КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылыштагы) кезексиз 23-сессиясынын жыйыны
2023-жылдын 8-июнундагы № 23/2
Ата-энелер тарабынан түшкөн акча каражатын бала-бакчаларга бөлүштүрүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчасына ата-энелер тарабынан түшкөн 320 000 (үч жүз жыйырма миң) сом акча каражатын айыл аймагындагы балдар бакчасынын кошумча тамактануусу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиясынын жергиликтүү бюджетинин иштелишинин жана маданий иштерин алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылысын, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Карыевке милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |