше 4065,7 миң сомго ( анын ичинен атайын каражаттар 291,0 миң) сом бекитилсин. Алымча кошумчасы менен кабыл алынсын.
4. 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 12065,9 миң сомго анын ичинен теңдөөчү грант 7856,2 миң сомго, өздүк киреше 4209,7 миң сомго, анын ичинен (атайын каражат 291,0 миң) сомго, 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 12273,4 миң сомго анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 7948,7 миң сом , өздүк киреше 4324,7миң сомго анын ичинде (атайын каражат 291,0 миң) сом долбоорунун болжолу жактырылсын.
5. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептер жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Ата-энелер төлөмү Кичи-Каракол жана Медина-Нуру балдар бакчаларына 300 (үч жүз) сом болуп бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4- декабрындагы №762 токтомунун негизинде 2021-жылдын сметасына Гежиге, Кичи-Каракол, Чон-Каракол, Кызыл-Алай жана Ак-Босого айылдарына айыл башчылардын штаттык бирдиги 5 штаттык бирдик болуп катталсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматового, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Арыковго тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |