Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылыштагы) кезексиз 23-сессиясынын жыйыны

 

2023-жылдын 4-апрелиндеги № 23/3

Кызыл-Жар айыл аймагындагы айылдарды жакынкы жана алыскы жайлоолорго көчүрүү жөнүндө

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылышынын ) кезексиз 23-сессиясынын шайланган депутаттарынын жыйналышы айылдык аймакта жайгашкан төрт айылдын жарандарын алыскы жана жакынкы жайыттарга көчүп конуусу жана Кулданбес жайлоосуна Кайың-Талаа жана Күйө-Таш айылдарынын элдеринин жайлоого чыгуусу,айдоо аянттарына жана чөп орундуларга түшкөн малдарга айып пул чегерүү боюнча айыл өкмөттүн кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан айылдардын жакынкы жайытка көчүүсү 2023-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, алыскы жайыттарга көчүү конуу 1-июлдан 10-июлга чейинки аралыкта болуусу керек.

Алыскы жайыттардан көчүп келүү 1-сентябрдан башталсын, эрте көчүп келген жарандарга 20 000(жыйырма миң)сом айып пул салынсын.

Кайың-Талаа жана Күйө-Таш айылдарынын элдеринин Кулданбес жайлоосуна көчүп чыгуусу 15-августтан кийин болуусу керек. Айдоо аянттарын жана чөп орундуларга түшкөн малдарга төмөнөкүдөй айып пул салынсын

Айдоо аянттарына түшкөн малдарга:

жандыка-100 сом

бодо малга-500 сом

чөп орундуга түшкөн малдарга:

жандыка-50 сом

бодо малга -300 сом айып пул салынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбеке,ар бир айылдын айыл башчыларына жана Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн туруктуу комиссиянын курамына (тиркеме тиркелет) милдеттендирилсин.

Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн туруктуу комиссиянын курамы:

 

1. Кайың-Талаа  айылы    -Турганбаев Маметкасым

2. Күйө-Таш  айылы         - Асакеев Шумкарбек

3. Терек  айылы               - Алакеев Муханбет

4. Кайың-Талаа  айылы    - Кыязбек уулу Данияр

5. Коо-Чаты  айылы         Маметиса уулу Бабуржан

 

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин

төрайымы

Г.Т.Эрматова