Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 10-августу № 280
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жободо:
– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Улутстаткомдун төрагасынын эки орун басары, анын ичинде бир биринчи орун басары болот. Улутстаткомдун төрагасынын орун басарлары Улутстаткомдун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
Улутстаткомдун төрагасы жок убакта анын милдеттерин Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары аткарат.».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |