Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-декабрындагы № 57/1
Үч-Төбө жайыт комитетинин 2021-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө жайыт комитетинин 2021 - жылга түзүлгөн бюджетинин долбоорун ишке ашыруу максатында, жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу жана жайыт эрежелерин сактоо, жайыт инфраструктураларын жакшыртуу максатында каралган долбоорлорду ишке ашыруу жана тыштан келген малдарга чара көрүү менен бирге жайыт мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган жарандарга чара көрүү маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы С.Ашбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Үч Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө жайыт комитетинин 2021-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоорун ишке ашыруу боюнча, жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу, жайыт эрежелерин сактоо, жайыт инфраструктураларын жакшыртуу максатында каралган долбоорлорду ишке ашыруу жана тыштан келген малдарга чара көрүү менен бирге жайыт мыйзамдарынын талаптарын аткаруу жагы Үч-Төбө жайыт комитетинин төрагасы С.Ашбаевге милдеттендирсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт пайдалануу үчүн шарттуу малдын башына жайыт акынын төлөнүшү төмөндөгүдөй бекитилсин;
№ | Малдын түрү | Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү мал(сом) | Башка айыл өкмөттөрдөн келген мал (сом) | Башка райондон келген мал (сом) |
1 | Уй, жылкы, топоз. | 50 | 150 | 200 |
2 | Кой, эчки. | 10 | 50 | 70 |
3 | Торпок, кулун. | 50 | 70 | 100 |
4 | Эшек | 40 | 50 | 80 |
3. Жайыт комитетинин 2021-жылга түзүлгөн бюджети бекитилсин. (тиркеме №1)
4. Сырттан келген малдарды айылдын айланасындагы кышкы жана жазгы жайыттарга жайууга тыюу салынсын.
5. Баардык жайыт пайдалануучуларга, жайыт комитети менен келишим түзүп, жайыт билеттерин алгандан кийин жайытка чыгууга уруксат берилсин.
6. Элдин койлорун баккан чабандар келишимдин негизинде жайыт акыны төлөп, жайыт билеттерин алгандан кийин жайытка уруксат алышсын.
7. Жайыт мыйзамдарын жана ушул токтомдун эрежелерин бузган жайыт пайдалануучулар, Бузуулар кодекстин негизинде жоопкерчилик тартышат. 8.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетине жана баардык айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |