Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-августу № 535
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 4-июнундагы № 319 «Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибинин айрым жоболорун тактоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 «Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибинде:
- 3-пунктта:
3-пунктчада «техникалык,» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 31-пунктча менен толукталсын:
«31) акт төмөнкүлөрдү бекитүү менен байланышкан маселелерди кошпогондо, техникалык мүнөздөгү гана маселелерди жөнгө салат:
- техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана коопсуздук эрежелеринин предмети болуп саналган талаптарды;
- өндүрүш объекттерин (жабдууларды) жөндөө процессин жана эксплуатациялоого берүүнү;
- продукция (кызмат көрсөтүү) шайкеш келүүгө тийиш болгон талаптарды сактоого багытталган жол-жоболорду;»;
- расмий тилдеги 12-пункттун биринчи абзацында «, а также в Централизованном банке данных правовой информации» деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Актылардын колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтотулат (толугу менен же айрым бөлүгүндө):
1) актынын күчүн жоготту деп тааныган же болбосо анын колдонулушун жокко чыгарган мамлекеттик органдын актысынын күчүнө кириши;
2) ченемдерине актынын жоболору карама-каршы келген ченемдик укуктук актынын күчүнө кириши;
3) сот тарабынан актыны жараксыз деп таануу же прокуратура органдары тарабынан мыйзамдарга карама-каршы келген актыга прокурордук чара көрүү актысын киргизүү;
4) акт эсептелген актынын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 141, 142-пункттар менен толукталсын:
«141. Актыны жараксыз деп таануу анын колдонулушун жокко чыгарууга же болбосо мындай актыны (түзүмдүк элементти) кыйла жогору юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүүгө алып келет.
142. Прокурордук чара көрүү актылары мындай актыны (түзүмдүк элементти) токтото туруу, жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп таануу же кыйла жогору юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү үчүн негиз болушу мүмкүн.
Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган (макул болбогон) учурда прокурор сотко кайрылууга укуктуу.
Мамлекеттик органдардын актыларына прокурордук чара көрүү актысын кароо тартиби «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |