Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

 

2024-жылдын 14-февралы №24-9-9

                                            

“Майлуу-Суу “Горжилзеленстрой” мекемесине ведомстволук архивине жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтуу менен документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө болүмүнүн жетектөөчү адисине 30% өлчөмүндөгү кошумча айлык маянасын төлөп берүүгө уруксат берүү жана кароолчунун 2024-жылга штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө”

          

     Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 12.01.2024-ж чыг.№01-14-15 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Майлуу-Суу “Горжилзеленстрой” мекемесинин жетекчиси Д.Истамбаевдин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2.    Майлуу-Суу “Горжилзеленстрой” мекемесинин ведомстволук архивине жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтуу менен документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө болүмүнүн жетектөөчү адисине 30% өлчөмүндөгү кошумча айлык маянасын төлөп берүүгө жана кароолчунун 2024-жылдын 01-апрелинен баштап штаттык бирдиги №1 тиркемеге ылайык бекитип берүүгө макулдук берилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.

4.    Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Шаардык кеңештин төрагасы:

  Н.Бостонов