КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңешинин (7 чакырылыштагы) кезектеги 25-сессиясынын жыйыны
2023-жылдын 20-ноябрындагы № 25/4
Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Күйө-Таш айылынын аймагында муниципалдык менчикте турган жеринен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Күйө-Таш айылынын аймагында муниципалдык менчикте турган жеринен ачык кичи футбол аянтчасын куруу максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат.
1. Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Күйө-Таш айылынын аймагында турган муниципалдык менчигинде турган жеринен ачык кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер бөлүнүп берилсин.
2. Тийиштүү кагаздарын бүтүрүп берүү жагы жана Кара-Кулжа райондук архитектурасынан (АПШ) түздүртүп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Д.Зарипбеков |