МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
2024-жылдын 14-февралы №24-9-7
“Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу 0,2га жер тилкесин Жалал-Абад электр тармактар иш канасынын Майлуу-Суу филиалына мѳѳнѳтсүз жаңы заманбап имарат курууга бѳлүп берүү жѳнүндѳ.”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 18.12.2023-ж. №01-05/784 кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад электр тармактар иш канасынын Майлуу-Суу филиалынын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу 0,2га жер тилкесин Жалал-Абад электр тармактар иш канасынын Майлуу-Суу филиалына мѳѳнѳтсүз жаңы заманбап имарат курууга бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |