Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 3-мартындагы № 59/1
Ак-Жай айылындагы 5011010020016 идинтификациялык сыр белгидеги муниципалдык менчикте турган жер аянтын балдар бакчасына пайдаланууга жер тилкесин максаттуу багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Жай айылындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтын балдар бакчасына пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 49 беренесинин 1-б бөлүмчөсү 12-беренесинин 1-2-бөлүмчөлөрүнө ылайык жана Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Үч-Төбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Жай айылындагы 5011010020016 идинтификациялык сыр белгидеги муниципалдык менчикте турган жер тилкесин максаттуу багыты өзгөртүлүп, балдар бакчасына пайдаланууга жалпысынан 40,0 чарчы метр жер тилкеси бекитилип берилсин.
2. Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынын башчысы Т.Тажиковдон суралсын.
3. Бул токтомдун аткарлышын камсыз кылуу жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовго жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: | Э.Өмүрзаков |