Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 8-сентябрындагы № 1
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXIшайланышынын) кезексиз
XXIX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү аппаратка каралган 2215 беренесинен 75,6 мин сомду аппараттын 3111 беренесине жылдырууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Сапарбековго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин төрагасы | Р.Ажыбаев |