МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
2024-жылдын 14-февралы №24-9-4
“Майлуу-Суу шаарынын Айлампа Сай коктусундагы шаардык шише калдыктарды тѳгүүчү жайды «ЦСТ Пенопласт» ЖЧК ишканасына өткөрүп берүү жана жерге Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 410-беренеси 4-пунктуна ылайык жерге тѳлѳнүүчү салыгынан бошотуу жѳнүндѳ.”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “Горжилзеленстрой” мекемесименен 2024-жылдын 30-январындагы түзүлгөн акты, 2024-жылдын 12-февралындагы Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX-чакырылышынын көпчүлүк депутаттарынын колдосу менен акты, “ЦСТ Пенопласт” ЖЧКнун өкүлү Р.Бакалаевдин 2024-жылдын 12-февралындагы кириш №01-4/43 сандуу кайрылуусун жана шаардык бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунушунштарын негиздеп, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX-чакырылышынын XXIV-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “Горжилзеленстрой” мекемесименен 2024-жылдын 30-январындагы түзүлгөн акты, 2024-жылдын 12-февралындагы Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX-чакырылышынын көпчүлүк депутаттарынын колдосу менен акты, “ЦСТ Пенопласт” ЖЧКнун өкүлү Р.Бакалаевдин 2024-жылдын 12-февралындагы кириш №01-4/43 сандуу кайрылуусун жана шаардык бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жана бир добуштан колдогон депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. «ЦСТ Пенопласт» ЖЧК ишканасы тарабынан Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү бюджетине шише калдыктар эсебинен 1 000,0 миң сом тѳлѳнүп берилери эске алынсын.
3. Майлуу-Суу шаарынын Айлампа Сай коктусундагы шаардык шише калдыктар тѳгүүчү жай «ЦСТ Пенопласт» ЖЧК ишканасына өткөрүлүп берилсин.
4. «ЦСТ Пенопласт» ЖЧК ишканасы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 410-беренеси 4-пунктуна ылайык жерге тѳлѳнүүчү налогунан 10(он)-жылга бошотулсун жана шише калдыктарды шаардан сырткары толугу менен чыгарып кеткинче чыгарып кетүү мөнөтүүнө чекит коюлбасын.
5. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жана “Горжилзеленстрой” мекемесине тапшырылсын.
6. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |